Halloween party ideas 2015

Кайгылуу күндөр эсиңе түшсө, аларды болбогон деп бил жана жашооңду уланта бер!

Жийиркеничтүү, уят сөздөрдү угуп калсаң, кулагыңдын сыртынан кетирип, жолуңду улай бер!

Кимдир бирөө жамандык кылса, аны кечир жана эч нерсе болбогондой жашооңду уланта бер!

Бул дүйнөнүн кайсы бир жакшылыгына жетпей калсаң кайгырба, эч нерсе болбогондой өмүр сүрө бер. Анткени өмүр кыска. Бакытка жетпей туруп өзүн бактылуу сезген адам – чыныгы бактылуу.

Ар бир айтылган сөздү тактай бербе!

Сен жөнүндө айтылган сөздөрдү териштире бербе!

Сага жамандык кылган ар бир адам менен эсептеше бербе!

Сага кол салган ар бир адамга кол салышың шарт эмес!

Сага душмандык кылган адамдан өч алба!

Эгер сак болсоң, Алла Таала ден -соолугуңду чың кылат. Түнү тынч уктайсың, ырахаттанып жашайсың, көңүлүң тынч болот.
Намазга турган кезде жүрөгүң Алла Таала менен гана байланышта болсун. Андан башка нерселерге алагды болуудан сакта.

Жыйында отурганда тилиңди сакта.
Бөтөн бирөөнүн үйүндө көзүңдү сакта.
Тамактанганда ашказаныңды сакта.
Эки нерсени эч качан эстебе: Адамдардын сага кылган жамандыктарын; Өзүңдүн адамдарга кылган жакшылыктарыңды.

Эки нерсени эч качан унутпа: «Алла Тааланы», «Акыретти».
Эгер сага орой сүлөсө, ага ачууланба, жөн гана жылмайып кой. Анткени, ал өзүнүн ким экендигин сага көрсөтүп койду. Адамдын көркү – акыл, акылдуу адамдан гана акылдуу сөздөр чыгат. Ириген ооздон чириген сөз чыгат. Тентекке теңелип, терек бою секирбе!

Наадан адамдардын айткан сөздөрү жүрөгүңдү жаралабасын. “Чагылган чокуга түшөт” – деген сөздү эсиңе түй. Адамдар сагызганга тор салбайт, анткени андан эч кандай пайда жок. Бирок булбулга тор салышат, анткени анда мукам үнү бар. Эч ким терекке таш атпайт, анткени анда мөмөсү жок. Бирок алмага таш ыргытат, анткени анда мөмөсү бар.

Эгер бирөө сага тилинин канжарын сайып жараласа, сен да ошол канжар менен жооп беришиң шарт эмес. Тескерисинче, сен ага жылмаюунун кылычын сайып алсаң жакшыраак болот.
Ниетиңди түздө, туура эмес оюңду адамдарга таңуулаба!

Абдишүкүр Нарматов

Запись Билмексен бол впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.