Halloween party ideas 2015

Вандагы этник кыргыздар үчүн салынган турак үйлөр үчүн чүчүкулак иш-чарасы өткөрүлдү.

Вандын Эржиш районуна караштуу Улупамир айылында жашаган кыргыздар үчүн кыскача ТОКИ деп аталган элди турак жай менен камсыздоочу башкармалыгы тарабынан Йозгаттын Йенифакылы районунда салдырылган 80 турак үй үчүн чүчүкулак иш-чарасы өткөрүлдү.

Йенифакылыдагы «Аднан Каражебей» атындагы Анадолу лицейинин залында өткөн чүчүкулак иш-чарасына эл өкүлдөрү, муниципалитет башчысы Ялчын Карадавут, ТОКИнин жооптуу кызматкерлери жана Улупамир айылынан келген кыргыздар катышты.

Чүчүкулак кармоодон мурда сөз сүйлөгөн эл өкүлү Абдүлкадир Акгүл, Анадолунун кайрымдуу адамынын кыргыз туугандарын кучак жайып бооруна кыса турганын белгилеп: «Биз да эл өкүлү катары ар түрдүү жардамды жасоого даярбыз»,-деди.

Йенифакылынын муниципалитет башчысы Ялчын Карадавут да Талаа-айыл долбоорунун алкагында ТОКИ тарабынан Вандын Эржиш районуна караштуу Улупамир айылында жашаган кыргыз түрктөрү үчүн Йенифакылыда 80 турак үй салынганын белгилеп өттү.

Турак үйлөрдүн июнь, июлдарда тапшырыла турганын айткан Карадавут: «Келээрки жылда да 224 турак үй тапшырылат. Кыргыз туугандарыбыздын келиши менен районубуз социалдык, маданий жана экономикалык жактан жанданаат. Турак үйлөрдүн кыргыз туугандарыбызга жана районубузга оомат алып келишин тилеймин»,-деп айтты.

Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана жардамдашуу коомунун Анкарадагы өкүлү Мошал Гүвен да, Йенифакылыга жүк болуш үчүн эмес, жүгүн көтөрүшүү үчүн келгендерин айтты.

Гүвен:

«Бул жерге келе турган туугандарыбыз жумушсуз болгону, жашоо кыйынчылыгын тартканы, жашай албай калганы үчүн эмес, ар бир түрк атуулу сыяктуу өлкөнүн бир жеринен башка жерине жайгашуу, жашоо укугуна ээ болгону үчүн эң оболу Йенифакылы калкынын макулдугу жана чакыруусу менен келишти»,-деп айтты.

Сөз сүйлөөлөр бүткөн соң үй алууга укуктуу болгондор чүчүкулак менен белгиленди.

http://www.trt.net.tr/

Запись Вандагы кыргыздарга үй берилди впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.