Halloween party ideas 2015

Жаңы класс жетекчи бешинчи класстын окуучуларына алгачкы сабагын берип баштайт. Ал ушул сабагында өмүрүндө биринчи жолу жалган айтат. Жалганы эле ушул, “мен баарыңарды бирдей жакшы көрөм!” деп балдардын көңүлүн алганы. Тээ арт тараптагы партада ар убак ойго баткан, түнт, эч кимге сүйлөгүсү келбеген Жоомарт аттуу окуучу олтураар эле.

Мугалим бир жыл бою ал балага көз салып жүрдү. Башка балдар менен ойнобогон, кийимдери кир жана өзү да көптөн бери жуунбай жүргөнүн баланы мугалим астыртан байкап жүрө берди. Дайыма аны көргөндө үмүтсүз, бактысыз бир баланы көргөндөй боло берчү…

Бир күнү класс жетекчи балдардын делосун толтуруп жатып, Жоомарттын делосун өзүнчө бөлүп алып коёт. Кезек анын делосуна жетип, буга чейинки таржымалдары жазылган барактарды окуп жатып чочуп кетет. Себеби, буга чейинки окуган жылдардын ар биринде класс жетекчилер кубанткан да, кайгырткан да, айтор, ар кыл мүнөздөгү мүнөздөмөлөрдү жазыптыр:

Биринчи классындагы мүнөздөмө:
– Акылдуу, ар убак күлүп жиберүүгө даяр турат. Абдан элпек бала. Тапшырмасын ар дайым аткарып келет. Эң жакшы сапаттары бар, достору да аны менен ойногонду жакшы көрөт… 

Экинчи классындагы мүнөздөмө:
– Эң жакшы окуучу! Достору аны баарынан жакшы көрүшөт. Бирок, апасынын катуу оорусу себептүү акыркы учурда көңүлү чөгүп жүрөт… 

Үчүнчү классындагы мүнөздөмө:
– Апасынын өлүмү ага абдан оор болду. Атасы жетиштүү көңүл бура албайжатат. Эгер бир чара көрүлбөсө, үйүндөгү турмуштун таасири тийип калышы мүмкүн… 

Төртүнчү классындагы мүнөздөмө:
– Окууга эч маани бербей түнт болуп, эч кимге сүйлөбөй да калды. Достору да жок. Кээде класста уктап калат.

Класс жетекчи маселенин төркүнүн эми гана түшүнгөндөй болуп буга чейин артта түнөрүп олтура берчү баланын жан дүйнөсүнө жарык берүүгө аракет кылбаганына уялды. Мугалимдер күнү да келип, окуучулар эжейине кооз букеттерди берип, ар кандай белектерди тартуулашты. Алардын шатыра-шатман белектеринен айырмаланып, Жоомарттын берген белеги кыйла маанайды суудурду, бала байкуш кагазга тырыштырып-бырыштырып бирдемелерди ороп бере салыптыр. Жаалап карап турушкан окуучулардын көзүнчө ал белекти ачуудан да айбыгып, бир эсе Жоомарттын көңүлүн ойлоп ачып көрсө түгөнөйүн деп калган атыр, таштарынын айрымдары түшүп калан эски шуру экен. Аны көргөн окуучулар классты жаңырта каткырып, шылдың аралаш күлүп ийишти. Окуучулардын эжейи сыр бербестен, атырдын капкагын коомай ачып, билегине сүйкөп Жоомартты карай ыраазы боло жылмайганда каткырыктар тып басыла түштү.

