Halloween party ideas 2015

🏻Дуба кылуу Дуба кылуу – бул, ибадат болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Дуба – бул, ибидат» – деген.

Экинчи бир хадисте:

“Аллахтын алдында дубадан өткөн баалуу нерсе жок” – деп айтса,

дагы бир хадисте:

“Аллах Тирүү, Берешен.Ошондуктан кайсы бир пендеси Ага дуба кылып суранса, анын сунулган колун бош кайтаруудан уялат…” – деп айткан.

“Мага дуба кылгыла, (кылган) дубаларыарга жооп кайтарайын.” (Момундар сүрөсү, 60-аят)

Дуба сүйүү жана жакындык. Дуба жашообуздун көркүнө көрк кошот. Кубанычыбызга кубаныч кошот. Жолубузга жарык чачат. Аллах Таала дуба кылуубузду каалайт. Андыктан дуба кылалы жашообуздагы кыйынчылыктарды дуба куралы менен талкалап,жакшылыктарга шүкүр кылып Жараткан менен бирге бол бир тууганым!

✨“Оо улуу кудуреттүү Аллах таала, мага ыроологон ырыскыларың үчүн Сага чексиз шүгүр кылам. Сен сүйгөн жана биздин сүйүктүү пайгамбарыбыз болгон азирети Мухаммедге салават келтирип салам берем.”…

✨“Оо Аллам, мени Өзүңдү жана пайгамбарыңды сүйгөн, Өзүңө жана пайгамбарыңа ишенип моюн сунган адам кыл. Бардык күнүмдү жакшылыктар жана сулуулуктар менен өткөр. Дүйнөдөгү жана акыреттеги бардык кайрымды, сулуулук жана ырыскыларды Сенден сурайм, ал эми бардык ндыктардан оолак болуу үчүн Сага баш калкалайм.”..

✨“Оо ааламдардын Раббиси болгон Аллам. Бир гана Сага сыйынып, бир гана Сенден жардам тилейм. Сенин бардык нерсеге күчүң жетет. Сен менин ачык жана купуя бардык сырымды билесиң. Мага ырайым кыл жана жүрөгүмдү боорукердик жана сүйүү сезими менен толтур. Жалкоолуктан, натыйжасыз аракеттен, убакытты пайдасыз нерселер үчүн коротуудан, баш аягы билинбеген башаламан иштен, ийгиликсиздиктен, адамдарга, айлана-чөйрөгө жана өзүмө зыян келтирүүдөн алыс болуу үчүн Өзүңдөн баш паанек издейм.”..

✨ “Оо жараткан Аллам, ыйманымды бекемде, жакшы амалдарымды арттыр жана адеп-ахлагымды оңдо. Кабыл болбой турган дубадан оолак болуу үчүн Сага сыйынам. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын каалоо-тилектерин мен да Сенден тилейм, оолак болгон нерселеринен мен да оолак болуу үчүн Сага баш калкалайм.”..

✨“Аллах таалам, жасаган иштеримдин туура эмес түшүнүлүшүнөн жана жалган жалаага кабылуудан, бирөөнү ыксыз жерден күнөөлөп адилетсиздик кылуудан сактооң үчүн Сага корголойм. Жасаган иштеримдин натыйжаларын оң кыл жана алардын ошол калыбанда улана беришин насип кыл. Мени үй бүлөмө, өлкөмө жана адам коомуна пайдалуу киши кыл. Бизди бул дүйнөдө жана акыретте эң сонун ырыскыларың менен сүйүндүр.”..

✨“Кудуреттүү Аллам, көңүлүмдү ар кандай жаман ниет, ойдордон сакта. Жүрөгүмдү ар кандай коркуу сезимдерден, күмөн ойлордон жана жагымсыз адат-мүнөздөрдөн корго. Мени бир гана өзүн ойлоп, өзүнүн проблемаларын чоң көрүп, башкалар менен болгон байланыш-катышын үзүп салган өзүмчүл жана текебер кишилерден кылба.”..

✨“Оо Алла таалам, Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Менин жана бардык момундардын күнөөлөрүн, кемчиликтерин кечир.”..

✨“Оо улуу Раббим, мени сүйүктүү кулдарыңдан кыл. Иштеримди жеңилдет. Турмушумду жакшырт. Мени аркасынан жакшылыктары жана жакшы сапаттары эскерилгендерден кыл. Өзүңө жакпаган бардык нерсени менден оолак кыл. Мени жашоо-турмушум, жүрүш-турушум жана сөздөрүм аркылуу Сени жана Исламды эң жакшы түшүндүргөн адамдардан кыл.”..

✨“Аллах таалам, иштеримди жеңилдет. Эң жакшы ысымдар Сага таандык жана ошол ысымдарың менен Өзүңө жалбарамын. Узун өмүр жана жасаган иштериме береке бер. Мага буюрган ырыскылардын баркына жетип, алар үчүн шүгүр кылып ысырапчылыкка жол бербөөнү мага насип кыл.”..

✨“Оо улуу кудуреттүү Аллам, мени пайдасыз иштер жана ыксыз көңүл ачуулар менен алек болуп, өз милдеттерин жана ибадаттарын унутуп койгондордон кылба. Туура жүрүп түз сүйлөгөндөрдөн кыл. Ар кандай кырсык-балээлерден, алаамат-балекеттерден сакта.”..

📌Дуба кабыл болуучу убакыт

1. Түн ичиндеги дубалар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Түн ичинде бир убакыт бар, эгерде пенденин Акырет жана дүнүйө жакшылыгын тилеген дубасы ошол убакытка дал келсе, Аллах анын сураганын берет” – деп айткан.

2. Азандан кийинки дубалар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: “Азан менен икамат ортосундагы дуба кайтарылбайт”.

3. Жума күнүндөгү дубалар. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) келтирген хадисте, Аллахтын элчиси Жума күнү жөнүндө баяндап жатып:

“Бул күнү бир убакыт бар. Кимдин дубасы ошол убакытка дал келсе, кынтыксыз кабыл болот” – деп айткан.

4. Рамазан айындагы дубалар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Орозо тутуучу адамдын ооз ачаар алдындагы дубасы жоопсуз калбайт” – деген.

5. Арафа күнүндөгү дубалар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Дубалардын эң жакшысы – Арафат күнүндөгү дуба…” – деген.

6. Намаздан кийинки дубалар.

Пайгамбарыбыздан “Кайсы дуба уккулуктуу?” – деп сурашканда, ал: “Түндүн акыркы бөлүгүндөгү жана фарз намаздардын артынан айтылган дуба” – деп жооп берген.

7. Кадыр түнүндөгү дубалар.

8. Сажда учурундагы дубалар.

9. Ажы, же умра учурундагы дубалар.

10. Оорулуунун абалын сурап барган учурдагы дубалар.

11. Зам-зам суусун ичкен убактагы дубалар. Аллах Таалам дубаларыбызды кабыл кылсын!

👤Насиба Абдуллаева.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ 

Запись 🙌🏻Жашообузга бейпилдик тартуулай турган дубалар впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.