Halloween party ideas 2015

КИРИШ СӨЗ

Урматтуу окурман! Колуңуздагы бул чакан китепчеде Ислам аалымы Бедиуззаман Саид Нурсинин кыскача өмүр баяны айтылат.
Китепчеде окурмандарга Бедиуззаманды мактап даңазалоо эмес, тескерисинче ага ар кандай жалган жалаа, куру дооматтар менен көө сыйпап, Ыйык Курандын тафсири болгон Рисале-и Нурдун ыйман кызматына тоскоолдук жаратууну каалагандарга Рисале-и Нурдун нурдуу, бакыт тартуулаган таасирдүү кызматын билдирүү үчүн Саид Нурсинин Аллах тааланын сүйүктүү бир кулу жана пайгамбарыбыз Мухаммад соллалаху алейхи васалламдын мураскору экендигин баяндалат.
Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (соллалаху алейхи васаллам) бир хадисинде اَلْعُلَمَاءُ وَرَثَةُ اْلاَنْبِيَاءِ башкача айтканда: «Аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору» – деп айткан. Андыктан аалымдар пайгамбарыбыз (соллалаху алейхи васаллам)дан илимди мурас кылып келишет. Ислам дининин акыйкаттарын адамзатка жеткизүүдө бул мураскорлор жалгыз гана пайгамбарлардын жолун жолдошкондуктан, аларды түрмө да, зындан да, ар кандай кордуктар да, атүгүл өлүм коркунучу да токтото албайт.
Мындай аалымдардын өмүр таржымалын үйрөнүү – караӊгылыкта жол таба албагандар үчүн шам чырак сыяктуу болуп, жолун жарытып берээри талашсыз.
Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад (соллалаху алейхи васаллам)дын ушундай мураскорлорунун бири болгон Бедиуззаман Саид Нурси да Ислам дүйнөсүнүн төрүнөн орун алган аалымдардын бирөө болуп саналат. Ал балалыгынан тартып эле өрнөктүү жашоо жашап, илими жана адеп-ахлагы менен көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланып сый-урматына татыган. Өз жашоосунда алдыга койгон эӊ чоӊ максаты – Аллахтын ыраазылыгын алуу жана жашообузга аба сыяктуу, суу сыяктуу керек болгон ыйман акыйкаттарын адамдардын аң-сезимине орнотуу болгон. Муну ал ар бир айткан сөзү менен жана жүрүш-турушу менен ишке ашырууга колунан келишинче аракет кылган. Ошол мезгилдин белгилүү аалымдары тарабынан ыйгарылган “Бедиуззаман” наамы, тактап айтканда: “Өз доорунун кереметтүү инсаны” деген лакабы муну ачык далилдеп турат.
Пайгамбарыбыз (соллалаху алейхи васаллам)дын небереси Хасан (РА)дан тарагандарга “Шариф” ал эми экинчи небереси Хусаин (РА)дан тарагандарга “Сейит” деген наам берилген. Бедиуззаман Саид Нурсинин апасы Сейиттерден, ал эми атасы болсо Шарифтерден болгон. Болжол менен 1258-жылы Аббасийлер доорунда моңголдордун баскынчылыгынан улам кээ бир Сейиттер менен Шарифтер башка жактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Ошентип, Ислам дүйнөсүнүн туш тарабына чачырап кеткен пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ)дын урпактарынан кээ бирлери Иракка, кээ бирлери азыркы Түркияга келип отурукташып калган. Булардын арасында Саид Нурсинин ата-бабалары да бар болчу. Бул маалыматтар тарыхый архивдерде сакталып калгандыктан азыркы күндө ачыкка чыгып олтурат. Осмон империясынын убагында төрөлгөн жана өлгөн ар бир шариф менен сейиттерди каттап турушкан. Алар үчүн атайын айлык маяна ажыратышып, атүгүл, алардын иштери менен алектене турган атайын Накиб-ул Ашраф аттуу министрлик болгон. Андыктан, Бедиуззаман Саид Нурси пайгамбарыбыз Мухаммад (соллалаху алейхи васаллам)дын урпактарынан болуп саналат.
Бүт өмүрүн адамзаттын ыйманын куткарууга арнаган Бедиуззаман Саид Нурсинин жазган “Рисале-и Нур” аттуу тафсирин окуу менен азыркы учурда дүйнөнүн ар булуӊ-бурчунда миллиондогон адамдар Ислам дининин баалуулуктары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Бул тафсирлер Ыйык Курандын аяттары менен хадистерди илимий түрдө чечмелеп, азыркы илим менен техниканын өнүккөн доорунда жашап жаткан инсандардын логикасына ылайыктап, тафсирлеп, түшүндүрүп берет. Рисале-и Нур жыйнагы Аллахты жокко чыгарган материалисттик идеологияга каршы илимий жана логикалык түрдө ынандыруучу так жоопторду берип күрөшүп келет.
Бедиуззаман Саид Нурси учурда көпчүлүк адамдардын жан-дүйнөсүндө жана көӊүлдөрүндө жандуу бир түрдө жашап келет. Күн өткөн сайын ага, анын идеяларына жана анын чыгармаларына болгон кызыгуу уламдан-улам артууда. Дүйнөнүн төрт тарабында илимий-изилдөө иштеринде эскерилип, ал жөнүндө көптөгөн китептер жазылууда. Пайгамбарыбыз (соллалаху алейхи васаллам)дын урпактарынан болгон Бедиуззаман Саид Нурсини тааныштырып жаткан колуӊуздагы бул китепте анын үлгүлүү жашоосу, илиминин тереӊдиги, адеп-ахлагынын тазалыгы жана адамзаттын ыйманын куткаруу үчүн кылган эбегейсиз зор кызматында тарткан азаптары тууралуу кыскача маалымат ала аласыз.

ЭСКИ САИД ДООРУ

БАЛАЛЫК КЕЗИ

Куттуу үйдүн куттуу баласы.
Түркиянын Битлис шаарында атактуу шейх Гавс-Хизан аттуу бир аалым бар эле. Бир күнү ал өзүнүн шакирттерине сабак берип жаткан кезде анын Софи Мирза аттуу сопусу ага жолукканы келет. Эшиктин оозундагы адамдар шейх сабак берип жаткандыгын жана ал эч ким менен жолуга албастыгын Софи Мирзага айтышат. Софи Мирза жолугушуусу зарыл болгондугун айтса да, аны киргизбей коюшкан соӊ, түз эле шейх сабак берип жаткан жерге кирип барат. Баары эми шейх Софи Мирзага ачууланат деп коркуп жатышты. Бирок шейх Гавс-Хизан ачууланбай, тескерисинче, ордунан туруп, сый көрсөтүү менен тосуп алат. Бир топ сүйлөшүп отурган соӊ Софи Мирза шейхтен уруксат алып, ал жерден чыгып кетет. Ал чыгаары менен ал жердегилер:
Бул адамга мынчалык сый-урмат көрсөтө тургандай анын кандай өзгөчөлүгү бар? – деп Гавстан сурашат.
Гавс болсо мындай деп жооп берет:
— Туугандарым! Бул адамдын тукумунан бир бала келет. Анын даражасына жүз аалымдын да даражасы жетпейт…
Саид Нурси ушул өңдүү көптөгөн сүйүнчүлөөлөрдүн натыйжасында 1876-жылы Түркиянын Битлис облусуна караштуу Испарит районунун Нурс айылында жарык дүйнөгө келди.
Нурс айылы кичинекей жана райондун борборунан алыс жайгашкан айыл эле. Бирок илгертеден бери бул жерде илимге болгон кызыгуу бар болчу. Бул жердин тургундары балдарынын медреселерден таалим алуусуна аябай көңүл бурушчу. Саиддин үй-бүлөсү да илимге маани берген жана динди бекем карманган үй-бүлө болгондуктан башка айылдагылар да аларды таанышчу. Саиддин алгачкы устаты анын артыкчылыктарын көрүп таӊ калат да, “мындай баланы тарбиялап өстүргөн үй-бүлө кандай үй-бүлө болду экен” деп окуучулары менен бирге Нурс айылына келет. Алар түз эле Саиддин үйүнө барышат. Бир аз убакыт отурушкан соӊ Саиддин атасы Софи Мирза малдарын айдап талаадан келип калат. Бирок, малдарынын ооздору чүпүрөк менен оролуп, байланган болчу. Буга таң калган Саиддин устаты:
— Булардын оозун эмнеге минтип ороп, бекитип салдыӊыз? — деп сурайт.
Софи Мирза болсо мындай деп жооп берет:
-Тууганым! Биздин жайытыбыз бир аз алысыраак жерде жайгашкандыктан жолдо башка адамдардын эгин талаасынан өтүүгө туура келет. Эгер мен малдарымдын оозун байлап, бекитип салбасам алар башка адамдардын эгиндерин жеп алуусу мүмкүн. Адал оокатыбызга арам аралашып кетүүсүнөн корком.
Софи Мирзанын такыбаалыгына таӊ калган устат Саиддин апасынан баласын кантип мынчалык сонун кылып тарбиялагандыгын сурайт. Апасы Нурия айым минтип жооп берет:
-Саид боюмда бар кезимде эч дааратсыз жүрбөдүм. Төрөлгөндөн кийин да бир да жолу аны дааратсыз эмизбедим.
Устаты бул жоопторду уккан соӊ Саиддин артыкчылыктарынын себебин түшүнүп:
— Мындай ата-энеден, албетте, ушундай бала төрөлөт! – деп, айткан экен.
Саиддин үй-бүлөсүнүн турмушу жупуну эле. Айыл тургундары кышында айылда кыштап, жайында болсо жайлоолорго чыгып кетишчү. Кыштагы оор шарттарга карабастан Саид кошуна айылдагы медреселерге барып сабак алып турчу. Натыйжада ал жердеги дээрлик бүткүл аалымдан сабак алат. Бирок жашы кичине болгондуктан туруктуу сабак ала албай калат.
Жай мезгилинде жаратылышка байкоо жүргүзүүнү эӊ көп жактырчу. Табияттагы кубулуштарга аябай суктанып, дайыма суроолор туулат эле жана бул суроолорго жооп издечү. Ушундай бир мезгилде түндөсү сыртта ызы-чуу чыгып, мылтыктын үндөрү угула баштайт. Анткени, ай тутулган мезгилде айылдагылардын ошондой салты боло турган. Саиддин үй-бүлөсү да сыртка чыгат. Эмне болуп жаткандыгын түшүнүүгө аракет кылган Саид, апасынан сурайт:
— Эмнеге ай мындай болуп калды?
Апасы:
— Жылан жутуп алыптыр — деп жооп берет.
— Эмнеге анда дале көрүнүп жатат?
Апасы:
-Асманда жыландар айнек сыяктуу болгондуктан ичиндеги нерселер көрүнүп турат экен.
Апасынын бул жооптору кичинекей Саидди канааттандырбай аны көпкө ойлондуртат. Арадан көптөгөн жылдар өткөн соӊ астрономия китебинен ай тутулуу маселесин үйрөнгөн соӊ жаны жай алат.
Саид кичинекей болгондугунан улам медресеге бара албагандыктан агасы Абдуллах медреседе илим алып жаткан. Агасындагы өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр Саидди кызыктырат. Бул өзгөрүү, өнүгүү илим алуудан улам болуп жатканын билген соӊ Саиддин илимге болгон кызыгуусу ого бетер күчөйт. Ал тогуз жашына чейин ата-энесинин жанында болот. Кийин илим алуу арзуусун ишке ашыруу максатында Таги медресесине кирет.
Бул медреседеги дагы бир окуя көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурбай койбойт. Медресенин шейхи түндөсү туруп, уктап жаткан балдарды карап, үстү ачылып калган балдар болсо үстүн жаап чыгаар эле. Кичинекей Саиддин айылы болгон Нурс айылынан келген балдарга өзгөчө көӊүл бураар эле. Андан мунун себебин сурашканда ал мындай деп жооп берет:
— Бул Нурс айылынан келген шакирттерди жакшы карагыла! Булардын ичинен бирөө Ислам динин ойготот, көтөрөт! Бирок кимиси болгондугун мен азырынча биле албай жатам.

