Halloween party ideas 2015

Ээ Кыямат! Тез-тез келчи Кыямат!

Ээ Кыямат! Тез-тез келчи Кыямат!
Бизге зыян берген заалым ким дейин!
Бүт күнөөсүн өз мойнуна алган соң,
Анык жүзүн көрүп мен да тилдейин.

Азыр билбейм, анык жаман кимиси?
Душман чыгат агасы же иниси.
Бүгүн тууган болуп жүрсөк эртеси,
Жан кейдирет түлкү кейпин кийиши.

Элдер түрдүү, жакшы жаман аралаш.
Айырмасын билип турам замандаш!
Бир энеден төрөлсө да балдары,
Душман өңдүү, бир-бирине атаандаш.

Пейли бузук жандар жүрөт каткырып,
Шайтан кейпин кийип элди азгырып.
Эгер тез-тез Кыямат Күн келгенде…
Жазаламак Кудай чокко жаткырып.

Түрү суук, эки жүздүү адамдар,
Жакшылардын кара чачын агартты!
Сөз ташыган ушакчылар алсыздын,
Кан басымын көтөргөнгө жарышты.

Сураштырса бир атанын балдары,
Адамдарда коркуу сезим калбады.
Айрымдары маңкурт кылып кишини,
Тынч жашоосун бузуу жолун тандады.

Жер көтөргүс, толуп-ташкан күнөөсү,
Кадам сайын болуп жатам күбөсү.
Бир-биринин көздөрүнө чөп салып,
Ийри жүрөт аялы же күйөөсү.

Мына ушулар катардагы адамдар,
Апаат келсе бирдей басат кадамдар.
Кыямат Күн келсе гана бөлүнүп,
Эки башка жашай турган заман бар.

Ошондуктан тез-тез келчи Кыямат,
Бейиш төрдө бала ыйласын ыңаалап.
Ага кошо ата-эненин күлкүсү,
Ыймандуулар акыретте чыңалат.

«Баардык жандар өлүм даамын татышат жана Кыямат Күнү ар бириңерге сыйлыгыңар толугу менен берилет. (Ошондо) ким Тозок отунан куткарылып, Бейишке киргизилген болсо, мына ошол ийгиликке жетет. Дүйнө жашоосу- азгырыктардан гана пайдалануу».
(Аали Имран, 185-аят).

«Аз гана пайдалануудан кийин алардын орду Тозок. (Ал) кандай жаман орун»!
(Аали Имран, 197-аят).

Жаңыбай Баткен…

Запись Ээ,Кыямат! Тез -тез келчи Кыямат! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.