Halloween party ideas 2015

Зулпукар Сапановдун иши сотко берилбей калгандагы эки сценарийди карап көрөлү:

Биринчи сценарий боюнча анын басып чыккан “Кыдыр ата осуятынын” миң нускасы ар кимдин китеп таштандысынын арасында орун таап, ызы-чуу жок эле аяктамак.

Экинчи сценарийди карасак, кайрылган диндештерине мусулман активистери көңүл бурбай эле коюшту. Айла таппаганда алар кыргыздын миллиондогон мусулмандарынын арасынан чоң муштумураагына кулак кагыш кылды. Ал бир-эки досун ээрчитип барып Зулпукар Сапановду какыс-кукус кылып койду. Аны биздин Нарын Айып баштаган сөз эркиндигин коргоочулар эшитип калды. Анан маселе “мусулмандардын дини экстремистикти үйрөтөт, сотко эмнеге кайрылышпайт” – деген дүйнөлүк деңгээлдеги ызы-чууга айланды.

Зулпукар Сапановдун абакка 4 жылга кесилүү окуясы кандай өнүккөн?

2016-жылы аталган автор китебин 1000 нускада бастырып чыгарган. Автор аны менен чектелбей эки гезитке китебинин фрагменттерин жарыялаган. Китебинде жана макаласында Алла Таалага, ислам, христиан жана иудаизмге, диндарлардын баары пайгамбарындай сыйлаган Жабраил периштеге (архангел Гавриил), улуу жана сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедге, мусулмандардын баарына акараттар айтылган. Карапайым диндарлар мусулман укук коргоочулары жана коомдук ишмерлерге кайрылган. Мусулмандардын нааразылыгы менен кыжырлануусун мыйзамдуу нукка буруу максатында демилгечилер Дин боюнча мамлекеттик комиссияга кайрылышкан. Дин комиссиясы китепке “экстремисттик (элди бөлүп-жаруучулук) мүнөздө” деген бүтүм чыгарган. Мусулман активистери бул чечим менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылышкан. УКМК миң нусканын 800үн жыйнаткан, 200ү тарап кеткен.

Андан кийин “мындан да жаман китептер жазылып кетпесин” деген ой менен авторго карата арыз жазылып, иши сотко өткөн. Мусулмандар сотко Сапановду баланча жылга соттогула деп айткан эмес, айтууга да укугу жок. Сот өзү 4 жылга эркинен ажыратып, аны сот залынан камакка алган.

Эми биздин кыргыз интеллигенттери жөнүндө сөз кылсак. Алардын бир тобу, эң абройлуу жана кыргыз тарыхына адилеттүү карап, ата-бабабыздын кадырына жете алгандары мусулманчылыкты кабыл алышкан. Советтик, кулдук психологиясынан кутула албагандары эки топко бөлүнгөн. Активдүү, тилге жөндөмдүүлөрү долбоор жазып, батыштык гранттарды утуп, адамдын абсолюттук, эч нерсе менен чектелбеген (уят-сыйыт менен да) эркиндигин жактап жүрөт. Орус жана кыргыз тилинен башка тилди билгиси келбегендер же үйрөнгөнгө дарманы жетпегендер “кыргыздар капысынан, же коркконунан мусулман болгон” деп Кудай Таалага ишенимди ата-бабабыз коркоктугунан кабыл алган деген теорияны жактап жүрөт. Анан ар бири өзүнө жараша ишеним (посткоммунисттиктен теңирчиликке чейин) ойлоп таап алышкан.

Бул эки типтеги интеллигенттин окшоштугу “жалпы диндерди жана айрыкча ислам динин мусулмандардан жакшы билем” деп, диндарлардын сыртынан тон бычканы. Алар айылдын молдосунчалык диний илими болбой туруп, бардык мусулманды караңгы жана башканын укугуна жана акысына көңүл бурбаган түркөй катары көрөт. Ошондуктан дин тууралуу бирдеме сүйлөп киргенде бири-бирине профессор көрүнгөнү менен анча-мынча динге кызыккан адамдын алдында шерменде болуп, уят болуп жаткандарын сезбейт.

Сыртынан интеллигент көрүнгөнү менен динге каршы бардык провокацияларды колдошот. Мисалы “Мен мусулманмын, мен геймин” деген тасманы көрсөткөнгө аракет кылышты, жашы-башына карабай чолок юбка кийип алып жума күнү борбордук мечиттин алдында ары-бери басышты, президент демилгелеген аша чапкан “Кайран кыргыз элим, каякка баратабыз” деген жарнакты эки колдоп колдошту… Мусулмандар Ыйык Курандын:

“Алардын ыйык деп эсептеген нерселерине акарат кылбагыла, алар наадандыгынан Алла Таалага акарат кылбасын” – деген маанидеги аятын эске алып, провокацияларга алдырган жок, провокация да кылган жок.

Ооба, биз мусулмандар да эч кимдин түрмөдө жатуусун каалабайбыз. Кудай анын бетин ары кылсын. Мен, мисалы, Сапановго миллион сом айып пул салып (бизде бир адамдын аброю он миллиондогон сомго бааланып жатпайбы) ай сайын муфтиятка, православ патриархатына жана иудейлердин диний кеңсесине 2000 сомдон төлөп турсун деген чечимди колдойт элем. Бирок мусулмандар, албууттанган интеллигенттерибиз жапырт мактаган, советтик репрессивдик системанын калдыгы болгон мындай соттун чечимине таасир бере албайт.

“Диниңер кечирим деп жатпайбы, кечирип койбойсуңарбы” дегендер бар. Бирок Алла Таалага, пайгамбарга, исламга жана бардык мусулмандарды акарат кылган, анысы аз келгенсип “андай нерсе жок китебимде” деп ыйманын жеп жаткан немени кайсы мусулман коркпой туруп “кечирдим” дей алат. Бул маселе жеке мусулмандын башынан ашып, Алла Тааланын жана биздин мамлекеттин сотуна калды.

Өзүңүздөр көрүп тургандай, бул ишти мусулмандар баштаган жок, провокацияны Зулпукар Сапанов өзү жасаган. Ал мыйзамдуу гана жообун алды. Ага окшогон акмактарды колдогондор, эртең “мечитиңерге керзовой өтүк менен кирем” дегендерди да “ар бир адам каалаган жерине, каалаган бут кийим менен кирүүгө акысы бар” деп жактап чыгуусу турган иш. Ошондуктан мусулмандардын бул провокацияга мыйзамдык жооп кылганы туура. Соттун чечимин болсо, соттун өзүнөн сурап алыңыздар.

Запись “Керзовой өтүгүм менен мечитиңе кирем” же Сапановдун соту жана кыргыз интеллигентинин катасы впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.