Halloween party ideas 2015

Падышанын жан дүйнөсү тарып, ички сырын жарыла айтып бук чыгарууга ылайыктуу киши таба албай өзүн жаман сезип олтурду. Колундагы бийлиги да, байлыгы да түккө татыбай, бир нерсесин жоготуп алгансып көпкө кыйналды. Жанында чарк айланып кошоматтанган жанжөкөрлөрү көзүнө албарстыдай көрүнүп, жүрөк тереңинде алардын ар бир кыймылы туучусунун каалоосу менен сүйлөймүн. жалган сыяктуудай туюлду.
Жалгыз олтуруп мындан жети жыл илгери зынданга салдырган аалымды эстеди. Ошондо мунун каарынан да, заарынан да коркпогон аалым алдына келип, кемчилигин бетине айткан эле. Аалымдын айтканы чындык экенин билип турса да, пенделик алсыздыгы менен падышалык текеберлиги кошул-ташыл болуп анын сөзүнө сынгысы келген эмес. Тескерисинче, аалымды сындырууга аракет кылган. Бирок, кашайып ал да айтканынан кайтпай туруп алган болчу.Акыры экөөнүн талашы аалымдын зынданга ташталуусу менен аяктаган. Андан бери жети жыл өтүптүр. Буга чейин бир, эки курдай гана аны эстебесе, эсинен такыр эле чыгарып койгон экен. Эмнегедир бүгүн ошол аалым эсине түштү. Кызык, жети жылда ал кандай өзгөрдү экен? Падыша вазирин чакырып, аалымды алып келүүгө буйруду.
Аалым жылуу салам айтып кирди. Ооба, чач-сакалы агарып, өңү бозоруп, жүдөңкү тартып калыптыр. Бирок, көздөрү баягыдай эле ишенимдүү тиктеп, жанып турат.

– Мага каршы сүйлөйм деп, агымга каршы сүзгөн кемеге түшүп алганыңды сездиңби? – деп сөз баштады падыша, аалымды сынай карап.

– Мен дарыгермин, – деди аалым, – оорулуу адамга кирсем насаатымды айтам. Падышанын кашы серпиле түштү. Ооба, деди ичинен, мунун көзү да, сөзү да ошол бойдон экен.

– Мага насаат айтууну сага ким буйруду?- Бул тактыга олтурууну сага ким буйруду? – деп, суроого суроо менен жооп берди аалым.

– Мен калайык-калктын каалоосу менен бул тактыда олтурамын.

– Мен калайык-калктын Жара– Адамдардын башчысына каршы сүйлөгөн адам, тумшугу менен зынданга түшөрүн сен дагы эле биле элексиңби?

– Ооба, аны жакшы билип калдым, бирок ааламдардын Жаратуучусуна каршы сүйлөгөн адам тумшугу менен тозокко түшөрүн сен али биле элек окшойсуң, падышам?

– Эмне үчүн аалымдардын баары сен айткан нерсени айта алышпайт?

– Жети жыл зынданда жатуудан коркушат. А мен үчүн бурадарым Жусуптай болуп зынданда жатуу – чындыкты жашыруудан жакшыраак.

– Мен сени зынданга салып, жети жылдык өмүрүңдү текке кетирдим, эми каалаганыңды сура, мен сени ыраазы кылайын, – деди падыша бир аз жумшарып.

– Туура айтасың, менин кырчын курагым өтүп картайып калдым, эми менин бир эле суранычым бар, менин жаштыгымды кайтарып бер, – деди аалым бир аз ийиле.

– Бул менин колумдан келбейт.

– Андай болсо, менин ден соолугум начарлап бара жатат, мени өлүмдөн сактап кал.

– Бул да менин колумдан келбейт, менин колумдан келчү нерсени сура! – деп бети-башы кызарып чыкты падышанын.

– А мен болсо булардын баарын аткара алуучу Затка жакындап бара жатам, – деди аалым, – баса сен да Ага жакындап бара жатасың, – деп кошумчалап койду анан.

– Сен менден бир нерсе сурап алмайынча, бул жерден чыгарбаймын! – деп кыйкырып жиберди падыша буулугуп.

– Эгер бир нерсе суроого муктаж болсом сенден эмес, мобу кулуңдан сурап алмакмын, – деди аалым эшик тоскон желдетке кол жаңсап.

– Бул сенин акмактыгың, менден таппаган нерсени кулумдан тапмак белең?! – падыша дагы ачууланды.

– Кулуңдан сурайм десем ачууландың, мен дагы сага окшогон алсыз кулунан сураганым үчүн Жаратуучу Падышамдын ачуулануусунан коркомун.

– Мен сага менден бир нерсе сура деп жатам! – падыша кыйкырып жиберди.

– Макул, андай болсо артыңа үч кап буудай көтөрүп чыгып бер, ала кетейин, – деди аалым камырабай.

– Бул оңой эле, – деп падыша жумшара түштү, – бирок, үч капты мен көтөрө албайм.

– Үч кап буудайды артыңа көтөрө албасаң, калың журттун милдетин моюнуңа кантип көтөрүп жүрөсүң?

– аалым падышага суроолуу карады,

– биз бул заманда эл милдети эмес, өз арабабызды жарытылуу тарта албай калдык.

Падыша башка сөз сүйлөгөн жок. Тескери бурулуп, аалымга “чыгып кет” дегенсип кол жаңсады. Эшик акырын жабылып, анын кадамынан чыккан дабышы угулбай калганча нес болгон эмедей катып турду. Анан гана оор үшкүрүп тактысына басып келди. Аалымдан жеңилгенине ичи күйүп турса да баягыдай кыйналбай өзүн жеңил сезип калды. Колун асманга созуп, акырын шыбырай баштады: “Оо, ааламдардын Жаратуучусу, алсыз пендеңдин күнөөсүн кечире көр. Тозок отуна тумшугу менен кирүүчүлөрдөн кылба. Оо, Жараткан…” Чын ыклас менен жүрөктөн чыккан тообаны коштой, көздөрдөн куюлган жаш тамчылары сакал ылдый агып жатты…

Запись Аалым менен падыша впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.