Halloween party ideas 2015

🏻Куранда Аллах Тааланын намазга тйешелүү берген буйруктары «Намаз окугула!» деп эмес, «Намазды толук окугула!» – деген мааниде айтылган. Толук окулган намаз – момунду напсиге таандык жаман арзуулардын айлампасынан куткарган, эң лаззатуу сезимдерге ээ кылган, абдан пазилеттүү ибадат. Аятта минтип айтылат:

«Намазды толук окугула! Чынында, намаз абийирсиздиктен, жамандыктан тыят. Алланын зикири, калетсиз, эң улуу. Аллах силер эмне кылып жатканыңарды билет.» (Анкабут: 45)

Намаздын жамандыктардан тыйышы намаздан мурун, намаз маалында жана намаздан кийин да уланат.Эгерде намаз окуган киши жамандыктардан тыйылбаган болсо, анда ал чыныгы намазкан эмес. Мындайлардын намазы боюнча Аллахтын Элчиси:

«Ким намаз окуп, намазы аны ачык, же көмүскө жамандыктардан тыйбаса, ал бир гана Аллахдан алыстыгын арттырат.» (Жамиул Фаваид 1,339) – дейт.

Ошондуктан намазда хушууга абдан маани бериш керек.

📌Кайдыгер окулган намаз

✏ Намаздын адеби жана эрежесинен оолак бир көңүл менен окулган жана ичине шайтан аралашкан намаз, адатта, пенденин жүзүнө урулган күнөө чүпүрөгү сыяктуу. Куранда минтип айтылат:

«Намаздарын кайдыгер окугандарга; (аны) эл көрсyү деп окугандарга жана дүнүйөсүн ийне-жибине чейин (элден) аягандарга наалат болсун.» (Мааун: 4-5)

Тафсирчилер намаздагы кайдыгерликти үч түрдө тyшyндyрyшкөн:

1. Намазды убагында окубай каза кылуу;

2. Денеси намазда болсо да, жүрөгү (ойсанаасы) башка жактарда болуу;

3.Фыкх эрежелерине көңүл бурбоо. Азирети Мавляна: «-Ыйман деген эмне? – деп акылыман сурадым. Ал жүрөгүмдүн кулагына ийилип:

– Ыйман адептен турат. – деп шыбырады. Андай болсо, адеби болбогон киши Алланын мээриминен кур калат.» – дейт.

Эң башкы адеп – бул, Аллах Таалага урмат көрсөтүү. Бул урмат көрсөтүүнүн эң жакшы жана эң күчтүү чагылышы ибадаттарда, айрыкча, намазда болушу керек. Намаздын мазмунуна, адебине жана парздарынын тигил, же мунусуна кылынган кайдыгер мамиле – шайтандын пенденин намазынан уурдаган нерсеси.Намаз окуган кишинин кайдыгерликке ыкташы шайтандын илешүүсүнө шарт түзөт.

Албетте, шайтан тарабынан начарлатылган намаз кабыл кылынбайт. Кээ бирлер исламдын кызуу кандуу талапкерлери болушканы менен намаз ибадатынын канчалык маанилyy экенин толук түшүнө албай, намаздарына ыкшоо, кайдыгер мамиле жасашат. Ал тууралуу Куранда жана пайгамбарыбыз тарабынан айтылган буйрук, осуяттарды жеңил санап, анча маани беришпейт. Намаздагы хушууну аткармак тyгyл, анын эрежесине жөндөп баш ийишпейт. Окуган намаздары – эптемей-септемей. Аллах Таала мындаи кайдыгерликтен бардыгыбызды сактасын! Бул кайдыгерлик аңгегине түшүп калгандар колундагы тоодой чоң байлыкты чыгашага учуратып, банкрот болгон адамга окшош. Анда калган нерсе – бир гана чарчапчаалыгуу. Хадисте бул тууралуу минтип айтылат:

«Канчалаган намазкандар бар, алардын намаздан алган насиби – чарчап-чалыгуу менен убарадан башка эч нерсе эмес.» (Насаи)

«Намазын зыянга учуратканына карабастан, намазын окуй берген кишинин башка кылган жакшылыктарына Аллах маани бербейт.» (Табараниии)

Мындан тышкары, намаздын негиздерин так аткарбай жана анын башка адептерин да чала-бучук орундоону Алланын Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) «уурулук» катары сыпаттап, мындай дейт:

«Эң жаман ууру – намаздан уурдаган киши.» (Ахмед, Хаким)

Бул уурулук шайтандын иши болгондуктан, жогорудагы хадистерде билдирилгендей, адамга чарчоодон башка эч нерсе алпкелбейт.Андыктан намаздан уурдагандар Алланын төмөнкy наалатын эстеши керек:

