Halloween party ideas 2015

🏻Мына дагы бир күн батты кызарып,
Көнүмүштөй карап турам баягы.
Өткөн күндөр барат улам узарып,
А өмүрдүн көрүнүүдө аягы.

Кээ бирөөлөр айныгансып эсинен,
Бат өтпөйт дейт убакытты жекирип,
Ал байкуштар билишпейт го,
Четинен жаткандыгын өмүрүнүн кетилип.

Курч кылычтай өткүр болот убакыт,
Убагында кадырына жетпесең.
Кыйып түшөт өмүрүңдү уратып,
Убагында аны өзүң кеспесең.

Көп өмүрдү жолдош кылып өзүнө,
Кечээги күн болуп кетти келгисиз.
Насаат айтып отурамын өзүмө,
Эртеңкини көрөрлүгүм белгисиз.

Бул дүйнөдө биз жашайбыз аз гана,
Унутпай жүр чын жашоого саздана.
Күтүп турса түбөлүктүү акырет,
Эмне керек баш оорутуп башкага.

Таң каламын сенин кызык мүнөзүң,
Бул дүйнөнүн жалгандыгын билесиң.
Селки жандап, арак ичип күнүгө,
Өлбөөчүдөй шапар тээп жүрөсүң.

Кайдан келдик? Кайда бармай? ушуну,
Билбей туруп неде жашоо үзүрү.
Өмүр бою жыйнап жүргөн байлыктын,
Өлгөнүңдө тийбейт сага үшүрү.

Мен мечитке шаряттын аңызын,
Угуу үчүн келгендигим дагы чын.
Кечээ күнү бал сөздөрдү укканмын,
Бүгүн дагы уккум келет жаңысын.

Запись УБАКЫТТЫ БААЛАЙ БИЛ! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.