Halloween party ideas 2015

🏻Досторуң сенден алыстап,жоголуп бара жатабы чөнтөгүңө кара. Анткени чын жүрөктөн дос болгондорго караганда чөнтөк достор арабызда көп.Кайсы эле инсан болбосун байкадыңбы чөнтөгүң кампайгада атың Алим болсо,Алимбек,Алимжан,Алимбай деп артыңдан чуркап,чөнтөгүңө карап,күлүп ,кош колдоп,тааныбаган эле туугандар да доско айланып, көлөкө сымал күн чыкканда пайда болуп ,бүркөлгөндө жок болгон. Андайлардан алыс бол.Анткени, ал жаман ишке барууга түрткү болот. Тозокко түшүп калган кээ бир адамдардын өкүнүч арманы жөнүндө Алла Таала мындай деген: «Өлүм болсун мага, мен баланчаны дос тутпаганымда кана! Чындыгында, мага эскертме – Куран келгенден кийин, ошол (баланча) мени жолдон адаштырды». -дегендерден болуп өкүнгөндөрдөн болуп калбагын.
Адамга достун таасири чоң болгондуктан, мусулман адам жакшы дос тандоого аракет кылуусу керек.
Пайгамбарыбызз ﷺ бул жөнүндө бир хадисинде соонун салыштыруу менен минтип айткан: “Жакшы жана жаман достун абалы атыр саткан киши менен көрүкчүүгө окшош. Атыр саткан киши сага атырын сатат же сен анын жыпар жытын жыттайсың. Ал эми көрүкчүнүн жанына барсаң түтүн жыты кийимиңе сиңип,ал жагымсыз жыттан оңтойсуз абалда каласың “(Бухари,Забаих 31)…
Белгилүү болууң үчүн айланаңда көп досторуң болуусу шарт эмес. Анткени, арстан жалгыз жүргөн учурда да арстан. А кой топ-топ, короо-короо болуп жүргөн учурда да кой бойдон кала берет.
Чыпалак, аты жок, ортон жана сөөмөй колдор бири-бирине жакын жайгашкан, ал эми баш бармак чыпалак жана аты жок бармактан алыс жайгашкан. Эң кызыгы төрт бармак биригип баш бармаксыз эч нерсе кыла албайт. Ишенбесеңиз баш бармаксыз жазып же кийимиңдин топчусун өткөрүп көрүңүз! Эсиңде болсун, айланаңда жүргөн пайдасыз көп доско караганда, алыста болсо да сага пайдасы тийген, сени сыйлаган жана сага чыныгы достугун арнаган дос жакшы. Чыныгы дос-кыйынчылыгыңды жеңилдетип, кайгыңды бөлүшүп ийгиликтериңе кубанган дос.

Аллах үчүн сени жакшы көрөмүн досум!

Асан менен Али эң жакын достордон . Алардын достугу бардыгын суктандыраар эле. Ошону менен бирге алар өз ара убадалашып алышкан болчу. Асан аны: “кең пейилдик,адамгерчилик убаласы “деп атап койгон. Кең пейил,адамгерчилүктүү жолдош -адамдарды дайыма жакшылыкка үндөп,аларга жакшылык жасаган,тууганынан байкап калган каталарды бир гана Алланын ыраазылыгы үчүн бетине айтып ,ал каталарды оңдоого жардамын аябаган дегенди билдирет.
Алар кичинекей жакшылык болсо да каталардын оңдолуусуна жардам бере аларына ишенишчү. Анткени,жасалган ар бир жакшы иш адамга туура жолду эсине салып,башка жолго түшүүсүнө жол бербейт. Ошондуктан алар бир күнү кезигишип,бири -биринин ар кандай каталарын,күнөөлөрүн эскертип турууга,ошону менен катар аларды оңдоого, жакшы иштерди жасап жамандыктан качууга убада беришти.
Ортодон бир топ жылдар өттү. Ага карабастан ал жылдар алардын достук мамилесин алсырата алган жок. Бирок ошол жылы экөөнү тең өкүнткөн окуя болду. Асан иштөө үчүн башка шаарга кетүүгө мажбур болду. Бири -бирин бат -баттан зыярат кылып турууга убада беришти.
Ошентип алар эки башка шаарда жашап калышты. Ортодон бир ай өттү. Али Асанды көргүсү келип,ага аттанды. Досун абдан сагынган эле. Жолдо бара жатканда таң калаарлык бир кишиге туш болду. Ал киши жолдун боюнда олтуруп,ага бир нерсе айткысы келгендей түрү бар эле. Али ага жакын барып салам берди. Негизи ал адам кейипин кийген периште болчу,бирок аны Али билбейт. Ал киши:
-Каякка сапар тарттың, балам?
– Досумду көргөнү бараткам ..
-Досуң сага абдан чоң жакшылык кылса керек? … Андыктан сен ага карызыңды төлөгөнү бара жаткансың го? ….
-Жок! Ага эч кандай карызым жок. Мен аны Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн жакшы көрөм. Азыр да ага Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн бара жатам.
-Абдан жакшы. Сага бир сый айтайын. Мени жакшы ук. Мен Алла Тааланын сага жөнөткөн элчисимин. Азыр айткандарымды эсиңе түйүп ал. Сен досуңду канчалык Алла Таала үчүн жакшы көрсөң,Алла Таала да сени ошончолук жакшы көрөт….

Демек досторуңдун көптүгү менен эмес,ыйманына карап сыймыктангын. Дос -деген бир жан,бир билек,бир жүрөк сымал. Бирөө болсо да жаназаңда тура турган, Аллах үчүн жакшылыкка чакырган,жамандыктан кайтарган,ач калсаң тамагын бөлүп жей турган,кыйынчылыкта кайгыңды бөлүшө турган,кубансаң көрө албай эмес,кубанган достор менен бекем кармап,бузулбас чеп сыяктуу болгун..
“Адам досунун дининде “экенин эч унутпа, айланаңа кара ким менен жүрүп,ким менен маектешип ким менен кайсы жолдо жүрөсүң таразага салып, ойлонуп көр зыян тартып жатасыңбы же пайда таап жатасыңбы? Балким жакшы досторду таабууда кадамды өзүңдөн баштоо керектир?!

Насиба Абдуллаева.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись БИР ДОСУҢ БОЛСО ДА ЖАНАЗАҢДА ТУРА ТУРГАН БОЛСУН! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.