Halloween party ideas 2015

Эх убакыт, убакыт кайда шашып барасың,
Адамзаттын өмүрүнүн тамчыларын уурдайсың.
Токтой турчу бир жыл,бир ай,бир саат, мүнөттөргө суранам,
Бейиш болгон ата -энемдин ыраазылыгын алайын…

Дегендей убакыттын учкан куштай зымырап учушу коркунучтуу болуп,бизди көп нерселерге жетишпей калып жатабыз. Байкап көрдүңүзбү таңдын атышынан батышы тез болуп күнүбүздүн кандай өткөнүн сезбей калып жатабыз. Жылдар айга,айлар күнгө,күндөр саатка,сааттар мүнөткө айланып жаткандай,болбосо ошол эле саат,ошол эле күн, ай,жылдар . Бул да болсо Жараткандын катылган сырларынын биридир,же кыяматтын белгилеринен кабар берет. Замандын өнүгүүсү күндөн -күнгө жаңылыктарын тартуулап,мүмкүнчүлүк адамзатка канчалык берилген сайын, жашообуздагы кадырлуу мүнөттөрүбүздү баалабай калдык. Биз адамдар эки ааламда жашап калдык бири бул жашообуз болсо, экинчиси интернет ааламы . Жаш каары дебей бир бутубуз ал жакта бир бутубуз бул жакта. Бир сыйыкыр дүйнөгө кирип жашап жаткандайсың,акча менен тамагыңды бербесе,каалаганыңды көрүп, угуп,дүйнө саякатын жайыңда олтуруп алып кезесиң.
Азыркы учурда интернетке кирбеген адам жок болуш керек. Жадакалса, неберелери чоң ата, чоң энесине үйрөтүп, ватсап, фейсбук, инстаграм дегендин баарын колдонот. Анткени менен бу интернет дегендин алысты жакындатканы эле болбосо канчалаган адамдын алтындай секунддарын, мүнөттөрүн, сааттарын, күндөрүн, түндөрүн уурдоодо. Албетте, пайдалуу нерсе издеп, жакшы маалыматтарды окуп, тарбиялуу нерселерди көрүп, оң жакка колдонгондор да бар. Ал эми канчалаган убактысын коротуп, пайдасыз нерселерди көрүп аткандарчы? Алардын келечеги кандай болот? Канткенде убакыттын кадырына жетебиз?
Бул жашоодо ар бир адамга бирдей убакыт берилет. Чындыгында, ал убакытты ким кандай колдонот, адамдар ошонусу менен бири-биринен айырмаланат. Кээ бирлери аны сарамжалдуу колдонгонду кичинесинен үйрөнүп, жашоосуна маанилүү өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү киргизет. А кеч түшүнгөндөр болсо, убакыттын кадырын кечигип байкап, бармагын тиштейт.

Өмүрдү текке кетирүү өлүмдөн да жаман.Себеби өлүм дүйнөдөн ажыратат.Ал эми өмүрдү текке кетирүү акыреттеги бейиштен ажыратат.

Чындыгынды өмүрлөр жылдар менен жазылбайт а ар бир чыккан дем менен жазылат.

Себеби ар бир өткөн күнүңүздө өмүрүңүз кыскарып кабырыңызга жакындай бересиз.Ошондуктан сиз чынчыл болуп өзүңүзга назар салыңыз.

Соолих адамдар айтышчу экен :
Биз адам балдары кызык эле жанбыз. Жакындап бара жаткан жакка кам көрбөй,алыстап бара жаткан жакка кам көрөбүз.

Жеңишбек акын айткандай: “Интернет алысты жакын кылган менен тууганчылык ортосундагы мээрим тамчыларын уурдап,келген коногуң чай -пайың барбы дебестен, вай -файың барбы? деп калды..) Ыйлап жаткан балкайга телефон карматсаң соороп калат жаш карыны өзүнө тартып сыйкырлап алды “….

