Halloween party ideas 2015

 

Саид мырза сиздердин мекеменин быйылкы 2017-жылга кандай пландарыӊыз бар?

— Эӊ биринчи жумуштарыбыз ийгиликтүү болуп жатканы үчүн Жаратканга шүгүрчүлүк келтиребиз. Буга чейинки кылып келген иштерибиз жемиштүү болуп, өздөрүнүн жакшы натыйжаларын көрсөтүп келе жатат. Мамлекет тарабынан да, эл тарабынан да бизге болгон ыраазычылыктар бизге дем-күч берип дагы да Кыргызстандын калкынын жашоосу жакшырышы үчүн жигердүү эмгек кылууну көздөп жатабыз. Быйыл 2017-жылы билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына көбүрөөк көӊүл буруп, ушул эки тармакта көбүрөөк иш алып баралы деп белди бекем бууп ишке кириштик. Элге пайда келтирген курулуштарды жүргүзүүгө белсенип турабыз. Быйыл 5 мектептин курулуш ишин баштадык.  Ат-Башыда жаӊы мектеп курулуп башталат, Ысык-Ата районунун Кеӊ-Булуӊ айыл өкмөтүндө мектептин курулушу башталып дубалы тургузулууда. Ноокат районунун Кайрагач айылында да мектептин курулуш иштери башталды. Ошол эле учурда Кызыл-Кыя шаарында заманбап, бардык талаптары менен 2 кабаттуу мектеп курууну пландап жатабыз. Мындан сырткары Бишкек шаарында дагы чоӊ билим берүү комплекси пландалууда. Бизде мектеп куруп бергиле деген талаптар көп, аларга демөөрчүлөрдү издөө менен алекпиз. Жакынкы аралыкта 20дай мектеп куруп берели деп аракеттенип жатабыз.

Кандай жагдайда жардам көрсөтөсүздөр, же ар бир кайрылуучуга жардам бере бересиздерби?

— Бизге ар кандай кызматтагы адамдар келет. Зарыл болгон жерлерди тандап алабыз. Мисалы Кеӊ-Булуӊ менен Чолпон айылынын ортосунда чоӊ Чүй каналы бар, окуучулар эки көпүрөдөн өтүп анан мектепке барышат. Сууга түшүп кеткен учурлар да көп катталган. Чоӊ жолдо тротуар жок, унаа жок, болсо деле батпай калышат. Жооптуу маршрут уюштурулса деле жетишпей калышат. Ысыкта, суукта, жамгырда, шамалда кыйынчылык менен мектепке катташат. Алар өздөрү билим алуу үчүн мектепке барышат. Ошондой балдарды карап муктаж жерлерди тандап алабыз. Кээ бир айылдарда мектеп алыс болуп 5-6 чакырым жөө барып окушат. Ошолорго карап чыныгы муктаждарды тандап алып эртеӊки келечек үчүн, кайсы бир элдин келечегин көргүӊ келсе анын жаштарына кара, — деп улуу бир даанышман айткандай, биз азыр жаштарыбыздын туура билим алуусу үчүн керектүү шарттарды түзүп беришибиз керек.

Медицина тармагына кандай жардамдарды көрүүдөсүздөр?

— Биздин мекеменин жакшы бир урааны бар. “Адамдын жан дүйнөсүнө, акылына жана ден соолугуна көӊүл бурабыз” деген. Мунун жан дүйнөсү — мечиттерди курганбыз. Акылы илим-билими мектептерди, окуучуларды жана студенттерди колдоо. Ал эми ден соолугу катары атайын тез жардам унаасын берип баштадык. Үч нерсе чыӊ болгондо адам толук кандуу өнүккөн инсан болот. Адамдардын ден соолугуна көӊүл буруу үчүн ФАПтарды, клиникаларды куралы деп атабыз. Шаардын чет жактарына жаӊы конуштар көп курулбадыбы. Миӊдеген адамдар жашайт, бирок аларда клиника жок шаарга катташат. Кокус тезинен жардам көрсөтүүчү учур болуп калса ал адамды шаарга жеткирүү үчүн кызматтар керек болот. Чет өлкөдөн келген конокторубуз менен Карл Маркс айылына иш сапарыбыз менен бара жатканда жолдо тез жардам унаасынын бузулуп турганын көрүп конокторубуз да кейишти. Анын ичиндеги адам өлүм менен күрөшүп жаткан болсо кандай болот?- деп ойлонушту. Ошондо 1 миллион сомдон ашык каражатка заманбап техникалары менен тез жардам автоунаасын сатып алып бердик. Буюрса дагы алалы деп турабыз. Тез жардам унаасынан 3-4тү алып муктаждарга беребиз. Кээ бир алыскы айылдарда адам ооруп комага түшүп калса, анын өмүрүн сактап калуу үчүн ооруканага кыймылдатпай, жасалма дем алдырып жеткирүү үчүн заманбап тез жардам унаасы керек болот. Бул азыркы учурда эӊ орчундуу маселе. Андан сырткары профилактикага көп басым жасайбыз. Адамдар ооруганга чейин алардын ден соолугуна кам көрүү максатында ооруканаларды оӊдоп-түзөп, ооруканаларды куруп берели деп турабыз.

Кыргыздын боз үйүн Араб өлкөлөрүнө тигип жакшы саамалык баштадыӊыздар?..

— Бизде ушундай бир жакшы ниеттерибиз бар. Кыргыз-араб ортосундагы маданиятты бекемдөө максатында, КРнын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаев Араб өлкөлөрүнө жасаган иш сапарынын негизинде биздин өлкөдө араб өлкөлөрүнүн элчиликтери ачылып алардын ишмердүүлүгүндөгү чоӊ иштер ишке ашып жатат. Негизи 22 араб мамлекети бар, 300 миллиондон ашык калк жашайт. Туристтер, саякатчылары көп. Мусулман мамлекеттерине, тоого, абасы, суусу таза жерге барганды жактырышат. Аларды кыргыз маданиятын таанытууда, Кыргызстанга тартуу максатында кыргыз боз үйүн Доха шаарына өтө бир сый урматка татыган таанымал инсандын өргөөсүнө тиккенбиз. Ал атактуу инсан өзүнүн дос-жарларын, жакындарын ал боз үйгө конок тосуу ниетин билдирген. Бир нече айдан бери анын короосунда тигилип турат. Андан сырткары Джидда шаарында Яхья Хасан  Филаали деген коомдук ишмердин короосуна дагы бир боз үй тигилди. Арабдарда да көчмөн маданияты бар. Алар дагы чатырды көп колдонушат. Кумдуу чөлдө шамал болуп турат эмеспи. Боз үй аларга абдан ыӊгайлуу, себеби бардык жагы жабылып турат жана боз үйдүн өзгөчө жасалгалары-ууктары, керегелери, түндүгүн ачканда асмандын көрүнүшү, боз үйдүн ичиндеги атмосфера адамга жагымдуу келет, сырттан ысыктан боз үйгө киргенде боз үйдүн ичи салкын болот. Арабдарга биздин боз үй таӊ калычтуу, эксклюзивдүү нерсе көрүнүп жатат. Бул буюрса башталышы, дагы да масштабдуу нерселерди жасайбыз.

Төлөбүбү Касмалиева, bagyt.kg

Запись Саид Баюми: Жакында жыйырмадай мектеп куруп беребиз впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.