Halloween party ideas 2015

Ой жүгүртүү жана сүйлөө адамзааданы башка макулуктардан айырмалап турган артыкчылык болуп саналат. Бир адамдын сүйлөгөн кебинен эле анын акыл деңгээлин, дүйнө таанымын көрүүгө болот. Башкача айтканда, сөз – бул адамдын күзгүсү. Адамды адам кылган – тил. Пендезаттын бак- таалайы да, азап-кайсыгы да иралды тилге байланыштуу. Ошол себептен ойлонуп сүйлөп, тилге өтө сак болуп, жаактан жаңылып албоого кылдат болушубуз абзел…

Акыреттеги саламаттык, бейпилдик жана жыргалчылык үчүн жалган, акаарат, бирөөгө жалаа жабуу, бирөөнү шылдыңдоо сыяктуу тил менен жасалган күнөөлөрдөн, бейпайда талаш-тартыштан, бирөөнүн көңүлүн оорутуп коюдан узак болушу керек. Инсан өзү билбеген маселе тууралуу так эмес имиштерди жайылтпашы керек, билгендерди тыңдай билиши керек. Анткени кулак болсун, көз болсун, көңүл болсун, булардын баарын Алла жоопко тартат. Адамзааданы «аттиң» дедиртип тозокко түрткөн да сөөгү жок ушу кызыл тил.
Андыктан мусулман Ислами эрежеге ылайык эч кимдин сөзүн бөлбөй, эч кимдин жүргөгүн оорутпашы керек. «Мусулмандардын эң шарапаттуусу ким?» деген суроого?
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деп жооп берген экен:
«-Тилинен да, колунан да мусулман пенде жабыр тартпаган адам» деп жооп берген (Бухарий, Иман 4, 5, Рикак 26; Муслим, Иман 64-65).

Мусулман пенде кечирим суроого түртө турган сөздү айтпашы керек. Ар дайым чеги менен, жагымдуу, жылуу сөз сүйлөш керек.
«Кулдарыма айт! Сөздүн эң жакшысын сүйлөсүн!…» (Исра сүрөсү, 53-аят).

Анткени жанга жагымдуу, кулакка жугумдуу, көңүлдү кубанта турган жакшы сөз садака катары кабылданат. Адам муну менен тозоктон да кутулушу ыктымал.
Айтылчу ак сөздү өз орду жана убагында айтуу абзел. Эгер маалы келе электе айтылса, жок жерден жагымсыз жагдай жаралып калышы ыктымал.

Азирети Абу Бакрдын бул насааты зор мааниге ээ:
«Кимге, качан, эмне деп атканыңды жана айтаарыңды жакшылап ойлон!»

Азирети Пайгамбарыбыз билимдүүсүнүп, же өзүн кыйын көрсөтүү максатында сөздү жасалма сүйлөө жана тыңсынып эл түшүнбөгөн сөздөрдү колдонуу Кудайы азаптын каалгасын чертээрин кабарлаган.
«Угармандарды өзүнө тартуу үчүн көркөм сөз чебердигин үйрөнүп, сөздү ашыкча сүйлөгөн адамдын, парз болсун, нафил болсун, эч бир ибадатын Алла Таала кыяматта кабыл кылбайт!» (Абу Давуд, Адаб, 86/5006).

*Сөз салмагы*

Бир дыйкан ачуу үстүндө кошунасына катуу сөз сүйлөп койду. Ачуусу тарап өзүнө келгенден кийин, оозунан чыккан сөздөрүнө өзү уялды. Өзүн жаман сезди. Бир топко ойлонуп отуруп, кошунасына барды. Андан кечирим сурады. Кошунасы аны кечирген-дигин айтып, көңүлүн жубатты. Дыйкан бир аз жеңилдегенсип калды. Бирок, жүрөк түпкүрүнөн кандайдыр бир кыжаалатчы-лык кетпей туруп алды. Арадан бир канча күн өтсө да, дыйкандын жан дүйнөсү тынч албады. Акыры талаадан калаага келип, даанышмандан кеңеш суроону чечти. Кудай жалгап даанышман өз ордунда экен.

– Ошол күндөн бери өзүмдү жаман сезип жүрөм, – деди дыйкан болгон окуянын баарын айтып бүткөн соң. Даанышман анын колуна кичинекей баштыктагы тооктун парын карматып:

– Айлыңа бар да, ар бир таанышыңдын эшик алдына бирден парды таштап келгин – деди. Дыйкан баштыкты көтөрүп айлына кетти. Эртеси данышмандын алдына дагы келди.

– Сиздин айтканыңызды толук аткардым, бирок чарчагандан башка эч нерсени сезе албадым, – деди дыйкан.

– Сенин жумушуң бүтө элек, эми ошол парлардын баарын кайра чогултуп кел, – деди даанышман. Дыйкан кайра жөнөп кет-ти. Эртеси дыйкан баштыктын түбүнө бир аз гана пар чогултуп келди.

– Даанышманым, кечиресиз, мен барганча жел жүрүп парлардын көбү учуп кетиптир, бир азын гана чогулта алдым, – деди. Даанышман ага жылмая карап мындай деди:
– Уулум, ооздон чыккан сөз – эшик алды-на ташталган пар сыяктуу. Аны таштап кетүү жеңил, бирок кайра чогултуу мүмкүн эмес. Сөздү да айта салуу оңой, бирок ооздон чыккан сөздү кайра кайтара албайсың…

Жыйынтыктап айтканда, тилдин артында бүтүндөй бир адамдын аялуу сыры жашырынып жатат. Сөзүндө адеби бар адамдын өзү да адептүү десек жаңылышпайбыз. Андыктан сүйлөө маданияттын өөрчүтүү үчүн динибиз буйруган изги ахлакты бек кармануу кажет. Башкача айтканда, мусулман пенде көркөм сөздүн туу чокусу саналган Ыйык Курандагы ахлактан өз үлүшүн алып, андагы кеп маданиятын иликтөөгө алып, үйрөнүүгө аракет кылышыбыз керек.
Башта айтылгандай, жакшы, орундуу сүйлөө үчүн иралды кунт коюп тыңдоону өздөштүрүү кажет. Көп тыңдап, аз сүйлөө үчүн Алла Таала адамга эки кулак, бир тил берген. Көп сүйлөө чындыгында кыска убакытта адамдын баркын кетирет. Ошол себептен аз болсо да саз сүйлөп, чектен чыкпай, керек болсо унчукпай кулак салып олтурууга көнүү зарыл. Анткени айтылган сөз атылган ок сыяктуу. Айтыла электе сен ага кожоюн болсоң, ооздон чыгып кеткенден кийин ал сага өкүм жүргүзөт. Ошондо адамзаада өз сөзүнүн баш көтөргүс кулуна айланып калышы ыктымал. Пендезат айтылбай калган сөздү кези келгенде качан болсо да айтса болот, бирок айтылып кеткен сөзгө эч убакта жооп бербестен кутулуп кете албайт. Опол тоодой ийгилик алып келген жемиштүү сөздөр болгон сыңары, тоодон да барктуу, тоодон да бийик баштарды жуткан сөздөр бар экенин эч убакта унутпасак…

Запись ОЙЛОНУП СҮЙЛӨ-АЙТЫЛГАН СӨЗ АТЫЛГАН ОК впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.