Halloween party ideas 2015

Ар бир кыргыз жашоосунда көчөт тигип,бак өстүрүүсү биздин улуттук көрөңгөбүздө салт болгон. “Ар бир эр уул үй-бүлө күтсүн, көчөт тиксин, Ата Журтун коргосун” деген эреже кай мезгилде болбосун бекем сакталган. Бирок, соңку кездери мындай нарктуу улуттук салттарыбыз азгындашып, ордун чыгашалуу, зыяндуу, терс “салттар” сүрүп бараткансыйт.

Өрнөктүү динибиз Исламда да көчөт тигүүнүн, өстүрүүнүн маанисине, өсүмдүктөр менен адамдын, деги эле жаратылыш менен адамзаттын мамилелерине кеңири түшүнүктөр камтылган.

Касиеттүү Пайгамбарыбыз (Ага АЛЛАНЫН саламы болсун) көрсөткөн эрежелерге ылайык шариатта элге, журтчулукка пайдасы тийген, саратанда көлөкөсүнө көпчүлүк сергиген, айланага көрк берген бак-дарактарды кыйууга тыйуу салынган.

Пайгамбарыбыздын (Ага АЛЛАЛЫН саламы болсун)куттуу хадисинде:

“Кимде-ким көчөт тиккенге камданып, бирок Кыйамат башталганына күбө болсо да колундагы көчөтүн тигип андан соң ордунан турсун ” деп айтылат.
Жабир ибн Абдиллахтан, (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбар (Ага АЛЛАХтын саламы болсун) мындай дейт:
«Мусулман киши кандайдыр бир көчөт экпесин, эгер андан инсан, жаныбар же бир куш жесе, ал үчүн кыяматка чейин садака болуп турат»
Ушул хадистин дагы бир айтымында, мындай деп келет:
«Кайсы бир мусулман бир көчөт отургузса, андан желген нерсе, ал үчүн садака болот. Андан уурдалган нерсе да, ал үчүн садака болот. Андан жапайы айбандар жесе да , ал үчүн садака болот. Андан куш жесе да садака болот. Ага бирөө зыян жеткирсе да, ал үчүн садака болот.»
Абу Дардадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат :
«Бир күнү ал (Абу Дарда) Дамаск шаарында, бир көчөттү отургузуп жатса, жанын өтүп бара жаткан киши ага кайрылып мындай дептир: Сен Алланын элчисинин сахабаларынан болсоң да, ушундай ишти аткарасыңбы?! Анда Абу Дарда ага минтип жооп берет: Мени шаштырба, мен Алланын элчисинин ушинтип айтып жатканын укканмын: «Ким бир көчөт отургузуп, андан адам баласы же Аллах Таала жараткан макулуктардын бири жесе , бул нерсе ал киши үчүн садака болот.»
Имам Нававий (Ага Алланын ырайымы болсун) мындай дейт:
Бул хадистерде көчөт отургузуунун жана эгүүнүн артыкчылыгы айтылган. Мындай иштерди кылгандардын сообу, ошол көчөт же эгин бар болуп турган мезгилге чейин жана андан дагы көбөйгөн сайын кыяматка чейин үзүлбөй уланып турат. Ошондой эле, инсандын мүлкүнөн бир нерсе уурдалса жана айбан же куш сыяктуулар ага зыян жеткирсе , ал үчүн да сооп алат.
Ошондуктан кээ бир аалымдар эгин эгүү ишин , өнөрчүлүк же соода ишинен артык коюшкан. Анткени, эгин эгүүнүн пайдасы, жалпы түрдө адамдарды, жаныбарларды, куштарды жана курт -кумурскаларды камтып алгандыгы үчүн.
Тал-тереги болбосо киши жашаган журттун көркү болоорбу? Кең талаада келбеттүү бак-дарактар өспөсө, талаанын кооздугу болоорбу? Адыр-тоонун боорунда карагай-тал өспөсө, тоонун сүрү болоорбу?
Көчөт тигип, өстүрүү менен киши ал чөлкөмдө жашап жаткандыгын, ээлик кылаарын туюнтат эмеспи.Андыктан келиңиздер, урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды көчөт тигип, бак олтургузууга чакырабыз.

Конушубузду ээсиз калгандай калтырбай, түркүн көчөт тигип, бой керген тал-терек, карагай менен көрккө бөлөйлү!

Мелис Шерматов 

Запись «АР БИР ЭР УУЛ ҮЙ-БҮЛӨ КҮТСҮН, КӨЧӨТ ТИКСИН, АТА-ЖУРТУН КОРГОСУН!» впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.