Halloween party ideas 2015

Ислам боюнча шайтандын жарылышынын себептери, калп айтуу жана мындан кутулуунун жолдору.

Анын чыныгы аты Иблис болгон шайтан, жиндер сыяктуу оттон жаралган. Кызматы Аллага кулдук кылуу болуп саналат. Адам баласы жаратылгандан мурда периштелер менен бирге жашаган. Азирети Адамдын жаратылганына көрө албастык кылып, Алланын «Адамга сажда кыл» деген буйругун орундаткан эмес. Текеберлигинен улам Алланын каргышына калган.

Куранда шайтандын адам баласы үчүн ачык душман экендиги, адамды дайыма жамандыкка түртөөрү жана Алланын адамдар менен шайтанды бири-биринин душманы катары жер жүзүнө түшүргөндүгү жазылган.

Мухаммед Пайгамбар бир хадисинде: «Чындыгында шайтан адамдын каны менен кошо айланат», -деп айтып, шайтан менен адамдын ортосундагы байланышты кан менен адамдын ортосундагы байланышка окшоштурган. Кан адамдын денесинде бардык жерге жетсе шайтан да адамдын тамырындагы кан сыяктуу болот жана ушундайча аны туура жолдон адаштыруу үчүн аракет кылат. Ошондуктан адамдар дайыма шайтанга жана анын азгырууларына каршы этият болуулары керек.

Шайтан өзү үчүн сыноо болгон адамдарды адилеттүүлүктөн алыстатып тозокко тартуу үчүн бардык жолду колдоно тургандыгын сөз кылган. Ушул жагдай Куранда: «Мени кууп жибергениң үчүн мен да аларга каршы сенин туура жолуңда олтуруп аламын. Анан аларга алды-артынан, оң жана сол тарабынан келемин да (адаштырамын), мына ошондо алардын көбүн (Сага) шүгүр кылуучулардын арасынан таппайсың”,- деп жазылган. Пайгамбарыбыз Мухаммед да, мусулман адам жакшы иш кылайын дегенде шайтан анын акылына ар түрдүү шылтоолорду коюп, аны ал иштен баш тарттырууга аракет кылганын сөз кылган. Бул аят менен хадис, шайтандын эң чоң каалоосунун адам баласын Алланын алдында жаңылыштыкка түшүрүп, уяткарууну камсыз кылуу экенин түшүндүрүп турат.

Курандагы Азирети Адам жана жубайынын шайтан менен сыноолорун түшүндүргөн аяттарга караганда, шайтан адамдын алсыздыктарын билет жана аларды пайдаланат. Шайтан адамдарды жагдайга жараша кээде убада кылып, кээде алдап, кээде да Алланын кечиримдүүлүгүнө ишенип жаңылыш жолдорго багыттайт. Шайтандын адамдарга түздөн-түз ишке ашыра турчу эч кандай күч-кубаты жок. Анын таасири адамдардын алсыздыктарынан, ач көздүгүнөн жана чексиз каалоолорунан келип чыгууда.

Исламда шайтан түшүнүгү, бардык жамандыктардын белгиси болуп саналат. Жаман жана жагымсыз жүрүм-турумдар шайтанга, жакшы жүрүм-турумдар периштелерге жакын.

Куранда тыюу салынган көптөгөн арам иштер жана жакшылыктардан баш тартуу шайтандын иши болгон жамандыктар катары эсептелет. Ошондуктан жамандыктын шайтандашуу экендиги баса белгиленген. Куранда өзгөчө жалгыз шайтандан эмес шайтандардан сөз болот. Бул да жамандыкты символдогон көптөгөн шайтандын түрлөрү бар экендигин туюнтууда. Мусулмандын жашоосу, бардык жагы менен ушул шайтандар менен күрөшүү жараяны болуп саналат.

Шайтандын эң белгилүү өзгөчөлүгү текеберлиги. Адамга эмне үчүн сежде кылган жоксун деп сураганда: «Мен андан мыктымын: Мени оттон, аны ылайдан жараттың”-деп жооп берген.Алла Таала: “Анда, андан түш! Сенин текеберленгениң дурус эмес. Чык (Бейиштен)! Сен кор болуучулардансың”,- деген.

Куранда шайтан жөнүндө айтылып жатканда эң маанилүү сабактардын бири текеберленүүгө кабылбоо керектиги эле.

Айрыкча шайтан адамдарды жолунан адаштыраарын, аларды аткарылбас жаман үмүттөргө азгыраарын сөз кылган. Ошондуктан калп айтуу да шайтандын бир өзгөчөлүгү болуп саналат. Шайтанга жакын бардык сыпаттар жана жамандыктар мусулманга жарашпайт. Ал жашоосу бою буларга этият болуп, шайтан менен өнөктөш болбошу керек.

Шайтандын дагы бир өзгөчөлүгү да адамды күмөн санатышы. Адамдын аң-сезимин баш аламын кылып аны туура эмес жолго жана жамандыкка түртүүгө аракет кылат. Жаман жана жагымсыз нерселерди жакшы көрсөтүп, аны арам иштерге багыттайт. Өзгөчө ибадаттар темасында мусулмандын тынчын алат. Аны ибадаттан алыстатып, Аллага карата өз милдеттерин орундатышына тоскоол болууга аракет кылат. Абдест алуусуна, намазына шек келтирет. Мындайда оюна келбеген нерселерди намаз кылып жатканда эстетип, анын тынчын кетирет. Ибадаттан ырахат алышына бөгөт болот.

Буга карабастан мусулмандар шайтанга каршы жалгыз калтырылган эмес, жакшылыкты өкүлдүк кылган периштелер аларга курбу болушкан.

Эгер шайтандан келген азгырык сени азгырмакчы болсо, Алла менен сактан. Чындыгында Ал –Угуучу, Билүүчү! Такыбаларды шайтан азгырса, алар Алланы эске алып, туура жолду көрүшөт. Бул аянттар адамдарды сактануу үчүн Аллахка кайрылууга жана адамдардын шайтандын азгыруусуна берилбөөнү буйруйт.

Запись Ислам боюнча шайтандын жарылышынын себептери, калп айтуу жана мындан кутулуунун жолдору впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.