ИЛИМ МЕНЕН АДЕП-АХЛАКТАН КУРАЛГАН ЖАШТЫК

Сабактарындагы жетишкендиктеринен сырткары адеп-ахлагы менен да көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган Саид балалыктан өспүрүм мезгилге кадам таштап калган мезгилде да өзүн чоӊ кишидей алып жүрчү. Медреседеги балдар берилген кайыр-садагаларды алышчу бирок жаш Саид эч качан алчу эмес.
Бир күнү медреседеги балдар медресе үчүн кошуна айылдарга зекет чогултууга жөнөшөт. Бирок Саид барбай коёт. Анын мындай аракети көпчүлүктү таӊ калтырат. Айылдагылар зекет алганы барбагандыгынан муктаждыгы бар болсо керек деп ич-ара кеңешишип ага акча чогултушуп берели дешкенде Саид сылык-сыпаалык менен ырахматын айтып акчаны албай коёт. Айылдагылар агасы Абдуллахты ортого салышат. Абдуллах Саидге келип акчаны сунуштаган кезде ортолорунда ушундай маек жүрөт.
— Акчаны албайсыӊбы?
— Жок, ала албайм. Андан көрө бул акчага мага мылтык сатып бериӊиз.
— Жок, болбойт!
— Анда тапанча алып бериӊиз!
— Жок, ал да болбойт!
— Анда канжар алып бериӊиз!
— Жок, аны да алып бере албайм! Жакшысы жүзүм алайын. Ушундайча ишти таттуу нерсеге байлайбыз.
Саид менен медреседеги достору ортосунда бир аз түшүнбөстүк пайда болгон соӊ медреседен чыгууга аргасыз болот. Медреседен алыс калуусу аны илимден алыстаткан жок. Узун кыш түндөрүн дайыма китеп менен бирге өткөзөт. Жаз мезгилине жакын өмүрүн өзгөчө нукка бурган бир түш көрөт.
Түшүндө кыямат болуп жаткан болот. Адамдар кайрадан тирилген эле. Жаш Саид болсо пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ)ды кантип көрөт экенмин деп ойлонот. Кийин Сырат көпүрөсүнүн жанында ушундай ойго келет: “Баары ушул жерден өтөт, мен да бул жерде күтөйүн” деп Сырат көпүрөсүнүн башында күтө баштайт. Ал жерде бүткүл улуу пайгамбарлар менен жолугуп, баарынын колун өбөт. Аягында пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) келет. Жаш Саид анын да колун өбөт да, илим сурайт. Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ)болсо мындай дейт:
— Үммөтүмдөн эч суроо сурабоо шарты менен сага Курандан илим берилет!
Жаш Саид аябай толкундануу менен ойгонот. Өмүр бою пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) буйругуна моюн сунат жана эч кимден суроо сурабайт, тескерисинче, бүт баарынын суроосуна жооп берет. Бул түш анын жан дүйнөсүндөгү илимге болгон сүйүүнү ого бетер арттырат. Натыйжада Битлистеги Шейх Эмин Эфенди медресесине кирет. Саиддин жашы кичинекей эле. Шейх да жашы кичинекей деп теңебестен, Саидге сабак берүүнү медреседеги башка окуучуларга тапшырат. Саидге бул абдан оор келет. Бирок ал бул жерде илим алууну уланта берет. Илими менен башка окуучулардан айырмаланып чыга келет. Бир күнү Шейх мечитте баян кылып жаткан мезгилде Саид каршы чыгып:
— Кечиресиз, андай эмес — деп өзүн окутпагандыгын эске салат.
Баары Саиддин тайманбастыгына таӊ калышат. Бирок чындыгында Саид туура айтып жаткан эле. Бул тартышуудан улам Саид ал медреседе окуй албай калат. Ал Агры тоосунун чыгыш жагында жайгашкан Беязыт деген жерине барып ал жерде медресеге кирет. Бул жерде да акылынын тунуктугу жана эске тутумунун күчтүүлүгү менен баарынан алдыга чыгат. Өзүнөн чоӊ окуучулардын бир жылда үйрөнгөн сабагын ал бир-эки айда эле үйрөнүп алат. Ал бир гана илим менен алек болбостон руханий жашоосуна, жан дүйнөсүнө да кылдат маани берет. Жеген тамактарына аябай көӊүл бурат эле. Көп тамактануунун айынан эске сактоо сезимине зыян келип, илим алуусуна тоскоол болот деп тамакты да өтө аз жейт эле. Адамдар канчалаган жылдарды сарптап араӊ жеткен “Устат” наамына, Саид аз эле убакытта жетет.
Чыгыш Беязытта убактысынын көпчүлүк бөлүгүн атактуу олуялардан болгон Шейх Ахмед Ханинин күмбөзүндө өткөзөт. Достору аны көргөнү келишкенде дайыма түндөсү шам жарыгында китеп окуп жатканын көрүшөөр эле.
Бул жерде шейх Мехмед Жалалинин медресесинде үч айдын ичинде сексен томдук китептерди окуп ижазат алган соӊ Битлиске, андан кийин Ширван деген жерге барат. Бир аз ал жерде калып аалымдар менен жолугушкан соӊ Сииртке кетет. Ал жерде Молла Фетхуллахтын медресесине кирет. Молла Фетхуллах Саиддин жаш болгонуна карабастан мынчалык көп китеп окуганына таӊ калат да, анын эске сактоосун текшерүү үчүн андан кичинекей сынак алат. Ал “Макамат-ы Харирийе” деген китепти ачып бир барагын окуйт да:
— Мен окуган баракты жатка айтып берчи – дегенде эч бир катасыз толук жатка айтып берет. Молла Фетхуллах абдан таӊ калат. Жаш болсо да мынчалык көп илим алганына, ошону менен эле бирге адеп-ахлагынын мыктылыгына баа берип ага “Замандын эӊ мыктысы, эӊ чыгааны” деген мааниге келген “Бедиуззаман” деген наамды ыйгарат.
Бул наам өмүр бою Молла Саидге таандык наам болуп, бул ат менен “Бедиуззаман Саид Нурси” деген наамга ээ болот. Албетте улуу адеп-ахлагы жана теӊдешсиз илими менен көпчүлүк тарабынан ушундай наамга татыктуу зат.
Битлистен Сииртке барып ал жерде бир топ убакыт калат. Андан соң Сииртке жакын жердеги Тилло шаарчасына барып ал жерде жалаң гана Куран, ибадат менен алектенип жашай баштайт. Ушинтип ал руханият ааламында дагы да бийигирээк даражага көтөрүлөт. Ал жерде кичинекей жер кепеде жашап, аз тамак жеп, аз уктап напсиге жаккан нерселерден өзүн алыс кармаган абалда күн өткөрөт. Бул мезгилде ал Камусул-Окянус аттуу арапча чоӊ сөздүктү «س – син» тамгасына чейин жаттап алат.
Ал ааламдагы түзүлүштү башкалардан башкача түшүндүрүп бере ала тургандыгын көрсөткөн дагы бир кызыктуу окуя болуп өтөт; Анын тамагын дайыма жээни Мехмет алып келип берет эле. Ал тамактын суусун ичип, коюсун кумурскаларга берчү. Бир күнү андан эмне үчүн мындай кылгандыгын сурашканда ал мындай деп жооп берет:
— Кумурскалардын бирге жашоо, ынтымак жана эмгекчилдик сыяктуу өзгөчөлүктөр бар. Айрыкча ичиндеги биримдикте жашоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла алган мамлекет курушкан. Бул өзгөчөлүктөрүнөн улам аларга жардам берип жатам.
Бедиүззамандын Тиллодогу үчүнчү маанилүү окуясы, анын маанилүү түшү болду. Түшүнө Абдулкадир Гейлани кирип ага мындай дейт:
-Миран уруусунун башчысы Мустафа Пашага барып, аны хидаят жолуна даават кыл, кылган жамандыктарынан кайтарып намазга, илимге олуттуу түрдө киришүүсүн сунуш кыл. Каршылык көрсөтсө өлтүр.
Мустафа Паша зулумдук менен өзүнчө бийлик куруп алган болчу. Он алты жашар Саид үчүн бул оор милдет эле. Бирок ал илим алуудагы жетишкендиктери менен гана чектелбестен кайраттуулук жагынан да эч кимден тайманбайт эле. Аллахтан башка эч нерседен коркпойт эле. Бедиүззаман эч нерсени ойлобостон Мустафа Пашанын жашаган жерине барып, чатырына кирип “Мустафа Паша каякта?” деп сурайт. “Азыр ал бул жерде жок эле”- деп жооп беришет. Бир аздан кийин Мустафа Паша чатырга кирип келет. Баары ордунан ыргып турушат. Бирок, жаш Саид ордунан козголуп да койбойт. Анын бул кылганына аябай ачууланган Мустафа Паша анын ким болгондугун сурайт. Атактуу Бедиуззаман Саид Нурси экендигин билген соӊ аалымдарды жактырбаса да акырын, жумшактык менен:
— Эмнеге келдиӊ? – деп сурайт.
— Сени акыйкат жолго чакырганы келдим. Мындан ары зулумдугуӊду таштап намаз окууну баштайсыӊ же болбосо сени өлтүрөм.
Анын бул сөздөрүнө ачууланган Мустафа Паша чатырдан сыртка чыгат да бир аз убакыт өткөн соӊ кайра кирип, эмне үчүн келгендигин кайра сурайт. Бедиуззаман: “Эмне үчүн келгендигимди азыр эле айтпадымбы?” – дейт. Мустафа Паша чатырдын түркүгүндө илинип турган Саиддин кылычын көрсөтүп: “Ушул жаман кылыч менен мени өлтүргүң барбы?” – дейт. Бедиуззаман: “Кылыч кеспейт, кол кесет” – деп жооп кайтарат. Бир аз сүйлөшкөн соӊ Мустафа Паша Бедиуззаманга мындай сунуш кылат:
— Жезире деген жерде менин аалымдарым бар. Алар менен сенин ортоӊдо муназара (илимий өз ара тартышуу) уюштурабыз. Эгер сен аларды жеӊсеӊ мен сенин айтканыӊды орундатам. А эгер сен жеӊилип калсаӊ, сени Эфрат дарыясына ыргытам — дейт.
Бедиуззаман болсо мындай деп жооп берет:
— Бүткүл аалымдарды жеӊүү менин укугум болбогон сыяктуу, мени дарыяга ыргытуу да сенин укугуң эмес. Бирок эгер мен аалымдардын суроосуна жооп берсем алдагы мылтыгыӊды мага бересиӊ, эгер сөзүӊдө турбасаӊ сени ошол мылтык менен атып өлтүрөм.
Бул маектешүүдөн соӊ алар Жезиреге жөнөшөт. Ал жерге жеткенче Мустафа Паша Бедиуззаман менен эч сүйлөшпөйт. Жезиренин Бани Хани деген жерине келгенде Бедиуззаман чарчагандыктан бир аз жатып эс алат. Уйкудан ойгонуп көзүн ачса, тегерегинде Жезиренин аалымдары колдорунда китептерин кармап күтүп тургандыгын көрөт. Саламдашып көрүшкөндөн кийин чай берилет. Жезире аалымдары жаш Саиддин атак-даңкын угуп жүрүшкөндүктөн таңданып карап, толкунданып жаткан мезгилде Бедиуззаман өзүнүн чайын да, сар-санаага баткан бир-эки аалымдын чайларын да ичип коёт. Муну алар байкабай калат. Мустафа Паша кожолорго кайрылып:
Мен сабаттуу эмесмин, Молдо Саид менен тартышууда жеңилип калууңарды көрүп турам – деп айтат. Анткени, карап турсам силер ойлонуп жатып, чайыңарды ичкенди унутуп калдыңар. Ал эми Молдо Саид болсо өзүнүн чайын ичип бүтүп, силердин да чайыңарды ичип салды. Бедиуззаман: “Эч кимден суроо сурабаймын деп убада кылгам ошондуктан силердин суроолоруңарга жооп берүүгө даярмын” – деп айтат. Ал аалымдар кыркка жакын суроо сурашат. Жалпысынын суроосуна жооп бергенден кийин, кандай болду, бир суроонун жообун жаңылыш айтса да тегерегиндегилер туура деп кабыл кылып тастыкташат. Аалымдар тарап жаткан учурда Молдо Саид алардын аркаларынан чакырып – кечирип койгула бир суроонун жообун жаңылыш айтсам да баамдай албадыңар деп туура жообун айтат. Аалымдар мына эми бизди толугу менен жеңдиң деп айтышат. Кийин ошол аалымдардын бир тобу Молдо Саидтен дарс алууга келишет. Мустафа Паша болсо сөзүндө туруп, намаз окуй баштайт. Мылтыгын да Бедиуззаманга тартуу кылат.
Ошол эле жылы Бедиуззаман каракчылардын тоскоолдугуна карабай Мардинге жалгыз өзү барат. Бул жылдары Осмон империясында саясий башаламандык бар эле. Мардинде Бедиуззаманды саясий иштерге тиешеси бар деп, ак жерден каралап, колу-бутун кишендеп, ат менен эки аскердин күзөтү астында Битлиске сүргүндөшөт. Бул көрүнүштөр элди дүрбөлөӊгө түшүрүп, Бедиуззамандын атынын дагы бир топ алыска чыгуусуна себепчи болот.
Алар Ахмеди айылынан өтүп бараткан мезгилде Бедиуззаман күзөтчүлөргө:
— Кишендерди чечип тургула, намаз окуп алайын? – дейт. Аскерлер болсо качып кетүүсү мүмкүн деп, коркуп чечпей коюшат. Бедиуззаман болсо темир кишенди чыгарып таштайт да, аттан секирип түшүп жакын жердеги дарыядан даарат алып, намаз окуй баштайт. Башкага айтса ишенгис мындай окуяларды көргөн аскерлер:
— Биз сиздин күзөтчүӊүз элек, эми сизге кызматчы бололу! – дешет. Бедиуззаман болсо аларга өз кызматтарын аткаруусу зарыл экендигин айтат.
— Бир күнү Бедуззамандан кишенди кантип чечтиң? — деп сурадык.
— Мен дагы билбейм кандай чечилгендигин. Балким ал намаздын керемети болду — деп жооп берди.
Эки жылга жакын Битлисте сүргүндө болгон Бедиуззаман дайыма полициянын көзөмөлүндө болот. Бул жылдары ал адеп-ахлагы жана жогорку даражадагы адамгерчилик сыпаты менен ал жердин акиминин да сый-урматына татыктуу болот. Бул да мындайча болот. Бедиуззаман бир күнү аким жана бир нече анын жардамчылары шарап ичип майрамдап жатканын угуп калат. Эл башында тургандардын мындай орунсуз иш-аракети анын ачуусун келтирет. Ал көпкө ойлонуп олтурбастан дароо көңүл ачып жаткан жерге жетип барат да, шарап ичүүнүн арам болгондугун тастыктаган аят, хадистерди айтат. Алардын бул иштери ыпылас, бузуку иштер экендигин айтып катуу эскертет. Акимди жана анын жардамчыларын катуу жемелейт. Ал жердегилер акимге мындай катуу эскертме берген адамды аким эч качан кечирбестигин жана Бедиуззамандын күнүнүн бүткөндүгүн, аким аны жок кылаарын ойлоп турушту. Бирөөсү Бедиуззаманга келип:
— Өз өмүрүӊ менен жооп беришиӊ керек болгон ишке эмне үчүн кол урдуӊ, кантип бул ишке бардыӊ, өлтүрүлүшүӊдү эч ойлободуӊбу? – дегенде Бедиуззаман мындай жооп берет:
— Өлүм оюма да келген жок. Болгону же түрмөгө түшөм, же сүргүнгө айдалам деп ойлодум. Бирок бир жамандыкты жок кылып, адамдардын күнөө кылышына тоскоол болуу үчүн өмүрүмдү да берүүгө даярмын.
Эскертмелерди айткан соӊ Бедиуззаман ал жерден чыгып кетет. Эки сааттан кийин эки полиция келип Бедиуззаманды акимдин үйүнө алып келишет. Акимдин үйүнө келгенде аким Бедиуззаманды ордунан туруп, сый-урмат менен тосуп алат.
— Ар бир адамдын устаты болот, сен да менин устатым бол! Бул жерде менин коногум бол – дейт.
Ошентип Бедиуззаман эки жыл бою ал жерде калып бүткүл убактысын илимге арнайт. Бул жерде болуп өткөн дагы бир окуя анын адеп-ахлагынын канчалык жогорку даражада болгондугун тастыктап турат. Ал мындайча:
Акимдин жубайы каза болгондуктан, анын үч чоң, үч кичине алты кызы бар болчу. Ошону менен эле бирге Бедиуззаман да бул үйдүн бир бөлмөсүндө орун алып бүткүл убактысын илимге арнаган эле. Бир күнү акимдин бир кызы Бедиуззамандын бөлмөсүн тазалоо үчүн кирейин десе, Бедиуззаман ачууланып эшикти жаап, кызды бөлмөгө киргизбей коёт. Кыз аябай капа болуп бир туугандарына бул окуяны айтат. Ошентип бул окуя жайылып кетет. Бедиуззаманды жактырбай жүргөн бирөөсү учурдан пайдаланып, акимге жетип барат да мындай дейт:
— Саидди үйүӊүздө жалгыз калтырып жатасыз. Кыздарыӊыз жаш. Ал үй-бүлөсү жок бойдок болсо. ”Кой-тур” деп баш-көз боло турган жубайыӊыз да жок. А Саид болсо жаш жигит. Буга кантип жол берип жатасыз – деп акимди шектентип, Бедиуззаманды каралап, ага жалган жалаа жабууга аракет кылат.
Бул сөздөрдү уккан соӊ аким дароо үйүнө жөнөйт. Үйүнө кирип баратып кызынын капаланып олтурганын көрүп, эмнеге капа болгонун сураганда кызы мындай деп жооп берет:
— Атаке! Мобул биздин үйдөгү Саиддин акылы ордунда эмес окшойт. Бөлмөсүн тазалайын деп барсам киргизбей эшигин жаап алды!
Бул сөздөрдү уккан аким Бедиуззамандын канчалык бийик адеп-ахлакка ээ болгондугун, такыбаалыгын дагы бир ирет билип, андан шектенгени үчүн аябай катуу уялып калат. Бул окуя жана бул мезгил тууралуу Бедиуззаман өзү “Эмирдаг лахикасы” аттуу китебинде кененирээк мындай деп баяндайт:
— Жыйырма жаш курагымда Битлисте маркум Өмөр Пашанын суранычы боюнча жана анын илимге болгон кызыгуусунан улам анын үйүндө жашап калдым. Анын үч чоӊ жана үч кичинекей кыздары бар эле. Мен ал үйдө эки жыл жашадым, бирок улуу кыздарынын үчөөсүн бири-биринен айырмалай албайт элем. Эч качан аларды көӊүл буруп караган да жокмун. Бир жолу бир досум жаныма бир нече күнгө конок болуп келип калды. Ал эки күндүн ичинде тигилерди бири-биринен айырмалап таанып алды. Менден эмне үчүн ал кыздарды карабастыгымды сураганда, мен мындай деп жооп бердим:
— Илимдин ызаттуулугу менен ыйыктыгы мени эч караткан жок!
Өмөр Пашанын жанында эки жыл калган соӊ 1896-жылы Бедиуззаман Ван шаарында белгилүү аалымдар болбогондуктан Хасан Пашанын чакырыгы боюнча Ван шаарына барды. Ван шаары анын жашоосунда маанилүү роль ойнойт. Ван шаарына баруудан бир аз мурдараак Бедиуззаманды илимге аябай кызыккан, мамлекеттик башкарууда да аябай тажрыйбалуу губернатор Тахир Паша өзүнө чакырат. Тахир Пашанын диний китептерге да, дүйнөлүк илимий китептерге да аябай бай болгон чоӊ китепканасы бар эле. Бедиуззаман бул китепканадагы китептердин бүтүндөй баарысын изилдеп окуп чыгат. Атүгүл, кээ бир китептерди жаттап алат. Өзүнүн ыкмасы менен китептерди изилдеп олтуруп дүйнөлүк илимдерди да тереӊ өздөштүрөт.
Мисалы бир география мугалимин тартышуудан алдын жыйырма төрт сааттын ичинде колуна алган география китебин жаттоо менен эртеси күнү Ван шаарынын губернатору Тахир Пашанын конок бөлмөсүндө аны жеңип коёт. Ушул сыяктуу дагы бир тартышма химия мугалими менен болот. Ал да таӊ калганын мойнуна алат. Ошол мезгилдери Бедиуззаман дүйнөлүк илимдерди ушунчалык тереӊ изилдейт, натыйжада математикалык теңдемелер тууралуу китеп жазат.
Ван шаарына баргандан кийин урууларды бири-бири менен элдештирүү жана ынтымакка чакыруу боюнча жигердүү иш-аракеттерди жүргүзөт. Эки уруунун ортосунда түшүнбөстүктөр келип чыкканын угаары менен дароо жетип барып, аларды жараштырып, уруулар арасында элчилик милдетин аткарат. Уруулар анын илимин жана атак-даңкын мурдатан угушкандыктан аны сыйлап, айтканын дароо орундатышаар эле.
Молдо Саид Ван шаарында жүргөн учурларда, кээ бир маселелерде ал жердин аалымдарынан айырмаланган иш-аракеттерди кылчу. Бул өзгөчөлүктөр төмөндөгүлөр:
1. Эч кимден белек катары акча алган эмес жана эмгек акысын да кабыл кылган эмес. Ооба, жашоосунда мал-мүлкү жок, жакыр, жалгыз, дайыма сүргүндө, түрмөдө өтө оор акыбалдарды башынан өткөрсө да, эч кимден акча алган жок, акысыз белек албагандыгы да апачык көрүнгөн.
2. Бир дагы аалымдан суроо сураган эмес. Жыйырма жылдык өмүрүндө дайыма суроолорго жооп берип келди. Бул тууралуу ал өзү минтип айтат: Мен аалымдардын илимдерин четке какпайм. Ошондуктан алардан суроо сураш ашыкча. Эгер менин илимимден шек-күмөндөрү бар болсо, келишсин, суроо сурашсын аларга жооп берейин.
3. Жанында жакын жүргөн шакирттерин да дал озүндөй кылып зекет жана белек алыштан тосуп келди. Аларды ар дайым бир гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн эмгектендирет эле. Атүгүл, көп учурда шакирттерин өзү камсыз кылчу.
4. Ар дайым жалгыз болду жана дүйнөдөгү эч бир нерсе менен алака түзбөдү. Ошондуктан: “Бүткүл жыйган тергенимди бир колум менен көтөрүп алып жүрүшүм керек” – деп айткан. Мунун сырын сураганда “Бир учур келет, баардыгы менин абалыма суктанышат. Экинчиден, мал-байлык мага ыракат бербей жатат, дүйнөгө бир гана мейманкана деген көз караш менен карап жатам” – деп айтат эле.
Ван шаарында жүргөн кезинде дин илимдери менен дүйнөлүк илимдерди тереӊ изилдейт. Ушул мезгилдерде дин илимин да, дүйнөлүк илимдерди да окута турган медресенин ачылуусу зарыл экендигине көзү жетет. Ошол замандарда анын эң чоң максаты жана мүдөөсү Египеттеги Аль Азхар университетине окшош Ван көлүнүн жээгине Медресетүз-Зехра аттуу Ислам университетин курууну пландаштырат. Ал:
“Жан дүйнөнүн нуру – дин илимдери, акылдын нуру болсо – дүйнөлүк илимдер. Экөөнүн биргелешүүсү менен акыйкат ортого чыгат. Болбосо бирөөсү фанатизмге, ал эми экинчиси атеизмге алып барат” – деп айткан. Адам баласы бир нерсеге толук ишенүү үчүн жан дүйнөгө да, акылга да муктаж болуп эсептелет. Бул улуу долбоорду ишке ашыруу максатында Осмон Халифасынын Падышасынан жардам сурап жана уруксат алуу үчүн 1907-жылы ноябрь айында Стамбулга жөнөйт.

СТАМБУЛДАГЫ ООР ЖЫЛДАР

Ошол мезгилде Стамбулдун илим борборуна айланган Фатих районундагы, Шекержи Сарай аттуу мейманканага жайгашат. Ал кезде Стамбул шаары дүйнөнүн эң чоӊ илимий борборлорунун бирөөсү болчу. Шаарда дин илимдери боюнча да, дүйнөлүк илимдер боюнча да абдан күчтүү окумуштуулар бар эле.
Тахир Паша Бедиуззаман менен коштошуп жатканда:
— Чыгыштын бүткүл аалымдарын жеӊе алдыӊ, эми Стамбулга барып, ал деӊиздеги чоӊ балыктар менен ат салыша аласыӊбы? – деген эле.
Стамбулга келээри менен аалымдарды тартышууга чакырды. Стамбулдун атактуу аалымдары топ-тобу менен зыяратка келип суроо сурашып, суроолорунун жоопторун так жана даана алып жатышты. Мындагы максат чыгыш Анатолиядагы илим жана билим иш-аракеттерине көңүл бурдуруу эле. Ар дайым кичи пейилдик менен аракет кылчу. Стамбулдагы турак жайынын эшигинде: “Бул жерде ар түрдүү маселе чечилет, бардык суроолорго жооп берилет, бирок суроо суралбайт” – деген тактай илинип турчу.
Ал муну мактаныш үчүн, же болбосо көпчүлүктүн көӊүл чордонунан орун алыш үчүн кылган жок. Максаты – чыгышта ачыла турган Ислам университетинин актуалдуулугун көтөрүү жана анын аябай маанилүү экендигин бүт баарына жаюу эле.
Бедиуззамандын Стамбулга келгендигин уккан аалымдар бир бирден аны көргөнү келе башташат. Бир күнү ошол мезгилдеги эӊ атактуу медреселерден болгон Фатих медресесинин устазы Хасан шакирттерине мындай дейт:
— Бүгүн сабакка келе албайм, себеби чыгышта “Бедиуззаман” деген лакап менен таанымал зат бул жакка келиптир. Аны көргөнү барам деп Бедиуззамандын жанына жөнөйт.
Зыяраттан кийин медресеге кайтып барган Хасан мырза шакирттерине мындай дейт:
-Мындай адам эч качан келген эмес, мындай затты эч көргөн эмесмин. Бул Аллахтын жараткан сейрек кездешүүчү кулу.
Бир жолу Бедиуззаман Фатих мечитине барат. Мечиттин алдында аалымдар бир маселе боюнча тартышып, бирок бир жыйынтыкка келе албай жатышканын көрөт. Кырдаалды байкаган Бедиуззаман аалымдардын жанына барат да:
-Эмне тууралуу сөз болуп жатат, мен да билсем болобу, мага да айтыӊыздар? — дейт.
Жупуну кийинген Бедиуззаманды эч ким тааныбагандыктан ага аалымдар көӊүл деле бурушпай:
— Койчуман досум! Сенин башыӊ мындай нерселерге жетпейт, жакшысы өз ишиӊди кыл – дешет.
Бирок Бедиуззаман маселени билген соӊ аят, хадистер менен жеӊил, жатык түрдө толук түшүндүрүп берет. Ал жердеги аалымдардын бирөөсү:
— Аяттарды, кудум пайгамбарыбыз (САВ)га түшкөндө жанында турган сыяктуу ушунчалык сонун ачыктап жатат!
Дагы кээ бирөөлөрү:
— Жашыӊ кичинекей болгону менен илимиӊ чоӊ экен. Уруксат берсеӊ колуӊду өбөйүн деп, сый-урмат көрсөтүшөт.
— Жок, болбойт деп Бедиуззаман сылык түрдө ал топтон айрылат.
Бедиуззаман Стамбулда жүргөн мезгилде Египеттин Аль Азхар университетинин ректору атактуу Шейх Бахит мырза Стамбулга иш сапары менен келип калат. Шаардын эӊ алдыӊкы аалымдары шейх Бахиттен жаш аалым менен тартышып көрүүсүн суранышат. Шейх бул сунушту кабыл кылып, бир канча аалым менен бирге Бедиуззаман менен тартышууга ыңгайлуу болгон жай издейт. Аясофия мечитинен чыккан учурдан пайдаланып Шейх Бахит мырза жанындагы аалымдар менен бирге мындай деп сурайт:
— Европа менен Осмон империясы тууралуу пикириӊиз кандай, эмнелерди айта аласыз? Шейх Бахит мырзанын бул суроону бериштен максаты Бедиуззамандын шек-күмөнсүз деңиздей терең илимин же болбосо оттой жанган зээндүүлүгүн сыноо эмес, тескерисинче келечекке тийиштүү көрөгөчтүгү менен саясат ааламындагы абалды билүү эле. Буга карата Бедиуззаман бир эле илим менен чектелбеген, тескерисинче саясатта жана социологияда да адистешкен, окуяларга туура баа бере алган адам экендигин тастыктаган ушул жоопту берет:
— Европа Ислам мамлекетинен кош бойлуу, бир күнү сөзсүз Ислам мамлекетин алып келет. Ал эми Осмон империясы да Европадан кош бойлуу, бир күнү сөзсүз Европаны көз жарат.
Шейх Бахит бул жоопту алган соӊ Бедиуззамандын илимине баа берет:
— Бул жигит менен эч ким тартыша албайт, мен да Европа жана Осмон империясы тууралуу ушундай ойдо болчумун, бирок аны мынчалык чечендүүлүк менен сонун түрдө түшүндүрүп берүү – бир гана Бедиуззаманга таандык!
Күн өткөн сайын Бедиуззамандын даңазаланышы кээ бир инсандарды тынчсыздандыра баштайт. Алар: “Бедиуззаман акылынан адашып калды” – деп ооруканага жаткырышат. Ооруканада аны текшерүү үчүн бир психологду жөнөтүшөт. Психолог менен Бедиуззамандын ортосунда узун маектешүү болуп өтөт. Маектешүүдөн кийин психолог Бедиуззамандын сопсоо экендигин тастыктап мындай дейт:
— Эгер ушул адамды акылынан адашты дей турган болсоӊор, анда дүйнөдө эч бир таза жана акылдуу адам калбайт.
Бедиуззаман бир күнү падышага кат жазат. Ал катында Ван шаарында курула турган медресе тууралуу жазылган. Катынын мазмунунда биринчиден уруксат сурап, экинчиден колдоо көрсөтүшүн өтүнгөнү көрсөтүлгөн. Бирок анын илимин жана адеп-ахлагын жактырбаган кээ бир инсандар ал тууралуу падышага ар кандай жалган ушак-айыӊдарды жеткизишет. Падыша анын Стамбулда калуусу кооптуу болушу мүмкүн деп аны шаардан алыстатууну каалайт. Бул милдетти ошол мезгилдин Ички иштер министри Шефик Пашага тапшырат. Бедиуззаманды сыртка чыгарууга аракеттенген министр менен Бедиуззамандын ортосунда төмөнкүдөй тарыхый маек болуп өтөт.
Министр:
— Падыша сизге салам айтып миӊ куруш айлык жазды. Эгер чыгышка кайтып кете турган болсоӊуз бул айлыкты 20-30 лирага көтөрөөрүн да айтты. Анан бул алтындарды сизге белек катары берип жиберди – деп, алтындарды сунат.
Бедиуззаман:
— Мен айлык сурап келген тилемчилерден эмесмин, мага десе миӊ лира айлык жазсын, баары бир кабыл кылбайм. Мен жеке кызыкчылыгым үчүн келген жерим жок. Элим-жерим үчүн келдим.
Министр:
— Падышанын сунуштаган белегин четке кагып жатасыӊбы? Сен падышаны ачуулантып жатасыӊ.
Бедиуззаман:
— Ооба! Дал ошондой, четке кагып жатам. Падыша угуп ачууланып чакырттырсын деп четке кагып жатам. Мен ал жерге барганда чындыкты айтам!
Министр:
— Белекти кабыл кылбагандыгыӊ сен үчүн жаман натыйжа алып келет!
Бедиуззаман:
— Натыйжасы деӊиз боло турган болсо, мен үчүн ал кенен кабыр сыяктуу. Эгер өлтүрүлө турган болсом эли-жеримдин койнунда жатам. Ансыз деле Стамбулга келе жатканда өз жашоомду тобокелге салып кепинимди мойнума асып келгенмин, эмне кылсаӊар кылгыла. Мен тамашалашкан жокмун, олуттуу түрдө айтып жатам. Өлкө башчысы болуу бул өлкөгө кызмат кылуу болуп саналат. Айлык алуу болуп саналбайт. Ал эми мен сыяктуу бир адамдын өлкөгө кылган кызматы насыйкат айтуу аркылуу болот. Бул ишти аткарып жатканда жеке кызыкчылыктар эч ойго келбеш керек. Мен айлыкты ала албайм!
Маектин соӊунда бирөөгө көз каранды болууну каалабаган Бедиуззаман акчаны да, белектерди да албай коёт.
1908-жылы Экинчи Мешрутиет (парламент) ыңкылабы болот да Осмон империясынын башкаруу системасы алмашат. Бул мезгилде да Бедиуззаман эли үчүн пайдалуу болгон иш-аракетин уланта берет. Башкаруу алмашкан соӊ көтөрүлүштөр, баш аламандыктар башталат. Мындай учурларда Бедиуззаман дароо элди тынчтыкка, биримдикке чакырып турган. Элди экиге бөлүп-жара турган иш-аракеттерден алыс болуп, тескерисинче, мындай терс иш-аракеттерди токтотуп турган.
Селаник шаарында Стамбулдагы еврейлердин өкүлү Эмануель Карассо менен Бедиуззамандын арасында бир тартышуу болот. Карассо маектешүүнү жарымынан таштап, сыртка атып чыгат да досторуна: “Эгер жанында дагы бир аз калганымда, мени да мусулман кылмак” – деп, жеңилгенин айраң таң калуу жана калчылдоо менен айткан. Ал Карассо, Осмон Халифалыгын талкалоо үчүн купуя жана амалкөй бир ыкмада иш алып барган жашыруун уюмдун мүчөсү болгон жана ортодо чоң бир роль ойногон. Карассонун Бедиуззаманды зыярат кылуусунун максаты, аны өзүнүн пикирине буруу жана карасанатай максатына курал кылуу болчу. Бирок Карассонун оюу ишке ашпады.
Демек, мындан биз Бедиуззамандын илиминин күчтүүлүгүн жана аны башкаларга түшүндүрүү жөндөмдүүлүгүнүн өзгөчө болгондугун байкасак болот. Ал мезгилдеги ар кандай терс көрүнүштөгү окуялардын, проблемалардын себебин ар ким ар кандай жоромолдоп жатты. Бирок Бедиуззаман, бул маселелердин ыйман акыйкаттарынын негизинде гана чечилээрин айгинеледи. Натыйжада ошол мезгил үчүн суудай керек болгон акыйкаттарды ушундайча жазат.
Суроо: Баарынан мурда бизге эӊ керек болгон нерсе эмне?
Жооп: Адилеттүүлүк.
Суроо: Андан кийинчи?
Жооп: Жалган айтпоо.
Суроо: Андан кийинчи?
Жооп: Чынчылдык, берилгендик, ыкылас, туруктуулук, жардамдашуу!
Суроо: Эмне үчүн?
Жооп: Каапырчылыктын негизи – жалганчылык. Ыймандын негизи – чынчылдык. Ошондуктан жашообуздун уланып туруусу ыймандын, чынчылдыктын жана жардамдашуунун улануусу менен гана болот.
Анын дүйнөгө, ааламга, болуп жаткан окуяларга башкача көз менен карагандыгын далилдеген дагы бир окуя болуп өтөт. Бир күнү ал досу менен Аюб Султан мечитине бармак болушат. Галата көпүрөсүнө келгенде машина таба албай кайык менен бармай болушту. Бирок досу болбой коёт. Бедиуззаман себебин сураганда ал:
— Чөгүп кетебизби деп коркуп жатам – дейт.
Ошентип, Бедиуззаман менен досунун ортосунда мындай маек болот:
— Бул жээкте болжол менен канча кайык бар?
— Миӊдей болсо керек?
— А бир жылда канча кайык чөгөт?
— Бирөө же экөө. Кээ бир жылдары эч бир кайык чөкпөйт.
— А бир жылда канча күн бар?
— 360 күн — деди.
— Сен коркуп, үркүп жаткан ошол чөгүп кетүү ыктымалдуулугу 360 миӊ ыктымалдуулуктун бирөө. Мындай 360 миӊ ыктымалдуулук ичиндеги бир ыктымалдуулуктан корккон адам – адам эмес, айбан да боло албайт.
Бедиуззаман дагы мындай деп кошумчалайт:
— Дагы канча жыл жашайм деп болжолдоп жатасыӊ?
— Мен чындыгында карып калдым, балким, 10 жылдай жашоом калса керек.
— Ажал белгисиз болгондуктан ар бир күндө өлүү ыктымалдуулугу бар. Демек, калган өмүрүңдүн ар бир күнүндө өлүмдү күтсөң болот. Демек, өлүү ыктымалдуулугу 360 миңден бирөө эмес, балким, үч миңден бирөө.
Бул сөздөрдү уккан досу кайыкка олтурат. Жолдо Бедиуззаман досуна Аллах кулдарына эмне үчүн коркуу сезимин бергендигин жана кантип туура пайдаланыш керектигин айта баштайт:
— Аллах Таала инсанга коркуу сезимин жашоосун бузуп, оорлоштуруп, азапка салуу үчүн берген эмес. Тескерисинче, жашоосун коргоп, сактап калуусу үчүн берген. Эгер бир иште зыян келүү же кооптуулук ыктымалдуулугу 4-5 ыктымалдуулуктан бирөө болсо, анда алдын ала чараларды көрүү керек. А эгер 30-40 ыктымалдуулуктан бирөө болгон учурда деле корко берсе, анда адам өз жашоосун азапка айлантып алат!

