Halloween party ideas 2015

🏻Эх менин оорукчан бир тууганым сенин даражаң Аллах алдында канчалык жогору экенин билгениңде эле ,балким кайгырбай шүгүр кылып жашоодо өзүңдү керексиз бэчара төмөн инсанмын дебей жакшылыктан үмүт кылып алдыга гана умтулуп жашамаксың…

Аллах Тааламдын оорукчан пендесин эң жакшы көрөөрүн ал үчүн берген ооруу сыноосу азапталышы үчүн эмес,күнөөлөрү төгүлүп ырайымына бөлөнүп,бейишне ыраа көргөнүн төмөнкү хадистерден байкасак болот…
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай дейт:
«Пенде ооруп калганда Аллах Таала ага эки периште жөнөтүп: «Барып, кулум жардамчыларына эмне дебатканын көрүп келгиле!» – деп буйрук кылат. Эгер ал пенде периштелер келгенде, Кудайга шүгүр келтирип жаткан болсо, алар бул шүгүрдү бардык нерсени эң жакшы билүүчү Аллах Таалага жеткиришет. (Периштелерин бир гана пендесинин кылган жарамдуу (салих) амалдарына күбө болушсун деп жиберген)
Аллах Таала: «Эгерде бул кулумдун жанын ала турган болсом, анда аны бейишке киргизишим – кулумдун мендеги акысы. А эгерде ага шыпаа бере турган болсом, анда анын этин жакшыраак эт менен, канын жакшыраак кан менен алмаштырып, күнөөлөрүн кечиришим – анын мендеги акысы.» – деп жооп берет.»
Бул хадисте сыртынан караганда бизге кырсыктуу болуп көрүнгөн көптөгөн окуялар бир гана Кудайдын сыноосу катары кабыл кылынышы керек экени жана ал кырсыктардын аркасында абдан чоң сыйлыктардын катылуу экени билдирилет.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: “Ким оорукчан бирөөдөн кабар алса же мусулман бир тууганына жолукса, бир периште:
“Сага береке болсун! Баскан кадамын, берекеге толсун! Сен бейиштеги жайынды курдун,! – деп жарыя салат. Бул сөздү уккан Анас бин Малик (разияллоху): “Чындыгында, оорукчанды кабар алганы барган киши, Алланын ырайымына бөлөнүп, ал соо кишиге береке берилет экен. Ал эми оорукчангачы? – деп сураганда Алланын элчиси: “Анын күнөөсү кечирилет” – деди. (Ахмад)
Али (разияллоху анху) риваят кылат: “Ким эртен менен мусулман бир тууганын кабар алганы барса, ага жетимиш мин периште кечке чейин кечирим дубасын сурашат. Эгерде кечинде кабар алса, тан атканча жетимиш мин периште кечирим дубасын сурашат жана бейиштен бир бак берилет”. (Тирмизи)
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: “Эгер сен оорукчандан кабар алсан, андан сага дуба кылып коюусун өтүн. Себеби, анын дубасы периштелердин дубасындай (кабыл болот)”. (Ибну Мажа)
Байкап көрдүңүзбү тууганым сиздин канчалык Аллах алдында жогору инсан экениңизди,сизди кабар алган инсандарга канча сооп жазылып жатат, а сиздин ооруган ар бир демиңизге канчалаган кечирим сооптор жазылып жатат болду экен э.. балким сиз окуп жаткан болсоңуз бул убадалар сиздин жүзүңүзгө жылмаюу,жан дүйнөңүзгө тынчтык тартуулап жаткандыр….

Бул убадалар адамзаттын куру убадаларынан эмес Улуу Жараткандын убадасы ал сөзсүз ишке ашат ин ша Аллах!
Бул дүйнөдө сиз жетпеген бакыттар, дүйнө ырахаты акырет алдында кыпынчалык да кадырга ээ эмес. Бул күндөр сиз оорусаңызда оорубасыңызда көз ачып жумганча сапары түгөйт. Акырет сапары ал түбөлүк бакыт же түбөлүк азап. Ошон үчүн эч качан капаланып кайгыга чөмүлбөң, Жараткандын жакшылыгынан үмүт кылып оорунун себебин,алдын алууга аракет кылып жашай бериңиз….
Мен сизге дем -күч боло турган,сабырдуулук кандай болоорун Улуу Пайгамбарлардын бири оору сыноосунда өмүрүн өткөзгөн Аюп (алейхи салам) тууралуу айтып берейин.
