Halloween party ideas 2015

– Алло, бул ким, ким керек сага? – деп кыйкырып жатты Ашым телефонго.

– Мен адептүү балдарга белек берүү үчүн чалып жатам, бул үйдө адептүү бала бар деп айтышты эле, – деген сылык үн угулду трубкадан. Ашым бир азга унчукпай турду да:

– Биздин үйдө бир эле бала бар, – деди акырын.

– Кичипейилдикке ошол ба-ланы чакырып коё аласыңбы?

– Ал менмин, менден башка эч ким жок.

– А анда мен номерден адашып калган окшойм, кечирим сурайм, – телефондун дыңылдаган үнүн тыңшап Ашым унчукпай ойго батты. Эмне үчүн бул адам мени адептүү эмес деп ойлоп калды. Же мен телефондон туура эмес сүйлөп койдумбу?

Атасы жумуштан келер за-мат, Ашым суроо узатты:

– Ата, адептүү бала кандай болуусу керек?

– Адептин түрү көп балам, – деп сөзүн баштады атасы, – улууну урматтоо, кичүүлөргө жакшы мамиле кылуу, мектепте тартип-түү болуу, ата-энени тилин угуу мына ушулардын баары адепке кирет. Анан телефон менен сүйлөшүүнүн да өзүнчө адеби бар. Маселен сен бүгүн телефон адебин сактабагандыгың үчүн, татынакай белектен куру калдың. Негизи адеп деген үйдөн башталат.Ашым таңдана сурады:

– А сиз аны кайдан билип алдыңыз?

– Улуулар көптү билет, уулум, андан көрө мындан ары дайыма адептүү болууга аракет кылсаң, мындай белектердин көбүн аласың, негизгиси улуулардын алкыш-батасына татыйсың, – деди атасы күлүмсүрөп.

– Ооба, мындан ары мен эң адептүү бала боломун деди,

– Ашым да жайдары күлүмсүрөп.

Запись АДЕП КАЙДАН БАШТАЛАТ? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.