Halloween party ideas 2015

Ооба бир туганым бул дарынын бар экенин билесиңби? Албетте билесиң бирок колдонуп көрдүң бекен. Адатта адамзат ооруса дароо айгыга калсам деп дарыканага чуркап, доктур жазган дарысын алып ичкенге шашылат. А бул “Сабыр “дарысы бир сиздин ооруңузду дарылабастан катыган жүрөгүңүзгө жумшактык,күнөөнү каалаган нафсиңизди тарбиялайт ,карарган жан дүйнөңүзгө жарыктык,алсызданып сынаарда кайрат -күч берип, жашооңузда тосулган тосукту ачып, бактылуу болуп жашооңузга жардам бере турган табылгыс дары. Бул дарынын курамында:
Жөнөкөйлүк
,жылмаюу, мээримдүлүк,кечиримдүүлүк,жоомарттык,берешендик, кайраттуулук ,ыймандуулук эң негизгиси адамзатты душманы болгон шайтанды ыйлата турган эң күчтүү касиетке ээ …
Бул дарыны баардык адамзаттын баарысы колдонуп жүрүүсү шарт. Анткени бул жашоо кайгы капа кыйынчылыктар менен аралашкан, чындыгында инсан машкатка жаралган,акылман болсун,аалым болсун,окмуштуу болсун,филосов болсун бай,кедей болсун баарынын башында өзүнө жараша кыйынчылык түйшүктөрү бар. Бул көйгөйлөрдү жеңүүдө “Сабыр “дарысы гана жардам бере алат, кыйынчылыктын калканы,ачуунун басууда ойлонбостон күнөө кылууда курал болуп берет.
Ооба “Сабыр “деген ушундай бир тууганым,дегиэле Сабыр деген эмне?

Сабыр башка келген азабтарга чыдоо,кечилген күнөө,жамандан оолак болуу..

Сабыр илимде болсун,бизнесте болсун,дегиэле кандай амал болбосун ишеништи актоо…

Сабыр кыйынчылыкта жол таппай турганда бүгүлбөс сөйөнүч,жыгылбас таяныч..

Сабыр жүрөкө чын ыкластуулук,жан дүйнөгө тынчтык ооруга шыфадыр..

Сабыр ачуу келгенде тилдерге кишен ,шайтанга калкандыр..

Сабыр көңүлдү көртөрө турган кубаныч..

Сабыр адамзатка сулуулук берген адеп -ахлак…

Сабыр ибадатка бекемдүүлүк,бейишке жетгизип,тозоктон кутулу.

Сабыр ыймандын нуру,Аллах Таалага жакын болуш..

Сабыр кыямат күнүндө чоң коркунучтан амандык.

Сабыр Аллах Тааланын ырахматы жана берекети..

Сабыр эң негизгиси мусулмандын ажайып кулк-мүнөзү …!

Карачы бир тууганым “Сабыр “деген кандай гана ажаайып ,аны колдоно билгин. Алдыңдан келген кыйынчылыктарды,мусийбаттарды,ооруларды жылмаюу, сабыр менен тосуп алгын. Тагдырыңа ыраазы бол,башка түшкөндү кабыл кыл,балаң каза болгондо ыйладың,бакырдың, чакырдың эле кайтып келдиби? Банкорт болгонуңда өкүндүң эле акчаң кайтып келдиби? Душман сага каардуулукту көрсөткөндө бакырып -өкүрдүң аны жеңе алдыңбы? Андай болсо бир мусийбатты эки мусйибатка айландырба,бирок түйшүк келген кезде кычкыл лимиондон таттуу суусундукту жасап” сабыр” дарысын кошо ич…
Оо,Аллахтын тагдырына ыраазы болгондор,башына кыйынчылык келген кезде аны жылмаюу,сабыр менен кабыл кылгандар! Куранда силер тууралуу мындай деп айтылат:
«Аларга ар кайсы эшиктерден периштелер кирип мындай дешет: Сабыр кылганыңар себептүү силерге Аллахтын саламы болсун! Акырет үйү (Бейиш) кандай жакшы». (13:23;24)..

Аллах Таала айтты: «Чындыгында, Аллах Таала сабыр кылуучулар менен бирге». (Бакара, 153-аят).

Аллах Таала айтты: «Намаз окуу жана сабыр кылуу менен кубаттангыла». (Бакара, 153-аят)…

Аллах Таала айтты: «Ким сабыр кылса жана кечирсе, чындыгында ал улуу иштерден» (Шуура, 43-аят).

Аллах Таала айтты: «Чындыгында, сабыр кылуучуларга сыйлыктары эсепсиз берилет». (Зумар, 10-аят).

Аллах Таала айтты: «Оо, ыймандуу пенделер! Сабыр кылгыла жана чыдамдуу болгула, катарга тургула жана Аллахтан корккула, балким ийгиликке жетээрсиңер». (Аалу Имран, 200-аят)…

Абу Малик Алхаарис бин Аасим (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Сабырдуулук – бул нур» – деп айткан. (Муслим, Ахмад).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Сабырдуулук бул ыйман» – деп айткан. (Ахмад, Абу Дауд).

Запись “САБЫР “ДЕГЕН ДАРЫНЫН БАР ЭКЕНИН БИЛЕСИҢБИ?! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.