Halloween party ideas 2015

Бисмиллахир Рохмаанир Рохийм
Балага тарбия берүүдөгү бир гана кемчиликти,
эң чоң каталардын бирисин гана айтып өтөйүн.

Баланы кичине кезинен баштап
Жаратуучусун таанытууга аракет кылыңыз.
Ибаадаттарды аста-секин үйрөтүү менен
адеп-ахлагына өтө маани бериңиз.
Үлкөн аалымдардын бирине
бала көтөрүп бир киши келип :
“Шейхим?!
Үч күн болду балам төрөлгөнүнө..
Кандай тарбия берейин ?”-деп сураса
Шейх : Балага тарбия берүүдө үч күн кечигипсиң”-
деп жооп берген экен ..
Менин айта турган максатым урматтуу мусулман бир туугандар, эч качан баланы үйгө конок келгенде же туугандар келгенде, адамдар келген кезде
алардын көзүнчө балага тарбия бербеңиз !
Кээ бир адамдар бар үйүнө конок келгенде баласына бакырып андай кылбайсыңбы,
тигини кыл, жакшы мамиле жаса – деп каттуу үн менен урушуп берет .
Ата-эне өзү билет кандай сүйлөштү бирок,
коноктордун астында уруш укккан балага бул
жүрөгүн жаралап өтөт ..
Ата-эне муну сезбейт . Сиз балага ушундай тарбия бериңиз, конок келсе сизди сүйлөтпөстөн
айттырбастан сиздин ойлоп турганыңызды аткарсын.
Коноктордун көзүнчө
тарбия берген адам болуп көрүнбөңүз ..
Анткени адамдардын арасында көп уруш уккан бала
конок келсе уяла турган же алар менен чогуу олтуруудан качып калат . Ата-энем дагы эмнемди жамандап бакырып берет экен деп кайгыга батат.
Жана ошондой эле бирөөнүн үйүнө коноко барса да
алар менен ачык олтуруп сүйлөшө албайт,
берген суроолорго толук жооп берүүдө алсыздык кылат. Бул атанын катасы !
Бала бир ааз туура эмес иш кылса бакырып уруша берет, сөгө берет, ура берет акырында бала
анын психологиясы эч нерсе кылбастан жым турууну
саламаттык, ушул туура жол окшойт деп ойлоп калат.
Окуусунда эжекесинен уруш укса,
достору менен мамилеси начар болсо,
эч ким менен жакындан сүйлөшө албаса,
үйгө келсе сен ага бакырып урушсаң ,
бечара бала эмне кылат ? Караңгылык,
туңгуюкта өсүп чоңоёт ..
Жашоого болгон пестимистик көз караштар ..
Көп ойлонуу, кайгы, тартынчаактык ..
Бала эмне кылат эми ?
Жарылайын деп калган ..
Туңгуюктан чыгууну каалайт. Улгайганда мындай жашоону өзү дагы каалабайт .
Кутулгусу келет ..
Акыры, жол таптым өлсөм кутулат экенмин,
өлсөң бейиш экен деп Сирияга аттанат ..
Туурабы туура эмеспи туугандар ?
Илимсиздиктин айынан болдубу ?
Жихад жок ал жерде…
Тартынчаак адам илимден да кур калат .

Молдолор ар бир жума күнү баян айта берет, айта берет аны уккан адам башы айланып калат ..
Башы айланып калат дегенди туура түшүнүңүздөр..
Кайсы бирине амал кылууну билбей калат .
Намаз окуюн десе кантип окушту билбейт.
Орозо тутайын десе кантип тутушту билбейт..
Үйрөнүүнү каалайт. Тез, кыска убакытта өздөштүрүүнү каалайт .
Бир чыгуучу жолду издейт ..
Ким даават деген жолду таап түшүнсө намаздарын үйрөнөт , үч күндө уктагандан тарта тамактанууга чейинки ибаадаттарды билип алат .
Даават жолуна чыгып үч күндө көп нерсени түшүнөт .
Адам баласы өз үйүнөн эки эле максатта чыгат.
Биринчиси дүйнө издеп чыгат.
Экинчиси Алланын жолуна чыгат .
Эмне үчүн дааватты айтып жатамын бул жерде да?
Себеби достор, ушул биздеги бар оорулар
тартынчаактык, кибир, ичи-тардык бул оорулардан арылуу, напси менен күрөшүү чыныгы жихад ушул .
Дааватка чыгып напсиң менен күрөшүп жихад кыл..

Бала тарбиясына келсек,
Коноктордун астында баланы мактап коюңуз..
Жалгыз калганда катаасын сылыктык менен түшүндүрүңүз . Анткени жана айткандай
бала ашыкча тартынчаак болуп өсүп калат . .
Чоңоюп, улгайган кезде бейтааныш бир адамдын астына барып пикирин ачык билдире албайт .
Уялчаактык жакшы сыпат, ыймандын бир бөлүгү !
Бирок тартынчаактык, кысылуу бул баладагы оору.
Ата энелердин эң чоң ошибкасы !
Муну жаштыгында түздөсөң түздөдүң,
кеч калсаң бала менен кошо бул ооруда өсүп чоңоёт .
Бала чоңойгондо “тартынчааксың!” -деп
нааразы болбой өзүңдөн нааразы бол.
Анткени тарбия берген өзүңсүң.
Балдарыбыз чоңойгондо кандай мамиле жасап жатат бизге ? Баарына өзүбүз күнөөлүүбүз !
Ал тарбияны биз бергенбиз ..
Ошондуктан жаштайынан сабырдуулукка,
адамгерчилик, адилеттүүлүккө жана чынчылдыкка үйрөтөйлү. Бул сыпаттар
намаз окуу окутуу менен келет..
Балдарыбыз жаш, алар пайда зыянды билбейт,
пайда зыянды ким берээрин да билбейт ..
Биз чоң болуп көргөнбүз. Алар чоң болуп көрүшө элек да. Биз балдарыбызды түшүнөйлү !
Алардын акылы улгая элек . Билбейт ..
Жүрөктөрү таптаза .. Таза жүрөктү
таза тарбия менен толтурайлы .
Биз түшүндүрөйлү. Урушуп, бакыруудан пайда чыкпайт. Абдишүкүр устазыбыз
Алла Таалам ырыскысына береке берсин
бир сөз айтат:
Кээде кыйкырганга караганда аста сүйлөп түшүндүрүү көбүрөөк таасир берет .

Эгер кимде тартынчаактык сыпаты ашыкча болсо
ата-энесине нааразы болбосун .
Анткени бул сыноо. Напси жихадын өзүңүз кылыңыз.
Ата-эне да пенде, ката кетирет. Катааларын биз кайталабайлы. Аларга жакшы мамиле жасайлы.

Маматов Али атайын formula.kg сайты үчүн

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись БАЛА ТАРБИЯСЫ,АТА -ЭНЕЛЕР ҮЧҮН ЭСКЕРТҮҮ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.