«Намаздарын кайдыгер окугандарга наалат болсун!» (Мауун: 4-5)

Бул аят билдиргендей, жалкоолук кылгандар намазга жакындай алышпайт, ал эми напсинин тоскоолунан өтө албагандар намазды формалдуу түрдө гана окушат, анын руханиятынан пайдалана алышпайт. Тагыраак айтканда, талап кылынган түрдө намаз окубаса, Аллахтын көзөмөлүндө экендерин унутушуп, эс-дартынын баары соодасатыкта, же башка дүнүйөлүк иштер менен алек болсо, ал эч качан намазкан болуп саналбайт. Ал окуган намаз бул дүйнөдө гана калат. Жүрөктөгү ыймандын кемтигин толуктаган намаз мындай кайдыгерлерди натыйжада куржалак калтырат. Тескерисинче, моюндарына оролгон азап сыйыртмагы, же чыныгы жүздөрүрүн көрсөткөн күзгү катары жан кыйнаган азаптын кабарчысы болот:

Чынында, эки жүздүүлөр Алланы алдайбыз дешет. Акыйкатта, Аллах аларды алдоодо. Эгер алар намазга турушса, жалкоолонуп, эл көрсүн деп гана турушат жана Алланы аз гана эстебесе, башка эстешпейт.» (Ниса: 142)

📌Намаздан оолак болгондорго

✏Олуялар намаздан оолак болгондорду эскертүү иретинде мындай дешет:

«Мал-мүлктүн, баилыктын көптүгүнөн кайдыгерликке түшүп, намазга жакындабагандар хашр күнү Карун менен кошо тирилишет. Бийлик, башчылыктан улам жакындабагандар Фараон менен кошо тирилишет. Мамлекеттик жогорку кызматтан улам жакындабагандар Хаман менен бирге тирилишет. Соода-сатык, материалдык кызыкчылык себептүү жакындабагандар паигамбарыбыздын душманы болгон Убай бин Халаф менен кошо тирилишет…»

Намаздан алыс кишилер бул дйинөлүк жашоосун берекесиз өткөрүшөт. Жүзүндө Аллах берген сулуулуктун нуру калбайт жана андаилардын кылган эч бир жакшылыгына сооп жазылбайт. Дубалары кабыл кылынбайт. Салих инсандардын сүйүүсүнөн кур калат. Эзелтен бери байкалып келе жаткандаи, «Кандай жашасаң, ошондой өлөсүң» демекчи, акыркы деми коркунучтуу натыижаланып, кыиналып жатып жан беришет. Жаткан кабыры аны кысып, ал жер тозоктун чуңкурунан бир чуңкур болот. Кыяматта да Алла Таала ага каарын төгөт. Эсеби өтө оор болуп, натыйжада, тозокко ыргытылат.

📕 Бухарйидин хадис китебине таянсак, Расулалла (саллаллоху алейхи васаллам) багымдат намазынан кийин сахабаларынан кандай тyш көргөндөрүн сурачу. Бир күнү да ошондой кылып, анан:

«Мен бир түш көрдyм, эки киши келип мени алып кетти.» – деп баштап,

андан кииин түшүндө көргөн беиишти, тозокту жана тозоктогу кишилерге берилген азапты бир-бирден айтып берет. Алардын бири башы таш менен жанчылып, азапталып жаткан киши болчу. Таш ушунчалык катуу тийгендиктен, тийгенде башы чачырап кетип, кайра ордуна келип калып жатты. Азап болсо ушинтип токтобой улана берди. Азирети Паигамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) өзүн алып келген эки кишиден:

– Бул ким? – деп сурайт.

Алар: – Бул киши Куран окуганды билсе дагы, аны окубаган жана парз намазын окубай, уктап жаткан киши, – деп жооп берет. Ибилис адам баласын башка ибадаттарга караганда намаздан көбүрөөк азгырып,

«Намазы жоктун дини жок.» (Табарании)

– деген хадис сыпаттаган кишилердин тобуна кошконго аракеттенет жана ошону менен ал адамды Алланын мээриминен алыстатууну көздөйт. Андыктан баам-парасаттуу момун-мусулмандар шайтандын бул жолдогу тузактарынан өздөрyн коргоп, тигил, же бул себептен улам окуи албаи калган намаздардын казасын шашыла окушат жана намаз үчүн эч бир аракетин аябайт. Эгер хадисте айтылган:

«Кимде-ким бир намазды унутуп калса, аны эстери менен дароо окусун, анын мындан башка каффараты жок.» (Муслим, Масажид, 314)

– деген баянга көңyл бурулбаса, карыз намаздары тоодой yйyлyп, натыйжада, пендени акыретте оор жоготууга дуушар кылат.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

══════════════════

Запись 🕌Намазга кайдыгер болбо бир тууганым! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.