Halloween party ideas 2015

Бир даанышман кишиден: “Өткөн өмүрдөн эмнени үйрөндүңүз?” – деп сурашат. Даанышман төмөнкүчө жооп берет: “Өмүр карызга берилип, күнү келгенде кайра алынаарын жана дүйнөнүн өтүп кетээрин түшүндүм.”

Мазлум (укугу тепселген) адамга, кеч болсо да жардам берилерин түшүндүм.

Биз капылетте калган кезде, көз ирмемчелик убакыттын ичинде ажал келип, өмүр бүтүп калышы мүмкүн экендигин түшүндүм.

Жылуу сөз, жылмайып турган жүз – адеп-ахлактын эң жогорку даражасы экендигин түшүндүм.

Ден-соолугу чың, тынчтыкта жашаган адам – бул ааламдагы эң бай адам экендигин түшүндүм.

Сарымсак эккен адам, түшүм алган кезде райхан албастыгын түшүндүм.

Өмүр бүтсөдө да, жумуштун эч качан түгөнбөстүгүн түшүндүм.

Адамдарга сөзүнүн уккулуктуу болуусун каалаган адам, оболу өзү адамдардын сөзүн угуусу зарыл экендигин түшүндүм.

Адамдар менен сапарга чыгуу бул – микроскоп сыяктуу. Ал адамдардын ички дүйнөсүндө эмнелер бар экендигин көргөзүп берээрин билдим.

Кени алтындан болгон (жан дүйнөсү таза) адамдын, кени алтын (ички дүйнөсү таза) бойдон каларын, жана кени темирден болгон (ички дүйнөсү начар) адамдын темирин дат басарын түшүндүм.

Кабырда жаткан адамдардын бардыгы, тирүү кезинде иштешкен, аларда чоң-чоң максаттары болгон, бирок ал максаттарынын көбүнө жетпей калышкандыгын түшүндүм.

Кичинекей өлүмгө (уйкуга) даярданып жаткан кезибизде, тынч уктоо үчүн керебетти иретке келтиребиз, терезелерди ачып абаны тазалайбыз. Бирок чоң өлүмгө даярданып, амалдарыбызды иретке келтирип, кабырыбызды кенен, жарык кылуу үчүн эмнеге аракет кылбайбыз???

Адамдар ооруп калбаш үчүн ден-соолукка зыян алып келүүчү тамак-аштан сактанышат, бирок тозокко түшүп калбаш үчүн эмнеге күнөөлөрдөн сактанышпайт???

Абдишүкүр ажы Нарматов

Запись “ТYШYНДYМ” впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.