ТИБИЛИСИ ЖЕРГЕСИНДЕ МЕДРЕСЕ КУРУУ НИЕТИ

Бедиуззаман Стамбулда үч жылдай болгон соӊ, Кара деӊиз аркылуу Ван шаарына сапар тартат. Жолдон ал Грузиянын баш калаасы Тибилисиге токтойт. Тибилисиде Шейх Санан аттуу дөбө бар эле. Бул дөбөдө шаар панорамасы көрүнүп турчу. Бедиүззаман бул дөбөгө келип шаарга көз жүгүртүп байкоо салып ойлуу турган мезгилде жанына орус полициясы келет да сурап калат:
— Эмнени минтип карап туруп калдыӊыз?
— Бул жерге курула турган медресемдин планын түзүп жатам.
— Каяктан болосуз?
— Битлис шаарынан.
— А бул жер Тибилиси эмеспи?
— Битлис менен Тбилиси бир тууган.
— Кандайча?
— Азияда үч нур биринин аркасынан бири чыгып жатат. Ал эми силерде болсо үч караӊгылык чыкканы жатат. Ушул залим көшөгө жыртылып, жок болот. Мен болсо бул жерге келип медресемди курам!
— Иш жүзүнө ашпаган үмүтүӊүзгө таң калам.
— Мен да сенин келечекти көрө албаган акылыӊа таң калам. Бул кыш мезгили улануусун кабыл кыласыӊ, туурабы? Ар бир кыштын жазы, ар бир түндүн таӊы бар.
Орус полициясы:
— Ислам ааламы бөлүктөргө бөлүнүп кеткен да?
— Ооба, илим алуу үчүн кетишкен. Мисалга алсак, Индия – Исламдын жөндөмдүү уулу, ал Англиянын лицейинде окуп жатат. Египет болсо Исламдын акылдуу уулу, ал болсо, Англиянын саясий мектебинде билим алууда. Кавказ жана Түркистан болсо, Исламдын баатыр уулдары, алар Россиянын аскердик окуу жайында окуп жатышат. Заты улуу болгон бул уулдар бир күнү окууларын бүтүрүп, дипломдорун алгандан кийин ар бири бир-бирден материктерге жетекчилик кылышат. Улуу жана ак сөөк болгон ата-бабаларынын муундары Исламдын байрагын асманда желбиретишет.
Кийин ал түштүк райондордо саякатка чыкты. Анын оюн бир гана келечекте кура турган медресеси чулгап жүрдү. Өзүнүн саякатында ал Урфа, Диярбакыр жана Килис аттуу шаарларга тийип аалымдар менен илимий маек курат. Андан кийин дүйнөлүк аренада атактуу болгон Каирдеги Аль-Азхар университетине барып, ал жерден курула турган медресесине пайдалуу идеяларды чогултууну туура көрөт. Ушул максатта ал сапарга чыгып, Сириянын борбору Дамаск шаарына келет. Дамаскта да көптөгөн аалымдар жашашчу. Алар Бедиуззамандын бул жакка келгенин угуп, андан бир аз калып кетүүсүн өтүнүшөт. Бедиуззаман бул жердеги Аль-Азхар университетинен бүтүп келген аалымдардан университет тууралуу маалымат алуу максатында алардын сунушуна макул болуп, бул жерге токтойт. Аалымдар тез-тез зыяратка келип, андан илим алып турушат. Бедиуззаман Исламдын жандануусу үчүн эмнелерди кылуу керектигин айтып турат. Бул жерде сегиз ай калып, ал бир гана аалымдардын эле эмес, элдин да сүймөнчүгүнө айланат.
Андан кийин аалымдардын суранычы боюнча Дамаск шаарынын Амавия аттуу эӊ чоӊ мечитинде жума хутбасында чыгып хутба окуйт. Бул окуя Осмон империясынын кулап жаткан жылдарына туш келген учур эле. Мусулмандардын көпчүлүк бөлүгү үмүтсүздүккө түшүп, кайгырып турган. Дүйнөнү дүӊгүрөтүп жаткан жанагы Ислам дөөлөтүнүн шамы өчүп, эч ким келечекке үмүт менен карабай калган болчу. Бирок Бедиүззаман үмүтсүздүккө түшпөстөн, жаркын келечекке чоӊ үмүт байлап, кайраттуу жүргөн болчу. Мечитте жүздөгөн аалым, он миӊден ашуун калк чогулуп, баары кунт коюп кулак салып турушту. Бедиуззаман Аллахка мактоолорду айтып, пайгамбарыбызга (САВ) салаваттарды айткан соң мындай деп сөзүн баштады:
“Оо, бу Амавий мечитинде олтурган менин Араб бир туугандарым! Мен бул минбарга сиздерге сабак берип, үйрөткөнү чыккан жокмун. Менин сиздерге сабак берүүм бул аша чапкандык болуп эсептелет. Менин сиздерге бул кайрылуум эртең менен медресеге барып, кечинде кайра атасына келип, медреседен эмнени үйрөнгөндүгүн айтып берип, алган илимин текшертип жаткан кичинекей балага окшоймун. Натыйжада, атасы баласынын туура же туура эмес илим алгандыгын аныктайт. Ооба, биз сиздерге салыштырмалуу кичинекей бала, шакирт өңдүүбүз. Сиздер биз сыяктуу мусулмандардын устаттары болуп эсептелесиздер. Мен да бул жерде алган сабактарымды сиздерге баяндап берүүнү эп көрүп турам!” Бул сөздөрдү укканда мечиттегилер ого бетер кызыга кулак төшөп тыңдашты.
“Европалыктар материалдык жактан өнүгүп, бизди артта калтыруусунун алты себеби же алты оорусу бар экендигин коомдук жашоого байкоо жүргүзүп, сабак алып билдим. Ал алты себеп же болбосо алты оору төмөндөгүлөр:
1. Үмүтсүздүктүн ичибизде түнөк таап жашап калуусу.
2. Чынчылдыктын коомдук саясий чөйрөдө өлүүсү.
3. Душмандарды жактыруу.
4. Ыймандууларды бири-бирине байлап турган руханий байланыштарды билбестик.
5. Жугуштуу оору сыяктуу тарап кеткен диктатордук.
6. Кайраттуулугун жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн сарптоо.
Бул себептерди айтып анын артынан бул ооруларды жок кылуунун чараларын илимий түрдө так айтып берет. Айтылган бул сөздөр мечиттегилердин купулуна толуп, ал жерден байыр алып жатты. Бедиуззаман дале сүйлөп жатты:
“Эмне үчүн бул дүйнө башкалар үчүн өнүгүү, прогресс жайы болуп, а биз мусулмандар үчүн артка кайтуу, регресс же караӊгылык жайы болсун. Чын эле ошентип ойлойсуздарбы? Андай болсо мен силерге кайрылбайм. Мен сиздерден жүзүмдү буруп тээ келечекте келе турган муунга кайрылып айтам. Эй, жүз жылдан кийинки бийик кылымдын аркасында жашырынган жана ыйман акыйкаттарын унчукпастан уга турган жашыруун купуя назар менен бизге көз салып байкап турган Саиддер, Хамзалар, Өмөрлөр, Осмондор, Тахирлер, Жусуптар, Акматтар жана башкалар! Силерге кайрылып жатам. Башыңарды көтөргүлө. “Саддакта – тасдык кылдык, ишендик” — дегиле. Ушинтип айтуу – силерге парз. Менин азыркы замандаштарым мени укпаса койсун. Мен силер менен сүйлөшүп жатам. Эмне кылайын, айла канча мен бир аз шашылып, кышта келдим. А силер болсо жаннатты элестеткен жазда келесиӊер. Азыр жер астына көмүлгөн бул уруктар силердин дооруӊарда өсүп чыгат, гүлдөйт. Биз кылып жаткан ушул кызматыбыздын акысы катары силерден ушул нерсени талап кылабыз: Өткөн чакты эске салууну каалаганыңарда ошол жаздагы гүлдөрдөн бир аз алып мүрзөбүзгө келгиле. Ошондо күмбөзүмдөн: هَنِيئًا لَكُمْ
«Силер кандай бактылуусуңар» – деген үндү угасыӊар.
Оо, бул дүйнөнүн да, акыреттин да руху болгон Исламды таштаган жана басып жүргөн өлүктөр сыяктуу болгон инсандар. Алдымдан качкыла! Ансыз деле силерди кабыр күтүп жатат. Келечекте келе турган жаӊы муундун эшигин тосуп турбагыла! Ал жаӊы муун Исламдын акыйкаттарын жана баалуулугун көрсөтүп жашайт!”
Бедиуззаман үмүткө толгон бул сөздөрдү айтып жаткан мезгилде көпчүлүк мусулмандар эми Ислам кайра кайтып бутка турбас абалга келди деп ойлоп жатышкан. Ал ошол мезгилдин үмүтсүз адамдарына эмес, тескерисинче, азыркы доордун адамдарына кайрылып, алар Исламдын кооздуктарын жашоосунда көрсөтө ала тургандыгын айтып жатты.
“Келечек жалгыз гана Исламдыкы болот, ал эми башкаруучу болсо Куран акыйкаттары жана ыйман болот!” Эгер биз туура Исламиятты жана Исламиятка ылайыктуу тууралыкты жана туура жолду көрсөтө алсак, мындан кийин мусулман эместер топ-тобу менен Исламга кире башташат. Эгер биз Исламдын улуу адеп-ахлактарынын жана ыйман акыйкаттарынын жетишкендиктерин иш жүзүндө жүзөгө ашыра алсак, анда башка диндин өкүлдөрү албетте, жамааттары менен Ислам динине киришет. Балким, жер жүзүнүн айрым материктери же болбосо өлкөлөрү да Ислам динин кабыл алышат.
Чөлдө чаӊкаган адамдардай болуп мечиттегилер Бедиуззамандын сөздөрүн чын жүрөктөн кабыл кылып жатышты. Алар үчүн бул сөздөр караӊгылыкта жаркырап күйгөн шам-чырактай эле. Көздөрүнөн чыккан жаш адамдардын жүздөрүн жууп, алардын жүзүндөгү, жүрөгүндөгү үмүтсүздүктү жууп, тазалап, жок кылып жатты. Ал көз жаштар алардын ичиндеги таштай болуп катып орношуп калган ишенимсиздиктин үстүнө тамчылап, аны жумшартып, үмүттү жандандырып жатты. Бедиуззаман дале элдин жүзүн үмүткө буруп:
“Келечекте Исламдын жана мусулмандардын материалдык жана руханий жактан өнүгүүсү үчүн ушунчалык көп себептер турса да, эмне үчүн үмүтсүз болуп, жаман ойлоп жатасыӊар?! Эмне үчүн Ислам ааламынын руханий кубаттуулугун талкалап жатасыӊар?! Баарыбыз билебиз, кыштан кийин сөзсүз жаз болот, же болбосо кеч кирип, түн болгондон кийин сөзсүз таӊ атат. Ошол сыяктуу эле кудай буюрса адамзаттын да жазы болот! Мына көрөсүӊөр, адамзаттын да таӊы атат! Күн сыяктуу болгон Исламдын жарыгында ынтымактуу болуп жашоону Аллах Тааладан сурайлы!”
Бул кутба тарыхый кутбага айланды. Адамдарга катуу таасирин тийгизген бул кутба көп өтпөй эле китеп болуп басылып чыкты. Сатууга чыккандан 3-4 күн өтүп өтпөй китеп түгөнүп калып, дароо экинчи жолу басылып чыгат.
1911-жыл. Апрель айларында Балкан жарым аралына саякатка чыккан Султан Решад Бедиуззаманды да чакырат. Бедиуззаман Дамасктан чыгып, түз эле падышанын жанына барат.
Бул мезгилдерде Балкан жарым аралдарында улутчулдук маселелер көбөйүп, тез-тез көтөрүлүштөр болуп турган. Падышанын максаты бул көтөрүлүштөрдү токтотуу жана элди биримдикке чакыруу эле. Бул максатты ишке ашырууда ага Бедиуззамандын жардамы керек болчу. Себеби бул жердин элинин Бедиуззаманга урмат-сыйы бар эле.
Балкан жарым аралдарына алар поезд менен баратышты. Бедиуззаман эки мугалим менен жанаша олтуруп баратты. Бул мугалимдер ошол мезгилде жаӊы ачылган мектептерде сабак берген жана динден алыс адамдар эле. Алар Бедиуззамандан мындай деп кызыгып сурап калышты:
— Дин үчүн күрөшүү маанилүүбү же улут үчүн күрөшүүбү? Кайсынысы маанилүүрөөк?
Бедиуззаман болсо ойлонбостон туруп жооп берет:
— Биздин мусулманчылык көз карашыбызда дин менен улут бирдей. Сырткы көрүнүшүнөн караганда айырма болушу мүмкүн. Дин − бул улуттун жашоосу жана руху. Эми экөөнү салыштырып карай турган болсок, динге болгон сүйүү байды да, кембагалды да ичине алат. Ал эми элге болгон сүйүү жүздөн бирине эле байланат. Ошону менен чектелет. Демек, жалпы укук жактан алып карай турган болсок негизгиси динге болгон сүйүү үстөмдүк кылат. Ал эми улутка болгон сүйүү – анын кызматчысы, күчү жана коргоочусу. Айрыкча чыгыш элдери батыш элдериндей эмес. Чыгыш элдеринин жүрөгүнөн орун алган нерсе бул – дин. Ошондуктан, Аллах Таала пайгамбарлардын көпчүлүгүн чыгыш элдеринин арасынан чыгарган. Себеби чыгыш элдерин оӊдой турган, түзөй турган, өнүктүрө турган бул жалгыз гана – дин. Буга Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ)дын «Бактылуулук Доору» деп аталган доору күбө боло алат.
Бул саякат учурунда Бедиуззаман кура турган Ислам университети тууралуу падышага айтат. Падыша анын пикирин жактырып, Ислам университетинин курулушу үчүн атайын каражат ажыратат. Көптөн күткөн чоӊ максатына жеткен Бедиуззаман Ислам университетинин курулушуна киришет. Анын оюнда дин жана коомдук илимдерди окута турган бул Ислам университети мусулмандар үчүн өтө пайдалуу бир биримдик жайына айланмак. Бүткүл дүйнө жүзүнүн мусулмандары келип, бул Ислам университетинде окушунун натыйжасында достук жана биримдик пайда болмок. Бирок, тилекке каршы ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊет тура. Ислам университетинин курулушу башталып, пайдубалы түптөлө баштаган мезгилде Биринчи Дүйнөлүк согуштун оту алоолонуп күйө баштайт. Ислам университетине бөлүнгөн каражат да келбей калат. Бедиуззаман болсо мекенин коргоо үчүн өз эрки менен согуш майданына бет алат.

