Halloween party ideas 2015

🏻Бул дүйнө жашоосун мен үчүн эч түгөнбөгөн кызыктарга бай,жашоого бир келгенден кийин оюн -күлкү менен жыргап өткөзүү,бир жараласың баарын көрүп калыш керек деп жеңил ойлогон жаш жигит болчуумун.
Ал күнү жума күнү эле,досторум менен деңиз жээгинде олтурчуубуз. Бир кезде “Хайя алас солаах,хайя алал фалаах! “-деген үндү угуп калдым. Жашоомдун ушул күнүнө чейин канча жолу азан үнүн уккан болсом да,бир жолу болсо да “хайя алал солаах “сөзүнүн маанисине көңүл бурган эмес экенмин. Шайтан жүрөгүмдү ушунчалык караңгылыкка бөлөп салган экен,азан сөздөрү мен түшүнбөй турган сөздөргө айланган экен. Айланабыздагы адамдар жайнамаздарын даярдап ,намаз окууга камданып жатышты. Биз болсо сууга түшүү үчүн керектүү буюумдарды,аба кислотасын жеткизе турган асбаптарды даярдоо менен обара болдук.
Акыры деңизге түшүү үчүн атайын кийимдерди кийип ,деңизге түштүк. Жээктен анча узактап,деңиз ортосуна барып калдык. Ар кимибиз ар тарапка бөлүнүп сайкаттай баштадык. Баары жайында, мына кандай гана кооздук,жер бети өзүнчө дүйнө болсо,деңиз ичи да өзүнчө бир укмуш ажайып дүйнө!
Күтүлбөгөндө оозго суу кирүүсүн тосуп турган,түтүкчө аркылуу аба кислотасын алыш артымдагы резина каучугу аба алып жаткан учурумда жарылып кетти. Шор суу тамчылары агып дем ала турган жолун бекитип салды. Өлүшүмдүн жакындаганын сезе баштадым,мага аба! Аба гана керек эле! Кыжалатка түшө баштадым,деңиз караңгы жана тыптынч эле. А досторум менден анча алыста болчуу,чындыгында абал өтө оор экенин аңдай баштадым. Мен өлүп жатам,шум ажалдын айтпай келгенин карачы,абалым оорлошуп жатты. Шор суу ооз мурдумдан кирип кыйнала баштадым.

Жашоомдун ар бир өткөн тасмасы көз алдымдан өтө баштады,биринчи эле эсимди жоготкондо өзүмдү канчалык күчсүз,канчалык алсыз жан экенимди сезе баштадым. Аллах Таала бир нече тамчы шор сууга эрк бериши менен,мага Өзүнүн канчалык күчтүү Жаббар Зат экенин көрөстүп койду.

Аллахтан башка эч ким жардам бербесин,сактай турган Ал гана экенинине чын ыкластан ишенимдин. Тезинен аракет кылып суудан чыгууга урунуп көрдүм,бирок мен өтө терең чуңкурда элем. Менин өлүмдөн башка көйгөйүм жок болчуу,эми Аллах менен кандай жолугам деген ойлор менен алышып жаттым. Менден кылган амалдарым тууралуу сураган учурда эмне деп жооп берем?! Мейли аларды эсепке албай турайын, бирок намазымчы? Аны да окубай таштап койгонмун?! Шахаадат келмелерин эстедим ,өмүрүмдүн акыркы минут -секунттары эч болбосо аягы ушул келме менен бүтүшүн кааладым. Эми гана “Ашх”-дегеним менен тамагым буула баштады,кандайдыр көрүнбөгөн кол менен бирөө моюнумду бууп,сүйлөштөн тосуп жаткандай туйулду. Бар күчүм менен аракет кылдым: “Ашх…ашх…ашх.. “бирок ушу үч тамгадан ары өтө албадым. Жүрөгүм менен чыркырап,бакыра баштадым:

“Роббым! Мени кайтар. Роббым, мени кайтар! Бир мүнөткө болсо да,бир көз ирмемге болсо да кайтар көр! Бирок эххх! Эч нерсени сезбей өзүмдү жогото баштадым. Айланамды караңгылык,коркунуч каптап калган эле. Бирок бүт ааламдын Роббиси болгон Аллах рахматы өтө кең Мээрими чексиз Заттыр.

Күтүлбөгөндө өпкөмө кайра дем кире баштады. Көз алдымда бир киши аба түтүкчөсүн тутуп турганын көрдүм. Биз деңиздин ортосундабыз, ал киши менин жашап калышым үчүн аябай аракет кылып жатты. Анын жүзүндөгү жылуу жылмайусун көрүп,эми түшүнө баштадым акыбалым жакшыланып жатканын. Чын ыклас менен жүрөгүм,тилим,жаным менен:

“Ашхаду ал ла илааха иллАллах,Ашхаду анна Мухаммадан Расулуллох!”- Алахка чексиз шүкүрлөр болсун деп жаттым. Суудан Аллахтын ырайымы,кечирими менен эсен -аман чыкканымда,мен башка бир инсанга айланган элем. Жашоого болгон көз карашым өзгөрө баштады. Күндөр өткөн сайын мен Аллахка дагы да жакын боло баштадым. Жашоомдо канчалык бактылуу,жан дүйнөм тынч,өзүнчө ыракат алып жашап жатканымдын сырын аңдадым. Аллах Тааланын: ” Силер ибадат кылуу үчүн жаратылгансыңар “деген сөзүн эстедим. Кандайгана чындык хак сөздөр! Биз жөндөн -жөн жарытылбаганбыз!

Күндөр өтүп ошо болуп өткөн окуяны эстеп ,деңизге бардым. Атайын деңизге түшүү үчүн кийиле турган кийимдерди кийип,сууга түштүм. Бир өзүм ошо деңиз ортосунда болгон жайга бардым,ошол жерде Жаратканга сажда кылдым. Өмүрүмдө ушу сажда сыяктуу сажда кылганымды эстей албаймын. Мына ушу жайда менден мурда башка бирөө сажда кылган деп да ойлобоймун. Качандыр бир күн ушул деңиз мекени,кыямат күнү күбөлүк берсе го,деңиз ортосунда кылган саждам себептүү,Аллах Таала мага ырайым,рахматын кылып,Өзүнүн Бейишинен насип кылса эле,Аллахым дубаларымды кабыл кыл Амиин!

🏻Ушул окуя ар бирибизге сабак болсун бир тууганым! Кандай гана убакыт, саат,мүнөттөр болбосун өлүм деген шум ажал айттырбай келген учурун эсиңизге туйуп алыңыз,ал учур ар кимге эле кайтуу мүмкүнчүлүгү бериле бербейт,ал кезде аттиң деп калуучулардан болуп калбайлы! Ал сапар түбөлүк жыргалчылык же түбөлүк азапка бара турган учур болот.

Ал ачуу акыйкаттан эч ким качып кутулган эмес,сиз жашап жаткан экенсиз ар бир күнүңүздү текке кетирбей ибадат кылып калыңыз! Ал учур келгенче сизде мүмкүнчүлүк бар. Аллах Таалам баарыбызды жүрөгүбүздө ыйманыбыз,намазыбыз,кураныбыз,тилибизде келмебиз менен өтүүнү насип кылсын!

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════

Запись 💧 Деңиз түбүндө Аллага сажда кылган жигит впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.