Halloween party ideas 2015

 

*✨БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИЙМ.*

🏻Кимде-ким Рамазан айынын келээрине сүйүнсө, чыдамсыздык менен күтүп кубанса,
орозо бүтөөрүндө кайгырса ал адамдын
бүт күнөөлөрү кечирилет .
Сүйүнүп эле койгон адамдын күнөөсү кечирилет !

Шейхтер айтат:
Сүйлөп жаткан адамдын өңүнө, келбетине,
жашына эмес сөзүнө маани бергин
ошондон пайда табасың !
Эмне үчүн кебете, өң-түсүнө карабайбыз?
Анткени ибилийс алайхи лаъна
Адам алайхис саламдын келбетине карап:
– Бул топурактан жаралса.. -деп
текеберденди эле зыянга учурады.

Баарыбыз баян укканды жакшы көрөбүз.
Баарыбыз аалымдарды, каарыларды сыйлайбыз. Анткени Аллахтын жардамы аалымдар менен, Аллахтын рахматы каары, уламалар менен бирге .
Сиз менен биз уктап жатканда алар
түндү түн дебестен илим окушат .
Аалымды жамандаган,
аалымды гыйбаттап, урматтабаган адамдын урпактарынан каары-улама жети урпагына чейин илимден махруум болот !
Бул урук-тукумунан аалым чыкпайт дегени.
Бүгүнкү күндө туугандарым,
маселе-баян угуу жөн гана маанай көтөрүүчү
же бир ыйлап алуучу көрүнүш сымал болуп бараткансыйт . Адамдардын баарында интернет бар . Телефон менен каалаган шейхтин баянын уга алабыз. Чубак устаздын баяндарын укканда жалаң позитивдүү,
маанайды көтөрө турган маселелерин
тандап-тандап угабыз .
Мейли, уга бериңиз ..

Ресторанга кирип, официантты чакырсаңыз
келип менюну берсе
тамактардан
1 Манты
2 Лагман
3 Пельмен
ж.б

Экинчиге:
1 Куурдак
2 Плов
ж.б

Үчүнчүгө суюк тамактар:
Шорпо
Мастава 0,7 – 120 сом.

Андан сырткары Суппер Хошан.
Оштун тандыр самсасы .
Жаңыбайдын Жаңы самсасы да бар деп менюда жазылып турса, сиз сатып алып жебестен эле
караап олтуруп кетип калсаңыз
курсак өзүнче эле тоюп калабы )?

Качаан чөнтөктөн акчаны алып
тамакты сатып алып жегенде
курсак тойгондой
сиз качаан баян укканыңызда аны түшүнүп,
аят-хадиске амал кылганыңызда гана жашооңузга бактылуулук келет !

Дагы эмнени айтат экен,
эмне сөз бар, жаңы окуяларды айтат бекен
деп укпастан, Аллах үчүн угуп ,
Аллах үчүн башкаларга жеткирейли .
Баян айтсаң кээ бирлери телефонунун диктафонун жандырып коёт .
Сиз менен биз жүрөктүн диктафонун жандырайлы! Кандай дейсиздер?
Атаңыз сизге бир иш айтса жүгүрүп барып сүйлөгөнүн диктафонго жаздырып алып,
атам эмне деди экен деп кийин угуп иш кылбайсызго . Угуп эле айтканын кыласыз.
Ошол сыяктуу угуп эле амал кыла берейли )..
Кандай дейсиздер ?

Сиз бизге обратно кайра кетүү үчүн билет алынган . Кээ бир адамдар Россияга, Туркия ж.б мамлекеттерге бара жатып 1 же 1 жарым айдан кийин кайра кайтам деп обратно билет сатып алышат туурабы ?
Дал ошол сыяктуу акыретке кайтуучу сапар бар, биз менен сиз конок болуп жүргөн чагыбыз. Бир күн келип сөзсүз кетээрибиз анык. Сапардан кайтып баратып жакындарыңызга, туугандарыңызга белек менен Российский жакшы оригинал шокаладдан тандап алып барсаңыз Ата-Энеңиз каанча кубанат. Туугандарыңыз каанча сүйүнүшөт туурабы туура эмеспи ?
Айтайын деген максатым туугандар,
акырет узак, ага канчалык даярдандык?
Биз өзүбүз менен кошо ала барган амалдарды
көрүп Жараткан Зат ыраазы болобу ?
Акырет сапары узаак..
Акырет сааты болсо жакын .
Дүйнө убактысы асты тешик
кум идиштей азайгандан азайып баратат .
Акырет жакындап келе жатат .
Дүйнө алыстап бара жатат .
Инсан балдары гана,
түбөлүктүү жака карай баспастан ,
артын карабастан кетип бара жаткан дүйнөнүн артынан түшүп, кыска убакытка карай бет алууда. Астыда узаак жашоо турса,
кыска бир жашоонун проблемаларын
проблема кылып жүрөбүз .
Эхх, кандай гана өкүнүчтүү .
Дин дүйнөнү таштап кой дебейт .
Дин – дүйнө жашооңду дин менен жашап өткөргүн дейт !