Канчасын ыйлатып,канчасын сүйүнтүп,канчасы бузулуп,канчасы оңолуп,канчасы ооруп,канчасы ууланып,канчасы өлүп канчасы кыйрап чөккөнү чөгүп өзүнчө бир ааламга айланды. Бул да Жараткандын чоң сыноолорунан, биздин абал бир бутубуз кылда,бир бутубуз отто, колубузга чок кармаган сыяктуубуз. Анткени интернет биздин алтындай болгон убактыбызды уурдап,канчалаган саат,мүнөттөрүбүз текке кетип,сооптуу амалдарды кылуудан тосуп койуп жатат.
Намаз,куран окууга ,зикир тартуу,дуба кылууга мүнөттөрдү аяп убакыт жок деп өзүбүздү өзүбүз алдайбыз. А интернетке акчабызда сааттар, түндөрүбүз кетип жаканы кандай гана өкүнүчтү. Бул да шайтандын жолунун ачылганы ыйманы алсыз канчаалаган инсандар күнөөгө батып убактысын бай берип,акыретине сооп эмес өзүнө өзү отун жыйып өмүрлөр соолуда….

Бир күнү Пайгамбарыбыздан (алейхиссалам): «Йа, Расулаллах, дүнүйө менен акырет арасындагы аралык канчалык?» – деп суралганда: «Көз ачып жумгучалык жакын», – деп буюрду.
Адам баласынын эң баалуу барлыгы – убактысы. «Убакыт – накит» делген, «накит» – бул алтын жана күмүш акча болуп саналат. Убакытты бошко сарптоо акчаны бошко сарптоо сыяктуу. Акча бошко сарпталганда колдогу байлык текке кетет. Ал эми убакытты бошко сарптаганда болсо өмүр байлыгы текке кетет. Дүнүйөдө айтылган бир калимаи таухид же бир жолу Аллах деп айтуу акыретте таразаны өзгөртүүсү мүмкүн. Ошондуктан, баалуу өмүрүбүздүн ар көз ирмемин жакшы пайдалануубуз керек. Жолдо, үйдө, жумушта, ар бир мүмкүнчүлүктө Аллах деп айтуу, салават айтуу, тообо истигфар окуу бизди аазаптан куткарышы мүмкүн. Пайгамбарыбыз мындай деген:
«Беш нерсе келүүдөн мурда ушул беш нерсенин кадырын билгиле:
1-Карылык келүүдөн мурда жаштыктын,
2-Оору келүүдөн мурда ден-соолуктун,
3-Бош убакытсыздыктан мурда бош убакыттын,
4-Кедейликтен мурда байлыктын,
5-Өлүүдөн мурда өмүрдүн, дүнүйөдө акыретти табуунун кадырын билгиле!»

Аттиң!деп айтылуучу күн кайсы күн экенин билесизби? Убакытты туура пайдаланбай өмүр сааты түгөп гаргара келген учур болот. Ал күн өтө кеч болгон учур ошол күн келгенче ойлонолу. Бүгүн сен эртенки күнүңдү өзгөртсөн болот , кечеки күнүңдү эч качан өзгөртө албайсын.
Кыяматта сооптуу амалдардын чогулушу,таразанын жакшылыктарга оор болушу убакытты туура пайдаланууда.
Аллах Таала акыретте убакытты эки жолун сурайт. Биринчиси
жаш кезиңди каяка жумшадың? Өмүрүңдү
кайда өткөздүң? Бул суроолордун жообу убакыттын биз үчүн канчалык маанилүү экенине кабар берет…

Кыскасы сөздүн аягы интернет тууралу сөз кылсак сөз түгөбөйт,калемибиздин сыясы түгөйт. Ар ким акыл калчап интернеттин чексиздигине сүйүнбөй өмүрүбүздүн чексиз, барктуу экенин туя билип убакыттын кадырына жетели!

👤Насиба Абдуллаева.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Запись Интернетиң чексиз болгону менен, өмүрүң чектелүү впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.