Halloween party ideas 2015

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи болуп Максатбек ажы Токтомушев бекитилди.

Кыргызстан Мусулмандарынын VI курултайыны Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийлик кызматына Максатбек ажы Токтомушевди бекитти.[1]

Максат ажы Токтомушев кайрадан Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы – муфтий болуп шайланды. Бишкекте бүгүн өтүп жаткан өлкө мусулмандарынын алтынчы курултайында эки жүздөн ашуун делегаттын көбү анын талапкерлигин колдоду.

Андан тышкары бүгүнкү курултайдын жүрүшүндө Аалымдар кеңешинин курамы жаңыланды. 54 кишиден турган кеңештин мүчөлөрүнүн көбү мурдагы кишилер, жаңылардан дин таануучу Кадыр Маликов кошулду. Төрагалык орунга кайрадан Абдышүкүр Нарматов шайланды.[2]

Запись Максат ажы Токтомушев кайра муфтий болуп шайланды впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.