Өмүр өтүп жашыбыз бир топко барып калса да
арстандан кутулуунун үмүтү бар кийиктин баласы сымал ажалдан качууга умтулабыз .
Арстандай артыбыздан кубалап келе жаткан өлүм периштеси астыңдан тосуп чыгаары,
ал эмес кайсыл убакта келээри белгисиз.
Адамдардын баары качан төрөлгөнүн, кайсы күнү төрөлгөнүн саатынан бери билишет.
Бирок бир дагы адам качан өлөөрүн билбейт .
“Куллу нафсин заааикотул мааувт!
Ар бир жандын ээси өөлүм даамын татат.
Кыбыр этип кыбырап жүргөн жандын баары өлүм даамын татат.
Баары эле ошол даярдалган чуңкурга коюлат дегендей)..
Аллах насип кылса 100 жылдан кийин такыр эле башка адамдар биздин ордубузга келишет.
Бүгүнкү күндө басып жүргөн ар бир жан өтөт.
Муну түшүнүү керек!
Ойлонуу керек, амал кылуу керек.
Мейли ал адам чоң болсун, кичине болсун ..
Бай болсун кедей болсун..
Сулуу болсун куник болсун ..
Депутат болсун Министр болсун .
Мейли, ал адам милиция болсун..
Падыша президент болсун .
Мейли Кыргыз болсун башка болсун ..
Баарыбыз, мен да сиз дагы ошол суракты көрөбүз . Кача албайбыз . Убакытты токтотуп тура албайбыз . Колубуздан келе турган нерсе
ошол сурак күнүнө даярдануу .
Ошол өлүмгө, өлүмдөн кийинки өмүргө
даярданайлы деген теманын айланасында
сөз болуп ошого мээнет болуп жатпайбы.
Кепиндин чөнтөгү жок!
Эгерде сиз менен биз дин менен жашап
динге амал кылсак, Куран Хадис менен аракет кылып жашообузга ыйман алып келсек ,
бул дүйнөдө да акыретте да,
өлүм учурунда да амал таразасында да,
сирот көпүрөсүндө да кабырда да
керек болсо эки метр көрдүн ичинде
эки метр кепиндин ичинде жатып бактылуу болобуз, Аллахтын астында даражабыз жогору болот ! Канткенде сиз биздин жашообузга
дин келет ? Канткенде мусулмандар кыйналбай бактылуу болуп жашашат?
Канткенде балдар ыймандуу болуп
ата-энесин какшатпай калат ?
Канткенде кыздар уяттуу болуп,
бактылуу эне болушат ?
Канткенде мусулманды мусулман алдап кетпейт, канткенде бирин-бири урушуп кетпейт, канткенде бири-бирине сылык мамиледе болуп, канткенде улутка бөлүнбөй бир тууган болуп, бир үммөт болуп күн кечиришет !!?

2010 жылдары адамдар бир кыйынчылыкты башынан өткөрүштү ..
Ошол убактарда элге айттык эле:
“Кыргыз Бейишке кирбейт!”-дедик .
Адамдар чочуй түштү.
Бир ааз туруп :
“Бейишке Өзбеги да кирбейт!”-десек адамдар жалдырап карап туруп калышты, анан ким кирет дегенсип .
Анан биз айттык:
” Бейишке – Мусулман кирет !”-деп.

Улутка бөлүнбөйлү, жаман көрбөйлү .
Ким улут-улутка бөлүнүп урушса,
ал адам кыямат күнүндө шайтандын сабында тирилет! Пайгамбар алайхис салаам айтат:
“Улутка бөлүнгөндөр менин үммөтүмдөн эмес!”

Адамдык сыпатты менменсинүү, текеберденүү,
көрө-албастык, бирөөнү кыйбаттоо сыяктуу сыпаттар жок кылат .
Ар бирибиз өзүбүздү мактап, өзүбүздү жакшы көрүп алганбыз . Алфавитте “Я” деген тамга эң акыркы турат . Сиз менен биз эң биринчиге коюп алганбыз . Ушул нерселер сиз бизди жек көрсөтүп жатат . Азия, орто Азия элдери айрыкча адеп ахлакка өтө чоң маани берген эл.
Адеп-ахлагыбызды оңдойлу.
Үйгө келгенде жакындарыңыз кубансын,
үйдөн чыгып кеткенде эмес !)))

Пайгамбарыбыз алайхис салам бир да жолу:
– Эмнеге андай кылдың?
Эмнеге андай кылган жоксуң ?-деп айткан эмес. Үйгө келгенде Айша энебизге сылык сүйлөйт эле .
Сиз биз азыркы күндө үйгө кирип эле:
Турбайсыңарбы! Чай койбойсуңарбы!
Сасып жата бересиңерби ?-деп урушабыз.
Туугандар менен мамилени оңдойлу.
Жылмайганды үйрөнөйлү.
Айрыкча эркек кишилердин арасында көп болот, бири-бирине катып желкелерди чыгарып , эки каш биригип Вандам болуп
бири-бири менен айтышып түртүшүп кетет .
Пайгамбар алайхис салам бүгүнкү сиз көрүп жаткан динди алып келген эмес !
Жанагы сөздөгүдөй болуп калбайлы да:
“Мен бул жерден мусулманды көрдүм
бирок исламды көрбөдүм”

Тилди пайдасыз сөздөрдөн сактайлы.
Эки желкедеги периштелер оозуңуздан кайсы сөз, керек болсо бир тамга айтсаңыз да жазып коюшат . Сөгүнсөңүз ошону да жазат .
Энеңдин деп “эне” деген бойдон токтоп калсаңыз
амал дептериңизге “Эне!”- деп жазып коёт.))))

