Halloween party ideas 2015

Таң саарда азан чыкса мечиттен,
Сопу акенин чакырыгын эшиткен.
Атып тургун жылуу жумшак ордуңдан!
Үмүт кылсаң акыретте Бейиштен.

Күн ыссыкта «бешим» намаз убагы,
Кел мечитке тегиз сапка туралы.
Ушул намаз жаратканды кубантып,
Берээр сообу акылыңа сыябы?

Күн салкындап жумуш күчөп турганда,
«Аср» намаз болот окуу убагы.
Ишиң таштап мечит карай жүгүрсөң,
Сообу канча акылыңа сыябы?

Күн кызарып уясына батканда,
Жумуш бүтүп курсак катуу ачканда.
Билесиңби мунун сообу канчалык,
Даарат алып «шам» намазга шашканда.

Түн да кирди чарчаганга карабай,
Таква момун мечит көздөй барат жай,
«Куптан» намаз жамаат менен окуунун,
Сообун билээр аны жалгыз бир Кудай.

Өмүр бүтүп акыретке бармак чын,
Беш убак намаз – бул өкүмү Аллахтын.
Беш убак намаз – кабырыңдын жарыгы,
Беш убак намаз – ачкычыдыр жаннаттын.

Султан Ислам

Запись БЕШ УБАК НАМАЗ! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.