Halloween party ideas 2015

Абу Зар (ага Аллах ыраазы болсун) бир күнү Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: Мага насаат айтыңызчы? — деп суранды. Ар бирибиз Абу Зардын ордуна өзүбүздү коюп, пайгамбарыбыз мага эмнени насаат кылар экен деп көңүл буралы. Абу Зар (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: насаат айтыңыз деп сурандым да, кулак төшөдүм. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Аллахтан коркуп такыба бол, мына ушул бардык ишиңдин башаты” – деди. Мен: дагы кошумчалаңыз, – дедим. Ал: “Куранды окугун, Аллахты зикир кылгын, бул сага асманда да, жерде да нур болот”, — деди. Мен: дагы кошумчалаңыз, — дедим. Ал: “Аллах жолунда жихад кыл, напси каалооңду жең, — деди. Дагы кошумчалаңыз, — дедим мен. Ал: “Көп күлбө, бул жүрөктү катырат, жүзүңдүн нурун өчүрөт” – деди. Дагы кошумча кылуусун сурандым. Ал: “Аз сүйлөгүн, бирок жакшы сөз болсо айтуудан тартынба, бул сенден шайтанды алыстатат жана дин ишиңди алып барууңа жардамы тиет, — деди. Мен дагы сурандым.  Ал: “Дайыма өзүңдөн төмөн жашагандарга кара, жогоруларга караба, ошондо Аллахтын бергенине шүгүр кылуучу болосуң, — деди. Дагы айтыңыз, — деп сурандым. “Колунда жоктор менен отур, аларды жакшы көр, — деди ал. Кошумчалай бериңиз, — деп сурандым. “Ачуу болсо да акыйкатты айт” — деди. Дагы кошучалаңызчы, — дедим. Ал: “Жакындарың менен карым-катнашта бол, алар сени менен катташпай койсо дагы”, — деди. Дагы кошумча кылыңызчы, — дедим. Ал: “Аллах жолунда бирөөдөн жеме угуудан коркпо, — деди. Мен дагы сурандым эле, ал: “Өзүңө жакшы көргөндү өзгөлөргө да жакшы көр, — деп, анан мени далыма таптап: “Абу Зар, Аллахтын жараткандарына ой жүгүртүүдөн өткөн акылмандык болбойт, шектүү иштерден сак болоюн десең, анда башкаларга көз артпа,  эл алдындагы сенин сыймыгың адебиңдин мыктылыгы болсун”, — деди.

Мына бул насаттар бир гана Абу Зарга (ага Аллах ыраазы болсун) тиешелүү эмес, бул жалпы мусулмандарга тиешелүү. Андыктан, ар бирибиз бул насааттарды өзүбүзгө айтылды деп эсептеп, аларды аткарууга аракет кылуубуз керек. Бул насааттарда адамдын жашоосун толук өзгөртө турган, эки дүйнө бакытка жетелеген маани катылып жатканын түшүнүүбүз кажет.

Запись Абу Зарга 10 насаат впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.