БЕДИҮЗЗАМАН СОГУШТА

Ал Ислам университетин кура баштаган мезгилде бир канча окуучуларына сабак берип жүргөн эле. Согуш башталаардан бир нече ай мурун окуучуларына мындай дейт:
-Даяр болгула! Чоӊ балээ, кыйынчылык бизге жакындаганы турат.
Натыйжада 1914-жылы согуш башталып, Осмон империясы согушка кирет.
Чыгыш Анадолуну Армения жана Россия басып алгандан кийин Бедиуззаман окуучуларын куралдандырат. Медресе сабактарын окуу менен бирге согушуу тактикасын да үйрөтөт. Өз эрки менен ыктыярдуулардан турган атайын полк түзөт. Бул полкто окуучулары бар эле, өзү болсо полктун командири болот. Ван, Битлис, Эрзурум аттуу жерлерде окуучулары менен бирге катуу салгылашат. Душманга катуу сокку урат. Дайыма полктун алдында коркпостон согушат. Аскерлери коркуп, үмүтсүздүккө түшө баштаганда: «Коркпогула! Мусулмандын ыйманы бардык күчтөрдөн өйдө» — деп кайра кайраттандырып, дем берип турчу.
Эӊ кооптуу учурларда да коркпостон согушууну улантып экинчи жактан илим менен да алек болот. Ат үстүндө жүрүп китеп да окуп, согушуп да жүрөт.
Бул жылдарда армяндар бир канча айылдарга бастырып кирип, ал жердеги тынч жаткан мусулмандарды өлтүрүп үй-жайын өрттөп жатты. Мусулмандар аз болуп колдон келишинче каршылык көрсөтүүгө аракеттенип жатышты. Бедиүззаман да өзүнүн жоокерлери менен катуу согушуп, душмандарынын бир канчасын туткунга түшүрүп алат. Ал аскерлерине: «Баарын бир жакка чогулткула, балдарын ата-энесине бергиле» – дейт. Жоокерлери болсо:
-Бирок устатым, алар биздин канчалаган балдарыбызды мыкаачылык менен өлтүрүштү – дейт.
Бедиуззаман болсо мындай деп жооп берет:
-Жок! Биздин балдарды өлтүрдү деп, алардын да балдарын өлтүрүү – бизге жарашпаган көрүнүш. Ыйык Кураныбыз аял кишиге, балдарга, туткунга аза жеткизүү болбостугун айтат. Динибиз да буга жол бербейт. Айтканымды айтканымдай кылып орундаткыла!
Бедиуззамандын армяндарга кылган мындай мамилеси алардын жүрөгүндөгү муздай болуп тоңуп турган душмандык сезимин эритип жиберди. Күтүлбөгөн бул мамилеге алар мындай дешти:
— Ырас, балдарыбыз туткун болсо да Бедиуззаман жумшак мамиле кылды, эми биз да мусулмандардын балдарына эч качан тийбейбиз.
Согуштун жалыны уланып жатты. Бедиуззаман Битлисти коргоп согушуп жатты. Шаардын башчысы Муш деген жерден отуздай замбирек алып келип шаарды бекемирээк коргош керектигин айтат. Бул кооптуу милдетти Бедиуззаман өз мойнуна алып мындай дейт:
— Же өлөмүн, же замбиректерди бул жакка алып келемин!
Ал үч жүздөй жоокери менен жолго чыгат. Анын жоокерлеринин арасында 16-17 жашар жаш өспүрүмдөр да бар эле. Жолдо орустар менен бетме-бет келет. Алар аябай катуу салгылашат. Бул кандуу согуш бир жумага созулат. Бедиуззаман коркпостон улам-улам катуу чабуул жасайт. Анын мындай эр-жүрөктүүлүгүнө таӊ калган жанындагылардын бирөө андан мындай деп сурайт:
— Бул жамгырдай жааган октор эмнеге сага таасир этпей жатат, эмнеге алардан коркпой жатасыӊ?
— Аллах бир инсанды коруй турган болсо, замбиректин огу да аны өлтүрө албайт деп жооп берет.
Көпкө созулган салгылашта Бедиуззаман окуучулары менен суук күндөрдө 33 саат бою сууда калышат. Андан кийинки салгылашуулардын натыйжасында анын буту сынып, орус армиясына туткунга түшөт. Орустар анын сынган бутунан мыкчыганда да, эч нерсени тоготпостон тура берет. Ал орустарга туткун эмес, тескерисинче, кудум алардын командири сыяктуу мамиле кылат. Ошентип, ага эч ким согуш туткунуна кылган мамилени кыла албайт.
Бедиуззаманды окуучулары менен бирге Россиянын Кострома шаарындагы туткундарды кармоочу колонияга которушат. Бул жерде да анын илимине, жүрүш-турушуна баа беришип, ага мусулманы да, мусулман эмеси да сый-урмат менен мамиле кылышат.
Бир күнү Кавказ фронтунун генералы Николай Николаевич колонияны текшерип келип калат. Анын жанындагы жардамчылары: “Баарыӊар тургула!”– деп кыйкырып келе жатты. Туткундардын баары ордуларынан ыргып тура калышат. Жалгыз гана Бедиуззаман кыймылдабай, топуракка бир нерсени сызып олтура берди. Генерал анын алдынан өтүп кетти. Анын турбаганын көргөн генерал кайра экинчи жолу өттү. Бедиуззаман дале олтура берди. Генерал үчүнчү жолу өтсө да Бедиуззаман ордунан кыймылдабады. Ачууланган генерал Бедиуззаманга котормочу аркылуу мындай деп кайрылат:
-Мени тааныган жоксуңбу?
Бедиуззаман:
-Тааныдым. Кавказ фронтунун генералы, падышанын таякеси Николай Николаевич — деп жооп берет.
Генерал:
-Анда неге акарат кылып ордуңан турган жоксуң?
Бедиуззаман:
-Андай эмес, мени кечирип койсун. Мен бул кишиге акарат кылган жокмун. Мен тек гана Исламдын буйругун, өкүмүн аткарып жатам.
-Диниӊ эмне деп буйруган?
-Мен бир мусулман пендесимин. Жүрөгүмдө ыйман бар. Ыймандуу адам ыймансыз адамдан жогору турат. Мен эгерде ордумдан турсам, анда өзүмдүн ыйык диниме урматсыздык кылган боломун. Ошондуктан ордумдан турган жокмун.
Андай болсо мени ыймансыз деп айтуу менен өзүмдү, армиямды, улутумду, падышамды акарат кылып жатасыӊ! Дароо аскер сотуна бергиле, жоопко тартылсын! Бул буйруктун өкүмү менен аскер трибуналы түзүлөт. Чечим чыга турган жердеги туткунда жүргөн түрк, немис, австрия офицерлери бир-бирден келип Бедиуззаманга генералдан кечирим сура деп кайра-кайра өтүнүшөт. Бедиуззаман болсо мындай дейт:
— Мен Акырет жайына көчүүнү жана пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ)дын алдына барышты каалап жатам. Ошон үчүн мага бир паспорт керек. Мен ыйманыма каршы аракет жасабайм.
Өкүм ишке аша турган мезгил келди. Бедиуззаман даарат алып намаз окуп алайын деп уруксат сурайт. Анын акыркы суранычын аткарууга уруксат беришет. Ал намаз окуп бүткөн соӊ, генерал жакын басып келип, мындай дейт:
-Мени кечириӊиз. Мени акарат кылып жатат деп ойлодум эле. Көрсө, сиздин бул кылганыӊыз чындап эле ишенимиӊизге байланыштуу экен. Биз өкүмдү жараксыз деп таптык. Сизди убара кылганыбыз үчүн кечирим сурайм. Дагы бир жолу мени кечириӊиз.
Бедиуззаман өз жанын барымтага коюп болсо да Исламдын улуулугун, ыйыктыгын коргоп калды.

МЕКЕНГЕ КАЙТУУ
Бедиуззаман убактысынын көпчүлүк бөлүгүн Костромадагы Волга дарыясынын жээгинде жайгашкан мечитте ибадат менен өткөзчү. Түндөрдү да жалгыз, уйкусуз өткөзөт. Үмүтсүздүк аны курчап, тереӊ ойлорго салат. Сырттагы шамалдын салкын согушу, Волга дарыясы кудум элдер ойгонуп кетпесин дегенсип акырын гана үн чыгарбай агышы, анда-санда дыбыратып жааган жаан аны бул үмүтсүздүк капасынан чыгарды. Анын оюна Ыйык Курандын деген аяты келди.
Кийин ал бул жерден качып кетүүнү чечет. Бирок бул аябай кооптуу эле. Жанындагылардан тил билбегендиги үчүн жардам да сурай албайт эле. Ошентип ал 1917-жылы эки жарым жылдык туткундан кийин абактан качат. Жолдо ал Волга дарыясынан өтүшү керек эле. Ал дарыянын жээгине келгенде камакта болгон Али Хайдар аттуу түрк улутундагы командирге жолугуп калат. Ал кайыксыз дарыядан өтө албай турган эле. Бедиуззаман: “Сага жардам берем” – дейт. Тиги түшүнө бербей:
— Кайыксыз мынчалык тереӊ дарыядан кантип өтөбүз? – дейт. Бедиуззаман болсо:
— Сен көзүӊдү жум да мени бекем кучактап ал – дейт.
Командир айласы жок макул болот. Башка чарасы да жок эле. Ал Бедиуззаманды бекем кучактайт да көздөрүн жумат. Алар дарыядан өтө башташат. Бир аздан кийин командир жээкке жетип келдик окшойт деп ойлоп көздөрүн ачат. Дароо сууга түшүп кетет. Бедиуззаман: “Көзүӊдү ачпа дебедим беле?!” – деп айтат. Алар жээкке жакын калган эле. Бедиуззаман аны бир колу менен жээкке алып чыгат. Командир эки анжы болуп, рахмат айтып, дарыядан кантип өткөнүнө түшүнө албай шашкалактап турду. Бедиуззаман:
— Досум, болду өзүӊдү кыйнаба. Дарыядан бизди Аллах өткөздү – деп аны менен коштошот да жолун улайт. Ушул сыяктуу таӊ калыштуу окуяларга бай жолдор менен ал Варшавага барат. 1918-жылы апрель айында Стамбулга келет. Стамбулда аны баатыр катары тосуп алышат. Мамлекеттик кызматтагылар, эл башчылары зыяратка келе башташат. Ошол мезгилде Анвар Паша Бедиүззаманды көргөнү келген элге минтип кайрылат:
— Мына бул биздин баатыр аалымды көрүп жатасыӊарбы? Чыгыш тарапта орустарга каршы тура алган бир гана ушул аалым болду.
Анвар Паша муну менен эле тим болбостон, бир күнү Бедиуззаманды министрликке жумушка чакыруу үчүн алдына келет. Ал Бедиуззамандын алдына жумуш сунуштап келгендигин айтканда Бедиуззаман:
— Эгер дүйнөлүк жумуш болсо, анда мен иштебейм. А эгер илимге байланыштуу жумуш болсо, анда карап көрөлү. Бирок мен учурда эс алышым керек. Себеби туткунда жүрүп аябай жапа чектим, чарчадым, – деп сылык түрдө анын сунушун четке кагат.
Бирок Анвар Паша: “Кичинекей болсо да бир ишиӊди бүтүрүп берейин” – деп болбой коёт. Бедиүззаман болсо согуш майданында жүрүп жазган “Ишарату-л Иъжаз” аттуу китебин бастырууда жардамчы боло алуусун айтат.
1918-жылы Дарул-Хикматул-Исламия аттуу Ислам Академиясы ачылат. Бул академиянын ошол мезгилдеги Ислам дүйнөсүнүн маселелерин чечүү үчүн жаӊы чыккан жаӊылыктарга жана динге болгон ар кандай чабуулдарга жооп берүү максатында ачылган болчу. Академияга Бедиуззаман мүчө болот. Ага атайын айлык бөлүнөт. Бирок ал өзүнө жете турган аз гана бөлүгүн алып, калганын жээнине берип сактап туруусун өтүнөт. Ал чогулган акчага кайрымдуу бир иш жасоону максат кылып жүргөн эле. Бирок жээни ал акчаларды иштетип салганын айтканда Бедиуззаман мындай дейт:
— Бул акча бизге адал эмес болчу. Себеби ал биздики эмес, тескерисинче, элдики эле. Эми мындан кийин сен акчаны сактап туруу милдетинен бошотулдуң!
Кийин Жашыл Ай аттуу коом курулат. Аны кургандардын арасында Бедиуззаман да бар болчу. Бул коом бир жагынан Ислам дүйнөсүндөгү илимий жана саясий маселелерди чечип, экинчи жагынан спирттик ичимдиктерге, тамекиге, кумар оюндарына каршы күрөшүп турган.
1920-жылы март айында Стамбулга Англия бастырып кирип келет. Бедиуззаман бул мезгилдери колунан келишинче англиялыктарга каршы күрөшөт. Учурдан пайдаланып ар кандай чараларды колдонот. Анын мындай эрдиги англиялыктардын үрөйүн учурат. Ушул эле мезгилде душманга сатылган саткын чыккынчылар Бедиуззаманды күзөтүп жүрдү. Бир күнү Аясофия мечитинин аянтчасында Сулайман аттуу окуучусу менен сейилдеп жүргөн мезгилде аларды чыккынчылар курчай башташат. Коркуп кеткен окуучусу Сулайманга:
— Сулайман, сен менин аркамдан ээрчип келе бер, эч калба — дейт да өзү Йасин сүрөсүнүн “Биз алардын алды жагынан да, арка жагынан да тосмо тартып койдук. Ушинтип аларды курчап койдук. Аларды көрө алышпайт” деген маанидеги аяттарын окуйт. Аларды курчап турган чыккынчылар аларды көрбөй калышат. Үйүнө келгенде Бедиуззаман окуучусунан “бир нерсе байкадыӊбы?”– деп сурайт. Бирок Сулайман эч нерсе түшүнбөгөндүгүн айтканда Бедиуззаман мындай дейт:
-Алар англичандардын атайын буйругу менен мени өлтүрүш үчүн келишкен. Менин сага боорум ачыды, ошондуктан ушинтип үйгө келдик. Сенин куралыӊ жок эле. Болбосо мен алардан он чыккынчыны көздөп тургам. Өлгөнчө кармашып онун атып өлтүрмөкмүн.
1922-жылы 9-ноябрда Анкарага Жогорку Кеңешине атайын чакыруу менен келет. Ал жерде депутаттар ага сый-урмат менен мамиле кылышат. Андан чыгып сөз сүйлөп, дуба кылуусун өтүнүшөт. Бедиуззаман чыгып сөз сүйлөп, Мекен үчүн согушта шейит болгондор үчүн, согушка катышып ардагер болгондор үчүн жана Улуттук боштондук кыймылы ийгиликтүү аякташы үчүн дуба кылат. Бул дуба ал жердеги депутаттарга аябай таасирин тийгизет. Ал англис баскынчы күчтөрүн жеӊүү менен маселе чечилип калбастыгын, андан сырткары адеп-ахлакты оӊдоп, мусулмандарга жараша турган жашоо өткөзүү аябай маанилүү экендигин айтат. Бул жердеги көпчүлүк депутаттар намаз окубагандыгын билген соӊ ал:
— Ислам дининде ыймандан кийинки акыйкат бул − намаз. Ошондуктан боштондукка чыгууну каалагандар эӊ алгач өз жашоосунда Ислам динин ойготсун – деп, намаз окуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүп, айтып берет. Бул сөздөрдөн кийин депутаттардын ичинде намаз окугандардын саны көбөйөт.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында айрым динди бекем карманган депутаттардын суроолоруна Бедиуззаманга мындай деп жооп берет:
Ооба, мусулман боордошторумду бактылуулукка алып баруу бир гана, жалгыз гана Ислам акыйкаттары менен гана боло алат. Ислам акыйкаттары, өкүмдөрү менен жашоо аркылуу биздин турмуш-тиричилигибиз бейпил, тынч болуп, ошондо гана бул дүйнөнүн ырахатын көрө алабыз. Эгер биз бул өкүмдөр менен жашабасак, анда бардык жакта адилетсиздик жайылып, бейпил жашоо жоголот. Адамзатта уяттуулук жоголуп, жаман адепсиз адаттар өнүгө баштайт. Эл башына кошоматчы, жалганчы, арамза башкаруучулар келе баштайт. Силерге бул акыйкатты далилдей турган миӊдеген далилдерден бир мисал катары төмөнкү окуяны баяндап бермекчимин:
Бир жолу бир жолоочу чөлдө баратып көчмөн араптардын уруусуна туш болот. Алардын ичинен динди бекем карманган, такыбаа бир адамдын үйүндө конок болуп калат. Караса үй ээсинин малдары ачык эле оттоп жүргөн болот. Аларды карап, коруй турган деле эч ким көрүнбөйт. Атүгүл, үйдүн ээси үйдүн бурчунда акчаларын ачык эле таштап салган. Муну байкаган жолоочу түшүнө бербей үй ээсине «Малдарыӊызды, акчаларыӊызды ээн-эркин таштап салыптырсыз, бирөө уурдап кетүүсүнөн коркпойсузбу»? — деп сурайт.
Үй ээси: «Бизде уурулук жок» — деп жооп берет.
Жолоочу таӊ кала мындай дейт:
-Биз акчабызды сандыктарга салып кулпулап салсак деле уурулуктан арыла албадык. Үй ээси мындай дейт:
— “Бизде эгер бирөө уурулук кылган болсо Аллахтын буйругунун атынан, шарияттын адилеттүүлүгү менен уурунун колун кесип салабыз”. Жолоочу:
— Анда калкыӊардын көпчүлүгүнүн бир колу жок болуш керек эле да? Үй ээси:
— “Мен элүү жашка кирдим, ушул убакка чейин бир гана кишинин колу кесилгендигин көрдүм”.
Жолоочу таӊдана мындай деди:
— “Биз күнүгө элүү адамды уурулук үчүн камап жатабыз, бирок силердин бул жердеги аткарган адилеттүү ишиңердин бир пайызынчалык да таасири болбой жатат”.
Үй ээси мындай деп жооп берет:
— Силер өтө улуу акыйкатка жана таӊ калаарлык күчтүү болгон бир сырга кайдыгер карап, аны көӊүлүӊөргө албай, андан баш тарткансыңар. Ошондуктан адилеттүүлүктүн акыйкатын жоготуп алгансыӊар. Элдин камын ойлогондун ордуна жеке кара курсагыӊардын камын ойлоп, алсыздарга зулумдук кылып, ич ара бөлүнүп-жарылганыӊардын айынан өкүмдөр таасирсиз калган. Мен айтып жаткан акыйкаттын сыры мындайча:
Бизде бир адам башка бирөөнүн мүлкүнө кол салаар учурда шарият мыйзамы боюнча бериле турган жазанын жүзөгө ашаарын эстейт. Аллахтан түшкөн буйрук эсине келет. Ыймандын берген таасири аркылуу, Ыйык Курандагы “уурунун колу кесилиши тууралуу” айтылган буйрукту угуп жаткандай ыйманы жана ишеними толкуй баштайт. Рухунда, абийиринин тээ түпкүрүнөн ошол «уурулук кылуу» деген ойго чабуулдар башталган өӊдүү бир руханий абал пайда болот. Напсиден келген ошол уурулукка болгон эңсөө талкаланып, тартыла баштайт. Барып-барып ошол ышкы, кумар бүтүндөй кесилет. Анткени бир эле акылы эмес, балким, бүткүл ички сезимдери, акылы, жүрөгү абийири бирге ошол уурулук кылуу деген ойго чабуул жасашат. Кол кесүү тууралуу буйрукту эстөө менен тыюу салган абийиринен чыккан сакчы ошол каалоонун каршысына чыгат да, аны дароо токтотуп, кайтарат.
Жыйынтыктап айтсак, шарияттын мыйзамы боюнча коюлган жазалоо Аллахтын буйругу, Анын адилеттүүлүк атынан ишке ашырылган убакытта рух да, акыл да, абийир да, адамдагы улуу сезимдер, баардыгы жазадан таасирленет жана аны менен байланышта болот. Ошондуктан, элүү жылда бир жолу берилген жаза силердеги күнүгө берилип жаткан түрмө жазасынан көбүрөөк бизге пайда берүүдө.
А силердеги жазалоо ыкмасы болсо болгону бир аз коркутушу мүмкүн. Олуттуу коркутуучу нерсе жок. Бир адам уурулукка баратып, эгер кармалып калсам мамлекеттин мыйзамы менен гана жазаланам деген ойго келет. Болбосо башкалардан уялып, уурулугумду эл көрбөсө экен, жаман көз карашта болушпасын деп ойлойт. Эгер анын уурулук кылгандыгы белгилүү боло турган болсо, көп болсо мамлекет тарабынан камалам деген ой болуп, коркунучтун деӊгээли азаят. Эл, сакчылар көрбөсө болду деген ойдо болот. Натыйжада адамдар көрбөгөн жерлерде кылмышын уланта берет. Ошондуктан силер берген жаза таасирсиз болууда. Ал жазалар Аллах үчүн берилбегендиктен адилеттүүлүккө жатпайт. Бул дааратсыз, кыбылага карабай эле намаз окуган сыяктуу жаман көрүнүш. Демек, чыныгы адилеттүүлүк жана эӊ таасирдүү жаза бул – Аллах үчүн берилген жаза! Болбосо таасири жүздөн бирге түшөт.
Мына ушул уурулук маселесин, башка дагы көптөгөн маселелерге салыштырып көргөн адам бул дүйнө бактылуулугу Аллахтын адилеттүүлүк мыйзамы менен гана болушун түшүнөт. А адилеттүүлүк болсо, бир гана ыйык Курандын көрсөткөн жолу менен гана ишке ашат.
Бир күнү Мустафа Кемал Саид Нурсини өзүнө тартуу максатында бүткүл чыгыш райондорго казылык кылуу милдетин сунуштайт. Казылык милдети ал мезгилдерде чоӊ кызмат орду болуп, айлыгы да көп эле. Кошумча хан сарай да куруп беришмек. Бирок, бул бир саясий оюн экендигин түшүнгөн Бедиуззаман материалдык кызыкчылыктардан баш тартат. 1923-жылы 23-апрелде Ван шаарына кайтат.
Империя кулап бийлик республикалык системага өткөн соӊ, дин адамдарына, аалым, шейхтерге оор күндөр келе баштады. Аларды же сүргүндөп, же өлүм жазасына тартып жатышты. Кээ бир аалымдар бул өлкөдө жашай албастыгына көзү жетип Түркиядан чыгып кетишет. Бирок Бедиуззаман эч жакка кетпей мекендештерин дин жолуна чакырып, Аллахтын барлыгын жана бирлигин түшүндүргөн милдетинен жазбайт.
Бир күнү ошол мезгилдин атактуу аалымдарынын болгон Анвар шейх бир ат алып Бедиуззаманга келет да:
— Саид! Бол тез, бул жерден чыгып башка өлкөгө кетели – дейт. Буга Бедиуззаман:
— Сен кете берсеӊ болот, менден камсанаба. Мен мүмкүн болсо дагы да борборго жакындап, ичине кирсем деп турам – дейт.
Болбогон соӊ Анвар шейх кайтып келе жатып жолдо Бедиуззамандын окуучусу Али Чавушка жолугуп калат. Ага мындай деп кайрылат:
— Эй, Али! Биз эмне кылып болсо да бир жолун таап, Бедиуззаманды бул жерден алып чыгып кетели. Болбосо Мустафа Кемал аны да каматат.
Али Чавуш:
— Силер өзүңөр жөнүндө кам көрө бергиле, устаз эч жакка кетпейт – деп жооп берет. Бирок шейх жеке керт башын ойлобогондугун, тескерисинче Бедиуззамандын куткарылуусун каалагандыгын айтат:
— Эй, Али! Силер устазды тааныбаптырсыӊар жана тааныбайсыӊар да. Ант ичип айтам, мен сыяктуулардын сексенин эритип, кайра куйса да Бедиуззамандын бир бармагына да теӊ келе албайбыз. Андан көрө, аны куткарууга аракеттенгиле!
Бедиуззаман алдыда аны канчалык оор, түйшүктүү жана караӊгы күндөр күтүп тургандыгын сезип турду. Бирок бул сезимдер анын башка мамлекетке кетүүсүнө себеп боло алган жок. Ал өз мекенинде калды.
Ал бул мезгилге чейинки өзүнүн жашоосун “Эски Саид доору” деп атачу. Себеби бул мезгилдерде ал саясатка аралашып, ошол аркылуу эли-жерине кызмат өтөөнү көздөгөн. Бирок бул жол менен кызмат кылуу болбостугун билген соӊ саясаттан алыстоону туура көрөт. Ал саясаттан бүтүндөй алыстап, массалык маалымат каражаттарына бир да кулак салбаган абалда жашоо өткөзө баштайт. Бул мезгилге ал “Жаӊы Саид доору” деп ат берет.

