Halloween party ideas 2015

Компьютерде эртеден-кечке иштөө ден соолукка зыяндуу экени талашсыз. Өзгөчө көздүн көрүүсүн начарлатат. Бирок замандын талабына ылайык, кеңселерде компьютердин маңдайынан чыкпай иштөөгө туура келет. Мындай учурда ден соолукту сактоо үчүн кандай аракеттерди жасоо керек экендигин сөз кылалы.

ЖУМУШТА ЖАНА АНДАН КИЙИН…

•2 саат сайын 10-15 мүнөттөн тыныгуу керек. Тыныгууда көздү эс алдыруучу көнүгүүлөрдү жасаңыз. Бул үчүн түз отуруп, өйдө-ылдый, оңго-солго, сааттын жебесинин багыты боюнча жана сааттын жебесинин багытына каршы карап, көзүңүздү кыймылдатыңыз.
•Андан кийин колдун манжасын көзгө туштап тиктеп туруу керек да, анан акырындык менен кароону эң алыс турган бир чекитке багыттаңыз. Алыс турган чекитти толугу менен карагандан кийин кайра акырындык менен көздүн кароосун манжага бурабыз. Муну 2 мүнөттөй отурган абалда кайталаңыз. Андан соң көздү жумуп, денеңизди бош таштаңыз.
•Абадан кере дем алып, колдун булчуңдарын чоюу менен керилиңиз. Эки колду жогору көтөрүп, артты көздөй кериңиз.
•Бир калыпта 20-30 мүнөттөн ашык отурууга жана турууга болбойт. Дайыма кыймылда болуңуз.
•2 саат сайын эс алуу учурунда бөлмөнүн эшик-терезесин ачып, ичин желдетип абаны алмаштырып туруңуз.
•Жумуштан чыккандан кийин жарым чакырымга чейин жөө, шашпай бир темпте басыңыз.

Мындан тышкары үйдө да төмөнкү эрежелерди сактоого аракет кылыңыз

•Кечинде жатарда алдыңыздагы төшөк жукараак болууга тийиш. Себеби калың төшөктө жаткан адамдын денеси талыкшып, эртең менен турганда кыйналып калат. Бирок өтө жука да болбошу керек. Жука болуп калса, полдун катуулугунан денеңиз жанчылып, уйкуңуз бузулат.
•Жаздык да өтө жумшак жана бийик болбоосу зарыл. Бийик жаздык баштагы кан айланууну жайлатат жана мээ жетиштүү деңгээлде эс ала албай калат.

КЫСКАЧА

•Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, өмүр бою отуруп иштеген адамдын өмүрү 10 жылга кыскарат экен.

•Ошондой эле дамамат отуруп иштөө геморрой, остеохондроз, семирүү, простатит, варикоз, кан айлануунун бузулушу жана башка оорулардын пайда болушуна алып келери аныкталган.

 

Компьютердин алдында кантип отуруу керек?

Азыркы заманда жумушта компьютер алдында көп отурууга туура келет. Үйгө келгенде да компьютер алдында көпкө отургандар аз эмес. Ушуга байланыштуу адам компьютер алдында туура эмес отурса бат чарчап, омуртка, көз ооруулары пайда болушу же күчөшү мүмкүн.

Төмөндө компьютер алдында отуруунун эрежелери берилген:
1. Башыңарды түз кармагыла;
2. Ийниңерди бош койгула;
3. Аркаңар түз болсун, бир аз жөлөнүп отургула;
4. Көзүңөр экранга түз же бир аз өйдөдөн ылдый карагандай болсун;
5. Алаканыңар менен билегиңер бир сызыкта болуп, денеңерге карата тик бурчту (90 градусту) түзүшү керек;
6. Таманынар полдон бир аз көтөрүлүп турганы оң. Бутуңардын алдына бийиктиги анчалык эмес таканчык коюп алгыла;
7. Монитор көзүңөрдүн деңгээлинде 40-75 см аралыкта болушу керек;
8. Отургучтун бийиктиги 38-55 см болушу зарыл. Отургуч катары бийиктигин өзгөртүүгө мүмкүн болгон креслону колдонгон туура болот;
9. Монитор турган столдун бийиктиги 72-75 см болсун.
http://insan.kg

Запись Компьютерде көп иштегендер үчүн кеңеш впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.