Halloween party ideas 2015

Ош –Ноокат аялдамасында улам «Ноокат,Ноокат,  бир адам »-деп кайра-кайра кыйкырып,      адамдарды   өзүнө бурган жаш жигиттин күмүш түстүү Мерседес   маркасындагы машинасына   эки колтугуна таяк таянган, бир буту жок  отуздар чамасындагы  киши келип олтурду.

Ал машинага жайгашаар менен жанагы эпилдеген жигит да рулга олтуруп жолго сапар алды.  Маарага түшкөн ат атаандаштарынан аран алдыга чыккандай, шаардагы тыгындардан,жол чырактардан,жөө жүргүнчүлөрдөн араң бошонгон бул машина, шаар четиндеги трассага түшөрү менен зуулдап жөнөдү. Арада алдынан чыккан  автоуналар бипилдеткенине  карабай кайдадыр шашып,аларды буйтап өтүп зымырап баратты. Ичиндегилердин көпчүлүгү жаштар болгондуктан айрымдары телефон чукуп, кээ бирлери кулактарына телефондун шунурун  тыгып бир нерселерди угуп бараттышты. Бир гана  таяк таянган жанагы жигит улам машина ылдамдыгы күчөгөн сайын, «акырын айда,абайлап айда»-деп айдоочуга эскертип баратты. Ал болсо кардарынын мындай акылыңа зар эмесмин дегенсип,жактырбагандай түр менен тиктеп койду.Ошол жетиштүү болдубу,айтор тиги киши андан ары  тилин тишине кысып олтуруп калды..

Алмалыкка кире бериштеги бурулушка жеткенеде зуулдаган машина карыщылаш келе жаткан Камаз  менен сүзүшө кетейин деп араң токтоп калды. Жанатан бери угуп келе жаткан музыкаларына баш чайкап, жазышкан смстерине жылмайып келе жаткандардын оозунан заматта «Аллалаган, апалаган үндөр угулду. Машина оңго-солго жүрүп  тумшугу жол чекесиндеги чоон ташка барып такалды. Баары бир саамага тыный түшүштү. Бир топко барып өздөрүнө келишти. Анан  биринен-бири өтүп,ар түрдүү сөздөр менен айдоочуга асыла башташты. Жанатан бери өпкөсүн колтуктап алаган айдоочу жигит. Үн да катпай, сөз да айтпай купкуу жүзү менен жолун улады.

Бирканча жүргөн соң жанагы таяк таянган жигит кеп тизгинин алып, акырын сөз баштады.

-Досум билесиңби, сен өзүңдүн шашмалыгын,ашыккандыгын менен аз жерден бизди о дүйнөгө жөнөтүп сала жаздадың.  Пешенең бар экен. Бактылуу экенсин. Жанатан бери санап олтурсам  алдыңдан чыккан машиналар сигналдарын бергенине карабай алты жолу жол эрежесин буздуң. Билем, машина жаны, өзүң жашсың.. Сен үчүн азыр эн башкысы барар жерине тез барып кайтар жеринен тез кайтып, көбүрөөк акча табуу. Мен да мындан алты жыл мурда ошондой ойлор кучагында жашачуумун. Кулагыма канчасы өз жолунда жүр, эрежени бузба. Жолдо жүрүүдө да өзүңдүн жана бирөөнүн  акысы бар .Бирөнүн акысына кирбе деп канчасы айтты. Алардын баарына айта беришет дегендей маани берчү эмесмин. Мындай сөздөр мага мораль окугандай сезилип, кулагымдын сыртынан кетчү эле.Сен өткөндөй мен да  машиналарды артыма калтырып, маңдайыман чыккандардан мен эмес өздөрү буйтап өтүшчү. Сөөк-саактуу нерсемин да. Канчасы менен мындай кылыгымдын айынан кер-мур айтышпадым дейсиң. А канчасы сөгүнүп.сигналдарын бипилдеткен бойдон өтүп кетишчү.Ошентип шамалдай учуп жүргөн күндөрүмдүн биринде бир клиент чыкты. Жаш кыз экен. Сүйлөштүм. Россиядан келе жатыптыр. Үйүнө эртерээк жеткирип коюну суранды. Акымды алдын ала берди. Шаардан районго жол алдык.Жол  жүргөнгөбү жанагы кыз  уйкуга кетти. Мен адатымча    магинтофондо   койгон бойдон, ылдамдыкты катуулата баштадым. Бир канча жүргөндөн кийин кыз чочуп кетип, «акырын айданызчы» деп суранды. Өзүмө анан калса,жаңыдан гана жаңылап алган машинама ашыкча ишенгем чамасы ,анын сөзүн таназарыма да албадым.Ылдамдыкты акыры жолу караганымда жүздөн ашкан эле. Көптөгөн машиналарды артка калтырып келе жатканбыз. Анан эле бир   бусикти оозор маалда сөз менен болуп маани бербей калыпмын, маңдайыбызда  келе жаткан КАМАЗдын астына кирип бара жаткандыгыбызды бир билем. Кыздын апаа деп чынырганын бир билем. Башка эч текени эстей албайм. Көзүмдү ачсам арадан алты күн өтүптүр. Ак халатчандар бир бутумду кесип салышыптыр. Башым, колдорум, таңылган. Тилим аран күрмөөгү келди. Жанагы кыздын абалын сурадым. Эч ким үн катпады. Эки күндөн кийин анын ошол күнү ааламдан өткөнүн угузушту.

Ата-энемдин буту ошол кыздын үйүндө    калды.бар дүйнөсүн сатып. Түшүнгөн адамдар экен.Өздөрү перзентинен айрылып кан жутуп турса да, тагдырга там беришип мени кечиришти. Аларго  кечиришти. Өзүмчү,өзүмдү өзүм ушул күнгө чейин кечирбей келем. Он гүлүнөн бир гүлү ачычла элек ошол кыздын өлүмүнө себепчи болгон менин  жер бетинде басып жүрүүгө канчалык акым бар? Өзүң көрүп тургандай бирөөнүн акысына кире берсен жараткан өзү тегиздеп коет экен. Бүгүн минтип бир буттуу адамга айланганмын. Арадан алты жыл өтсө да ошол күн эч эсимден кетпейт. Кыздын «акырын айданызчы, абайлаңызчы» деген жалынган үнүн кулагыма жаңыра берет.көз алдымда КАМАЗ, анан сынган бутум,  бизди куткарып жаткан чоочун адамдар ,тезжардам маишансы баары-баары  тартыла берет

Сага бүгүн кудайым боор ачыды.Эскертти. Ушуну унутпа, магада ушундай эскертүүлөр  далай берилген, бирок…»-деп оор үшкүрүндү. Аны кыргылданган үнүк кылгырыпчыккан көз жашы машинадаглардын баарын ойго салды. Эч ким сүйлөбөдү. Машина жана анын ичинидегилер акырын дем алып баратышты….

Запись Таксисттин арманы впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.