Halloween party ideas 2015

Күмөн ойлор пендени кесел кылып бузуу үчүн колдонулган шайтандын кылтагы болот. Ошондуктан күмөн саноо жамааттарды, алардын байланыштарын бузуп, бир туугандык мамилелерди үзөт. Алла Таала жана Анын Элчиси күмөн ойлорду ойлоодон тыйган. Алла Таала айтты:

( ﻳَﺎ ﺃَﻳُّﻬَﺎ ﺍﻟَّﺬِﻳﻦَ ﺁﻣَﻨُﻮﺍ ﺍﺟْﺘَﻨِﺒُﻮﺍ ﻛَﺜِﻴﺮًﺍ ﻣِﻦَ ﺍﻟﻈَّﻦِّ ﺇِﻥَّ ﺑَﻌْﺾَ ﺍﻟﻈَّﻦِّ ﺇِﺛْﻢٌ ۖ ﻭَﻟَﺎ ﺗَﺠَﺴَّﺴُﻮﺍ ﻭَﻟَﺎ ﻳَﻐْﺘَﺐْ ﺑَﻌْﻀُﻜُﻢْ ﺑَﻌْﻀًﺎ ۚ ﺃَﻳُﺤِﺐُّ ﺃَﺣَﺪُﻛُﻢْ ﺃَﻥْ ﻳَﺄْﻛُﻞَ ﻟَﺤْﻢَ ﺃَﺧِﻴﻪِ ﻣَﻴْﺘًﺎ ﻓَﻜَﺮِﻫْﺘُﻤُﻮﻩُ ۚ ﻭَﺍﺗَّﻘُﻮﺍ ﺍﻟﻠَّﻪَ ۚ ﺇِﻥَّ ﺍﻟﻠَّﻪَ ﺗَﻮَّﺍﺏٌ ﺭَﺣِﻴﻢٌ ‏) ‏[ ﺳﻮﺭﺓ ﺍﻟﺤﺠﺮﺍﺕ : 12 ]

«Эй ыйман келтиргендер! Көп күмөн ойлордон алыстагыла. Албетте кээ бир күмөн ойлор – күнөө. Аңдыбагыла, кээ бириңер кээ бирөөлөрүңөрдү ушактабасын. Силердин бирөөңөр өлгөн бир тууганынын этин жешти жакшы көрөбү? Силер андан жийиркенесиңер. Алладан корккула – албетте Ал тообаларды кабыл кылуучу Ырайымдуу Зат». (Хужурат, 12-аят)

Пайгамбар, ага Алланын салават-саламдары болсун, айтты:
» ﺇِﻳَّﺎﻛُﻢْ ﻭَﺍﻟﻈَّﻦَّ ﻓَﺈِﻥَّ ﺍﻟﻈَّﻦَّ ﺃَﻛْﺬ ﺏُ ﺍﻟْﺤَﺪِ ِﻳﺚِ ﻭَﻻَ ﺗَﺠَﺴَّﺴُﻮﺍ ﻭَﻻَ ﺗَﺤَﺎﺳَﺪُﻭﺍ ﻭَﻻَ ﺗَﺒَﺎﻏَﻀُﻮﺍ ﻭَﻻَ ﺗَﺪَﺍﺑَﺮُﻭﺍ،ﻭَ ﻛُﻮﻧُﻮﺍ ﻋِﺒَﺎﺩَ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﺇِﺧْﻮَﺍﻧًﺎ ‏» ‏[ ﺍﻟﺒﺨﺎﺭﻱُّ ]

«Күмөн ойлордон сактангыла, албетте күмөн ойлор сөздөрдүн эң жалганы жана аңдыбагыла, көрө албастык кылбагыла, жек көрбөгүлө, бири-бириңерден бурулбагыла, О Алланын кулдары бир тууган болгула». (Бухари)

Аалымдарыбыз айтат: Күмөн жүрөккө орноп алуучу жаман ойлор. Көбүнчө адам андан кутулууга күчү жетпей калат. Ошол убакта күмөн ойлорду жакшы ойлор менен күчсүздөтүү милдет болот. Эгер ага күчү жетпесе, адамдардын айыбын ойлобой өзүнүн айып кемчмликтерин, күнөөлөрүн эстеши керек. Андай кылса да жаман күмөн ойлордон кутула албаса, ал жөнүндө изилденбей жана сүйлөбөй коюусу керек. Ошондо гана күнөөдөн саламат (аман) болот.

