Halloween party ideas 2015

– Өзүңүздү өтө эле майлуу, таттуу, туздуу, эттүү, ошондой эле холестеринге бай азыктар (жумуртка, майлуу сыр, икра, боор) менен эркелеткениңизди жүрөк сүйбөйт. Мындай азыктарды чегинен ашыкча колдонуу – жүрөккө зыян. Адистер бул азыктарды колдонуу коопсуздугунун нормасын эсептеп чыгышкан: жумуртканы жумасына 3-4 даанадан ашырбоо, каймакмайды күнүнө 15-20 грамм, этти күнүнө 100 граммдан ашырбоо сунушталат.

– Кумшекер менен туз – жүрөктүн баштан берки душмандары. Аларды аз өлчөмдө колдонсоңуз, жүрөгүңүз сизге ыраазы болот.

– Эгерде сиз күнүнө 4 кружкадан көп кофе ичсеңиз, жүрөгүңүзгө чоң зыян алып келген болосуз. Кофеин жүрөктүн жыйрылуусун күчөтүү менен ага ашыкча жүк алып келет. Андыктан, жүрөк ооруларынын башаты дал ушул сиз сүйгөн кофе болуп калышы толук мүмкүн.

– Булардан тышкары, жүрөккө аңосуз терс таасирин тийгизүүчү нерсе – стресс. Эгерде стресске жол бербесеңиз, өз жүрөгүңүздү сактаган болосуз.

– Дайыма толгон-токой жумуштарды башыңызга үйүп алып, алардын айынан эс алууну курмандыкка чалсаңыз, бул да жүрөк үчүн зыяндуу.

– Бардык нерсени жүрөгүңүзгө жакын кабыл аласызбы? Ашыкча ак жүрөктүүлүк сизди “жүрөк оорулууга” айлантат.

– Ашыкча салмак – жүрөккө болгон кошумча жүк. Өз салмагын нормасында сактап жүргөн адамдарга салыштырмалуу семиз адамдарда инфаркт коркунучу 4 эсеге жогору.

– Тамеки тартуудан кан тамырлар тарыйт, жүрөктүн жыйрылышы жогорулайт, организм С витамининен ажырайт, жүрөк маалынан эрте “эскирет”. Никотин жүрөктүн кычкылтекке болгон талабын күчөтөт, кандын коюуланышын жогорулатат.

– Ал эми никотинге алкоголь кошулганда жүрөктүн бузулушу эки эсе тездейт. Мындай учурда тамекинин түтүнүндөгү уу заттар эрийт да, канга, жүрөк булчуңдарына түшөт. Тамеки менен спирт ичимдигин көп колдонгон адам энтигет, жүрөгү тез-тез согот. Бул белгилердин баары – миокард оорусуна жакындоо.

Мына, жүрөк эмнени жактырарын, эмнени жактырбасын ажыратып билип алдык. Жүрөгүңүздү сактаңыз, аны аяңыз, кам көрүңүз. Бул жүрөккө операция жасоого караганда өтө эле жөнөкөй

Запись Жүрөккө эмнелер зыяндуу? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.