Halloween party ideas 2015

Ар бир ишти өз-өзүнчө аткарыңыз. Эч качан, эки ишке бирдей киришпеңиз, эгер экөөсүн бирдей баштасаңыз, кайсынысын биринчи бүтүрөрүңүздү билбей кыжаалат болосуз. Ошондуктан биринчисин толук бүтүрүп, андан соң экинчисине өткөнүңүз оң.

Залымдыктын акыры кырсыкка же кыйроого кабылтат. Ошондуктан күнөө кылып өзүңүзгө-өзүңүз залымдык кылбаңыз. Адамдарга колуңуз менен да,тилиңиз менен да ыза бербеңиз. Сизден зулум көргөн адам, сиздин зыяныңызга дуба кылса, анда кантип тынч уктай аласыз!? Адамдардын жүрөгүн жаралап, көз жашын агызып, анан кантип кенен-кесир өмүр сүрөсүз!?

Эч качан ачууланбаңыз, ачууланган кезде адам өзүн жоготот, акылы менен эмес, ачуусу менен чечим чыгарып калат. Ачуу менен чыгарылган чечимдин аягы кайгылуу, акыбети өкүнүчтүү болот.

Жумушуңуз же байлыгыңыз сизди балдарыңыздан алыстатып койбосун. Анткени, балдарга туура тарбия берүү чоң вазыйпа, балдарыңыздын такыба болуп өсүүсү, тентек эмес, элпек болуп чоңоюусунун өзү эле баа жеткис байлык.

Эгер кырсыкка кабылсаңыз, колуңузда эмне калганын жана эмнени жоготконуңузду карап көрүңүз. Ошондо, бул кырсык сизге зыянын тийгизбегенин сезесиз, өзүңүздү дагы эле жакшылыктын кучагында экендигиңизди байкайсыз. Сизге кубаныч тартуулоочу көп нерсе бар экенин көрөсүз. Сиздин колуңузда калган нерселер, жоготкон нерсеңизге караганда бир канча эсе көбөйөрү бышык. Мисалы, унаа кырсыгына учурап колу сынган адам, башынын аман калганына кубанып, шүгүр кылары турган кеп.

Сизге жамандык кылган адамдарды кечире билиңиз. Кечирип эле койбостон, ал үчүн истигфар айтып, кечирим тилеңиз. Сиз адамдарды кечирсеңиз, сизди Жараткан Алла кечирет. Эгер адамдарга жумшак мамиле кылсаңыз, Алла Таала да сизге мээримин төгөт, күнөөлөрүңүздү өчүрөт.

Дайыма бактылуулук жана кубаныч жөнүндө сүйлөңүз, ошондо аны табасыз. Кайгы-капа, кыйынчылык жөнүндө ооз ачпаңыз, антпесе жамандык артыңыздан ээрчип алат.

Убакытты  кадырлай билиңиз, аны ибадатсыз өткөрүп алуудан коркуңуз. Жоголгон байлыкты тапсаңыз болот, бирок өткөн убакытты артка кайтара албайсыз. Убактыңызды пайдалуу нерселер менен гана өткөрүңүз…

Канчалык чоң күнөө кылсаңыз да, Алланын мээриминен үмүт үзбөңүз. Анткени Алла Тааланын мээрими сиздин күнөөңүзгө караганда чексиз. Алла Тааланын кечирими, сиздин катаңыздан кененирээк. Тообо кылыңыз, кечирим тилеңиз, Алла Таала- Мээримдүү, Ырайымдуу, Кечиримдүү.

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Запись “Абдишүкүр ажыдан сизге насаат…” впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.