Halloween party ideas 2015

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим.

Урматтуу мусулман журтчулук! Кээ бириӊиздерге белгилүү болгондой жакында өтчү Азирети Муфтийди шайлоо боюнча иш чарага менин ысымым талапкер катары Аалымдар Кеӊешинин мүчөлөрү тарабынан – мен Россиянын Сургут шаарында илимий дааваттык сапарда жүргөндө – сунушталган эле.
Бул маселе жеке менин демилгем болбогондуктан, мени сунуштаган аалымдарыбызга ыраазылыгымды билдиремин.
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн оожалган мекенде, какканы катуу болсо кийиз казык жерге кирип турган учурда , «таалайлуу» менен талашпай, «бактылуу» менен баалашпай, айласыз баатыр каман чабат болбой, айдын он беши кара, он беши ак деп, колунда токочу бардын астына олпок, үстүнө үпчү болбой, аттан-төөдөн түшкөндөй сүйлөбөй, ачкенедей асылбай өзүмдүн ысымымды Азирети Муфтийликке талапкерликтен (өзүм каалап койбосом да) алып салууну чечтим.
Ыйманга, акыйкатка, элге жана мамлекетке кызмат кылуу кайсы бир орун менен чектелбейт. Молдолуктун окуусун окуган адам сөзсүз эле муфтий болуп кызмат кылуусу шарт эмес. Орто-Азиянын залкар аалымы жана мурдагы муфтийи Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф менен Кыргызстандын мурдагы каазысы (азыркыча муфтийи) Садыкжан Камалов СССР жана Кырг.ССР жогорку Кеӊештеринде депутат болуп кызмат өтөшсө, муфтий Ахмад Кадыров менен имам Режеп Тайып Эрдоган президент болуп кызмат кылышты жана кылып жатышат. Өзгөндүк Каазыхан менен Сарахсий китеп жазууга өмүрүн беришсе, Молдо Хусейин Карасаев менен молдо Ишенаалы Арабаев жапырт сабатсыздыкты жоюуга ченемсиз эмгек аркалашты.
Мени колдогон мухлистерге айтаарым: Кудай Таалам баарыӊыздардан ыраазы болсун. Бетеге кетет бел калат демекчи, акыретке биз ыйманыбыз жана Кудай Таалама жаккан жакшы-саалих амалдарыбыз менен барабыз.
Мамлекетибиздин эгемендүүлүгү, эркиндиги жана жаркын келечеги үчүн, Ыйман жана Акыйкат үчүн дем алып аба жутканды, арсыздыктан арылып, намыс менен жашаганды Кудай Таалам баарыӊыздарга насип кылсын.
Изиӊиздерди изгилик, ишиӊиздерди ийгилик издесин…..
Ар дайым кызматыӊарда болгон…..

Бир тууганынар Чубак ажы….

02.04.17. Бишкек

Запись Журтчулукка кайрылуу впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.