Halloween party ideas 2015

Дем алууга чыккан мугалимдин ордуна бул сапар класска башка мугалим кирди.
Ал сабакты баштагандан бир аз өтүп, окуучулардын бирине суроо узатты эле, балдар баары күлүп жиберишти.
Окутуучу аларга таң калды. Ал окуучуларды сыдыра тиктеп алар эмне үчүн мынчалык каткырып күлгөндөрүнүн сырын билди.
Ага себеп, класста акылсыз, эч кимге кошула албаган “жаман” балага суроо бергени экен.
Сабак бүтүп, окуучулар сыртты көздөй жөнөшкөндө жанагы баланы өзүнө чакырды.
Ал менен класста жалгыз калып, кагазга жазылган эки сап ырды берди да:

-Муну атыңды кандай жаттасаң,ошондой жаттап ал.
Эч кимге айтпа.-деди.
Кийинки сабакта мугалим ошол эки катар ыр саптарын доскага жазды.Алардын маани-маңызын түшүндүрдү.

Анан өчүрүп салып:

-Ким азыркы ыр саптарын жаттап калды-деген суроону узатты.
Эч ким чурк этпеди.
Класс ичин жым-жырттык каптады.

Бир гана баягы баары “экичи”, ”акылсыз” деп келекелеген бала кол көтөрдү.

Мугалим:

-Жооп бер, – деди.
Жанагы бала ыр саптарын куюлуштуруп айтып берди. Маанисине да токтолду. Окутуучу аны көпкө чейин мактады. Башкалар да андан өрнөк алса жакшы болоорун айтты. Окуучулар классташынын мындай кылганына таңыркап тиктеп турушту. Айрымдары анын үстүнөн күлүп жүргөндөрүнө кыжаалат да болушту. Мындай көрүнүш бир нече жолу кайталанды. Класстагы окуучулардын ал балага болгон ишеними күн сайын өзгөрө баштады.

“Экичи” аталган баланын жан дүйнөсү өзгөрүп оң жагына оой баштады.
Ал күн сайын сабактарынан жакшы бааларды алганга тырышар эле.
Өзүнө болгон ишенич ан сайын артып баратты. Алдыңкы окуучулардын катарына кошулганда өзүнүн акылсыз эмес экендигин аңдады. Окуучулар менен билим таймаштарына чыга ала турганына ишенди. Мектепти эң жакшы баалар менен бүтүрүп, жогорку окуу жайына окууга кирди.
Аны аяктаган соң, магистратура да окуй баштады.
Илимдин доктору болууну алдыга максат койду. Ал өзүнүн китепчесине мугалимдер туурасында төмөнкүдөй ой-пикирин да жазып койду.

*“Мугалимдер эки тайпада болушат.*

Биринчилери жакшылыктын ачкычы болсо, экинчилери анын жапкычы.

Биринчилери сиздин шык-жөндөмүңүздү аңдап, колунуздан жетелеп ,алга карай үмүттөндүрөт.

Ооруп жүргөн жан дүйнөңүзгө ортоктош болуп, турмуш жолуңузду салууга жардам берет.

Экинчилери болсо, сиздеги эрктүүлүктү бекитип, мокотот. Жамандыкка жол баштап, үмүтсүздүккө жетелейт.

Жарыктыкта жогорудагыдай мугалимдердин курманчылыгына айланган канчалаган инсандар бар.

Алар бүгүн деле жашоолорунда өздөрүн таппай жүрөт.

Жашоодогу эң чоң оомат-балалыкта мыкты окутуучунун колуна түшүү”.

Балким бул тарбияны мугалимдер гана эмес ата -энелерда, жашообузда балдарызга,досторубуз,туугандарыбызга колдоно билсек ,жашоодо жакшы адамдар көп боолор беле ….

Адамзат үчүн өзүнө -өзү ишенүү тоодой күч -кубат берет,ага байлаган бекем үмүтү жолду көрсөтүп турган жарык чачкан нур болот. Ишеним бактылуулуктун фундаменти, анын тепкичтери бийик максат менен өйдөгө карап ийгилик эшиктерине жетелейт.

Эң негизги ишеним бул Жаратканга болгон ишеним болсун, ал ишенимдин күчү ыйманды бекемдейт,адеп -ахлакты жакшыртат,адамдын адам болуусуна себеп болот. Ишеним Жаратканга бекем болсо, Ал сага каалаган ийгилик эшиктерин ачып берет,Анткени бул аалам,жашоо бүт-бүт баары Анын каалоосундан кыпынчалык да алдыга же артка жылбайт. Муну биз эч качан унутпашыбыз керек…

Сенин ийгилиңе, жакшы жашооңо кээде мугалим,кээде ата -энең,кээде досторуң,кээде тууганың,жубайың себепчи болуусу гана мүмкүн ….

Насиба Абдуллаева.

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Запись МУГАЛИМ МӨМӨЛҮҮ ДАРАКМУГАЛИМ МӨМӨЛҮҮ ДАРАК впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.