Halloween party ideas 2015

Кыргызстан Ислам Университетин жалпы Түрк дүйнөсүнө белгилүү  Нажмиддин Эрбакан инсандын уулу Фатих Эрбакан зыярат кылып, окуу жайдын мугалимдери менен жолугушту. Түркия мамлекетинен келген меймандарды ректор Марс Ибраев кабыл алып, университеттин билим берүү системасы, аткарылып жаткан иштер жана келечектеги пландар боюнча кабар берип, окуу жай менен эркин форматта тааныштырды. Муну менен катар эки тараптуу жолугушуунун алкагында билим берүү системасын өркүндөтүү  тармагында тажырыйба алмашуу тууралуу пикир алышып, кызматташтыкты бекемдөө жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Муну менен катар Фатих Эрбакан жана Түркиянын жогорку окуу жайларынын профессорлору КИУнун студенттерине бир тууган эки журттун ынтымак-биримдиги, достук карым-катнашы туурасында лекцияларын өтүшүп, билим тармагындагы инсандын келечеги кең экендигин окуучуларга илимий тилде түшүндүрүп беришти.

http://muftiyat.kg

Запись Кыргызстан Ислам Университети Түркия мамлекетинин жогорку окуу жайлары менен кызматташат впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.