Halloween party ideas 2015

🏻«Аллах деген – ал жалгыз: андан башка кудай жок.

Ал тирүү жана ойгоо: аны үргүлөө да, уйку да албайт. Жер жана асмандагылардын бардыгы Аныкы…» (Бакара: 255)

Ушул учу-кыйырсыз ааламда адамдын акылын айран-таң калтырган бир тартип жана шайкештиктин бар экени айдан ачык. Бул мыйзам менен шайкештик ушундай кынтыксыз болгону үчүн, аалам жаралгандан бери такыр бузулбастан, кылдат жана аяр эсептердин түбөлүк тең-салмактыгы ичинде жашап келет.
Эгер Жер шарынын орбитасында 23.5 градус ийкемдик (ийрилик) болбогондо, төрт мезгил пайда болбойт эле: жай болгон жер түбөлүк жай бойдон; кыш болгон жер түбөлүк кыш бойдон калмак. Же болбосо күн менен жер шарынын ортосундагы аралык бир аз көбүрөөк болгондо, жер бетин толук муз каптап калмак.
Тескерисинче, азыркыдан бир аз жакын болгондо, бардык нерсе куурулуп күйүп кетмек.
Ушул жана ушул сыяктуу нерселер бардык асман телолору жашоону камсыз кыла турган түрдө программаланганын далилдейт. Мындай кынтыксыз, абдан кылдат жана бири-бири менен тыгыз байланышкан эсептер менен жаралган аалам механизми Жараткан Аллах Тааланын бар жана бир экенине жана кудурети менен улуулугуна далил болот.

Аятта мындай деп айтылат:

«Ал асмандарды көтөрүп, бир чен-өлчөм (теңсалмактык) койду.» (Рахман: 7)

«Ал асмандарды жети кабат кылып жараткан. Рахмандын (Мээрмандын) бул жаратканынан эч кандай ыраатсыздык көрө албайсың. Көзүңдү кайрадан асманга бурчу, кандайдыр жараканы көрөр бекенсиң?» «Бир ыраатсыздык табуу үчүн көзүңдү кайра-кайра асманга бур, көздөрүң издегенин таба албай, ордуна талып кайтат.» (Мyлк: 3-4)

✏Шотландиянын атактуу философторунун бири Бюти баласына ааламдын кокусунан жаралбай турганын, ал бир гана Аллах Таала тарабынан жаралганын төмөнкүчө далилдеген экен:
Бакчасында казылган топурактын бир четине уулунун ысымын сөөмөйү менен жазат. Бул сызыктардын ичине бир чөптүн үрөнүн сээп, көөмп коёт. Белгилүү убакыт өткөндөн кийин уулу атасына чуркап келип, толкундана мындай дейт:
– Атаке, бакчанын бир бурчунда менин атым чөп менен жазылып калыптыр! Атасы көңүлдөнбөгөндөй түр көрсөтүп:
– Жөн эле кокусунан жазылып калса керек да, – дейт.
Баласы ага каршы чыгып, мунун сөзсүз түрдө бирөө тарабынан жасалганын айтат:
– Атаке, менин атым өзүнөн өзү эле чөп менен жазылышы мyмкyн эмес да?..
Менин атымды чөптөр дагы, топурак дагы билбейт.Муну менин атымды билген эле бирөө кылган…
Атасы дароо темирди кызуусунда чабат:
– Болуптур, сен ысымыңдын бакчада өзүнөн өзү жазылбай турганын айтыбатасың, андай болсо, андан да үстөм жана чебер жаралган денеңдин, же бул ааламдын кокусунан пайда болгонуна кантип ишенибатасың?
Мынчалык жөнөкөй жана оңой иш дагы кокусунан болбосо, анда өтө эле чоң жана укмуштай сонун жаралган адамдар, айбанаттар жана аалам кантип өзүнөн өзү пайда болот?
Булардын бардыгынын бир жаратуучусу болушу керек да?
Чындыкты түшүнгөн философтун уулу кечирим сурап:
– Атаке, сизге чоң ыракмат. Анткени бул мисал менен дүйнөдө эң кичинекей нерсенин дагы өзүнөн өзү болбой тургандыгын түшүндүм.Эми бардык нерсени жараткан Улук Жаратуучунун бар экенине мен да ишенем.
Азирети Мавляна Аллах Таала тууралуу терең ой жүгүртүүнү сунуштап, кайдыгер адамдарды ойгонууга чакырат:
«Тегирмен ташынын айланганын көрүп турганыңдан кийин жакшылап карап, ал ташты айландырган сууну да көр!
Абадан топуракты, чаңды көрсөң, аларды асманга учурган шамалды да көр!
Мобул сарайларды, чоң-чоң имараттарды салган бирөөнүн болгону акылга сыйымдуубу, же болбогонубу?
Жазууну жазган жазуучунун болгону акылга сыярлыкпы, же ал жазуучусуз жазылды дейсиңби?
Эх, адамдар! Бул ааламдан өзүнөн өзү пайда болгон бир нерсени көрсөтө аласыңарбы?»
Акындардын бири бул боюнча мындай дейт: Жаралган болсо бул аалам өзүнөн өзү,
Салынат эле бул там да өзүнөн өзү!
Чатырдан чыккан морлоруң айтууда сага:
От болбой түтүн чыгабы өзүнөн өзү?
Турбаса бир күч башкарып, бул ааламды,
Айланат беле жаңылбай өзүнөн өзү?
Кылбаса эмгек дыйкандар, кызыл буудай,
Бөлүнөт бекен самандан өзүнөн өзү?
Суусаса жерде топурак, асманда булут,
Төгүлөт бекен билгендей өзүнөн өзү?
Көрбөдүм десең парда артын, бул жалганың,
Oзүңө жылан болот го өзүнөн өзү!

