Halloween party ideas 2015

“Дарылардын эң жакшысы – Курани карим”, – деп билдирилди. [Ибни Мажа]…

Эх, бир тууганым куран окуу биз үчүн канчалык пайдалуу,жолубузду жарыта турган нур,жүрөгүбүзгө себилген табылгыс даары,жан дүйнөбүзгө күч -кубат,жашообузда адашуудан кайтарган бактылуулук жолу,өмүрүбүздү кайырлуу,оорусак шыфа,кыйналсак тынчтык ыракат тартуулоочу түбөлүк бакыттка жетелөөчү улуук керем китеп..
Эгер билсек эң өкүнүчтөрдүн бири мусулман болуп туруп китебибиз куран каримди бир жолу болсо да окубай өтүү болуп саналат. Аллахка жакын болуу аны жакындан таануу куран окууда. Жашообузда бизди адашууда,балээлерге кириптер болууда,өмүрүбүз ууланып өкүнүчтөргө туш болууда себепчи айыккыс,ыплас жолунан кайткыс дүшманыбыз шайтан наалатынын бизден алыс болуусуна чоң курал Куран карим болот. Куран окуган денеде,тилде,уккан кулакта,сезип ыракат алган жүрөктө,үйдө шайтан -жиндер алыс болот. Биз ушулардан алыс болсок жашообуз ин ша Аллах өз нугунда жакшылыктар менен өтөт. …

Анда курандын биз үчүн табылгыс шыфа экенине көңүл буруңуз….

Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч түрдүү дары колдончу. Курани карим жана дуба окучу. Табигый илимдер менен табылган дарыларды колдончу. Экөөсүн тең аралаш да колдончу.
Бир хадиси шарифте мындай деп айтылды:

“Курани каримден шифаа күтпөгөн адам шифаага жете албайт” [ Дайлами]..

Курани карим жана дуба шарттарына ылайык окулса гана албетте шифаа берет. Окугандын жана оорулуунун буга ишенүүсү зарыл. Харам иш кылгандын жана ишеними туура болбогондун окуганы пайда бербейт. Курани каримди акчага окуу – харам. (Тафсир-и Мазхари)…

Денебиз бизге аманат. Динибиз аны мыкты коргообузду буйрук кылууда. Оорулууну дарылатуу зарыл. Дарылоонун, оорунун түрүнө карап, дары менен, садага берүү менен жана дуба менен жүзөгө ашырыла тургандыгы билдирилген. Тажрыйба аркылуу таасири анык болгон эмдөө, сыворотка, жана микроб өлтүргөн дарыларды колдонуу фарз. Б.а, Аллаху тааланын буйругу. Таасири анык болгон дарылар тамак сыяктуу. Дары колдонбой өлүү күнөө болуп саналат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч түрдүү дары колдонгон. Курани карим же дуба окучу. Табигый илимдер аркылуу табылган дарыларды колдончу. Ар экөөнү тең аралаш колдончу.
Курани карим жана дубанын таасир кылуусу үчүн айрым шарттарга көңүл бурулушу керек. Окуган жана жазган адамдын жана оорулуунун буга ишенүүсү, оорулуунун зыяндуу тамак-аштардан, күмөндүү дарылардан диета кылуусу, ысыктан жана сууктан коргонуусу зарыл. Окуган адамдын ишеними бузук болбошу, харам иш кылуудан жана кул акысынан сактануусу, харам жана таза эмес нерселерди жеп-ичпөөсү жана окуганы үчүн акча талап кылбашы шарт. Хадиси шарифте: “Дары колдонуу да тагдырдан, Аллахтын уруксаты менен пайда берет” деп айтылды. Дуба да дары сыяктуу. Аллаху таала тилесе гана таасири болот..

Хадиси шарифте айтылды:

“Дуба момундун куралы, диндин тиреги.” [Ибни Абиддунйа]…

“Дарт жана балээ келгенде, Юнус пайгамбардын дубасын окугула! Аллах ал балээден куткарат. Дуба ушул:

“Ла илаха илла анта субханака, инни күнтү миназ-залимин.” [Хаким]…

“Ла хавла ва ла куввата илла биллахи” окуу 99 дартка даба. Булардын эң жеңили башка келген кыйынчылыктар. [Хаким]…

“Аллаху таала истигфарды уланткан адамды ар кыйынчылыктан, ар дарттан куткарат, күтпөгөн жерден ырыскы берет.” [Тирмизи]…

“Эрте менен жана кечинде Ихлас менен Муаввизатайнды (Фалак жана Насс аяттары) үч жолудан оку! Булар бардык балээ, кырсык, кыйынчылыктарды жана кааланбаган нерселерди кетирет.” [Тирмизи]…

“Үйүндө Фатиха, Аята-ал курси окуган адамга ал күнү жин жана шайтан зыян бере албайт.” [Дайлами]..

“Эртең менен жана кечинде үч жолу “Бисмиллахиллази ла ядурру маасмихи шайун фил арды вала фиссамаи ва хувассамиулалим” деген адамга эч нерсе зыян бере албайт.” [Ибни Мажа]..

“Аллаху таала ар күнү эртең менен жана кечинде үч жолу “Хасбияллаху ла илаха иллаху, алейхи таваккалту ва хува Раббул-аршил-азим” деген адамдын дүнүйө жана акырет иштерине жетиштүү болот.” [Байхаки]

Хадиси шарифте айтылды:

“Фатиха ар дартка даба.” [Байхаки]..

“Фатиха сүрөсү Аллаху тааланын ачуусун кайтарат.” [ Шира]..

Жамгыр суусуна Фатиха, Аят-ал курси, Ихлас жана Муаввизатайн (Фалак жана Насс аяттары) 70 жолу окулат. Бул суудан калтырбай жети таңда ичкен адамдын оорусу кетет. [Муну 5-10 салих мусулман окуса, андан да жакшы болот]..

Ооруган жерди оң кол менен 7 жолу масх кылып, ар биринде Аузу биззатиллахи ва кудратихи мин шарри ма-ажиду ва ухазиру окугандын оору жана сыркоосу калбайт. (Б. Арифин)..

“Ясин окугандын кайгылары кетет.” [Дайлами]…

“Жума түнү Ясин сүрөсүн окугандын күнөөлөрү кечирилет.” [Исфахани]…

“Түнү Ясин окуган киши кечирилген бойдон таңга чыгат.” [Бухари]…

Запись Даарылардын эң жакшысы – Курани-Карим… впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.