✏Аллах таала Аюп пайгамбардын денесин коркунучтуу жара менен жабыркатты. Бүт денесине жара чыгып, кычышып тырмана баштады. Тырмай берип тырмактары түшөт. Акыры таш, жыгач сыяктуу катуу нерселер менен тырмана баштайт. Эттери шылынып какыраган сөөктөрү эле калат. Териси курттап чыдатпай ооручу болду. Мунусу аз келгенсип: «Аюп бир күнөө кылса керек. Аллах Таалаң аны жазалап жатат» – дешип, туугандары, коңшулары жана башка жакын достору да жанына келбес болот. Жалгыз гана аялы Рахима аны таштабайт. Ага берилгендик менен кызмат кылуусун уланта берет. Аюп пайгамбар ушундай оор абалда калса да, сабыр кылып, эч качан кудайга акаарат келтирбейт. Кайра Раббисине шүгүр келтирип мактоолорду айтат. Ошондо шайтан Аюп пайгамбар жашаган шаардын жашоочуларына күмөн салып: «Анын дарты силерге жугат, аны шаарыңардан чыгарып салгыла», – дейт. Ошондо шаар калкы Аюп пайгамбар менен Рахиманы шаардан чыгарып салышат. Рахима айым шаардын тышындагы бир жерде Аюп пайгамбарга кызмат кылуусун улантат. Астына кум төшөп, башына ташты жаздык кылып жөлөйт. Аюп пайгамбар жети жыл бою оору менен алпурушат. Ал абалына эч качан нараазы болбойт. Кээ бир китептерде Аюп пайгамбар он сегиз жыл ооруган деп айтылат. Ушундай аянычтуу күндөрдүн биринде Рахима айым: «Оо, Аюп! Сен Алланын пайгамбарысың. Алладан ден соолук тилеп дуба кылчы, бул дарттан кутулат элек» – деди.
Анда Аюп пайгамбар: «Канча жыл бейпил турмушта жашадык» – деп сурайт.
Рахима: «Сексен жыл» – деп жооп берди.
Аюп пайгамбар: «Ээ Рахима! Ооруган жылдарым бейпил турмушубуздун мөөнөтүнө жетмейин Алладан айыгууну сурануудан уяламын. Алла бизге жакшылыктарды ыроологон кезде шүгүр
кылып, ал эми бир балээ берген кезде сабыр кылбай коё аламбы? Мен Раббимен ыраазымын» – деп жооп берет…
Күн өткөн сайын Аюп пайгамбардын дарты оорлошо баштайт. Рахима айым да аябай кыйналып, ичип-жегенге бир аз тамак-аш сатып алуу үчүн аргасыздан эң мыкты көйнөгүн сатып жиберет. Аюп пайгамбар Рахимага аябай боор ачыйт. Жаралары бүт денесине тарап, жараларынан пайда болгон курттар жайылып, денесин кемирип отуруп жүрөгү менен тилине жетет. Ибаадаты оорлошо баштайт. Ошондо Жабрейил периште Аюп пайгамбарга Алла тааладан суранып: «Анни массания дзурру ва анта Архамур Рахимиин» (Оо, Жараткан Алла! Акыйкатта мага зыян тийди, Сен мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсүсүң) – деп дуба кылуусун айтат. Аюп пайгамбар да дуба кылат…
Адаттагыдай эле Рахима тамак-аш таап келүү үчүн сыртка чыгат. Ошол кезде Алла тааладан кубанычтуу кабар келет. Жабрейил периште келип, Алла тааладан: «Эй, Аюп! Балекет бердим сабыр кылдың. Эми мен сага ырыскы берем» – деген кабарды алып келет. «Бутуң менен астыңдагы жерди тепкин!» деп буйрук берди. Аюп пайгамбар ордунан араң козголуп бир нече кадам шилтеди. Ал оң буту менен жерди тепкен кезде ысык булак, сол буту менен тепкен жерден муздак булак атылып чыкты.
Анан ага: «Мына ушул ыссык суу кирине турган, ал эми бул муздак суу иче турган сууң» – деп айтты. Ошентип ал ысык суу менен чайынганда денесиндеги бардык жаралардан айыгат. Муздак суудан ичкенде ичиндеги дарттардан кутулат. Күч-кубатка толуп жап-жаш жигитке айланып калат. Жабрейил периште Бейиштен кийимдерди алып келип Аюп пайгамбарга кийгизет. Канча жылдан бери тартып келаткан азабы эми мынтип түш көргөндөй эле жок болуп кетти..
Шаардан анча-мынча азык менен дары-дармек таап келген Рахима Аюпту жаткан жеринен таппай калат. Карышкыр жеп кеттиби деп санаага батып турган кезде жанына сулуу жаш жигит келип эмне издеп жатасыз деп сурайт. Ал: «Ушул жерде оорулуу чалым бар эле. Жер жуткандай жок. Жанатан бери издеп таба албай жатам» – дейт. Анда Аюп: «Анын кандай белгилери бар эле?» – деп сурайт. Рахима: «Жаш кезинде кудум сага окшош болчу» – деп жооп берет. Ошондо Аюп пайгамбар болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет.
