Halloween party ideas 2015

Осмон падышачылыгынын учурунда Үчбаш Насреддин Хамза аттуу атактуу аалым болгон экен. Ал киши акчасын коромжу кылгысы келбей, атка минбей жөө басып, эски чапан, эски көлөчүн жаңылабаптыр. Ошентип өмүр кечирип көп байлык жыйынаптыр. Аны берегидей эски-уску кийимчен жүргөнүн көргөн айылдаштары «Акчалуу молдо» деп койчу экен.
Акчалуу мырза күн келип чогулткан акчасына Фатих Карагумрук деген жерге «Үчбаш» атындагы медресе, «Үчбаш» атындагы мечит салдырат. Аалымдар жана үйү жок кембагалдар жашай турган далистүү бөлмөлөрдү курдуруп ишке киргизет. Элдин баамында акчаны жандан артык сүйгөн молдонун бул жигердүү камкордугу көпчүлүктү таң калдырат. Айрымдар тартынбай сурайт:
-Таксыр, сиз акчаны жандан артык көргөнүңүзгө карабай, ушунчалык зор ишке кантип батындыңыз? Мыйыгынан жылмайган молдо берегидей маңыздуу жоопту узатат:

-Кадырман замандаштар! Силер туура айтып жатасыңар. Мен акчаны абдан жакшы көрөм. Ошондуктан анын бу дүйнөдө калып кетишине көңүлүм түтпөдү. Өзүмдөн мурда акчамды Акыретке жөнөттүм.

Запись Өзүмдөн мурда акчамды Акыретке жөнөттүм. впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.