Halloween party ideas 2015

Жан берээр кезде: “Лаа илааха иллаллох, Мухаммадур расууллуллох” келмесин айта албай көз жумуу кандай өкүнүчтүү.

Кыямат күнүндө Алла Таала:

“О, пендем! Мага жолугар кыямат күнүнө кош көңүл мамиле жасадыңбы? – деп айтуусу кандай өкүнүчтүү.

Курани Карим окулбай текчелерде, сандыктарда сакталуусу кандай өкүнүчтүү.

Артистер жөнүндө төрт беш саат сүйлөшүп, Алланын кудурети жөнүндө беш мүнөт да сүйлөшө албагандыгыбыз кандай өкүнүчтүү.

Көптөгөн ырларды жаттап бирок, Курандан бир сүрө жаттабай жүргөнүбүз кандай өкүнүчтүү.

Жаштар батышты туурап, өзүнүн пайгамбарына ээрчигенди унутуп калганы кандай өкүнүчтүү.

Кыямат күнү Пайгамбар (соллалоху алайхи васаллам) бизге:

“Сухкон, сухкон (Алланын мээриминен алыс болгула)” деп айтуусу кандай өкүнүчтүү.

Кыямат күнү, таразанын бир тарабына соопторум, экинчи тарабына күнөөлөрүм коюлуп, күнөөлөрүм коюлган тарабы оор болуп калуусу кандай өкүнүчтүү.

Экзамен бүтүп, жооп жазылган барагым алынган кезде, барагыма эч нерсе жазылбай ап-апакай бойдон калуусу кандай өкүнүчтүү. Бул жашоо – сынак, сыноо, экзамен. Кыямат болуп сооп амалдарың, жазылган китебиң берилген кезде, китебиңден бир да сооп амалды таппай калууң кандай өкүнүчтүү.

Динибизди жек көрсөткөн фильм, сериал сыяктуу телевизордон берилүүчү программаларды балдарыбызга көрсөтүп койгонубуз кандай өкүнүчтүү.

Кайсы бир артист же футболистти кумир тутуп, бирок өзүңдүн пайгамбарың жөнүндө эч кандай маалымат билбей жүрүү кандай өкүнүчтүү.

Дин душмандары мусулман аялдарды алдап, “эркиндик, азаттык ” деген ураандын астында, аларды денесин ачып кийинүүгө үгүттөгөнү жана өз динин өзүнө жек көрсөткөнү кандай өкүнүчтүү.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллалоху алайхи васаллам)дын сүннөттөрү унутулуп калгандыгы кандай өкүнүчтүү.

Алла Таалага ибадат кылынбай жаткан үйлөрдө, динден алыстагандыгынын себебинен, талаш-тартыш жана чыр-чатактын чыгуусу кандай өкүнүчтүү.

Убактымды текке кетирип, жаратылышымдан негизги максат “Ибадат” кылууну унутуп калганым кандай өкүнүчтүү.

Жашоодогу эң чоң максатыбыз:

“Алла Тааланын ыраазылыгына жетүү жана бейишке кирүү” болбой калгандыгы кандай өкүнүчтүү.

Диниме, элиме жана мекениме болгон сүйүү, кан тамырда кошо айланбай жаткандыгы кандай өкүнүчтүү.

Пара алуу, сүт кордук кылуу, зына ишке баруу, бирөөнүн байлыгын арам жол менен тартып алуу жана башка арам иштердин мусулмандардын арасына кенен жайылып кеткендиги кандай өкүнүчтүү.

Үй бүлөңдүн, досторуңдун Алла Таалага ибадат кылбай жүргөнүн көрүп, аларга акыл – насаат айталбай жүргөнүң кандай өкүнүчтүү.

Ата-эненин бирөөсү, сага ачуусу келген абалда көз жумуусу кандай өкүнүчтүү.

Алладан корккон такыба адамдар бейишке кирип, жалгыз сенин алардын катарына кошула албай калууң кандай өкүнүчтүү.

Динин бекем кармап жашаган адамдардын чоочун болуп көрүнүп калгандыгы кандай өкүнүчтүү.

Аллахым күнөөлөрүбүздү кечирип, эки дүйнөдө тең бактылуулардын катарына кош!

Абдишүкүр Нарматов

Запись Өкүнүчтүү впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.