Halloween party ideas 2015

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Өзгөн районуна болгон сапарынын алкагында Өзгөн шаарындагы “Топанса Отунбу” атындагы борбордук мечитинде жалпы райондун эли менен жолугушту.

Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдиргендей, аталган жолугушууга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, райондун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев жана райондун аймактарынан келген жашоочулар катышышты.

Жолугушууда Чубак ажы Жалилов “Фитна” темасында баян жасап, илимий сабак өтүп берди. Ал өз сабагында фитнанын баардык күнөөлөргө себеп болуучу, дүйнөдөгү эң чоң көйгөй экендигин белгилеп, жалпы коомчулукту учурдагы ар түрдүү ушак-айыңдардан жана түрдүү азгырыктардан оолак болууга чакырды. Ошондой эле туура эмес маалымат алып, фитнанын азгырыгына ишенип, Сирия курмандыктарына айланган жарандарды мисал келтирип, ар бир ата-эне балдардын интернеттен туура эмес маалыматтарды алуусун көзөмөлдөп, динди үйрөтүүдө расмий мечит имамдарына кайрылуу керектигин билдирди. Жыйындын экинчи бөлүгүндө катышуучулар тарабынан берилген бардык суроолорго кеңири токтолуп, Ислам шариятынын негизинде жоопторду берди.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов Өзгөн районуна болгон сапарынын алкагында райондук акимчиликте өткөн “Радикализм Исламдан эмес” аттуу иш-чарага да катышкан болчу.

Запись Чубак ажы Жалилов Өзгөн районунун тургундары менен жолугушту впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.