Күмөн ойлорго мисал боло турган эл арасында эң көйгөлү, жиби үзүлбөгөн ушакчылык сыпат тууралуу сабак боло турган окуяга күбө болуң…

Ушактын зыяны

📌Бир адам үй кызматчы сатып алуу үчүн базарга барды. Ар түрдүү кулдардын арасы-нан көзүнө бир жаш бала урунду. Анын жаны-на келип, кожоюндан баасын сурады. Баланын баасы да арзан экен. Кожоюн айткан бааны берип баланы үйүнө алып келди. Эч кемчили-ги жок кул мындай арзан баага сатылбайт болчу. Жаңы кожоюн күмөн санап, бир канча күн баланын эмне кемчилиги бар экенин билүү үчүн артынан аңдып жүрдү. Анын эч кандай кемчилигин байкаган жок. Анын качып кетпесине да көзү жетти. Андан кийин аны өз жайына койду.
Арадан бир канча убакыт өткөн соң, бир күнү бала жаңы кожоюндун ая-лына келип:
– Айым, сиз мени кечирип коюңуз, бирок мен сизге бир нерсени айтууга тийишмин, – деди.
– Эмне кааласаң айта бер, мен сага жа-мандык кылбаймын, – деп жооп берди кожойке.
Бала бир аз оңтойсузданып сөзүн башта-ды:
– Сиздин кожоюн үстүңүзгө аял алууну ниет кылып жатканын билип калдым. Аял бир азга унчукпай калды, анан:
– А мен эмне үчүн сага ишенишим керек? – аял тынчсыздана суроо узатты.
Аялдын жү-зүнөн тынчсызданууну байкаган бала:
– Мен анын башка аял менен турганын көрдүм жана алардын сөзүн да уктум, бирок ишенүү сиздин эркиңизде, – деп кетмекчи болду.
– Коё тур! – аял кол жаңсап токтотту.
– Сен муну ага эмне үчүн айтып жатасың?
– Айым, мен сизге жакшылык гана каалайм, эгер сиз мүмкүнчүлүк берсеңиз бул абал-дан чыгуунун жолун көрсөтүүгө да даярмын. Кожойке баланын сөзүн тыңшап унчукпай калды.
Бала сөзүн улады:
– Эгер кожоюн сиз менен өмүр бою бир-ге болуусун кааласаңыз, менин айтканымды четке какпаңыз. Бүгүндөн калбай кожоюндун сакалынан бир канчасын устара менен кесип алыңыз. Андан ары эмне кылуу керектигин мага коюуңуз. Кожойке макулдугун билдирип, баланы кетирди.
Бала короодон чуркап чы-гып, бакта жүргөн кожоюнга келди.
– Кожоюн – деди ал энтигип,
– мен сизге жагымсыз кабар айтууга аргасызмын. Ко-жоюн чочуп кетип, баланы шаштырды:
– Айт, эмне болуп кетти!?
– Кожойке айым менен бир эркек сүйлө-шүп турганын көрүп калдым.- Ага анча күйүгөсүң, анан эмне болду?
– Мен алардын сөзүн да угуп калдым. Кожойке ал адамга турмушка чыгуу үчүн сиди өлтүрүүнү ниет кылып жатыптыр.Баланын сөзүнө тиги ишенбеди. Бирок, жүзү кызарып ачууланып чыкты:
– Мен эмне үчүн сага ишенишим керек, эм-неге жалган сүйлөп жатасың? – деп кыйкыр-ды.
– Кожоюн, эгер мага ишенбесеңиз, бүгүн кечинде уйкуга жаткан мезгилде сак жаты-ңыз, кожойке сизди устара менен мууздап саларын айткан. Ушул сөздү айткан бала артына чуркап кетти. Жүрөгү дүкүлдөп, деми кыстыккан ко-жоюн олтурган жеринде катып калды. Шайтан алгыр десе, эмне эле өзгөрүп калды десе, ою башка экен да…
Аялына жини келип, азыр эле чуркап барып муунтуп салгысы келди. Жок. Балким бул бала жалган айтып жүрбө-сүн. Андан көрө кеч кирүүсүн күтүү керек.Кожоюн үйгө кеч келди. Адатта алдынан тосуп чыкчу аялы бул жолу чыккан жок. Тамак ичүүгө олтурганда да эмнегедир күйөөсүнөн көзүн ала качып жатты. Мунун баары кожоюндун шектенүүсүн күчөтө бер-ди. Кожоюн төшөккө эрте жатты.
Үй тирилиги менен алектенген аял төшөккө кел-беди. Кожоюн көз кыры менен аялын карап уктамыш болуп көпкө жатты.
Бир убакта аялы анын жанына келип эңкейип карады да, уктап жатканын көргөндөн кийин акырын барып устараны алып кайра келди. Эңкейип күйөсүнүң ээк алдындагы сакалынан кармады. Ушул учурда күйөөсү ыргып туруп, аялын колго чапты. Устара колунан ыргып кетти. Ачууланган күйөөсү устараны алып аялына шилтеп жиберди. Курч устара күрөө тамы-рын шылып түштү.
Бир чыңырган аял жер кучактап жыгылды. Эртеси бул окуя эл ичине шамалдай тарады. Аялдын туугандары келип, анын куну үчүн «канга-кан» деп күйөөнү байлап кетиш-ти.
Ушинтип бир ушакчынын айынан эки адам өлүп, эки уруу бири-бирине жоо болуп кала берди…