ЖАӉЫ САИД ДООРУ
ЭРЕК ТООСУНДАГЫ МЕДРЕСЕ
Бедиуззаман дүйнөдөгү өнүгүүлөрдү жакшы баалай билип, бул XX кылымдын адамдарына баарынан мурда ыйман акыйкаттарын түшүндүрүү керектигин айтат. Ошондуктан дайыма кылган сабактары ыйман акыйкаттары тууралуу болот. Ван жергесиндеги Эрек аттуу тоонун чокусунда медресе ачып, ал жерде сабак бере баштайт. Бир жактан окуучуларына сабак берип, экинчи жактан жеке ибадатына аябай көӊүл буруп, аз жеп-ичип, аз уктап, көп ибадат кыла баштайт. Ушунчалык көп намаз окугандыктан анын буттары жара болуп кетет. Анын бул абалын көргөн окуучулары чыдабай кетип бир аз эс алып алуусун өтүнүшөт. Бирок ал мындай жооп берет:
— Бул кыска өмүрдө түбөлүктүү жашоого жетүү үчүн келгенбиз. Бул жерде жыргап жашап алып, кайра Бейишти каалоо жарашпас. Мен эс алып отура албайм!
Бир күнү Бедиуззаман Хамид аттуу окуучусуна дарыядан суу алып келүүгө жумшайт. Дарыянын айланасы жапайы жаныбарларга толтура болгондуктан Хамид:
— Мен ал жакка баруудан коркуп жатам дейт. Бедиуззаман эмнеге корккондугун сураганда Хамид дарыя жакта жапайы жырткычтар көп экендигин айтат. Бедиуззаман болсо:
-Коркпой бара бер! Жырткычтар болбойт – дейт.
Хамид устазынын айтканын кылып барып суу алып келет. Бедиуззаман:
-Бир нерсе көрдүӊбү? — деп сурайт.
Хамид эч нерсе көрбөгөндүгүн айтат. Бедиуззаман мусулмандын эр жүрөк болушу керектигин айтат. Анан ушул окуясын айтып берет:
— Былтыр бир жолу эртең менен туруп көйнөгүмдү кийип жаткам. Сырттан бир нерсе кирип келатканын байкап калдым. Ит кирип келе жатат го деп ойлоп карасам карышкыр экен. Ал мага карап келе жатыптыр. Мен “Бул айбандын ниети кандай болду экен?” – деп ойлонуп калдым. Карышкыр алдыма келип мени карап туруп калды. Ошентип бири-бирибизди жарым сааттай тиктешип карап турдук. Кийин ал чыгып кетти. Мага анын бул кылгандары “Алдыӊда ушунча турдум бир да коногуӊа сый көрсөтүп, тамак бербедиӊ. Жакшысы мен сага жалдырабай эле ырыскы берүүчү Аллахтан эле ырыскы сурайын” – дегендей туюлуп турду. Ошондуктан, эч коркпогула. Эгер ал жырткыч жаныбарлар Аллахтын буйругунун сыртында болушканда бизди жарып кетмек. Бирок, алар Аллахтын башкаруусунда болгон-дуктан анын буйругунан сырткары эч нерсе кыла алышпайт.
Бул мезгилдерде коомчулукту материалисттик идеоло-гиянын кара түтүнү каптап, карапайым эл руханияттан алыстап, ыйман акыйкаттарына чаңкап турган кез эле. Ошондуктан элдеги ыймансыздыкка каршы күрөшүүнү чечкен Бедиуззаман саясаттан бүтүндөй алыстайт.
Бир күнү Бедиуззаман окуучуларына:
— Силер барып бир аз сейилдеп келгиле – деп, өзү ибадатка киришет. Окуучулары бир аздан кийин кайра келишет. Бир окуучусу сейилдеп жүрүп келемиш өлтүргөнүн айтат. Муну уккан Бедиуззаман ага:
— Үйүн талкалаган турбайсыӊбы? — деп ачууланат. Окуучусу болсо мындай дейт:
— Бизде жети келемиш өлтүргөн адам ажыга барып келгендей сооп табат деген сөз бар. Муну уккан Бедиуззаман аны жанына чакырды:
— Келчи мындай, сүйлөшөлү. Кимдин сөзү туура, а кимдики туура эмес экенин тактап көрөлүчү. Айтчы, ал сага эмне, тап бердиби?
— Жок, мага асылган да жок.
— Же колуӊдагы бир нерсеӊди жула качтыбы?
— Жок, андай да кылган жок.
— Ал макулуктун ырыскысын сен бересиӊби?
— Жок.
— Же сенин жериӊде, же багыӊда жүргөн бекен?
— Жок.
— Эмне аны сен жараттыӊбы?
— Жок.
— Деги ал жаныбар эмне үчүн жаратылганын билесиӊби?
— Жок, билбейм.
— Аллах аны сени өлтүрсүн деп жараткан эмес да, туурабы. Ал жаныбарлардын жаратылуусунда миӊдеген пайдалар менен сырлар бар экенин билесиӊби? Аны өлтүрүү менен ошол пайдалар менен сырларды жок кылып салыптырсыӊ!

СҮРГҮН, КҮЗӨТ…
1925-жылы февраль айында Бедиуззаманды көтөрүлүшкө эч тиешеси болбосо да тиешелүү деп, жалган жалаа менен кармап Бурдур шаарына сүргүнгө айдашат.
Бурдурга баратканда аскер күзөтчүлөрү биринин артынан бири күзөттө туруп Бедиуззаманды кайтарып жүрүшөт. Жолдо түндү түн дебей, күндүздү күндүз дебей ибадат кылат. Бир күнү алардын командирине: “Мени жалгыз бир бөлмөгө калтыргыла, түндөсү башкаларга зыян жеткизгим келбейт” – дейт. Ал ушинтип ээн-эркин ибадат кылууну көздөп аткан. Командир бир адамды Бедиуззамандын эшигине күзөткө коёт. Бедиуззаман болсо ал күзөтчүгө:
— Сен жатып эс ал, укта – дейт. Күзөтчү эшиктин түбүндө уктай баштайт. Түн бир оокумда кулпу менен бекем жабылган эшик ачылып Бедиуззаман сыртка чыгат. Колунда болсо чөйчөк бар эле. Күзөтчү дендароо болуп, эшик кантип ачылганын түшүнө албай турду. Бедиуззаман даарат үчүн чөйчөккө суу толтуруп, күзөтчүгө: “Эс ала бер, таӊ али ата элек” — деп кирип кетет. Күзөтчү эшикти кайра жаап уйкуга кирет. Бир аздан кийин ичкери жактагы үндөрдөн улам ойгонуп кетет. Кудум бөлмөдө Бедиуззаман жүз адам менен намаз окуп аткандай үндөр чыгып турду. Бирок, бөлмөдө Бедиуззаман жалгыз эле. Таӊ атканча бул үндөр уланып турду.
Эртең менен ал күзөтчү түз эле командирдин алдына барат да болгон ишти айтат. Анан дагы минтип кошумчалайт:
— Жолдош командир мен ал эшикте күзөттө турууну каалабайм, ал учуп кетеби деп корком. Командир Бедиуз-замандын руханий күчүн түшүнүп, күзөтчүгө мындай дейт:
— Эгер ал учуп жөнөсө, этегине жабышып ал, каякка барса ошол жакка барасың!
Бедиуззаман Бурдурда сегиз ай калат. Бул мезгилдери көп адам аны зыярат кылып келишет. Алардын бири Дин иштери башкармалыгында иштеген Хамди Касапоглу эле. Ал Бедиуззаман менен сүйлөшүп олтуруп бир барак арапча кагазды сунат да сыноо максатында:
— Муну окуп бересизби — дейт. Бедиуззаман кагазга бир сыйра көз жүгүртөт да, кайра берет. Анан кагазда жазылгандарды бир да адашпай, так айтып берет.
Ал бул жерде мечиттин жанындагы кичинекей үйдө калчу. Бирок анын бул жерде жүрүүсүнөн кээ бирлери кооптонуп ар кандай жалган жалааларды жабууну каалашып, ошол мезгилдин Ички иштер министри Февзи Чакмак Бурдурга келгенде арыз-муӊдар менен кайрылышат. Февзи Чакмак болсо:
— Бедиуззаман силерге эч жамандык каалабайт, аны каралагандан көрө аны сыйлагыла – деп катуу эскертет.

БАРЛА – РИСАЛЕ-И НУРДУН ЭШИГИ
Ошол мезгилдин башкаруучулары Бедиуззаманды Бурдурда калуусуна каршы болушат. Себеби ал бул жерде жөн олтурбай элди ыйманга чакырып, Ислам дининин алтынга алмашкыс баалуулуктарын коомчулукка жеткизе баштаган. Акыры аны Барлага сүргүндөөнү чечишет. Барла Спарта районуна караштуу кичинекей кыштак болчу. Бедиуззаманды алгач Спартага алып келишет. Андан кийин ага бир жоокерди күзөтчү кылып кошушат. Спартанын башкаруучулары жөнөтүп жатып күзөтчү аскерге мындай дейт:
-Бул адам атактуу Бедиуззаман Саид Нурси! Аны сен Барлага жеткизип, документтерге кол койдургандан кийин дароо бизге кабар бересиӊ.
1926-жылы Барлага сүргүндөлөт. Бедиуззаманга баары урмат-сый менен мамиле кылгандыктан улам анын жанындагы күзөтчү ыӊгайсыздана ага мындай дейт:
-Устаз! Мени кечириӊиз. Сиз урматка татыктуу адамдардансыз. Бирок айла жок сизди күзөтүп баратам.
Бедиуззаман болсо ага:
-Сен өз милдетиӊди аткар — деп анын көӊүлүн жумшартып, анын тынчсызданган абалын жок кылат.
Бедиүззамандын жанында бир аз эле жүргөн күзөтчү андан аябай таасирденет. Өмүрүндөгү унутулгус бул сапарды ал ушундайча баяндап берет: “Биз суу аркылуу өтүшүбүз керек эле. Жээкке келип бир кайыкчы таптык. Анын акчасын Бедиуззаман берди. Анан данеги жок бир килограмм жүзүм алдырды. Анын бир колунда себет бар эле. Анда чайнек, бир нече стакан, анан жайнамаз бар эле. Экинчи колунда болсо Куран китеби бар эле. Көлдүн кээ бир жерлери муз болуп тоңуп калган эле. Кайыктын баш жагындагы кайыкчы муздарды сындырып, кайыкка жол ачып жатты. Бизди ал жүзүм менен сыйлады. Мен аябай дыккаттык менен анын кыймыл-аракетине карап олтурдум. Ал аябай токтоо жана оор басырыктуу эле. Анда сүргүнгө айдалып жаткан кишинин кейпи жок болчу. Ал айланадагы тоону жана көлдү карап олтурду. Бармактары ичке, узун болуп, кудум ичинде шам чырак күйүп тургандай нурдуу көрүнөт эле. Асыр намазынын убакты болуп калган. Биз кайыкты кыбыла жакка бурдук. Анан бир мезгилде “Аллаху Акбар!” деген үн чыкты. Карасам, ал намаз окуп баштаган экен. Өмүрүмдө мындай сүрдүү үндү уккан эмес болчумун. Ал намазды аябай олуттуу жана сүрдүү баштагандыктан баарыбыз чочуп кеттик. Анын бул абалдары эч бир дин адамынын абалына окшобойт эле. Намаз окуп бүткөн соӊ ал бизге бурулуп “Чоӊ ырахмат, силерди кыйнап койдум окшойт” – деди. Бизге аябай жумшак жана маданияттуу мамиле кылды”.
Эки сааттык сапардан кийин алар Барланын жээгине келип жетишти. Жээкке чыгаары менен кайыкчы күзөтчүнүн куралын алып кекилик атканы камданып калганда Бедиуззаман: “Жаз жакындап калды, азыр түлөө мезгили, менимче, атпаганыӊыз оӊ”– деп аттырбай койду. Кекиликтер болсо алардын үстүндө учуп жүрүштү. Барлага жеткенче айланчыктап учуп жүрүштү. Бедиуззаманды Хафиз Ахмат аттуу имамдын үйүнө жайгаштырышат. Ал жерге келээри менен Бедиуззаман Хафиз Ахматка: “Дароо келишип алалы, мен акчасын бербей туруп эч нерсени кабыл албайм” – дейт. Анын бул сөздөрүнө түшүнө бербеген Хафиз Ахмат “Коюӊузчу, коноктон да акча алынмак беле” – дейт. Бедиуззаман болсо: “Мен бул эрежемди өмүрүмдө эч бузган жокмун, ошол бойдон калуусун каалайм” – деп түшүндүрүп берет.
Барла эки тоонун ортосунда болуп, сырткы дүйнө менен байланышы аз болгон кичинекей айыл эле. Бедиуззаманды бул жакка сүргүндөгөндөр ал бул жакта жалгыз өлүп, жок болуп кетет деп ойлошкон. Бирок бул жердеги болгон окуялар алардын бул үмүттөрүн жокко чыгарат.
Бедиуззаман адаттагыдай эле бул жерде да бекер басып жүргөн жок. Аз жеп-ичип убактысынын көпчүлүк бөлүгүн ибадат, Аллахты эстөө менен өткөзүп жатты. Барланы кыдырып жүрүп, табияттын кооздугуна таӊдана Аллахтын жараткан кооз жаратылышына суктанып жатты. Ошол эле убакытта китептерин да токтотпой жазып олтурду. Бул жерде көпчүлүктүн акылына түшүнүксүз ой болуп келген кайра тирилүү жөнүндө жазат. Бул чыгарма Бедиуззамандын “Сөздөр” аттуу китебинде “Онунчу сөз” деген ат менен тиркелген.
Бул жердин эли анын муктаждыктары үчүн жардам берейин дешсе да, эч макул болбой коёт. Кээде ага тамак же мөмө-жемиш алып келишсе, дароо акчасын ашыгы менен төлөп берчү. Акчасы төлөнбөгөн эч нерсени жечү эмес.
Аны зыярат кылгандардын да аягы үзүлбөдү. Бир күнү Эгридирден мамлекеттик кызматта иштеген бир нече киши аны зыярат кылуу үчүн жолго чыгышат. Алардын ичинде эки доктор да бар эле. Жолдо келе жатып алардын бирөөсү экинчисинен мындай деп сурайт:
— Аллах эмне үчүн жаман нерселерди, кыйынчылыктарды, проблемаларды жараткан.
Шериги жооп бергенге аракеттенет. Бирок тиги жоопко канааттанбай кайра-кайра сурай берет. Досу болсо:
— Дагы сурай турган болсоӊ, көлгө ыргытып жиберем. Жакшысы Барлага барганда Бедиуззамандан сура, ошол сага так жоопту берет.
Ошентип Барлага жетишет. Уруксат алган соӊ Бедиуззаманга киришет. Бедиуззаман аларга “Чындыгында, мен силерди зыярат кылганы барышым керек эле” – дейт. Анан суроо барбы же жокпу деп сурабастан эле Аллах эмне үчүн жамандыктарды, кыйынчылыктарды, көйгөйлөрдү жараткандыгы тууралуу айтып бере баштайт.
— Мен азыр силерге эмне үчүн жаман нерсе биз үчүн жакшы нерсеге айлануусу тууралуу айтып берейин. Гангрена болгон колду кесип салуу бул жамандык эмес. Эгер ал колду кеспесе бүтүндөй, атүгүл, дене кетиши мүмкүн. Демек, Аллах кээ бир бизге жаман көрүнгөн нерселерди жакшылык үчүн жараткан.
Бедиуззаман эки докторго кайрылып:
— Силер докторсуӊар, муну жакшы билесиӊер – дейт. Бедиуззамандын бул сөздөрүнөн кийин баары суроолоруна жооп алышат. Айрыкча акыркы айтылган сөз берки эки докторду таӊ калтырат. Себеби алар кирип келгенде Бедиуззаманга доктор болгондугун айтышкан эмес болчу. Бедиуззаман болсо аларды доктор экендигин айтып, ошону менен эле бирге алардын суроосуна жооп берип койгон эле. Бедиүззаман дале сүйлөп жатты:
— Жумуртка басып жаткан үндүктүн жумурткаларынын бир нечеси бузулуп балапан чыкпай, ал эми калгандарынан балапан чыкса, бул көрүнүш жакшыбы же жаманбы? Албетте, жакшы. Себеби ал чыккан ар бир балапан беш жүз жумурткага теӊ келет.
Бедиуззаман медицина илими боюнча да аябай тереӊ маселелерди ачып, ал аркылуу Аллах Тааланы таанытат. Жүрөк тууралуу орчундуу баяндама айтып берет. Бедиуззаман менен коштошуп чыгышкан соӊ тиги доктор өзүнүн таӊ калгандыгын жашыра албай:
— Мен жүрөктүн мындай сонун илимий ачыкталуусун эӊ күчтүү профессорлордон да уккан эмес болчумун – дейт.
Жаз мезгилинде убактысынын көпчүлүк бөлүгүн Барладан үч сааттык узактыктагы Чам тоосунда өткөзөт. Бул тоодо дарактын үстүнө чыгып, зикир кылып, Аллахтын жараткан кооз табият көрүнүшүн карап көпкө олтурчу. Бир күндүк тамагы бир сындырым нан эле. Ал нанды Барладан Сулайман Сыддык аттуу окуучусу алып келип берчү. Бир күнү башка бир окуучусу менен тоодо ибадат кылып бүткөн соӊ окуучусуна барып нан алып келүүсүн айтат. Бирок окуучусу:
— Сиз менен бул жерде калып дуба кылгым келип жатат – дейт. Бедиуззаман болсо макул болуп мындай дейт.
— Аллахка тобокел, мейли, калсаң кал.
Бир аз өткөн соӊ Бедиуззаман окуучусуна:
— Бир аз чай кайнатчы – дейт. Анан дарактын түбүнө отуруп ойлоно баштайт. Анткени бир аз эле нан калган болчу. Ал нан кечинде экөөнө араӊ эле жетмек. Бедиүззаман дагы эки күн кантип жашайбыз деп ойлонуп жатты. Ушул мезгилде бурулуп караса, дарактын бутактарынын арасында бир нан туруптур. Бедиуззаман окуучусуна:
— Сулайман, сүйүнчү! Аллах бизге ырыскы жөнөттү, — дейт кубанычын жашыра албай.
Бул окуя чынында аларды таң калтырбай койбойт. Себеби мындай бир жерде нандын бүтүн, таза бойдон сакталуусу акылга сыйбай турган иш эле. Бир айдан бери бул чокуга эч ким чыга элек болчу. Алар нанды алып Аллахка мактоолор айтышат. Нан аларга эки күнгө жетет. Үчүнчү күнү болсо Сыддык Сулайман колунда наны менен жетип келет.
Бир күнү окуучулары Бедиуззаманды башка жакка алып баруу үчүн бирөөдөн ат сурашат. Бирок тиги атын эч кимге бере албастыгын айтат. Окуучулары кайра сурашканда ал да кошо баруу шарты менен макул болот. Жолдо Бедиуззаман ал киши менен сүйлөшүп баратып эмне жумуш кылаарын сураганда тиги:
— Наабайканада иштейм — деп жооп берет.
Бедиуззаман:
— А эмне менен от жагасыӊ? – деп сурайт.
Тиги:
— Тоодон бак-дарак кыйып келип, ошону менен от жагам — дейт.
Бедиуззаман:
— Көгөрүп турган даракты кыйып салуу дурус иш эмес – дейт.
— Тоодо андан башка кайдан отун тапмак элем.
— Сен жаратылышты талкалаба. Ал кооз дарактарды кеспе. Себеби алардын ар бирин Аллах таӊ калаарлык кылып жасап, кооздогон. Андан көрө сен башка жумуш кыл. А мен болсо сенин ден-соолугуӊ бекем, ырыскыӊ кең болуусун Раббимден жалбарып сурайын.
Кийин ал инсан Бедиуззаманга кулак салып бул ишин токтотуп, башка жумуш кылат. Ошентип ал өмүр бою бардар турмуш жашап өтөт.
Бедиуззамандын көз карашында жаратылышка да сый-урмат менен мамиле керек эле. Себеби, ааламдагы бүткүл барлыктарды Аллах таала аябай кооз кылып, тактык жана кылдаттык менен жасаган.
Бир жолу ал Барлага жакын бир тоонун чокусунда намаз окуп жаткан. Күтүүсүздөн Бедиуззамандын арка жагынан бир жылан пайда боло калып, ага карай сойлоп жөнөйт. Жыланды көргөн окуучулары корко башташат. Бирок Бедиуззамандын намазын бузуу да мүмкүн эмес эле. Ошондуктан алар аргасыз карап туруп калышат. Жылан дале Бедиуззаманды карай баратты. Улам заарлуу тилин чыгарып коёт. Коркунучтуу болгон көздөрү Бедиуззаманга кадалган эле. Кудум азыр жетип барып чагып салчудай. Ал жакын келип Бедиуззамандын чапанынын этегине башын тийгизет. Коркуу сезими дале баарын курчап турду. Жылан дагы бир жолу Бедиуззамандын чапанынын этегине башын тийгизди. Бул мезгилде Бедиуззаман намазын окуп бүтүп, таспихатын айтып, дубасын да кылып бүттү. Ал жыланга бурулуп туруп:
— Бир аз сабыр кылып тур – деди да, окуучусу Зубейр Гүндүзалпка «Жайнамазды бул жерден ал» — деди.
Көрсө, Бедиуззамандын жайнамазы жыландын уясынын үстүнө салынган тура. Зүбейр Гүндүзалп жайнамазды алаары менен жылан уясына кирип кетти. Анын бул аракети кудум Бедиуззамандан уруксат сурап: “Намазыӊызды бузган жокмунбу” деген сыяктуу эле. Уулуу болгон жылан да тынчын албайын деген бул адамды ал мезгилдин башкаруучулары өмүр бою тынчын алышат. Муну менен алар өздөрүнүн жыландан да төмөн, жыландан да уулуу болгондугун тастыкташты.
Бедиуззаман үнөмчүлдүккө, сарамжалдуулукка да аябай маани берчү. Окуучуларын да дайыма үнөмдүүлүккө үндөөчү. Бир күнү Барлада анын жанына коноктор келип калат. Окуучусу Сыддык Сулайманга чай коюуну айтат. Сыддык Сулайман чай демдеп конокторго алып келет. Чай ичилип бүткөн соӊ бир аз шекер артып калат. Сулайман аз калган шекердин эч нерсеге жарабастыгын ойлоп ыргытып салат. Анын бул кылганын көргөн Бедиуззаман мындай дейт:
— Ыргыткандан көрө ошол шекерди башка адамдарга берсең жакшы болмок.
Дал ушул Барла айылында Бедиуззаман Ыйык Курандын илимий тафсири болгон Рисале-и Нур жыйнагын жаза баштаган. Бул тафсирлерде материалисттик идеологияга каршы аябай олуттуу, так жана илимий жооптор айтылган эле. Аят жана хадистерди илимий жактан ачыктап, логикага ылайыктуу түрдө элге сунган. Бул мезгилдери диний китептерди жазып, бастырып чыгуу мүмкүн эмес эле. Себеби бийлик башында тургандар динге байланыштуу китептерди жазып, элди ыйманга чакыргандарды аёосуз жазалап турган. Бедиуззаман болсо чыгармаларын жашыруун түрдө кичинекей кагаздарга жаздырып, аны окуучулары аркылуу башка жерлерге тараткан. Натыйжада кыска убакыттын ичинде Рисале-и Нур тафсирлери бүтүндөй Түркияга жайыла баштайт. Миӊдеген адамдар бул тафсир аркылуу ыймансыздык илдетинен кутулуп, бактылуулук жолуна түшө башташат. Бийликтин таӊуулаган материалисттик идеологиялык ишениминен кутула башташат. Бирок бул көрүнүш бийликтегилердин тынчын алып, алар Бедиуззаманды тез аранын ичинде башка аймакка сүргүндөп салууну чечишет. Ошентип, 1935-жылы 25-апрелде шакирттери менен бирге Эскишехир деген шаарга сүргүндөлүшөт.

