Halloween party ideas 2015

Коркуратма чегүү соңку жылдары Кыргызстанда да популярдуу өнөкөткө айланды. Ал ден соолукка зыяндуу экенин АКШдагы Цинциннати университетинин (University of Cincinnati) профессору Жозеф Карусо (Joseph Caruso) жетектеген илимий топтун изилдөөсү көрсөттү.

Коркуратманы же кальянды суу түтүк аркылуу чегүү жүздөгөн жылдар мурда Түштүк Чыгыш Азияда башталып, анан Жакынкы Чыгышка жайылган. Ал бүгүн бүтүндөй дүйнөгө тараган. Асыресе коркуратманын түтүгүнө толтурулчу тамекини ага аралаштырылган глицерин жана гүл кайнаган сууга бууланып, жыттуу кылат.

Демейде коркуратманын түтүгүндөгү жыты буруксуган тамеки атайын даярдалган брикет көмүр менен күйгүзүлөт. Мындай көмүрдө организмди ууландырчу кадмий, күчала (мышьяк) сыяктуу оор металлдар жана башка зыяндуу заттар болушу ыктымал.

Египет.

Египет.

Райан Саадави (Ryan Saadawi) жүргүзгөн изилдөө пресстелип жасалган брикеттерге караганда чок катары бүгүн кеңири колдонулган электр дисктер же электр чоктор алда канча зыяндуу экенин айгинеледи. Тактап айтканда, уулуу заты аз жыгачтын көмүрү 24 сааттан кийин өпкөнүн клеткасынын 10% өлтүргөн. Уулуу көмүр өпкөнүн клеткасынын 25 %, ал эми электр чок өпкө клеткасынын 80% иштен чыгарган.

“Коркуратма өпкөнүн газдар алмашчу клеткаларын кыйратат. Натыйжада бронхит жана дем алуу жолдорунун сезгенүүсү пайда болот,” -дейт доцент Майкл Борчерс (Michael Borchers). Илимпоздун айтышынча, коркуратманын түтүгү чылымдын кагазындай туруктуу абалда турбайт. Себеби кээ бирөөлөр түтүктөн түтүндү көп сорсо, башка бирөөлөр аз сорот.

“Чылымчылар “бир чегим топтолуп уу болот” дешет. Эгер 20 мүнөт бою коркуратманын канжасын оозуңуздан албай олтурсаңыз бир сигарет чеккендей болосуз. Бирок канжаны көп жолу терең -терең сорсоңуз, үч сигаретаны түгөткөнгө тете болот”, – дейт Майкл Борчерс.

Нью-Йорк университетинин Маңзаттардын жана ВИЧ-инфекциясынын проблемаларын изилдөө борборунун (New York University’s Center for Drug Use and HIV Research) 2014-жылкы изилдөөсү боюнча, америкалык окуучулардын дээрлик ар бир бешинчиси коркуратма чеккен.

АКШнын Азык-түлүк жана даары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча агенттиги 2016-жылдан тартып, коркуратма чегүүнү көзөмөлгө алган.

(Булагы: http://ift.tt/1lUsYhf, http://ift.tt/2e2iTlB)

Амирбек Азам уулу, “Азаттык”

Запись Кальян өпкөнү кыйратат впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.