Анда Рахима: «Эми сен жаш жигит болсоң, а мен болсо карыган кемпир болсом….» – деп көз жашын төгүп ыйлай баштайт.
Аюп пайгамбар аны колунан жетелеп жылуу суу менен чайындырып, муздак суудан ичиргенде Рахима да жашарып, ай чырайы жүзүнө чыга келди. Анын колунан алынган бардык мал-мүлкү кайра берилет. Көп бала-чака тартуулайт. Андан жүз бурган бардык достору андан кечирим сурап кайра келишет Аюп пайгамбар оорусунан айыгып, эрте менен турган кезинде өзүнчө күңгүрөнүп ыйлай баштайт.
Себебин сурашканда: «Ар күнү таңга маал: «Эй, дартка чалдыккан пендем, кандайсың?» деген үн чыгат эле, эми ал үндү угалбай калдым. Ошол үчүн ыйлап жатам – деп жооп берет. Өмүрүнүн аягында өтө жакшы тарбияланган тун уулу Хавмелди камкорчу кылып дайындайт. Жүз кырк жашка чыгып көз жумат. (Ага Алла тааланын саламы болсун)..
Эми сезгендирсиз биздин оорулар Аюп пайгамбардын оорусунун алдында алдаканча жеңил экенин. Биздин денебизди ушундай жара бассынчы шүкүр кылмак турсун өлуп калсам деп жол издейбиз,өлүп эле тынч жатчуудай. Аюп пайгамбар айыкканына сүйүнбөй кайта эмне үчүн ыйлады деп ойлойсуз? Анткени Жараткандын ырайымынан кур калдым деп кайгырды. Бирок ал Пайгамбар эле сыноолордун эң оору пайгамбарларга берилет. Андан кийин момундарга Аллахтын эң сүйүктүү пенделерине. Демек биз Жараткандын эң жакын, дайым биз менен экенин сезип шүкүр келтирип жашообуз керек …Жараткандын убадасында оорукчанга бул сыноо бейишке ачыктан ачык жолдомо, бул мүмкүнчүлүктү бакыт деп билсек туура болмок бирок биз пенделердин ыйманы алсыз болуп кейип жиберебиз… Аллахым ооруган жандарга шыфасын, бекем ыйман,сабырдуулук берсин деп дуба кылып калабыз…
Бул дүйнөдө адам баласынын үч дүйнөлүк байлыгы бар. Алар – мал-мүлк, урпак, ден соолук. Бул үчөө менен пенделер сыналышат. Аюп пайгамбардын окуясы ушундай сыноого учурагандарга сабырдуулуктун өрнөктүү үлгүсү болуп саналат. Бул окуяда Аюп пайгамбардын жара каптаган оорусу сырткы денесине жайылган эле. Ал эми бизде болсо, ички жан-дүйнөбүздү каптаган руханий ооруларыбыз бар. Ичибизди сыртка, сыртыбызды ичине карай оодара турган болсок, Аюп пайгамбардын жараларынан алда канча жаралуу жана оорулуу болуп көрүнмөкпүз. Анткени, биз жасап жаткан ар бир күнөө, башыбызга келген ар бир шек-күмөндөр жүрөгүбүзгө жана рухубузга жараттарды пайда кылып жатат. Аюп пайгамбардын жаралары анын кыска болгон бу дүйнөлүк өмүрүнө коркунуч туудурган эле. Ал эми биздин руханий жараларыбыз болсо өтө узун болгон түбөлүктүү өмүрүбүзгө коркунуч туудурууда. Андай болсо биз Аюп пайгамбардын кылган дубасына ага караганда миң эсе көбүрөөк муктажбыз. Ал эмне деп дуба кылды эле?
Ал: «Анни массания дзурру ва анта Архамур Рохимиин» – деп дуба кылган болчу.
Сабырдуулук – даанышмандыктын белгиси.
Сабырдуулук – акылдын чырагы. Сабырдуулук – ыймандын күзгүсү. Караңгы туюкка кабылбайын десең төмөндөгү үч түрдүү сабырды унутпа:
Биринчиси: Кулчулукта сабыр кылуу.
Экинчиси: Күнөөлөргө каршы сабыр кылуу.
Үчүнчүсү : Балээкыйынчылыктарга каршы сабыр кылуу.
Акылың болсо ушул акыйкатты жүрөгүңө түйүп ал.
Кайраттуулук менен: «Йа Сабур!» деп Аллага таян. Алланын сага берген сабыр кубатын эгер жаңылыш жолдорго таратпасаң, анда ар бир түйшүккө жана ар бир кайгылуу балээлерге каршы жетиштүү болот. …
👤Насиба Абдуллаева.
« БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись ЭЧ КАЧАН АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫНАН ҮМҮТ ҮЗБӨ… впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.