ЭКИНЧИ СҮРГҮН АЙМАГЫ – ЭСКИШЕХИР

Бедиуззаманды шакирттери менен бирге ар кандай шылтоолор менен кармап камашат же башка аймактарга сүргүндөшөт. Аны камоо үчүн шылтоо таппай жүргөн полициялар бир күнү ар бир үйдү тинте башташат. Бир үйдөн Бедиуззамандын Орозого байланыштуу китеби чыгып калат. Анын сыртында “Рамазанга таандык” деп жазылган эле. Шылтоо таппай турган полициялар Рамазан деген кишиге таандык экен деп ойлошуп дароо “Рамазанды” издей башташат. Ар бир үйгө кирип Рамазан кайда деп сурак кыла башташат. Ошентип жакын бир айылдан Рамазан деген киши чыгып калат. Окуяга эч кандай тиешеси болбогон, болгону аты Рамазан болгондугу үчүн кармалган бул адам эмне болуп кеткендигин түшүнө бербей:
— Мен жазууну да, окууну да билбеген сабатсыз адаммын. “Рисале-и Нур” жыйнагын өмүрүмдө окуган эмесмин. Бедиуззаманды бир да жолу көргөн эмесмин. Айтып жаткан китеп тууралуу эч нерсе билбейм – деп түшүндүрө баштайт.
Ошол мезгилдин жетекчилеринин максаты Бедиуззаманга тиешелүү эмне бар болсо, баарын жок кылуу болгондуктан, бул күнөөсүз байкуш адамды да камап салышат. Аны менен Бедиуззаман түрмөдө жолугушуп:
— Бир тууганым, мени кечир. Мен себепчи болуп сен бул жакка келдиӊ – дейт.
Эки айдан кийин китеп изилденип, ал Рамазан деген кишиге эмес, тескерисинче, Рамазан айына тиешелүү болгондугу аныкталат. Байкуш Рамазанды эки айлык түрмөдөн кийин эркиндикке чыгарышат.
Ушинтип Бедиуззаман окуучулары менен бирге күлкү келтирген айыптоолор менен тогуз айга жакын түрмөдө аябай оор жазаларды башынан өткөрөт. Аны кичинекей абак бөлмөсүнө камап салышат. Кыштын оор, суук күндөрүндө да ага ысына турган эч нерсе беришпейт. Тамакты болсо он күндө бир жолу беришет. Мындай оор жазаларга карабай Бедиуззаман шакирттери менен башкалардын тынчын ала турган иштерден өздөрүн тыйышат. Бүткүл убактыларын ибадат менен, Аллахты эстөө менен өткөзүшөт. Түрмөдө жаткандар менен күнүгө сүйлөшүп олтуруп, алардын жаман адаттарын таштоосуна себепчи болушат. Кыска убакыттын ичинде түрмө медресеге айланат.
Бир күнү бир сот кызматкери көчөдө жүрүп Бедиүззаманды көрүп калат. Түрмөдөгү адамдын көчөдө жүргөнүнө таӊ калган сот түрмөгө чуркап барат да, түрмөнүн жетекчисине:
— Эмне үчүн Бедиуззаманды көчөгө коё бердиӊ. Мен азыр эле аны көчөдө көрдүм. Эмне мындай кылдыӊ? – деп кыйкырып уруша баштайт.
— Биз аны жалгыз абак бөлмөсүнө камап салганбыз. Анын эшиги кулпу менен аябай бекем бекитилип, сыртына күзөтчү коюлган. Анын качуусу мүмкүн эмес. Кааласаӊыз бирге барып карап көрөлү – дейт.
Сот менен түрмөнүн жетекчиси Бедиуззамандын абак бөлмөсүнө барып карашканда Бедиуззамандын намаз окуп жаткандыгын көрүшөт. Сот эч нерсеге түшүнө албай таӊ калат.
Бир күнү Бедиуззаман түрмөнүн жетекчисине:
— Мен бүгүн Ак Мечитке сөзсүз барышым керек, уруксат бер! — дейт.
Бирок жетекчи уруксат бере албастыгын айтат. Кийин Бедиуззамандай адамга уруксат бербегендиги үчүн өкүнүп, барып андан кечирим сурап, бир аз болсо да көңүлүн алайын деп, абак бөлмөсүнө барса, анын жок болгондугун көрөт. Анан күзөтчүгө:
— Бедиуззаман кайда кетти! – деп кыйкырат. Эмне болуп кеткендигин түшүнбөгөн күзөтчү:
— Бедиуззаман абак бөлмөсүндө, көргөнүӊүз сыяктуу эшик да кулпу менен кулпуланган. Кантип чыгып кетүүсү мүмкүн? – дейт.
Күзөтчү кирип караганда Бедиуззаман жок болгондугун көрөт. 24 саат бою эшигине күзөт коюлган бир адамдын качып кетүүсү акылга сыйбаган иш эле, ага кошумча эшиги бекем кулпуланган болчу. Түрмөдө ызы-чуу чыга баштайт. Баары Бедиуззаманды издей башташат. Жетекчи Бедиуззамандын Ак Мечитке барууга уруксат сурагандыгын эстеп, дароо мечитке чуркайт. Караса, Бедиуззаман биринчи катарда жума намазын окуп жатыптыр. Жетекчи Мечиттин коргонунда Бедиуззамандын чыгышын күтө баштайт. Бирок Бедиуззаман чыкпайт. Ал Бедиуззаманды таппаган соӊ кайра түрмөгө келет. Келип караса, Бедиуззаман өз абак бөлмөсүндө намаз окуп жаткан болот. Көрүп жаткандарына ишене албаган жетекчи болуп жаткан окуяларды түшүнүүгө аракеттене баштайт. Ошентип, Бедиуззамандын жөнөкөй адам болбогундугун түшүнөт.
Бул өӊдүү кереметтүү окуялар аябай көп. Бирок Бедиуззаман азыркы замандын чыныгы керемети бул – Ыйык Курандын кереметтери, акыйкаттары деп эсептечү. Бир күнү жаш бир адвокат Бедиуззаман менен таанышуу максатында анын жанына келет. Адвокат Бедиуззамандан:
— Урматтуу устатым! Сизди керемет көрсөтөт деп уккан элем. Эгер чын эле ошондой күчкө ээ болсоӊуз, ушул колуӊуздагы теспени кол тийгизбей туруп айландырып, тартып бериӊизчи.
Бедиуззаман тигиге башка бир окуяны айта баштайт.
— Бир адамдын аябай жакшы көргөн уулу болгон экен. Ал уулун аябай жакшы көргөндүктөн ага бир белек алып берүү үчүн дүкөнгө алып барыптыр. Ал дүкөндө каухар, алтын, алмаздар бар эле. Тиги адам уулум кайсынысын кааласа, ошону баасына карабай алып берем – деп айтат. Ал эми дүкөнчү болсо, дүкөнүн кооздош үчүн аябай көп түстүү шарларды илип салган эле. Бир оокумда бала “Мага шар алып бер!”– деп ыйлай баштайт. Уулуна түшүнө бербеген атасы ага алмаз, алтындарды алып берээрин айтса да, болбой эле шар алып бер деп туруп алган экен.
Бул окуяны айтып бүткөн соӊ Бедиуззаман адвокатка мындай деп кайрылат:
— Мен Ыйык Курандын алмаз, алтындарынын сакчысымын! Мен тиги балага окшоп сырткы кооздугуна суктанып шардын артынан чуркагандардан эмесмин. Менин дүкөнүмдө жок болбой турган, түбөлүктүү алмаздар бар. Мен ошол алмаздар менен алектенип жүрөм. Мен ыйык Курандын Нурун жарыялап жатам. Шардын артынан чуркагандардан эмесмин…
Бедиуззаман бул окуя аркылуу кереметке аракеттенүүнүн абалы жогорудагы алтынга эмес тескерисинче, беш тыйындык шарларга кызыккан баланын абалына окшош болгондугун түшүндүрүп берет.

КАСТАМОНУДАГЫ ЖЕТИ ЖЫЛ
1936-жылдын жаз айларында Бедиуззаманды Эскишехир-ден Кастамону шаарына сүргүндөшөт. Ал Эскишехирде түрмөдө болгон кезде материалдык жактан аябай көп жапа чеккен болчу. Бирок, ошол мезгилдин атка минерлери аны баары бир тынч койгон жок. Кастамонуга келгенде, алгач үч ай бою полициянын абак бөлмөсүндө калат. Ушул мезгилде ал Насруллах мечитинин чайканасын иштеткен “Чайчы Эмин” деген ат менен таанылган киши менен таанышат. Алгач Бедиуззаман ага “Менден узак бол, болбосо сени да кармап, камашат!” — деп эскертет. Бирок Эмин буга көнбөйт.
Эмин эмнеси болсо да аны менен жакындан таанышып, анын шакирти болоюн деген ниет менен аны зыярат кылууну чечет. Ага шакирт болуу үчүн дайыма ага барып туруш керек эле. Күнүгө полиция участогуна кирип чыгуу да оӊой иш эмес болчу. Бирок бул маселени Бедиуззамандын берген кеңеши чечет. Эмин Бедиуззамандын жаткан төшөктөрүн сатып алат да кайра эле ага ижарага берет. Натыйжада күнүгө төшөктөрдүн ижарасын алуу үчүн Бедиуззамандын алдына келүү мүмкүнчүлүгү туулат. Ошентип Эмин күнүгө Бедиуззамандын алдына келип, аны менен маектешип, андан сабак ала баштайт. Ошону менен эле бирге анын муктаждыктарын да камсыздап турат. Бирок Бедиуззаман Эминдин алып келген нерселеринин баарысынын акчасын берип турат.
Үч айдан кийин Бедиуззаманды полиция участогунун маӊдайындагы үйгө которушат. Үйдү 24 саат бою полиция көзөмөлгө алат. Бедиуззаман болсо шаардын эӊ бийик жерлерине барып, китеп жазып, ибадат кылып, зикир кылып турууну аябай жакшы көрчү. Бирок ал кайда барбасын анын артынан дайыма полиция күзөтүп жүрчү. Ошого карабастан Рисале-и Нур тафсирлери калк ичине тез эле тарап, таасирин тийгизе баштайт. Аз эле убакыттын ичинде Барлада жана Эскишехирде болгон сыяктуу, Кастамонуда да ага шакирт болуу үчүн бир нече адам келет.
Бир күнү Бедиуззаман Кастамону мунарасы деп аталган мунарага барат да, мунаранын эӊ бийик жерине олтуруп, Аллахты зикир кыла баштайт. Ушул мезгилде төмөн жакта мас болгон адам өтүп бараткан эле. Мастыктын айынан ал күнөө жасаганы бараткан болчу. Ал Бедиуззаман отурган тушка келип, баса албай туруп калат. Бир кадам да таштай албай коёт. Бедиуззаман менен көздөрү чагылыша кетет. Бедиуззаман ага минтип кайрылат:
— Бир тууганым! Артка кайт. Ал жаман жерге барып, мойнуӊа күнөөнү дагы арттырба. Үйүӊө барып, тазаланып, жуунуп-таранып, намаз оку. Кылган күнөөлөрүӊ үчүн Аллахтан кечирим сурап, тообо кыл!
Эмне болуп кеткендигин түшүнө албаган жанагы киши дароо үйүнө барат да, Бедиуззамандын айтканын кылат. Экинчи бул күнөөлөрдү аткарбоого сөз берет. Ошентип өмүр бою намаз окуп, күнөөлөрдөн узакташат.
Кастамонуда Арачтык жинди Мумин деген атка конгон эч нерседен коркпогон адам бар эле. Кастамону эли андан аябай коркчу. Себеби ал талап-тоноочулук менен алектенип, баарын тажатчу. Кээде мас болуп алып чөйрөсүндөгү адамдардын да тынчын алчу. Атүгүл, ичкилик жана кумардын айынан бир нече инсанды өлтүрүп, түрмөгө узак мөөнөткө олтуруп чыккан адам эле.
Күндөгүдөй эле Чайчы Эмин Бедиуззамандын мешине от жагуу үчүн багымдат намазына азан айтыла элек убакытта келип калат. Бедиуззамандын эшигине жакын жерде мас болуп уктап жаткан Арачтык жинди Муминди көрөт. Ачууланган Эмин:
— Сен дагы ичтиӊби. Эмнеге келдиӊ бул жакка? Кимдин эшигинде жатканыӊды билесиӊби? — деп уруша баштайт.
Мумин болсо:
— Мен тообо кылдым. Мага дуба кылыӊыз. Бедиуззаман мени да өзүнө шакирт кылып алсынчы – деп өтүнөт.
Эмин Бедиуззаманга келип баарын айткан соӊ Бедиуззаман макул болот. Мумин Бедиуззаман менен жолугушуп, андан дуба кылуусун өтүнөт. Бедиуззаман болсо ага дуба кылаарын айтып, ага бир нече насаат айтуу менен аны кайра жөнөтөт. Ошентип, баары корккон Мумин периште сыяктуу момун адамга айланат. Өмүр бою мусулманга ылайыктуу жашоо өткөрөт.
Бедиуззамандын алдына келгендердин ичинде мектеп окуучулары да бар эле. Бир жолу алар:
− Мектепте мугалимдер бир да Аллах жөнүндө сөз кылышпайт. Аллахты бизге таанытышпайт. Сиз бизге Аллах жөнүндө айтып бериӊизчи дегенде Бедиуззаман мындай деп жооп берет:
− Силер окуп жаткан ошол илимдердин ар бири өздөрүнө таандык болгон тил менен, ыкма менен Аллахты баяндап, Аны таанытууда. Силер Аллах жөнүндө эч нерсе айтпаган мугалимдерди эмес, ошол илимдерди тыңдагыла. Мисал үчүн бир дарыканага кире турган болсоңор, көптөгөн дарыларды көрөсүңөр. Бул дарылардын бар болуп, ошол жерде туруусу өтө мыкты дары жасаган устанын, химиктин бар болгонун далилдеп турат. Бул дарылар пайда болуп, дарыкананын полкаларына туруп калуусу үчүн дары жасаган устага же болбосо химикке муктаждык бар.
Ошол сыяктуу эле бул дүйнөгө көз чаптыра турган болсок, жүз миңдеген жасалгаларды, чыгармаларды көрөбүз. Булардын пайда болуусу үчүн да буларды жасаган устага муктаждык бар. Демек, булардын баарынын жаратуучусу – Аллах! Дүйнөдөгү ар бир барлык өзүнүн бар болушу менен, мөөрү менен Аллахтын барлыгын жана бирлигин акыйкатты көрбөгөн сокур көздөргө да далилдеп турат.
Дагы мисал катары ушуну айтсак болот. Мисалы, бир фабрика миңдеген түрдүү-түрдүү кездемелерди жөнөкөй эле жиптен токуп жатат дейли. Демек, бул жерде аябай чебер болгон бир устага муктаждык бар. Токулуп жаткан кездемелер бизге ошол чебер устаны таанытат. Ошол сыяктуу эле фабрика өңдүү болгон ушул дүйнөдө жүз миңдеген иш-аракеттер, процесстер ишке ашып жатат. Демек, бул иш-аракет, процесстердин баарысы Аллахтын барлыгын далилдеп турат.
Бедиуззаман окуучуларга мисалдар менен бүткүл илим Аллахтын барлыгын жана бирлигин далилдеп тураарын түшүндүрүп айтып берет. Суроолоруна жооп алган соң окуучулар кубаныч менен кайтып кетишет.
Бедиуззаман Курандын илимий тафсирлерин жазып жайылткан сайын ошол мезгилдин башкаруучусу Ататүрк тынчсыздана берет. Элди бүтүндөй анархияга багыттоону каалаган башкаруучулардын идеологиясынын, планынын таш талканын чыгарган бул инсанды алар уу менен уулап жок кылууну көздөшөт.
Бедиуззаман кээде тоого баратканда бир дүкөндөн токтоп майда-чүйдө нерселерди сатып алчу. Муну баамдаган башкаруучулар дүкөнчүгө ууланган алманы алып келет да, Бедиуззаманга сатуусун айтышат. Дүкөнчүнү коркутуп-үркүтүп акыры макул кылышат. Бедиуззаман тоого баратып дүкөнгө токтогон мезгилде ошол алманы дүкөнчү ага сатат. Ал тоого чыгып кетет. Душмандарынын планы да ушул эле. Бедиуззаман тоого чыгып алманы жеген мезгилде ага жардам бере турган эч ким жок болуп, жалгыз ошол жерде өлөт деп күтүп жатышты.
Чайчы Эмин үйүндө отурган мезгилде сырттан «Бедиуззаман сени чакырып жатат» деген үн чыгат. Чайчы Эмин сыртка чыгып караса, эч ким жок экен. Сарсанаа болуп Бедиуззамандын үйүнө барат. Үйүндө жок болгонун билген соӊ «Тоого кетсе керек» деп ойлоп, тоого жөнөйт. Барып Бедиуззаманга жолуккан мезгилде андан эмнеге келгенин сурайт.
Чайчы Эмин:
-Устат! Сиз чакырган экенсиз, ошого келдим – дейт.
Бедиуззаман:
-Жок, сени чакырган эмесмин – дейт.
Ушул мезгилде уунун таасири Бедиуззамандын абалы начарлай баштаганынан билине баштайт. Чайчы Эмин аны дароо атына мингизип үйүнө алып барат. Доктор келип текшерип көргөн соӊ, өтө күчтүү уунун таасири болгондугун айтат. Чайчы Эмин өзүн чакырган үндүн кайыптан келген үн болгонун билет да, Аллахка шүгүр кылат.
Бедиуззамандын коомдогу эӊ чоӊ максаты адамдарга ыйман акыйкаттарын жаюу болгон. Бул максатын акылман сөздөрү, абалы жана чөйрөсүнө көрсөткөн урматы менен ишке ашырчу. Кээде акыл-насаат менен күнөөдөн кайтарса, кээде жүрүш-турушу менен кайтарчу.
Бир күнү Кастамону шаарынын адеп-ахлаксыз адамдары шаардын четинде шарап ичип олтурушкан. Алардын жанынан Бедиуззаман окуучусу Мехмед Фейзи менен өтүп калат. Мехмед Фейзи шарап ичип жаткан адамдардын жанынан өтүп бараткандыктан Бедиуззамандан кабатырланат. Бирок Бедиуззаман унчукпастан түз эле басып өтүп кетет. Алардын өтүп баратканын көргөн тигилер ич ара сүйлөшө башташат:
-Сен бул адамды тааныдыӊбы?
Анда экинчиси:
-Ооба, тааныдым, бул адам эч кимден коркпойт экен. Курандын буйруктарын ким болсо болсун коркпостон айтат экен -дейт.
Анда беркиси:
-Эмнеге бизге унчуккан жок анда?-дейт.
— Демек, бизге сөз таасир этпей калыптыр. Ушул эч кимден коркпогон адам күнөө кылып жаткан бизге унчукпаса, демек, биздин күнүбүз бүтүптүр. Биз адамдык сапаттан чыккан турбайбызбы? – деп өкүнө башташат.
Бул сөздөр айтылып жаткан учурда бирөөсү ичимдик коюлган дасторконду чогултуп туруп алыска ыргытып жиберет да:
-Жок, достор! Биз деген – мусулманбыз. Биз мусулман боюнча калышыбыз керек. Бул күнөөлөрдөн алыстап, Аллахтын буйруктарына моюн сунушубуз керек. Анын тыюу салган нерселерине бир да жолобошубуз керек. Эч качан бул арам нерсеге жолобойлу! – деп досторун тургузат.
Аракеч болуп жүргөн бул адамдар үйлөрүнө келишип, жуунуп-таранып, даарат алышып, тообо кылышып, намаз окуй башташат. Чыныгы мусулмандын жашоосун күзгү сыяктуу чагылдырып жашай башташат.
Жети жарым жылдай Кастамонуда сүргүндө жүргөн соӊ 1943-жылы Бедиуззаманды жүз жыйырма окуучусу менен Денизли түрмөсүнө камоону чечишет. Аны окуучулары менен бирге аскерлердин көзөмөлү астында жүргүнчү автобус менен Анкарага алып барышат. Жолдо бараткан мезгилде айдоочуга келип мындай дейт:
-Кечиресиз, автобусту бир азга токтото аласызбы? Динде зордук жок, болгону жүргүнчүлөргө бир аз насыйкат айтайын.
Айдоочу дароо макул болуп автобусту токтотот. Бедиуззаман сүйлөй баштайт.
-Бул түн – чоӊ ыктымалдуулук менен Кадыр түн. Жөнөкөй күндөрү Курандан бир тамга окулса, он сооп, Орозо айында окулса миӊ сооп, ал эми Кадыр түндө окуса, отуз миӊ сооп берилет. Эгер ичиӊерден бирөөңөргө ушул ишти аткарсаң, сага баланча сом төлөп берем десе ошол ишти кылмак белеӊер? Баары:
-Ооба, кылмакпыз – дешет.
Бедиуззаман мындай деп кошумчалайт:
-Бул өтүүчү жашоодо беш сом табуу үчүн бүткүл күчүӊөрдү сарптап жатасыӊар. А түбөлүктүү жашоо үчүн азык чогултууну каалабайсыӊарбы?
-Ооба, каалайбыз – дешет баары бир ооздон.
-Андай болсо ар бириӊер үч жолу Ихлас сүрөөсүн, бир жолу Фатиха сүрөөсүн жана бир жолу Аят-ал Курсийди окусаӊар, акырет үчүн өтө маанилүү азык чогулткан болосуӊар.

