Halloween party ideas 2015

2017-ыйман, адеп жана маданият жылына карата Кыргызстан элинин руханий жана адеп-ыйман баалуулуктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган жаранды өстүрүүдө мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттерин координациялоодо, ар бир баланын таланты менен шык жөндөмүн ачуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандырууда, жүрүм-турум жана укуктун маданияттын, өз ара урмат сыйдын, көмөктөшүүнүн жана жарандык тилектештиктин өрнөктөрүн жайылтууда казыят сиздер үчүн төмөнкү он беш насыйкатты сунуштайт:

  1. Сага өмүр багыштаган ата-энеңди, анан дагы ар дайым сага жардам берип, өмүрүңдү сактоочу жандарды урмат кылган, алардын ызатын жана урматын дайыма актай билгин.
  2. Ага-ини, эже-сиңди, тууган-урук жана дос-жолдошторуңа мээримдүүлүк жана кайрымдуулук жиби менен байлангын.
  3. Мекендин чыныгы, акыйкатчыл перзенти болгун. Мекенге жана элге ак кызмат кылып олжого тундур.
  4.  Маанисиз терс жолдордон, арак-шараптан жана абийир-намысыңды булгай турган иштерден ыраак болгун.
  5. Жаштыгыңды, жакшы сапатыңды, ден соолугуңду, дилиңди, абийириңди, намысыңды таза кармап дилиңди нурдаткын.
  6. Сүйүштү билгин, махабатың менен таза акылың өзүңө өмүрлүк жолдош тандоодо жол башчы болсун.
  7. Үйлөнүүнү кааласаң кайрымдуу, мээримдүү, дени соо, жалпы эле дили таза, адеп-ахлактуу, пейили кенен, бардык жактарынан мыкты сапатка ээ кызды танда.
  8. Күчүң, чама-чаркың жеткен убакта дароо үйлөн. Үй-бүлө түзүп, кут конгон бир таалайлуу үй-отон даярдагын. Анткени сенин жасаган бул ишиң инсандык жана коомдук эң негизги милдетиң, эч нерсеге окшобогон бак-таалайдын ыйык куралы болуп саналат.
  9. Үй-бүлөнүн бүтүндөй байлыгын жана адеп-ахлак жагынан муктаждыктарын камсыздандырууга умтул, тырышчаак болгун.
  10. Жамааттын муктаждыктарын өтөй турган перзенттерди өстүргүн. Перзенттерини тек кана өзүң үчүн эмес, Мекениң, калкың үчүн, анан дагы жаамы инсаният үчүн тарбиялагын.
  11. Уулдарыңды сабырдуу, туруктуу, жакшы сапаттуу жана чечкиндүү, кайраттуу кылып өстүргүн. Кыздарыңды дагы өзүңө өмүрлүк жолдош кылып тандап алган аялың сыяктуу тунук көркөм сапаттуу кылып тарбиялагын.
  12. Үй-бүлөңдүн өмүрүн өтө жагымдуу, жайдары өткөрүүгө тырыш. Үй-бүлө мүчөлөрүн өз калкаңа алгын. Алардын көзгө жагымдуу, жайдары өсүп жүрөккө ырыхат багыштоолор үчүн бар күчүңдү сарп кылгын.
  13. Үйүңдүн эшиги чыныгы досторуң үчүн дайыма ачык болсун.
  14. Мээримдүү жана кайрымдуу бол. Баштарына мүшкүл иш түшкөндөрдүн же бир балекетке кабылгандардын көңүлүн жубатаар жылуу сөз сүйлө. Мүшкүлдөн кутулуу үчүн аларга жардам бергин.
  15. Бош убактыңдын бир бөлүгүн адеп жана ахлакка каршы келбеген оюн-күлкүлөргө, спортко сарптагын.

Ыймандуулук – адамды жакшылыка чакырып, жамандыктан кайтаруучу жол жана адамдарды ынтымакка, достукка чакырат.

Адеп адамды бактылуулукка тарбиялап, кубанычка бөлөйт.

Адеп – бул бийик рухтун, таза жана ыхластуу напсынын, бийик таасирдүү билимдин тарбиясы.

Даярдаган: Жалал-Абад казыяты.

Запись Ыйман, адеп баалуулуктарын жайылтуудагы 15 насаат впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.