Halloween party ideas 2015

ДААВАТ – азыркы кезде Кыргызстанда адеп-ахлактын, ыймандуулуктун реалдуу иштеп жаткан жападан жалгыз элдик мектеби. Дааватчылар расмий молдолорго караганда он, балким жүз эсе көп иш жасап жатышат. Аруу динибиздин, ага жанашкан чыныгы адамкерчиликтин негиздерин өздөрү үйрөнүү менен, бири бирине үйрөтүү менен, ыйманга ыктаган башка калкты ушул чыныгы элдик кыймылга тартуу менен. Мында каапырлар корккудай кыпындай саясат жок, бетпактар жабышкыдай кыпындай адепсиздик жок. Дааватчылардын жобосунда кантип саясатка киришпөө, кантип бирөөнүн эшигин адепсиз чертпөө дегенге чейин ташка тамга баскандай жазылып турат. Ал эрежеден чыккандын дааваты да, башка диний амалдары да кабыл болбойт. Бүгүнкү күндө мектеп да, башка окуу жайлар да, дегеле бүтүндөй коомубуз менен мамлекетибиз унуткан чоңдорду жана балдарды адеп-ахлакка тарбиялоо ишин жалгыз ушул дааватчылар жүргүзүп жатат. Аны алар эч кимге милдет, док кылган жок. Өкмөттөн да, элден да ал үчүн эки тыйын акча сураган дааватчы жок. Мээнетибиз Кудайдан кайтсын деп, ого бетер кайратмандык менен иштеп жатышат. Эгерде өлкөбүздө миңдеген адамдар, айрыкча жаштар ыйман жолуна түшүп, арагын, жаман адаттарын таштап, миңдеген мусаапырлар менен жетим-жесирлердин, миңдеген кем-карчтыктар менен муктаждыктар үн-сөзү, ызы-чуусу жок эле, өзүнөн өзү чечилип калып жатса, ошонун ондон тогузу дааватчылардын иш-аракеттеринин жемиши. Жасаган жакшылыктарын рекламалаган иштер гана дааватчылардыкы эмес.Ошондуктан дааватчылардын ишин токтотууга болгон аракетти жалпы элге карата кара ниеттиктен, душмандыктан башкача мааниде түшүнүү мүмкүн эмес.

Бейшенбек Бекешов, журналист

Запись “Дааватчылар расмий молдолорго караганда он, балким жүз эсе көп иш жасап жатышат.” впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.