ДЕНИЗЛИ ТҮРМӨСҮ ЖЕ ЖУСУП (АС)ДЫН МЕДРЕСЕСИ
Бедиуззаманды окуучулары менен бирге Анкарага алып келишет. Ошол мезгилдеги Анкаранын мэри Невзат Тандоган Бедиуззаман менен жолугушууну каалап, аны чакыртат. Ал узак жылдан бери Бедиуззаманды тааныйт эле. Ошого карабастан Бедиуззаманга орой мамиле кылат. Жолугушуу учурунда мэр Бедиуззаманга мындай дейт:
-Башыӊыздагы селдени чыгарып, шапка кийишиӊиз керек – деп ага шапканы сунат.
Бул сөздөргө аябай ачууланган Бедиуззаман:
-Бул селдени сенин атаӊ-бабаӊ кийген! Мен сенин ата-бабаӊ кийген кийимди кийип жатам! Мен жалгыз жашаган адаммын. Эч ким менен көрүшпөйм, сүйлөшпөйм. Мындай адамдын кийимине кийлигишүү акмактык болуп эсептелет. Эй Невзат, мага кулак сал! Бул селде алына турган болсо, бул баш менен кошо чыгат! – деп башын көрсөтө катуу айтат. Артынан мындай деп кошумчалайт: «Аллах башыңа балээ берсин!»
Муну угуп турган мэр титиреп кетет.
Бедиуззаман окуучулары менен алгач Спартага, андан кийин Денизли түрмөсүнө жеткирилет. Ал эми мэр болсо, эки жылдан кийин өзүн-өзү башына атып өлтүрөт.
Денизли түрмөсүндө да баягы эле азаптар башталат. Күнүгө зулум, машакаттар улана берет. Бедиуззаманды дагы бир ирет уулашат. Бирок бул азап-тозокко карабай Бедиуззаман окуучулары менен кызматын уланта берет. Ар кандай кылмыштан улам түрмөгө түшкөн адамдарды Исламга, ыйманга чакырып, алардын жаман мүнөздөрүн калтырып, анын ордуна эӊ мыкты адеп-ахлактарды орноштурат. Натыйжада түрмө түрмө эмес, медресе сыяктуу бир абалга келет. Кудум Жусуп пайгамбар(А.С.) отурган түрмө сыяктуу өӊдөнөт. Атүгүл, түрмөнүн жетекчилеринин бирөөсү: «Абактагыларды он беш жыл түрмөдө кармаганга караганда, он беш күн Рисале-и Нур тафсирлеринин сабактары жакшыраак оӊдойт» – деп айтууга мажбур болушкан.
Ошол мезгилде Денизли түрмөсүнүн эң коркунучтуу адамдарынын бирөөсү Канкор Сулайман деген киши эле. Ал түрмөгө түшкөнгө чейин коомчулуктун башына чоң балээ болгон адам эле. Баары андан коркуп, андан узак турушчу. Түрмөдөн чыккан соң андагы өзгөрүүлөрдү байкашып, андан:
— Сени мынчалык өзгөрткөн нерсе эмне? Бедиуззаманга мынчалык сый-урмат көрсөтүүӊдүн себеби эмнеде? – деп сурашат. Ал болсо минтип жооп берет:
— Мен бир кишини жарадар кылып коюп сегиз айга камалган болчумун. Бир күнү түшүмө Бедиуззаман кирди. Бирок ал мезгилде мен аны тааныбайт болчумун. Ал мага “Сулайман, сен аябай текеберсиӊ, напсиӊе ишенген адамсыӊ. Жакында мунун жазасын тартасыӊ” – деди. Айткандай эле түрмөдө жаӊжал чыгып натыйжада бир киши каза тапты. Мени күнөөлүү деп эсептешип жыйырма төрт жылга кесишти. Ошентип Денизли түрмөсүндө мөөнөтүмдү өтөй баштадым. Кийин Бедиуззаман ал жерге которулду. Ошондо гана түшүмдө көргөн адам экендигин билдим.
Кийинчерээк Бедиуззаман Сулайманга мындай деп кат жазат: “Бул жер түрмө эмес, тескерисинче, медресе. Ал эми түрмө кызматкерлери болсо тарбиячы болуп эсептелет. Бүгүндөн баштап гусул дааратын алып, тообо кылып, намазды баштооӊуз зарыл”. Ошондон тартып Сулайман Бедиуззамандын айтканын кылып, бүткүл жаман адаттарын таштап, намаз окуй баштайт.
Кийин Бедиуззаманды Денизли шаарынын ортосундагы мейманканага жайгаштырышат. Бул жерде жүргөн мезгилдерде да анын зыяратчылары үзүлбөйт. Булардын бири ошол мезгилдин атактуу философторунан болгон Нуреттин Топчу эле. Ал Бедиуззаманды көргөнү келген күнү Бедиуззамандын чыгармалары тууралуу териштирүү иштери жүрүп, натыйжада ага каршы рапорт жазылган болчу. Бедиуззаман буга карабастан рапорт жазгандарды “Кечирдим” — деп айтат. Ал Нуреттин Топчу менен олтурган мезгилде, ага официант тамак алып келип берет. Бирок ал:
— Тамакты кедей-кембагалдарга алып барып бергиле – деп албай коёт. Муну көргөн Нуреттин эмнеге мындай кылганын сураганда Бедиуззаман “Бир нанды он беш күндө араӊ жеп бүтүрөм” — деп өтө аз тамак жегендигин айтат.
Анын жанында бир нече күн калган соӊ андан эмнелерди байкагандыгын сурашканда, Нуреттин мындай деп жооп берет:
— Аябай жоомарт жана кайраттуу эле. Акылы да өтө тунук болчу. Өзүн бүтүндөй Аллахка берген адам эле. Анын бул абалы досту да, душманды да таӊ калтырат эле. Ал бүтүндөй Денизли шаарын алып койгон сыяктуу эле.

РИСАЛЕ-И НУРДУН ДАГЫ БИР ГҮЛЗАРЫ БОЛГОН ЭМИРДАГ

1948-жылы Бедиуззамандын бир жерде калуусунан корккон ошол мезгилдин башкаруучулары аны окуучулары менен бирге Афён облусуна караштуу Эмирдаг районуна сүргүндөшөт.
Эмирдагда Бедиуззаман полиция участкасына жана мэрия имаратына жакын жерге жайгаштырылып, дайыма көзөмөлдө кармалат. Жанына өтө аз киши киргизишип, катуу текшерип турушат. Бул жерде ага эӊ көп жардам берген үй-бүлө райондун эӊ алдыӊкы үй-бүлөлөрүнөн болгон Чалышкандар үй-бүлөсү болгон.
Чалышкан үй-бүлөсүнүн эӊ эле чыгааны болгон Мехмед Чалышкандын 12 жаштагы өтө акылдуу, эмгекчил Жейлан аттуу баласы бар эле. Бир күнү Мехмед уулу Жейланды алып Бедиуззаманды көргөнү келет. Бул мезгилде Бедиуззаман Абдулкадир Гейланинин дубасын кылып жаткан болчу. Жаш баладан “атыӊ ким” – деп сураганда “Жейлан” деп жооп берет. Бедиуззаман болсо Жейлан менен Гейлан бир мааниде болгондугун айтат да, Мехмедге:
— Уулуӊду эмне кылайын деп ойлоп жатасыӊ? – деп сурайт
— Акылдуу бала. Окутсамбы деп жатам – деп жооп берет.
Бедиуззаман мындай дейт:
-Тууганым Мехмед! Менин уулум жок. Бул уулуӊду мага бер. Аны акыреттик жана дүйнөлүк илимдерге окутайын.
Атасы макул болуп:
-Макул, устатым, сиз айткандай болсун – дейт.
Жейланды өзүнө руханий уул катары кабыл кылган Бедиуззаман ага алгачкы берген сабагы ушундайча:
-Уулум Жейлан! Дайыма түз жүрүп, чындыкты айтууӊ керек. Эмне болсо да эч жалган айтпа. Сага бир миллион беришип, саткынчылык кылууӊ үчүн алдашып, жолдон азгырышы мүмкүн. Сен ал акчаны алып саткынчылык кылып коюшуӊ ыктымал. Анда кыяматка чейин жаман аттуу адам болуп аталып калышыӊ мүмкүн.Ошентип Жейлан Чалышкан Бедиуззамандын эӊ чынчыл окуучуларынан болуп өмүр бою аны менен бирге болот.
Бедиуззаман жаш балдарды аябай жакшы көрчү. Дайыма эркелетип, чачтарын сылап, белек-бечкектерди берип, мээримин төкчү. Алардын акылы кабыл кыла турган деңгээлде аларга таалим-тарбия берчү. Бир күнү Бедиуззаман дүкөндө эки бир тууган балдардын урушуп жатканын көрүп калат да, дароо окуучусу аркылуу аларды үйүнө чакыртат. Бул балдар мурда Бедиуззаман менен таанышкан балдар болгондуктан толкунданып, даарат алып, анын алдына чуркап келишет. Бедиуззаман аларга:
-Силер бир туугансыӊар. Ошондуктан бири-бириӊерди жакшы көрүп, сыйлашыӊар керек. Болбосо мени аябай капа кыласыӊар. Мен бир туугандарымдан, досторумдан алыстамын. Алар менен эч көрүшө элекмин. Мен бир туугандын кадырын аябай жакшы билем. Ошондуктан силерге айтаарым, бири-бириӊердин кадырыӊарды билгиле жана эч качан бири-бириңерди капа кылбагыла! – дейт.
Бул сөздөрдү уккан соӊ балдар “экинчи урушпайбыз” – деп сөз беришет.
Күндөн күнгө Бедиуззамандын үйүнө болгон күзөт күчөй баштайт. Кирген, чыккан адамдарды кармап, сурак кылып, Бедиуззамандын башкалар менен учурашуусун, байланышын азайтууга аракеттенишет. Ошол мезгилдин башкаруучулары анын жазган адамзат турмушу үчүн аябай маанилүү болгон илимий тафсирлеринин элге жайылып кетүүсүн алдын алууга аракет кылып жатышты. Көп өтпөй Бедиуззамандын үйүнө атайын тапшырма менен жарандык формачан үч полицияны коюшат. Алардын милдети провокация уюштуруп, Бедиуззаманга жалаа жаап, анын калк алдындагы аброюн түшүрүү эле. Алар Бедиуззамандын үйүнүн маңдайындагы кафеге келип отурушат. Алардын миссиясынан бир гана жандарм командири жана акимдин кабары бар эле.
Алар кафеде олтурган мезгилде Бедиуззаман бир окуучусун алардын жанына жөнөтөт. Окуучусу:
-Устат силерге салам айтты. Силер менен көрүшсөм деп жатат — дейт.
Полициялар чочуп кетишет. Бирок билдирбегенге аракет кылышып, шек алдырышпайт. Бул группаны жетектеген Абдуррахман аттуу полиция Хасан аттуу полицияны жөнөтөт. Хасан келген мезгилде Бедиуззаман:
— Кош келиптирсиӊ, атыӊ ким болот?- деп сурайт.
— Ахмед — деп Хасан өз ысымын жашырат.
— Уулум Ахмед! Калп айткан жоксуӊбу, сөз бер – дейт Бедиуззаман.
— Калп айткан жокмун, атым — Ахмед — деп Хасан дагы бир ирет атын жашырат. Бедиуззаман болсо дароо мындай дейт:
— Мага үч полицияны жөнөтүшкөндүгү тууралуу маалымат алдым. Эгер ошол полиция болсоӊор туурасын айтып кой. Себеби менин аябай көп досторум жана окуучуларым бар. Алардан силерди куткарып калайын. Болбосо алар силерге зыян жеткизип коюшу мүмкүн – дейт.
Хасан болсо “жок, полиция эмесмин” – деп туруп алат. Бедиуззаман:
— Макул анда – деп Хасанды кайра жөнөтөт.
Эртеси калган эки полицияны жанына чакырат. Бирок булар да “полиция эмеспиз” деп, моюндарына албай коюшат. Бедиуззаман болсо аларга ыйман акыйкаттарынан айтып илимий жана диний таалим-тарбия берип, баян кылат. Аркасынан сыйлуу тамак тартуулап, аларды конок кылып узатат.
Полициялардын бирөөсү кагазга “Бедиуззаман дүкөндөн шарап алдырды” — деп жазып, аны Бедиуззамандын үйүнө жакын жердеги дүкөндүн сатуучусуна алып барат да, кол коюп берүүсүн айтат. Бирок сатуучу андай окуя болбогундугун айтат. Бедиуззаман сыяктуу адамга андай жалган жалаа жабуу акмактык болгондугун айтып, кол койбой коёт.
Максаты ишке ашпаган соӊ ал достору менен шарап ичкени дарыя боюна барат. Ал жерде бир топ ичилген соӊ акыл ордун шайтан ээлик кылып, бири-бири менен уруша башташат. Бул уруш кармашка айланып натыйжада ал полиция аябай катуу таяк жеп, анысы аз келгенсип куралын да алдырып коёт. Бул кылганы үчүн анын аскердик наамын түшүрүшүп, башка жакка которуп жиберишет. Ушинтип Бедиуззаманга жалган-жалаа жабууну каалаган полиция заматта жазасын алат.
Адамзат чыдагыс азаптарга, машакаттарга карабай Бедиуззаман дале адамдарды “ыйманга чакыруу” ыйык милдетин уланта берет. Дале болсо ошол динсиздиктин жайылуусуна тоскоол болууга колунан келишинче аракеттенип жатты. Бир күнү ал табияттын кооздугуна ой жүгүртүп, Аллахтын кооз жараткандарын карап, Анын чеберчилигине суктанып эс алуу үчүн үйүнөн чыгат. Бирок бул жолу ал окуучулары менен эмес, жалгыз чыккан эле. Колунда кол чатыр, оюнда болсо жалгыз Аллах. Ал жолдо баратты. Бирок анын артынан сакчы жана командир аӊдып баратты. Ал дарыянын жанынан өтүп бара жаткан мезгилде командир Бедиуззаманга жетип барып, селдесин башынан жулуп алат да, жерге бир чабат. Анан Бедиуззаманга:
— Жүрү полиция участкасына кеттик – деп кыйкырат.
Бедиүззаман мындай мамилеге жумшактык менен жооп берет. Унчукпастан селдесин алып, тигилер айткан жакка барат. Бул мезгилде капитан катары кызмат кылып жүргөн окуучусу үйүнө келип Бедиүззамандын үйдө жок болгондугун көрөт да, дароо полиция участкасына чуркайт. Ал жердеги Бедиуззаманга кылган мамилелерди көргөн соӊ командирге:
— Сексен жаштагы аксакалга мындай мамиле кылгандан уялбайсыӊарбы. Намысыӊар кайда кетти!? – деп кыйкырат. Ал Бедиуззаманды ал жерден алып чыгып, үйүнө алып баратып жолдо мындай дейт:
— Устатым, качанга чейин булардын зөөкүрлүгүнө чыдап жүрө беребиз. Менимче, жооп бере турган мезгил келди окшойт – дейт.
Бедиүззаман мындай жооп берет:
— Бир тууганым! Биз талкалап, жок кылуу үчүн эмес, тескерисинче, оӊдоп-түзөтүү үчүн келгенбиз. Максатыбыз – адамдардын ыйманын куткаруу. Бир кишинин ыйманынын куткарылуусу үчүн тозокто күйүүгө да ыраазымын!
Бир күнү Бедиуззаман окуучусу менен баратып, жолдун четинде олтурган бир нече кишини көрөт. Алар ич ара бир нерсени кызуу талкуулап жатышкан эле. Окуучулары:
— Устатым, бүгүн майрам эмеспи, ошого байланыштуу бир нерсени талкуулап жатышса керек — деп басып кетүүгө аракет кылышат. Бирок Бедиуззаман
— Зүбейр, сен барып билип кел! — дейт.
Зүбейр Гүндүзалп аттуу окуучусу топтун жанына барат да дароо кайтып келет. Бедиуззаман:
— Эмнеге бат эле келе бердиӊ?- деп сурайт.
— Устатым, майрам тууралуу сүйлөшүп жатышат. Болбогон пайдасыз сөздөрдү айтып жатышкандыктан бат эле келе бердим — деп жооп берет. Бедиуззаман болсо ага мындай жооп кайтарат:
— Эгерде сен ошол жерде көбүрөөк калып, уккан нерселериӊ сени алаксытып, жүрөгүӊ таасирленгенде мен сени окуучу катары кабыл кылуудан баш тартмакмын.
Эмирдаг району менен ага коӊшу турган Болдавин району ортосунда дайыма футбол мелдеши болуп турчу. Аябай кызуу өткөн бир мелдеште бир гол эсептелбей калат. Анын артынан жаӊжал чыгып эки тарап салгылаша кетет. Бири-бирин таштар менен ташбараң кылганга чейин барышат. Натыйжада бир нече адам жаракат алат. Жаӊжалды араӊ токтотушуп баары тарап кетишет. Бирок ачуу кек тарай элек болчу. Эртеси Эмирдагда Болдавинден келип отурукташып калган дүкөнчүнүн дүкөнүн талкалашат. Жаӊжал кайрадан башталат. Он чакты жаш жигит чогулуп даярданып калат. Бул кабар Бедиуззаманга жетет. Ал дароо үйүнөн чыгып, эл чогулган жерге келип бийик үнү менен сүйлөй баштайт.
— Эй туугандарым! Эмне кылып жатасыӊар? Силер кошуна турган элсиӊер. Бир тууган эмессиӊерби. Бул кылганыӊар туура эмес да?
Ызы-чуу токтоп, баары Бедиуззаманды тыӊдап калат. Бедиуззаман дале сүйлөп жатты.
— Бири-бириӊердин кемчиликтериӊерди көрбөй, кечиришиӊер керек. Эмнени талашып жатасыӊар деги? Эгер жарашпасаӊар мен бул жерден кетем!
Бул сөздү укканда баары ойгонуп, чочуп кетишет. Бедиуззамандын бул жерден кетүүсү чоӊ жоготуу эле. Себеби Бедиуззаман бул жерге катталган болчу. Анын бул жерге катталгандыгы үчүн эл да аябай сыйлап өздөрүнүн адамындай кабыл кылышчу. Аны бул жерден кетирбөө үчүн алар эмнени болсо да кылышмак. Ошол жердегилер акырын Бедиуззаманга жакындап келишет да:
— Устат, бизди кечирип коюӊуз, акмактык кылдык. Эми урушпайбыз – деп кечирим сурашат. Айткандай, алар өз-ара жарашышып, ынтымакка келишет.

АБАК АЗАБЫНЫН АКЫРКЫ АЯЛДАМАСЫ – АФЁН

1948-жыл. Январь айы. Бедиуззаманды Эмирдагдан алып, Афён түрмөсүнө отургузушат. Алардын айыптоосу, баягы эле Аллахтын жалгыздыгын таанытуу жана Рисале-и Нур аттуу Курандын тафсирин элге окутуу болчу.
Афён түрмөсү Бедиуззаман үчүн аябай оор мезгил болот. Улгайып калгандыгына карабастан, аны оор шарттарда 20 ай кармашат. Ал жаткан абак бөлмөсүнүн терезеси жок эле. Ага кошумча абак бөлмөсүн ысыта турган меш да жок болчу. Мынчалык азап ичинде болгондугуна карабай аны дагы бир ирет уулашат. Окуучулары болсо башка абак бөлмөсүндө болгондуктан аны көрө албай кыйналышат. Бирок Ибрахим Факазлы аттуу окуучусу кооптуулугуна карабай устатынын абак бөлмөсүнө келет. Бул мезгилде Бедиүззаман оор абалда жаткан эле. Ал Ибрахимдин колун кармайт. Анын от болуп күйүп жаткан ысыгын сезген Ибрахим дароо доктор чакыртат. Доктор келип текшерген соӊ күчтүү уу менен уулангандыгын айтат. Бедиүззаман эч бир дарысыз дарттан кутулуп, айыгып кетет.
Түрмө жетекчилиги жогору жактан дагы бир буйрук алып, дагы бир ирет провокация уюштурууну чечет. Майрам күнү анын эшигине мамлекеттин байрагын илдиришет. Алар Бедиуззаман Осмон империясынын адамы болуп, империянын ордуна курулган мамлекеттин байрагын көргөндө баш көтөрөт деп ойлошот. Бирок, Бедиуззаман ал байракты көрөөрү менен түрмө жетекчилигине мындай деп кат жазат:
“Эгемендүүлүк күнү үчүн эшигиме илдирген байрагыӊыз үчүн чоӊ ырахмат! Эгемендүүлүк үчүн согушуу мезгилинде Англия жана Грецияга жазган макалаларым менен бир полк сыяктуу кызмат кылган элем. Бул кылгандарымды Анкарадагы башкаруучулар билип, Мустафа Кемал Ататүрк өзү мени чакырткан болчу. Атүгүл: “Бул күжүрмөн адам бизге керек” – деген болчу. Демек, бул майрамда бул байракты тагууда менин акым бар.”
Бедиүззаман Афён түрмөсүн да аз убакыттын ичинде медресеге айландырат. Жусуп Пайгамбар отурган түрмөсүн медресеге айланткан сыяктуу, ал да түрмөнү медресе катары көрүп, сабак берип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтара баштайт.
Бул жерде Касап Тахир аттуу киши бар эле. Ал эч кимди тынчытпай баарын кыйначу. Бир нече кылмыш кылгандыктан өлүм жазасына тартылган болчу. Бирок акыркы чечим акыркы сот менен чечилмек. Касап Тахир Бедиуззамандын алдына келет. Бедиүззаман ага:
— Сен намаз окуп, эски адаттарыӊды ташта, а мен сага дуба кылайын. Буюрса, кутуласыӊ – дейт.
Касап Тахир Бедиуззамандын айтканын кылат. Акыркы сот болуп өлүм жазасы өмүр бою түрмө менен алмаштырылат.
Дагы бир жолу бирөөсүнө Бедиуззаман мындай дейт:
— Сен болгону намаздардын парздарын эле оку. А мен сүннөттөрүн сенин ордуӊа окуп турайын.
Тиги да парзын гана окуй баштайт. Көп өтпөй намазга аябай үйрөнүп калган соӊ сүннөттөрүн да окуй баштайт. Муну менен чектелбестен каза намаздарын да окуй баштайт. Ошентип жумшактык менен насыйкат кылып, бир адамды ушундайча оӊдойт.
Жума күнү Бедиуззаман Жума намазына барып келүү үчүн уруксат сурайт. Бирок ага уруксат берилбейт. Бир аз убакыт өткөн соӊ анын абак бөлмөсүндө жок болгондугун көрүшөт. Заматта ызы-чуу көтөрүлүп, тинтүү иштери башталат. Полицияга кабар жетип, полиция шаардагы бүткүл мечиттерди тинте баштайт. Анан бир полиция анын Имарет мечитинде жума намазын окуп жатат десе, бирөө Отпазары мечитинде дейт. Бирөө болсо Мысырлы мечитинде жума окуп жатат деген кабарды беришет. Натыйжада бир эле мезгилде үч мечитте көрүнгөн Бедиуззаманды күтө башташат. Намаз бүткөн соӊ ал дагы жоголуп кетет. Эч нерсеге түшүнбөгөн полициялар кайра түрмөгө кайтып келип абак бөлмөсүнө келишет. Карашса Бедиуззаман абак бөлмөсүндө намаз окуп олтуруптур.
Бул жерде да жазган китептеринен улам тез-тез сот болуп, Бедиуззаманды чакырып турушчу. Бир күнү аны дагы сотко чакырышат. Окуучуларынын колдоруна кишен тагышат. Бедиуззамандын колуна да тагышат. Бирок кишен ачылып жерге түшүп кетет. Муну көргөн командир күзөтчүгө кыйкырат. Күзөтчү кайра кишенди тагат. Бирок кишен дагы түшүп кетет. Ачууланган командир кишенди алып, өзү тагат. Кишен кайра ачылып жерге түшүп кетет. Командир эч нерсеге түшүнө албай кайра тагат. Бирок дагы кишен ачылып, жерге түшүп калат. Командир Бедиуззамандын жөнөкөй адам эмес экендигине дагы бир ирет күбө болот.
1949-жылдын аягында 20 айлык оор түрмө жашоосунан соӊ Бедиуззаман бошотулат. Эки айдай Афёндо калат да, анан кайра Эмирдагга жол тартат.

