Halloween party ideas 2015

“Coca-Cola”нын таттуу даамынын адам организмине канчалаган зыян алып келээрин бири билсе, башкасы биле бербейт. Ошентсе да, бул суусундуктун сатылуусу күн сайын өспөсө да, азайып жаткан жок жана дүйнөдөгү баалуу бренддердин бири болуп кала берүүдө. Аталган суусундуктун организмге зыяндуу болгону менен, жашоодогу пайдалуу жактарын сунуштамакчыбыз.

Бир кызыгы, кээ бир өлкөлөрдө кола суудан да арзаныраак турат. Анын газдалган-кычкыл курамы адам организминдеги кычкыл-щелочтун тең салмактуулугун бузат дешет окумуштуулар.

Эгер коланы күн сайын ичсе, ашыкча салмак, тамак-аш сиңирүү бузулуп, жүрөк менен өпкө ооруларына чалдыгып калуу коркунучу жаралат. Жумасына эң аз дегенде бир жолу кола ичкен адамдын толуп кетүү мүмкүндүгү 31 пайызга, дененин өсүүсүнүн бузулушу 30 пайызга, кандын курамындагы кантын деңгээли 25 пайызга көбөйүп, холестериндин коркунучу 32 пайызга өсүп жана кан басымдын көтөрүлүшү мүмкүн.

Коланын адам ден соолугуна зыяндуулугу көп болгондугу менен, жашоодо өтө эле пайдалуу. Өзгөчө кыйын тактарды кетирүүдө “Coca-Cola” – таптырбас чечим болуп берет.

Коланын жардамы менен:

1. Темирдеги, ваннадагы, раковинадагы туруп калган датты тазалоого болот.

2. Кийим, кездемеге тийген канды кетирет.

3. Унаанын майы сиңген асфальт, полду тазартыңыз.

4. Күйүп кеткен кастрюл, темир идишти тазалоого жардам берет. Ал үчүн идишти кола куюлган табакка салып, бир аз убакыттан кийин жууңуз.

6. Тыйындардын бетинде катып калган кирди тазалоого болот.

7. Фарфор бетине сиңген тактарды кетире аласыз.

8. Хромдон жасалган буюмдарды тазартат. Ал үчүн алюминий фольгасын колага салып, унаанын хромдон жасалган куралдарын сүртүп чыгыңыз.

9. Ашканадагы раковина бүтөлүп калса, кола куюп коюңуз, катып калган май, жип-шурудан ачылат.

10. Мал сойгондон кийин ичеги-карындын бетине кола куюп жарым саат калтырсаңыз, жыты да кетип, карынды артканга жеңил болот.

Запись Кока-Кола менен эмнелерди тазаласа болот? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.