Halloween party ideas 2015

Кыргызстанда жаңыдан үйлөнгөн жети жубай тойго кетчү чыгымды жардамга муктаж балдарга жардам берүү үчүн жумшашты. Кээ бирөөлөрү мектеп окуу куралдарына, кээ бири жылуу кийим алып берсе, башкалары китеп алып беришти. Алардын баардыгы ислам дининин негизи болгон ысырапчылыкка бөгөт коюу менен сооптуу иштерди аткарышты. Ал эми алардын бирөөсү келинчегинин өтүнүчү боюнча калыңга берилүүчү акчанын ордуна балдар үйүндөгү кичинекейлерди тамактандырууга акча берген.

Биринчи эле жардамды тактап айтканда“кымбат баалуу кортеж жана ресторандардын ордуна балдарга жардам” стилиндеги жардам иштерин 29-июлда Азат Аманов жана келинчеги Нестан Дженалиева экөө башташкан. 50 миң сомго алар мектеп формасын жана окуу куралдарын аз камсыз болгон 25 балага жардам катары беришкен. Алар өз белектерин той күнү Абдулкерим Сатук Бугра Хан мечитинде тапшырышкан.

«Азыркы күндө коомдо ар түрдүү көйгөйлөр көп жана алардын бири бул орто билимге муктаж балдар да кирет. Алардын жашоодогу кыйынчылыктардын айынан билим ала албай жаткандыгына күбө болуп келебиз. Бизге чоң тойдун эмне кереги бар. Андан көрө бул акча жардамга муктаж балдарга жумшасак жакшы. Ар бир бала билим алууга укуктуу”,- дешти кайрымдуулук иш-чарасын өткөргөн Азат жана Нестан.

2) Андан кийинки күнү 2016-жылдын 30-июлунда бул сыяктуу акцияны Оштун тургуну Темирлан Токоев келинчеги экөө өткөрүшкөн. Алар дагы 60 балага окуу куралдарын белек кылышты. Алардын эң негизги максаты ысырапчылыкты токтотуп, кайрымдуу болууга үндөө болду.

3) Ошол эле жылдын 10-августунда Ошто Абдышукүр Абдилатипов келинчеги менен той өткөрүшкөн. Алар жергиликтүү оорукананын 100 бейтабына ислам аалымы Аль Карнинин китебин белек кылышкан.

4) Ал эми бир айдан соң 2016-жылдын 15-сентябрында кайрымдуу үйлөнүү тоюн Талгат Нурланбек уулу жана Зухра Файзуллаевалар өткөрүшкөн. Жаш жубайлар Чүй областындагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларына муздаткыч камерасын белек кылышкан. Ошону менен бирге окуу куралдарын ала келишкен. Баардык белек бечкектер үчүн алар 50 миң сом коротушкан.

5) Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кубогун жеңип алган Арзуубек Карыбеков жана анын жубайы да ушундай кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүшкөн. Анын жубайы калыңга төлөнүүчү акча балдар үйүндөгү наристелерди таттуу белектери менен кубанткан. Бул ишке жолдошу жооптуу милдет менен киришип Жалал-Абаддагы балдар үйүндөгү балдар үчүн чыныгы майрам уюштурган. Анда балдарды балмуздак, пицца жана таттуулар менен гана тойгузуп койбостон, атайы шоу программа, оюн-зоокторду уюштурушкан.

6) Ал эми Талас шаарынын жашоочулары кайрымдуу тойго күбө болушкан. Кыш мезгилинин алдында жаш жубайлар Расул Манаппай жана Мээрим Абасова аз камсыз болгон 30дай үй-бүлөлөрдүн балдарына жылуу күрмөлөрдү тартуулашкан.

«Алар тойго кетчү чыгымды аз камсыз болгон балдарга жылуу курткаларды алып беришти”,- деди үй-бүлөнүн жакын досу Бекжан Шыгаев.

7) Ушул жылдын 15-апрель күнү Баткен областында да кайрымдуулук тою өттү. Кадамжай районунун тургуну Арапбай Кутпидин уулу жубайы менен биргеликте жетим балдарга белек тартуулоо менен той өткөрүштү.

“Спутник.kg” маалымат сайтынын изилдөөсүнө таянсак, Кыргызстанда орточо эсеп менен 200 киши чакырыган тойго 700 миң сом акча жумшалат. 7 миң айлыкка жашаган эл үчүн бул эң оор жүк болуп калат. Анын кесепетинен карызга батып үй жайынан ажырагандар да бар.

Булак: “Zaman.kg”

Запись Жаш жубайлардан жакшы жөрөлгөлөр впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.