Эң улуу айлар келе жатат .
Орозо айында колдон келишинче ибаадат менен өткөрүүгө аракет кылайлы .
Анан ушул жерден айта кетчү маселе:
Жаштар орозо тутуп саартан кечке укташат экен да, түнү менен тамак жешет экен.
Эрте менен оозду жабат уктайт.
Пешимде туруп намазын окуп кайра уктайт.
Асрда туруп намазын окуп кайра уктайт .
Шамда жакындарын кыйкыртып жүрүп ойгонот да, оозун ачып алып түнү-менен көчөдө достору менен бильярдда жүрүп, эрте менен келип оозун жаап кайра уктайт .
Бул эмне деген орозо болду эми ?
Үйдө кызмат кылайлы туугандар!
Сиз биздин себебибизден динге сөз тийип калбасын ! Кээ бир жакындарыбыз байкуш түшүнүшпөйт . Сиздин оңолоюн деген оюңузду билбейт . Мындай мамиле жасасак ,
орозону да жаман көрсөтөбүз .
Кичинекей күкүрт чоң бир токойду өртөп коюуга жетерлүү.
Ошол сыяктуу сиз биздин ар бир туура эмес аракетибиздин себебинен динге сөз тийип жүрбөсүн!

1 жыл бою бир карыш карынды тойдурамын деп дүйнөнүн артынан канча жүгүрдүк .
Эми бир ай гана курсакты ач коёлу.
Нафсини тарбиялайт.
Бул Аллахтын өкүмү!
Аллах Таалам билет канткенде биз
оңолобуз, канткенде такыба болоорубузду!
Бир миллионер келип сизге:
“Саатына 3000 миңден беремин, бир сутка же 18 саат ачка жүрүп бербейсиңби десе, сиз:
Братан бир жолу 25 саат кылып бербейспи ?-дейт элек да)))
Акчанын кадыры жүрөгүбүзгө кирип кеткен.
Бүгүнкү күндө адам баласы сомго канчалык муктаж болуп жатса,
эртең кыямат күнү ошончолук соопко муктаж болуп калат !
Кыямат күнү махшарда атасы баласын көрүп:
“Балам менин!
Сени кичинеңден тарбиялап багып чоңойттум эле. Мектепке да окутуп,
үй салып, машина алып бердим эле.
Мага бир эле сооп берип турчу ?”-дейт.
Анда баласы:
“Ооба атаке.
Бермекмин, бирок сиз муктаж болгон нерсеге мен да муктаж болуп турамын !”-деп жүзүн бурат . Апасынан качат .
Агасынан, эжесинен, жакындарынан качат .
Күйөөсү аялынан, аялы күйөөсүнөн качат .
Ата-эне балдарынан качып калышат .
(Абаса сүрөөсү 33-37 аяттар).

Ар бир жан өзүм-өзүм деп калат .
Тааныш адамдар мени көрүп калып,
менден сооп сурап келбесе экен деп жашырынышат . Ар кимдин түйшүгү өзүнө жетерлүү болот . Ошол сурак күнүндө:
“Ким кыпынчалык жакшы иш кылса аны да көрөт. Ким кыпынча жаман иш кылса
анын жазасын дагы көрөт !”
(Залзала 7-8 аяттар)

Тозоктун чуңкурлугу 70 жылдык жол.
Тозоктун четинен таш сыйгаланып түшсө,
тозоктун түбүнө 70 жылдан кийин жетет .
Акыреттин бир күнү биздин 100 жылга барабар. Курандагы:
“Эй күнөөкөрлөр!
Момундардан бөлүнгүлө !”-деген аят айтылганда сиз менен биз кайсы тарапта тураарыбызды билбейбиз .
Ошол күнгө даярданайлы .
Кечээ эле биз менен бирге мечитке каттап,
орозо тутуп, намаз окуп жаныбызда жүргөн чоң ата чоң энелерибиз, жакындарыбыз бүгүн жок,
балким өтүп кетишкендир .
Бул рамазан сиз бизге берилген эң чоң мүмкүнчүлүк !
Балким бул өмүрүбүздөгү эң акыркы мүмкүнчүлүк болуп жүрбөсүн ?? …

👤Али Оши~

  1. 👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
    ══════════════════
    ✿ OK.ru/Formulasy
    ✿ Fb.com/Formulasy
    ✿ Vk.com/Formulasy
    ✿ http://ift.tt/2mb2Guk
    ✿ http://ift.tt/2l8etvu
    ✿ +996700334493
    ✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Акыретке сапар впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.