Halloween party ideas 2015

🏻Ыйык, касиеттүү түндөр Ислам дининде урмат кылына турган түндөр болуп эсептелет. Аллаху таала пенделерине мээримдүүлүк кылып, кээ бир түндөрдү кадырлуу деп сыпаттап, ошол түндөрдө окулган дубалар менен тооболордун кабыл боло тургандыгын билдирди. Пенделеринин көп ибадат кылып, дуба жана тообо кылуулары үчүн ошол түндөрдү себеп кылды..
Ал күндөрдүн бири Ашура түнү. Бул түн – Мухаррам айынын онунчу түнү. Быйыл Ашура күнү 30 -сентябрьга туш келет.Мухаррам айы – Курани каримде ыйык деп билдирилген төрт айдын бири. Ашура – ушул айдын эң кадырлуу түнү. Аллаху таала кээ бир дубаларды Ашура күнүндө кабыл кылган. Адам пайгамбардын тообосунун кабыл болуусу, Нух пайгамбардын кемесинин топон суудан куткарылуусу, Юнус пайгамбардын балыктын ичинен чыгуусу, Ибрахим пайгамбардын Намруддун отунда күйбөй калышы, Идрис пайгамбардын тирүү кезинде эле асманга чыгарылуусу, Якуб пайгамбардын уулу Юсуф пайгамбар менен кездешүүсү жана көздөрүндөгү парданын алынуусу, Юсуф пайгамбардын кудуктан чыгуусу, Аййуб пайгамбардын оорудан айыгуусу, Муса пайгамбардын Кызыл деңизден өтүп, Фараондун сууга чөгүүсү, Иса пайгамбардын туулуусу жана яхудилердин кол салууларынан кутулуп, асманга көтөрүлүүсү – ушулардын бардыгы Ашура күнү жүзөгө ашкан (алейхимуссалам). Бул күндүн улуулугана күбө болуп турганыңыздай ошол себеп Аллах Таалама шүкүр келтирүү максатта орозо кармо керек.
Бул тууралуу Абу Катада, радыяллаху анху, риваят кылат: «Күндөрдүн биринде Пайгамбардан ﷺ Ашура күнүндөгү орозо тууралуу сурашканда, ал: «Ашура күнүндөгү орозо – өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп үмүт кыламын»,– деп жооп берди». (Сахих Муслим, 1976)Бул хадистен Ашура күнүнүн орозосу бир жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болоорун билебиз.
Ашура күнүндөгү орозо 3 түрдө тутулат:
Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы жана кийинки күндөрү да орозо тутуу. Ошондо үч күн (29-30 сентябрь жана 1- октябрь күндөрү) катар орозо тутулат. Мына ушунусу эң толук деңгээлде тутулганы.
– Пайгамбарыбыздын Сүннөтүн аткарып, Ашуранын орозосун тутуу мустахаб болуп эсептелет;– Бул күнү Пайгамбар да, сахабалар да жана Муса пайгамбар да Аллахка шүгүр келтирүү максатында орозо тутушкан;
– Бул күн байыркы замандан бери өзгөчөлөнүп келген улуу күн;
– Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы же кийинки күнү орозо тутуу сүннөт. Анткени жөөттөр Ашура күнү гана орозо тутушкан. Пайгамбарыбыз аларга каршы болуу максатыңда анын алдыңкы күнун же кийинки күнүн кошуп туткан.
Демек бир тууганым бул мүмкүнчүлүктү да колдон чыгарбоого аракет кыл! Бул күндүн улуулугун байкадыңызбы? Улуу пайгамбарлардын кыйынчылыктан куткарылган,дубалардын кабыл болгон күнү! Алланын ырайым эшиктери дайым эле ачылуу боло бербейт,Аллах үчүн тутулган орозонун сообу,сыйлыгын бир Жараткан Өзү билет, Ал Мээримдүү,Ырайымдуу,Кечиримдүү Улуук Заттын жакшылыгынын чеги жок,болгону ниет,ыкластарга байланган. Бул улуу күндүн урматына ар бир мусулман пендесинин орозо кармоого насип кыла көр Аллахым! Чоң үмүт менен ак -тилек, аруу -максаттарга оролгон баталарыбызды кабыл кылып жакшылыктарыңдан кур калтырбагын! Омиийн!

Запись АШУРА КҮНҮ КАНДАЙ КҮН ЭКЕНИН БИЛЕСИЗБИ?! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.