Абу Лайс Самаркандий өз сөзүндө мындай дейт:

“Эгер сага бир инсан келип: Сени паланча ушундай деди, сен тууралуу мындай, тигиндей деп айтты, десе анда сен ушул алты нерсени кылышың керек:

1. Сен ага ишенбе! Себеби чагымчынын сөзү шарият өкүмүндө күбөгө жарабайт.
Аллах Таала Куранда бул тууралу мындай дейт:

“Оо, ыйман келтиргендер! Эгер силерге бир бузуку кабар алып келсе, кайсыл бир коомго байкабастык кылып, кийин өкүнүп калбоо үчүн оболу (ал кабардын чын түгүн) аныктагыла!”. (Хужрат: 6)

2. Аны ошондой иштен кайтаргын, себеби жамандыктан кайтаруу исламда важип амалдардын бири, бул тууралуу Аллах Таала Куранда мындай дейт:

“Оо мусулмандар! Силер (ааламдагы баардык) адамдар үчүн чыгарылган жакшы үммөт болдуңар. (Адамдарды) жакшылыка буйуруп жамандыктан кайтарасыңар” (Аали Имаран: 110)

3. Аллах үчүн жаман көргүн! Себеби ал күнөөкөр, ошондойлорду жаман көрүү керек, себеби Аллах Таала ушундай инсандарды жаман көрөт.

4. Жамандалып жаткан адам тууралуу жаман ойлоп калбагын! Себеби билбей туруп жаман күмөн саноо күнөө болот, бул тууралу Аллах Таала Куранда айтат:

“Чындыгында кээ бир Күмөндөр күнөө” (Хужрат: 12)

5. Сен анын артынан аңдыбагын Себеби Аллах Таала Куранда аңдыганды кайтарган:

“Бири бириңерди аңдыбагыла!” (Хужрат: 12)

Алтынчысы: Тиги ушакчыга нараазы болгондой, сен да ошол ишти кылбагын, ушакчы алып келген ошол сөздү эч кимге айта көрбөгүн. . . .

Ушак сүйлөгөн адамга күнөө болгондой эле, ушакты угуп олтурган адам да күнөө болот. Эгерде бир жерде ушак сөзү башталган болсо аны уккан адам токтотконго аракет кылуусу керек. Токтотууга эч мүмкүнчүлүк болбой бир коркунуч бар болсо, анда жүрөгү менен жаман көрүп, ал жерди таштап кетүүсү жакшы.

Аллах Таала Куран да мындай дейт:

“Эгер сен Биздин аяттарыбыз жөнүндө чындыка карышып сүйлөгөн адамдарды көрсөң, качан алар башка сөзгө чумкуп кирмейинче, алардан алыс бол. Эгер шайтан унуттурган болсо, (эсиңден чыгып алар менен олтурган болсоң) эстегениңден кийин адашкан коомдор менен олтурба!” (Анъам:68)..

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Запись Күмөн ойлор – сөздөрдүн эң жалганы впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.