Halloween party ideas 2015

Баткен облусундагы Лейлек районунда өскөн 26 жаштагы Каныкей Батырова Москва шаарында өзүнүн мода үйүн түптөп, кийим тигүү мектебин да ачууга жетишти. Учурда дизайнерлик менен алектенип жатат. Экономика тармагында жогорку билим алган каарманыбыз кыялын кантип ишке ашырганын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен бала чагымдан тартып тикмечиликке кызыкчумун. Өзүмө каалагандай көйнөктөрдү тигип кийип, сиңдилериме да тигип берчүмүн. Ошондо эле модага болгон табитим жана тандоом жакшы болчу. Дизайнер болууну бала кезимде кыялдансам, азыркы учурда хоббим катары кабыл алам.
Москва шаарында окуп жүргөндө чечен улутундагы кыздар өздөрүнө аз убакыттын ичинде мода үйүн ачып иштетип жатканын байкадым. Аларда эркектер иштеген жерде аялдар иштебейт эмеспи. Жумушу таза жана жагымдуу болчу. Аларды көрүп, биздин кыз-келиндердин оор иштерде иштеп, ден соолугуна зыян тийгизип жатканын ойлоп, зээним кейүүчү. Аялдар үчүн бул жумуш жеңил жана таза болгондуктан бул идеяны өзүмө сиңирип алдым», – деди ал.

Мода үйүнүн ачылганына жабык кийимдерди табуудагы кыйынчылыктар себеп болгонун айтат. Кийим дүкөндөрдөн оюндагыдай узун көйнөктөрдү таба албай, акыры өзү тигип баштаган.

«Өзүм тигип кийген көйнөктөргө кызыккандар көп болуп, кайдан алганымды сурай беришчү. Бир ирет тааныш эжелер сураганынан ушундай көйнөктөрдү тигүү үчүн мода үйүн ачууну убада бердим. Бирок айтылган сөздү иш жүзүнө ашырууда кыйынчылыктар болду. Алгач тажрыйбалуу адис издеп, акыры оюмдагыдай адамды таптым. Ал тигүү мектебимде көптөгөн кыргыз кыз-келиндерге тикмечиликти үйрөтүп, шыктандырып жатат. Биздин тигүү мектептен билим алган айымдардын айрымдары мен сыяктуу мода үйүн ачууга жетишти. Учурда Ош, Бишкек, Казакстанга мода үйүн жана тигүү мектебин ачуу тууралуу сунаштар түшүп жатат», – деди каарманыбыз.

Учурда Каныкей эл аралык журнал чыгарууга камданып жаткан убагы. Ошондой эле, чет өлкөлөрдөгү жарандар менен иштешүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Запись Лейлектик 26 жаштагы Каныкей учурда Россиядагы мода үйү менен кийим тигүү мектебинин жетекчиси впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.