Halloween party ideas 2015

Бүгүн, 2017-жылдын 30-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чукул жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Аалымдар Кеңешинин 11 мүчөсү катышты. Учурда Санкт-Петербург шаарында илимий иш сапары менен жүргөн Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жыйынга онлайн түрүндө катышты.
Андан сырткары Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев менен КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Кокоев Акжигит катышты.
Жыйындын негизги маселеси катары Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкүнүн астында калгандарга жаназа намазын окуу тууралуу фатва чыгаруу болду.
Фикх китептериндеги «Жер титирөөдө, жер көчкүдө же үйдүн дубалы кыйрап анын алдында калып, өлүктү (сөөктү) чыгарганга мүмкүнчүлүк болбой калса, анда айласыздан (мажбурдуктун айынан) анын гусулу менен кепини кечиримдүү болот…», «Кайсыл жерде өлүк калып калса, ошол жер анын кабыры деп саналат жана денеси жарылып кеткенге чейин жаназа намазын окуса болот…» деген сыяктуу аргументтердин негизинде жер көчкү же имараттардын кыйроосунан улам жердин астында калып кетип, аларды чыгарып алууга мүмкүн болбой калган учурда ошол жерде алардын жаназа намазы окулса болот деген фатва чыкты. Фатваны Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан колдоп берди.
Андан сырткары Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн бир күндүк айлык маянасын Өзгөн районундагы жер көчкүдөн зыян тарткандарга которуу демилгеси айтылып, ал дагы бир добуштан колдоо тапты.
5-май, жума күнү Кыргызстандын ар бир мечитинде жана медресесинде Өзгөндөгү жер көчкүдөн шейит кеткендерге арнап хатмул-Куран окулуп, бата кылынсын деген чечим кабыл алынып, КМДБга жүктөлдү.
Эртең 1-май күнү Аалымдар Кеңешинин атынан төраганын орун басары Кадырбердиев Абибилла ажы, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Досболов Мамасабыр ажы (Молдо Сабыр дамла) жана Байтеитов Тажидин ажы атайын жер көчкү болгон жерге барып, көңүл айтып, Аалымдар Кеңешинин фатвасы менен тааныштыра турган болду.
Жыйындын аягында Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү бардык кыргызстандыктарды Жаратканга жалбарып, элибиздин амандыгын, жерибиздин тынчтыгын тилөөгө жана жакындарынан айрылып кабыргасы кайышып тургандарга кайрат айтууга чакырып, эл-жерибиздин амандыгы жана тынчтыгы үчүн бата кылышты.

Запись ААЛЫМДАР КЕҢЕШИНИН ЧУКУЛ ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.