Halloween party ideas 2015

Сүйүктүү пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ооруп калган адамдарга дуба кылчу жана алардын өзүнө да дубаларды үйрөтчү.
Бир жолу Абу Абдуллах Усман бин Абу-лаьс (Аллах андан ыраазы болсун) ооруп жатканын айтканда, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага минтип айтат:
“Оң колуңду ооруп жаткан жериңе койгун да, үч жолу “Бисмиллах” (Аллахтын ысмы менен) деп айткын. Анан:
“Аьуузу би-ьиззатиллаахи ва Кудратихи миң шарри маа ажиду ва ухазиру” деп айткын”.
Дубанын мааниси: Мага келип, мени жабыркатып жаткан ооруунун жамандыгынан, Аллахтын Улуулугу жана Кудурети менен сактанам”. (Муслим).

Кимде-ким пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ушул сүннөтүнө амал кылса жана чын ыклас менен ишенсе, анда Аллах Таала ага шыпаа берет.
Анткени, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эч качан өз оюнан сүйлөгөн эмес. Ал Аллахтын вахиси менен гана сүйлөгөн.

Запись ООРУУГА ШЫПАА СУРООНУ ҮЙРӨНӨЛҮ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.