Табияты бузулбаган ар бир жан ааламдагы себептер чынжырын аң-сезимдүү түрдө байкап, бул себептер Жараткан Аллах Тааланы билдирерин түшүнүп, ага ыйман келтирет. Бирок шайтан мындан адам акыл-эсин жаңылтыш үчүн бардык жерге ар түркүн тузакта курган. Көптөгөн кайдыгер адамдар түшкөн бул тузакка түшпөш үчүн Мавляна мындай дейт: «Сен ыйманыңдан шайтанга азгырылба. Ал өтө шумпай ууруга окшоп, түнкүсүн эшигиңди кагат.

Сен болсо колуңа чырак алып, эшикти каккан ким экен деп чыгасың жана ширеңке чагып, чыракты жандырайын дегенде, ал отту өчүрүп салат. Караңгылыктан аны көрө албай: «Биликте май түгөнүп калган турбайбы…» – дейсиң. Ошентип чырагыңды өчүргөн ууру сага белгисиз бойдон калат да, сен андан бейкапар болуп каласың…

Шайтан кайдыгерлик караңгылыгында сенин дилиңдеги «ыйман чырагын» дал ушинтип өчүргөнгө умтулат жана ошону менен сени Аллага кайдыгер калтырып, «жан-дүйнө казынаңдан» бүткүл байлыкты уурдап, натыйжада, сени акыретке куржалак жөнөткүсү келет.
Ага кайдыгер карап, анчейин маани бербесең, көзүң менен көңүлүң жаралган нерселерди да, аларды жаратканды да байкабай калат!».

Дагы бир мисал катары айбанаттын бир түрүн алалы: бул түрдөн тараган жана тарай турган – бардык жаныбарларды жер бетине бир убакта жаратканда, бул дүйнө бир гана ошол түргө кирген жаныбарларга тардык кылгандай эле, андагы азыктар дагы аларга жетмек эмес.

Бирок Жараткан бул нерсенин да алдын алып, бардык жан-жаныбарларды мезгилге жана мейкиндикке көз каранды кылып жараткан. Ошондуктан Жер шары демейдеги сыйымдуулуктан триллиондогон эсе көбүрөөгүн батырууда. Тактап айтсак, жанжаныбарлардын дүйнөдө орун алышы дагы бир тең салмактыкка баш ийет.
Мисалы, теректен жылыга миллиондогон уруктар пайда болот. Бул уруктар парашют сымал бубактары менен шамалга учуп, туш тарапка жайылат.

Булардын ар биринен терек өсyп чыкканда, Жер шары терекке толуп кетмек. Башкача айтканда, кең дүйнө дарактын бир эле түрүнө тардык кылмак. Калган бардык нерселерди бул мисал менен салыштырып карасак, бул ааламда акыл оңой-олтоң жете бербеген теңсалмактыкты көрөбүз. Мындан тышкары, Жараткан Алла Таала жандууларга ушундай өзгөчөлүк бергендиктен, бирдей эле азыктарды жегендер дагы ар түркүн нерселерди пайда кылып, жашоону толуктоодо.

Мисалы, тыттын жашыл жалбырагын уй, же кой жесе, андан эт, сүт жана жүн пайда болот. Ал эми жибек курту ошол эле жалбыракты жеп, жибек буласын пайда кылат.Ошол эле жалбыракты марал жесе, андан жыпар жыт жасалат.Ааламда эң кынтыксыз болгон адам баласы аарынын гүл чаңчаларынан жасаган балындай бал жасай албайт. Жөнөкөй эле чөптүн түрүнө кирген ар түркүн гүлдөн чыккан түстөр, жыттар жана жалбырактарды эч бир химик жасай албайт. Мал чөптү этке жана сүткө айлантса, химия лабораториясында тонналаган чөптөн бир грамм эт, же сүттү пайда кылуу адам баласынын колунан келбейт.

Тунук акыл-эске ээ болгон киши кайсыл жакка гана карабасын, Жараткандын бар экендигине күбө болот. Пайгамбарларды жөнөтүү, алардын тили, илими жана адеп-ахлагы аркылуу адамзаттын кемчилигин толуктоо сыяктуу көрүнүштөр – Аллах Тааланын мээриминин далили. Бир жагынан адамзатка миңдеген пайдаларды алпкелген илимдердин натыйжасы, экинчи жагынан Аллах Тааланын бар экенин адамзаттын алсыздыгын сездирүү менен өзүнүн кулчулук ордун билүүгө өбөлгө болууда.

Адам баласы өзүнө жана ааламга баам салып караганда, көрүнгөн Улуу Кудуреттин алдында ыйман келтирбөө кандай гана күлкү келтирерлик экенин дароо аңдайт.

Албетте, бул чексиз ааламдын өзү– Жараткан Алланын бардыгынан жана анын улуулугунан бир белги, адам баласына жогорку бир ыйман нуру…..

 

Запись САГА ДАГЫ КАНДАЙ ДАЛИЛ КЕРЕК АЛЛАХТАН ЖҮЗ БУРГУДАЙ?! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.