Сабактар да бүттү. Окуучулардын баары класстан суюлуп чыгып, алардын эң артында атайылап калган Жоомарт мугалимге жалооруй тиктеп: “Эжей, бүгүн керели кечке апамдын жытындай жыттанып жүрдүңүз”,- деп ыраазылыгын билдирип коштошуп чыгып кетти. Класста жалгыз өзү гана калган мугалим Жоомарттын айткан сөзүнөн кийин апасыз өскөн баланын тагдырын ойлоп дээрлик бир сааттай эчкирип-эчкирип ыйлап алды… 

Ошол күндөн тарта ал окуучуларга күнүмдүк предметтик сабактарды гана эмес, балдарга, кыздарга тарбия берүүгө да бел байлады. Айрыкча, Жоомартка өзгөчө көңүл буруп, аны менен сырдаш болуп, такай көңүлүн көтөрө сүйлөп, “мыкты окуп жатасың” деп кубаттап, жакшы маанай тартуулаган сайын бала мурункудай түнөрбөй, көңүлү куунак тартып баштады. Жыл аяктап, Жоомарт алдыңкы окуучулардын катарына кошулуп, мектепти эң мыкты баалар менен бүтүрдү. Ушул класстын окуучуларына алгачкы өткөн сабагында “мен баарыңарды бирдей жакшы көрөм” деген сөздөрдүн жалганы ушул болчу, мугалим башкаларга караганда Жоомартка сыйы артып, ага негедир астейдил бөпөлөп мамиле кылар эле. 

Ал класстагы окуучулардан баары мектепти аякташып, канат күүлөп ар кимиси ар тарапка тарап кетишкен соң, бир күнү мугалимге Жоомарттан кат келиптир. Кат жан дүйнөнүн тереңинен чыгып жазылганы сезилип турат. “Жашоомдо апамдан кийинки эле эң жакшы адамым сиз болдуңуз! Сиз менин кыйрайын деп калган үмүтсүз түнт жашоомо кайрадан жарык бердиңиз!”,-деп, андан тышкары азыркы убакта кандай билим алып жатканын, эмне ийгиликтерге жетишип жатканын узун сабак кылып баяндап жазыптыр. 

Мугалими кийинки катты жети жыл өткөндөн кийин алды. Катта, Жоомарт медициналык академияны бүтүргөнүн, эң жакшы студент болгонун жазып келип “Сиз дагы деле мен үчүн эң жакшы, асыл адамымсыз!”, – деп көңүл көтөргөн сөздөрдү жазган экен. Арадан төрт жыл өтүп андан дагы бир кат келиптир, катта, медициналык билимин дагы өстүрүп, илим жолунда жүргөнү, ушул кесип менен эмгектенип жатканы кенен жазылып, каттын соңунда аты-жөнүнө “доктор” деген сөз кошулуп калыптыр. Көп өтпөй дагы кат келди. Бул ирет Жоомарт үйлөнө турганын, атасы бир нече жыл мурун көз жумганын жазып, “Ушул тоюмда апамдын ордуна апа болуп үлпөтүбүздүн сыйлуу коногу болуп кетиңиз” деген өтүнүчүн кыстарыптыр. 

Мугалим эжейи токтоосуз макул болуп, Жоомарттын маркум апасы себинген атырдан себинип, анын апасынын баягы белекке берилген шурусун тагынып, кубануу менен той үстүнө кирип барат. Жоомарт мугалим эжейин эмес, өз апасы келгендей маңдайы жарыла кубанып бекем кучактап тосуп алат, ал экөөнү карап тургандар булар эне-бала го деп ойлоору шексиз эле… Жоомарт мугалимден апасына айланган асыл адамын катуу кучактап, “Апа! Мага ишенгениңиз үчүн абдан ыраазымын! Сиз менин бутка туруума, куурап бараткан абалымдан кулпурган көчөттөй гүлдөшүмө шарт түзүп бердиңиз! Мага дем берип, кайрадан көгөртүп, өстүрдүңүз!.. Рахмат апаке!”, – деп шыбырады. Анын мугалими: “Жаңыласың, сен мага көп нерсени үйрөттүң, чыныгы мугалимдикти мына сен үйрөттүң! Сага жолукканга чейин мугалим кандай болушу керектигин билбепмин!”, деп көзүнөн кылгырган жашты сүртө жооп кайтарды…

Запись ТАРБИЯ -ТҮШҮНДҮРҮҮ АНАН ҮЙРӨТҮҮ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.