Halloween party ideas 2015

Куран, Аллахтын Жабраил периште аркылуу пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салам-салаваттары болсун) түшүрүлгөн тикелей аяны болуп саналат. “Куран” сөзү араб тилиндеги (Караа) уңгу сөзүнөн чыккан, кыргызчага которгондо “окуу”, “жазуу” дегенди билдирет. Куран – исламга ылайык Аллахтын бүткүл адамзатка түшүргөн акыркы аяны жана ислам илими менен мыйзамдарынын негизги булагы.

Биз бул Ыйык Китеп жана ага кандай мамиле кылуу тууралуу билебизби? Төмөндө дин таануучу, профессор Кадыр Маликовдун “Ислам дини боюнча кыскача окуу куралы” китебинен Ыйык Куран китеби тууралуу кенен окуй аласыздар.

%article_title%

Бул ыйык китепте диндин негизги маселелери (АКЫЙДА): Бир Кудайга, акырет күнүнө, өлүмдөн кийинки тирилүүгө, бейишке жана тозокко ж.б. ишенүү; моралдын (ахлак), адамзаттын жана пайгамбарлардын тарыхы (кисас анбия), жалгыз Жаратканга сыйынуу (т.а., Кудай менен адамдардын арасындагы мамиле), ошондой эле адамдардын өз ара мамилелеринин бардык өңүттөрү, укуктук маселелер (Ислам укуктары жана юриспруденциясы) каралат.

Куранда медицинага, астрономияга, физикага, химияга, техникага ж.б. илимдерге таандык оригиналдуу маселелер бар. Курандын тили бийик пафостуу, чечен, метафоралары, терең жана таамай салыштыруулары, акылман ойлору көп жана ошол эле учурда Кудай менен адам жекече сүйлөшүп жаткансып, ар бир адамга (анын жан дүйнөсүнө, ойлоруна, адамдын ички “Мен”ине, санааларына багытталат).

Куран толук жанан аякталган түрдө кадыр түнү Аллахтан дүйнөгө (биринчи асманга) түшүрүлдү, бирок Жабраил периште пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салам-салаваттары болсун) 23 жылдын ичинде бөлүп-бөлүп алып келген.

Курандын мазмуну өзгөрүлүшү мүмкүн эмес, анткени Улук Жараткан акырет күнгө чейин бурмалоодон сактоого убада берген.

“Чындыгында, Биз эскертүү түшүрдүк жана Биз аны сактап турабыз” (Куран 15:19).

Ошондой эле Куран Кудайдын пайгамбарга жана бардык мусуландарга тартуулаган укмуштуу керемети (муъжиза) болуп саналат. Куранда, Аллах, ким Куранга ишенбесе, анда колунан келсе адамдар менен жиндер мындай китеби менен келсин деп чакырык таштайт. Азыркыга чейин адамзат Куранга тең келген китепти ойлоп чыгара элек. Бул “ижаз аль Куран” деп аталып, Курандын кайталангыстыгын жана туурап жазылгыстыгын көрсөтөт.

Курандын түзүлүшү:

%article_title%

Куранда ар кандай (3 аяттан баштап, 286 аятка чейинки) узундуктагы 114 сүрө бар. Бардык сүрөлөр аяттарга бөлүштүрүлгөн. Ар кайсы эсептөөлөр боюнча Куранда 6236 аят бар.

Курандын тогузунчу (Ат-тавба) сүрөсүнөн башка бардык сүрөлөрү : “Бисмиллахи Рахмаанир Рахим – Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен баштаймын” деген сөздөр менен башталат. Анткени бул сүрөдө Аллах көп кудайга ишенген каапырлардан баш тартат жана аларга түбөлүк жазаны убада кылат. Курандын сүрөлөрү эрежеден тышкары кээ бир учурларды айтпаганда хронологиялык эмес, көлөмүнө жараша жайгаштырылган. Башында узун сүрөлөр, андан кийин аяттардын саны улам-улам азайган түрдө берилет.

Курандын эң узун сүрөсү-Бакара (2-сүрө), эң кыска сүрөсү – “Кавсар” (108-сүрө).

Курандын кээ бир маанилүү сүрөлөрү жана аяттары:

1-сүрө. Эң белгилүү “Аль-Фатиха” (Китепти ачуучу) сүрөсү, ошондой эле “Курандын энеси” деп да аталат. Мусулмандар күндө 5 маал окуй турган намазда 1 эле жолу окулбастан, анын ар бир рекетинде окулат.

2-сүрө, 255-аят “Аль-Курси” (Такты) аяты. Аллахтын өзү жараткан ааламды жана ааламдагылардын баарын башкарып тургандыгы жөнүндө эң таасын айтылгандардын бири. (Адатта бул аят ар түркүн жин-шайтандардан, сыйкырдан сактоочу эң күчтүү аят деп айтылат).

24-сүрө, 35-аят, “Нур жөнүндө аят” – Аллахка мактоо айтууну сүрөттөгөн аяттар (Оорулардан айыктыруу үчүн да пайдаланылат).

36-сүрө. “Йа-Син” сүрөсү. Ислам илиминде бул сүрө “Курандын жүрөгү” болуп саналат. (Бул сүрө адатта жаны чыгып бараткан мусулман адамга окулат, анткени бул сүрө денеден жандын чыгышын жеңилдетет, ошондой эле, оорудан айыктыруу, көз тийгенди, сыйкырды кетирүү үчүн окулат).

112-сүрө. Абдан кыска “Аль-Ихлас” сүрөсү исламдын өзгөчө бир диний символу болуп саналат. Анын аты “ак ниеттик” маанисин берет. (көбүнчө аны намаздын алдында, киши каза болгондо окулуп жүрөт.

Исламга ылайык, Курандын маанисин түшүнүү үчүн (анын маанилеринин араб тилинен которулган котормосун жана түшүндүрмөлөрүн) ар кайсы тилде окууга болот, бирок Куранды (сүрөлөрүн жана аяттарын) Кудайга сыйынуу максатында, мисалы, намаз окууда (орусча же кыргызча ж.б.) котормолорун окууга болбойт. Тагыраак айтканда, намазда Курандын сүрөлөрүн жана аяттарынын текстин араб тилинде жатка айтуу керек.

Куран – өзүнө өзгөчө мамилени талап кылган ыйык китеп

%article_title%

Миллиарддан ашык мусулмандар үчүн Куран өзүнө өзгөчө мамилени талап кылган ыйык китеп. Куранды ыргытууга, гусулсуз же дааратсыз колго алууга, тексттин үстүнө чийүүгө, жерге ыргытып салууга, аяттарын ырдай кылып ырдоого ж.б.у.с. болбойт. Куранды таза жерлерде окуш керек, белден ылдый кармоого болбойт.

Дуба (Аллахка сыйынуу, жалбаруу, өтүнүү, кайрылуу)- адатта намаздан кийин окулуп, ар кайсы тилде айтууга болот.

Мусулмандар Куранды урматтап мамиле кылышат. Көптөгөн мусулмандар кем дегенде Курандын бир нече бөлүгүн жатка билишет. Адатта, булар намаз окууга зарыл болгон сүрөлөр жана аяттар. Куранды баштан аяк жатка билгендерди “хафиз же каари” деп айтышат.

Кадыр Маликовдун “Ислам дини боюнча кыскача окуу куралы” китебинен үзүндү

Запись Ыйык Куран – Аллахтын тикелей аяны впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.