ТҮРМӨ ЖАШООСУНАН КИЙИНКИ МЕЗГИЛ

28 жылдык түрмө жана сүргүн жашоосунан кийинки доорду Үчүнчү Саид доору деп аташчу. 28 жылдык азаптан кийин кайра эч түрмөсүз, сүргүнсүз өмүр сүрө баштайт. Түрмөдө олтурган мезгилде тарбиялап өстүргөн окуучуларынын ыйманга кылган кызматтарын көрүү максатында Эскишехир, Стамбул, Коня, Спарта шаарларына барып, ал жерлерде бир аз калат. Кийин Эмирдагга отурукташат. Күнүнө ондогон адам аны көргөнү келе баштайт. Бирок ал келгендерге:
— Рисале-и Нурду бир жолу окуп чыгуу мени он жолу көргөндөн да артыгыраак — деп жолугушуудан баш тартат. Анткени адамдар менен жолугушканда катуу ооруп калчу. Атүгүл, кээде сүйлөй албай кала турган абалдарга да дуушар болчу. Муну ал мындайча түшүндүрчү:
“Мени менен жолугушуулар менин ыкласыма терс келет. Бул нерселер кандайдыр бир деӊгээлде текеберчиликке, рияга, мактанууга алып барат. Атак-даӊк, шаан-шөкөт менин таза ниеттеримди өчүрүп салуусу мүмкүн. Ошондуктан мени менен жолугушууга муктаждык калган жок. Мен бир урук сыяктуу чирип кете турган нерсемин. Ал эми Рисале-и Нур бул Курандын кала турган мөмөсү. Силер чириген урука карабай, тескерисинче, мөмөгө карагыла. Мени менен жолугушкандан көрө Рисале-и Нур менен жолугушкула! Себеби менин эми керегим жок.”
1951-жылы сентябрь айында ал Эскишехирге келет. Бул жерде да ким келсе, аларга намаз окуш үчүн насыйкаттар айтат.
Бир күнү бир нече фабрикада иштеген адамдар келет. Бедиуззаман аларга мындай дейт:
— Эгер силер парздарды аткара турган болсоӊор, силердин ар бир кылган ишиӊер ибадат өкүмүнө өтөт. Себеби силер калктын муктаждыгын камсыздап жатасыӊар.
Дагы бир жолу ага бир нече аскер кызматкерлери келет. Аларга да ушул сыяктуу насыйкатты айтат:
— Парздарды орундатып, каза болгон намаздарды окусаӊар, кылган кызматыӊардын ар бир сааты он саат ибадат сыяктуу болот. Ал эми учакта кызмат өтөгөндөрдүн ар бир сааты отуз сааттык ибадат кылган сыяктуу болот.
1952-жылы Стамбулга келип “Жаштарга жол көрсөткүч” аттуу китеби үчүн болгон сотко катышат. Ал сотко келгенде, сот имаратынын алдына беш миӊдей эл чогулат. Алардын максаты Бедиуззамандай Ислам дини үчүн өмүрүн берген чыгаан адамды жанынан көрүү эле. Ал экинчи жолу Стамбулга 1953-жылы май айында келет. Бул мезгилде Стамбул шаарынын мусулмандардын колуна өткөндүгүнүн 500 жылдык мааракеси болуп жаткан. Ал бул майрамга күбө болуп кайра кетет.
Бедиуззаман көзүнүн тирүүсүндө осуят калтырып кетүү – Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (С.А.В.)дын сүннөтү болуп эсептелээрин айтып, өз осуятын айтты. Муну окуучусу Салих Өзжан мындайча айтат:
“1954-жылдын жаз айлары эле. Биз устат менен тоого чыгып баратканбыз. Бир дарактын түбүнө келгенде устат жарым сааттай туруп, анан бизди чакырып мындай деди:
— Мен өлгөндө көмүлгөн жеримди эч ким биле албайт. Сен да биле албайсыӊ. Мен сенин жериӊде өлүүнү каалайм. Халилуррахман аймагында.”
Кийин Бедиуззаман өзүнө таандык болгон буюмдарын Урфадагы окуучусу Абдуллах Йегинге жөнөттү. Бул буюмдардын арасында өткөн доордун улуу аалымы Мавляна Халид Багдадинин чапаны да бар эле.
Стамбулга акыркы жолу 1960-жылы окуучуларынан кабар алганы келет. 1959-60-жылдар арасында Бедиуззаман Стамбулдан сырткары Анкара, Коня шаарларына зыяратка барат. Бул мезгилдерде өтө катуу ооруп жаткандыктан жол азабын тартат. Барган жерде Рисале-и Нурдун шакирттери менен ооруусуна карабай жолугушуп, алардын абалынан кабардар болуп жүрдү. Экинчи жактан анын бул саякаттары “коштошуу саякаты” эле.
Анкарага келгендигинин дагы бир себеби ошол мезгилдин премьер министри Аднан Мендерес менен жолугушуу эле. Себеби Мендерес демократтар партиясынан болуп, динге бир топ эркиндик берген болчу. Бирок бул мезгилде динге, айрыкча Исламга бүтүндөй каршы болгон, динсиз, эски режимдин тарапкерлери, Иненү жана ЖХП партиясы шайлоодон жеӊилип калгандыгы үчүн күч колдонуу менен кайра бийликке келүүнү каалап жатышты. Бедиуззаман Мендереске жана аны зыярат кылган бир нече демократтар партиясынын мүчөлөрүнө жакында боло турган баш аламандык тууралуу айтып, алдын ала чараларды көрүү зарыл экендигин эскертет. Анын максаты Мендерести же демократтарды куткаруу эмес эле. Тескерисинче, бүтүндөй мусулмандарды куткаруу эле. Эгер динсиздикке тарапкер болгон күчтөр бийликке келе турган болсо, бүтүндөй өлкөдөгү мусулмандардын жашоосу азапка айланмак. Бедиуззаман бул жолугушууда Аясофия мечитин ибадат үчүн кайра ачууну да айтты. Аясофия мечити 1453-жылы Константинополду алган Фатих Султан Мехмед тарабынан чиркөөдөн мечитке айлантылган болчу. 500 жылдай кызмат өтөгөн мечит 1934-жылы оӊдоо иштери жүрүп жатат деген шылтоо менен жаап салынган. Мендерестин тушунда да ачыла элек болчу. Бирок, тилекке каршы, Аднан Мендерес Бедиуззамандын айткандарына терс мүнөздөгү жоопторду берет. Көп өтпөй эле Аднан Мендерестин бийлиги кулатылып, кайра аскер күчү жана эски режим орнойт.
1959-жылы 19-декабрда Бедиуззаман Коняга барды. Аны менен кошо Зубейр Гүндүзалп, Атыф Урал жана Саид Өздемир аттуу окуучулары бар эле. Ал жерде 40 жылдан бери жолугуша элек бир тууганы Абдулмежид менен жолугушту. Заматта эл Бедиуззаман олтурган машинаны курчап алды. Полиция келип элди тарата баштаган мезгилде Бедиуззаман полицияга мындай деди:
— Силердин милдетиӊер тартипти сактоо болгондугу сыяктуу эле биздин милдет да тартипти сактоо. Биздин насааттарыбыз менен канчалаган адамдар күнөөдөн, кылмыштан алыс болуп жаткандыгын билесиӊерби. Биз тынчтык үчүн эмгектенип жатабыз. Менден да, окуучуларымдан да эч кимге зыян келбейт, тескерисинче, өтө чоӊ пайда келет. Ал пайдага эӊ оболу мамлекет өтө муктаж!
Андан кийин бир топ шаарларды зыярат кылды. Кайсыл жерге барса да анын артынан журналисттер ээрчип жүрчү. Кайра-кайра жаркыраган фотоаппараттын жарыгынан кол чатыр менен коргонууга туура келип жатты. Эл да толуп ташып, заматта полиция ортого түшүп жатты.
1960-жыл. Рамазан айы. Бедиуззаман Эмирдаг шаарына жол тартты. Машинаны Хүснү Байрам айдап баратты. Машинада Зүбейр Гүндүзалп жана Мустафа Сунгур бар эле. Ден-соолугу аябай начарлап калган эле. Эмирдагга келгенде Бедиуззамандын эски окуучуларынан болгон доктор Тахир Барчынды чакырышты. Ал келип текшергенде температурасы 38 градус болуп чыкты. Укол жасалган соӊ катуу уйкуга батты. Эртең менен кайра кайраттуу болуп ойгонгон Бедиуззаман Спартага кайра кетүүнү айтты. Окуучулары кайра жолго даярдана башташты. Бул мезгилде Бедиуззаман Эмирдагдагы окуучулары менен муӊдуу түрдө коштошту. Бедиуззамандын эмне үчүн муӊдуу болгонун эч ким түшүнгөн жок. Ал түбөлүктүү ааламга сапар тартып жаткандыгын эч ким сезген жок…
19-март күнү Спартага келди. Аны арабадан араӊ түшүрүшүп, үйгө алып киришти. Байрам жана Зүбейр анын жанында калышты. Түнкү саат экилерде Бедиуззаман ойгонду да: “Кетебиз!” — деп катуу сүйлөдү. “Кайда!” – деп окуучулары сурады.
— Урфа… Диярбакыр!..
Окуучулары ысытма күчөп жатса керек деп ойлоду. Бирок Бедиуззаман кайра “Урфага кетебиз” – деп айтты. Машинаны даярдашып арткы орундукту жатууга ыӊгайлаштырышты. 20-март саат тогузда кетүүгө баары даяр турушту. Бирок сыртта буларды күзөтүп турган эки полиция бар эле. Жамгыр катуу жаагандыктан алар суу болбойлу деп, жаан тийбей турган жерге кирип кетишти. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ал жерден чыгып кетишти. Жолдо машинаны полиция таанып калбасын деп номерди ылай менен шыбап көрүнгүс кылып салышты. Жол азабы — көр азабы болуп кыйынчылык менен жүрүп олтуруп, 21-март күнү саат он бирлерде Урфа шаарына жетип келишти.

АКЫРКЫ КҮНДӨР

Бедиуззаманды Урфа шаарынын эӊ мыкты мейманканаларынан болгон Ипек Палас мейманканасына жайгаштырышат. Бул мезгилде эл Бедиуззамандын Урфада экендигин билип, баары мейманкананын алдына чогулушат. Экинчи жактан ошол мезгилдин ички иштер министри Намык Гедик телеграмма менен “Саид Нурсини тез арада Урфадан алып чыгып кеткиле. Эгер оорусун шылтоо кыла турган болсо, өлсө дагы таштанды ташыган арабага салып болсо да ал жерден алып чыккыла” — деп кабар жөнөтөт. Полиция Бедиуззаманды алып кеткени келген мезгилде окуучулары каршы чыгат. Кырдаалды түшүнгөн эл да ызы-чуу болуп, каршы чыгат. Натыйжада мейманканада бир топ башаламандык болот.
Мурда зыяратчыларды эч кабыл кылбаган Бедиуззаман бул жерде ким келсе да кабыл алып жатты. Баары менен учурашып, суроолоруна жооп берип, насыйкаттар айтып жатты. Урфа шаарында арап, түрк жана күрд эли бирге жашашат эле. Булардын баарынын ынтымакта, бир туугандык, достук ичинде жашоосу зарыл экендигин баса белгиледи.
Бедиуззаман дале оорусуна карабай эл менен жолугушууну улантып жатты. Бул мезгилде сырттан он чакты полиция кирип келди. Алар Бедиуззамандын тез арада Спартага кетүүсү керектигин айтышты. Бедиуззаман болсо:
— Айланайын туугандарым! Мен бул жерге өлүш үчүн келгенмин! Мени тынч койгула! Балким, жакын арада өлөм! – дейт. Полициялар Анкарадан буйрук келгендигин айтып туруп алышты. Машина даярдала баштаган мезгилде эл дагы көтөрүлүш чыгарды. Бакырып, кыйкырып, ызы-чуу сала башташты. Полициялар мейманканага кире албай калышты. Мейманкананын жетекчиси келип “Бедиуззаман менин коногум, ага мындай мамиле кылууӊарга жол бербейм!” – деп полицияларга каршы чыкты. Бирок полициялар болбой туруп алышты. Бул мезгилде Урфа акими улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисине барып Бедиуззаман Урфанын коногу экендигин жана ал бул жерде калуусу керектигин катуу айтты. Бирок жетекчи болбогон соӊ аким тапанчасын чыгарып столдун үстүнө койду да. “Эгер мени жеӊе алсаӊ, анан Бедиуззаманды алып чыгып кете аласыӊ” – деген белгини берди.
Бул мезгилде мейманканага доктор келип Бедиуззамандын температурасын өлчөгөндө 40 градусту көрсөтүп жаткан. Доктор мындай абалда жол жүрүү болбой тургандыгын айтты.
Бейшемби күнү кечинде окуучулары аябай чарчагандыктан эс алып жатышты. Бир гана Бедиуззамандын жанында Байрам аттуу окуучусу калган эле. Бедиуззамандын оорусу күчөп сүйлөй албай калган болчу. Ысытмасы өтө көтөрүлгөндүктөн улам жуурканды түртүп жатты. Байрам кайра жаап, чүпүрөктү суулап оозуна тамызып турду. Түнкү саат экилер чамасында Бедиуззаман Байрамдын мойнуна колун тийгизди. Байрам болсо анын колун укалап жаткан эле. Бедиуззаман Байрамдын көкүрөгүнө колун койду. Бир аз турган соӊ уктап кетти.
Чындыгында Бедиуззаман Саид Нурси уктаган эмес эле. Ал 1960-жылы 23-мартта таӊкы саат үчтө бул убактылуу ааламдан түбөлүктүү ааламга жол тарткан эле. Хижрий жыл санагы боюнча бул 25-Рамазан 1379-жыл эле.
Байрам Бедиуззаманды уктап калды деп ойлоду. Дароо ордунан туруп аны үшүп калбасын деп мешти жакты. Бул мезгилде башка окуучулары кирип келди. Бедиуззамандан эч кандай үн чыкпай турду. Бирок денеси ысык эле.
Атактуу аалым Ваиз Өмөр ошол мезгилде Урфада эле. Бир күнү ал укмуштуудай түш көрөт. Түшүндө Бедиуззаман аны чакырат. Бирок ал итикафта олтургандыгы үчүн келе албастыгын айтат. Бирок Бедиуззаман “Мунун жолу бар го, сураныч, кел!” – деп чакырат. Көптөн бери Бедиуззамандай инсан менен жолугушууну самап жүргөн Ваиз Өмөргө Бедиуззамандын окуучулары келип алып кетишет. Ал Бедиуззамандын бөлмөсүнө кирип “Инна лиллаахи ва инна илайхи рожиуун” – дейт. Ошондо гана устатынын өлгөндүгүн билишет.
Кабар Урфага заматта жайылды. Зүбейр, Хүснү, Абдулла сыяктуу окуучулары башка шаардагы окуучуларга телеграмма жана телефон аркылуу кабар беришти. Бедиуззаманды алып кетүү үчүн полициялар менен келген улуттук коопсуздук мүдүрү кабарды уккан соӊ кайра кетти. Бийлик башында тургандар өлүмүн аныктоо үчүн атайын доктор жөнөтүштү. Доктор келип, текшерген соӊ таӊ калып олтуруп калды. Себеби Бедиуззамандын денеси дале ысык эле.
Бедиуззамандын өмүр бою чогулткан мал-мүлкүнүн эсебин чыгарыш керек эле. Атайын дайындалган адамдар келип анын болгон мүлкүн эсептешти. Натыйжада Бедиуззамандын өзүнүн 83 жылдык өмүрүндө чогулткан мал-мүлкү ушулар болуп чыкты: бир саат, бир чапан, бир жайнамаз, чайнек, бир нече идиш жана майда-чүйдөлөр. Бул буюмдар окуучуларынын өтүнүчү боюнча бир тууганы Абдулмажидге калтырылды. Бедиуззаман чындыгында бул дүйнөдө материалдык байлык калтырган жок. Бирок адамдардын ыйманы үчүн баа жеткис, чексиз байлыкты калтырып кеткен болчу. Бул байлыктан ушул күнгө чейин ким кааласа, пайдаланып келүүдө.
Урфа эли дүкөндөрүн жаап, жумуштарын таштап, чогула башташты. Жаназа намазы бейшемби күнү окулду. Андан кийин Улуу мечитке алып барышты. Жамгыр майдалап себелеп турду. Кудум асмандагы периштелер акырын гана көз жаш агызып жаткансыйт. Кудум “кош келиптирсиӊ” деп тосуп алып жаткансыйт.
Шейх Абдулхамид Бедиуззаманды жууду. Тынымсыз куран окулуп, дубалар айтылып турду. Асманда миңдеген ак канаттуу көгүчкөндөр жана башка куштар топ-тобу менен Ибрахим (АС)дын жашап өткөн жайын асманда курчап учуп жүрүштү. Бедиуззаманды жума күнү көмүүнү чечишти. Бирок шаардын мэри окуучуларын чакырып: “Бүгүн көмгүлө, эртеӊкиге калса, башка шаарлардан жана мамлекеттерден да эл агылып келе баштайт. Башаламандык болуп кетүүсү мүмкүн” – деди. Ошентип, Бедиуззаманды асыр намазынан кийин аз. Ибрахим (АС)дын жашап өткөн жайына коюшту. Мечит менен Ибрахим (АС)дын жашап өткөн жайынын аралыгы аз эле болчу. Бирок элдин көптүгүнөн табытты бир нече саатта ал жерге жеткизишти.
Дале жамгыр себелеп турду…

ЭЧ КИМ БИЛБЕГЕН КАБЫР
Бедиуззаман премьер-министр Мендереске эскертип айткандай, мамлекетте саясий баш аламандык болуп, бийлик аскер күчтөрүнүн колуна өттү. “Бедиуззаманды таштанды салчу араба менен болсо да алып келгиле” – деп буйрук берген ички иштер министри Намык Гедикке кол салуу болуп, тепкичтен кулап дароо ошол жерде жан берет. Анкарада атайын өлгөн адамдарды ташуучу кызматчылар аны таштанды салчу арабага салып, мүрзөгө алып барып көмүшөт. Артынан Намык Гедиктин үй-бүлөсүнө кызмат акысынын квитанциясын жөнөтүшөт. Ошентип, “Бедиуззаманды таштанды ташуучу арабага салгыла” деген министрдин өзүн Аллах таала таштанды арабага салып койду.
Арадан 4 ай өткөн соӊ Бедиуззамандын Коня шаарындагы иниси Абдулмажид Нурсинин үйүнө генерал Ибрахим Йүксел келип:
— Сизди мэр чакырып жатат — дейт.
Абдулмажид генерал менен мэрияга барат. Ал жерде эки генерал күтүп турган. Бирөөсү Жемал Турал, экинчиси болсо Коня шаарынын убактылуу мэри генерал Рефик Тулга эле.
Жемал Турал мындай дейт:
— Агаӊыздын кабырын чек-арадан мыйзамсыз өтүп келип зыярат кылгандар бар. Азыр кыйын мезгилдебиз. Ошондуктан анын кабырын башка жакка алып барып көмүшүбүз керек. Сиз бул арызды окуп, кол коюӊуз!
Арыз Абдулмажиддин атынан жазылган болчу. Абдулмажид:
— Мен кол коё албайм. Өмүр бою аны кыйнадыӊар. Эч болбосо кабырында тынч койгула-дейт.
— Кол коюшуӊ керек! — деп ага зордук менен кол койдуртат.
Кийин самолёт менен Урфага барышат. Урфа элине үйлөрүнөн чыгууга тыюу салынган эле. Бүткүл тарапта аскерлер жайнап жүрдү. Шаардын борбордук аймактарына жана маанилүү жерлерге танктар келип токтоду. Кудум согуш учурундагыдай көрүнүштөн эл чочуп, эмне болуп кеткенин билбей турду. Бийлик башында тургандар Бедиуззамандын кабырын казып башка жакка коюшаарын эл билип калса, чоӊ башаламандык башталаарынан коркуп ушундай кылышкан эле.
Алар Бедиуззамандын кабырына барышты. Ал жерге эшиктен эмес, тескерисинче, терезени талкалап киришти. Абдулмажид ыйлап жатты. Кабырдын мраморлорун талкалап сындырышып ачышты. Бирок сөөктү алып чыкканга эч кимдин колу барбай турду. Баары коркуп жатты. Абдулмажид болсо мраморду талкалап жатканда Бедиуззамандын сөөгү талкаланып кетсе керек деп коркуп жатты. Бир доктор келип аскер кызматчыларына: “Туугандар! Биз буйруктун кулубуз, айла жок. Эмне кылмак элек” – деп сооротот. Анан Бедиуззамандын денесин алып чыгышат. Доктор кепиндин бетин ачат. Таң калыштуусу Бедиуззамандын денеси жаңы гана көмүлгөндөй таптаза эле. Жүзү болсо жылмайып турган сыяктуу эле. Көздөрү жабылуу болчу. Кудум бул дүйнөнүн залымдарын жеӊип, чарчап, анан ардактуу эс алуудагы адамдай эле. Баары ыйлап Бедиуззамандын денесин кучакташат. Кийин атайын дене салынуучу куту алып келип ага салышат. Бош жерлерин чөптөр менен толтурушуп алып чыгып кетишет. Самолётко салышып Афёнго учуп келишет. Ал жерден аскер машинасына салышып, жети сааттай жол жүрүшөт. Абдулмажид кайда баратканын да сурай албай баратты. Бир нече машина коштоп баратты. Түн бир оокум болгон мезгилде тоолуу аймакка токтоп, табытты машинеден түшүрүштү. Мурдатан казылып даярдалып коюлган кабырга табытты түшүрүшүп, шаша-буша көмүшөт. Ошентип Бедиуззаманды эч ким билбеген жерге алпарып көмүшөт. “Менин кайсыл жерге көмүлгөндүгүмдү эч ким билбейт” – деген Бедиуззамандын айтканы туура болуп чыгат. Иниси Абдулмажид да кайда көмүлгөндүгүн билбей калат. Себеби Бедиуззаман кабырын адамдар келип зыярат кылып, аны атак-даӊкка бөлөшүн каалаган эмес болчу. Анын бул каалоосун билбеген абалда жогоруда аталгандай душмандары орундатышты. Кабырынын кайда экенин 2-3 жакын окуучусу гана билчү. Аны көмүүдө катышкан бир нече жетекчилер да эч кимге айтпоого сөз беришет.
Өмүр бою азап тарткан бул инсандын жазган Рисале-и Нур аттуу илимий тафсирлери учурда дүйнөнүн бүткүл жерлерине жайылды. Ал тафсирлер какпаган эшик, аттабаган астана дүйнөдө дээрлик калган жок. Кайсыл элге барса ошол элдин суроосуна, талабына жооп берген бул чыгармалар көптөгөн адамдардын ыйманынын куткарылуусуна себепчи болду. Ошентип, сексен жылдык азаптуу өмүр учурда өз мөмөлөрүн берүүдө…

Запись Бедиуззаман Саид Нурсинин кыскача өмүр баяны впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.