Halloween party ideas 2015

 

Биз пенделер табиятыбыздан шашма жан келебиз, биз бирөөдөн бир нерсе сурасак дароо бере койсо,бирөөнүн эшигин каккыласак дароо ача койсо деги эле жашообуздагы муктаждыктарыбыз дароо чечиле койсо деп жашап келебиз. Ошосыңар биз мусулмандардын башына тушкөн жакшы жаман күндөрүндө ал үчүн коргой турган калканы, кыйынчылыкка кабылып жол таппай турган кезде жеңилдете турган куралы,ооруп караңгылыкка батса жан дүйнөсүнө даары боло турган даарысы ДУБА болот. Бирок биз пенделер жогоруда айткандай шашмалык кылып бир сурап,эки сурап эле болбосо кабыл болбойт экен деп таштап салабыз. Анын себебин издебейбиз,дубанын кабыл болуусун да ишеним,үмүт,аракет,мээнет деген чоң эмгек жатат.Бирөөн сураганда деле кандай чоң үмүт, ишеним менен барасыз берсе экен,анан аракет кылып таап бермекмин деп.
Дубанын кабыл болуп-болбогонуна эмес дуба кылганда аткарылуусу керек болгон шарттарынын аткарылып-аткарылбаганына тынчсыздануу керек. Анткени, шарттарына ылайык кылынган дуба сөзсүз түрдө кабыл болот. Муну аяттар менен хадиси шарифтер билдирүүдө. Хазрети Мавлана Халид Багдади мындай дейт: «Жалгыз гана дуба кылып өзүбүздү өзүбүз алдабайлы. Аллаху тааланын жараткан мыйзамдуулуктарына моюн сунбай, себептерине жабышпай, эмгек кылбай дуба кылуу мужиза тилөө деген сөз. Мусулманчылык ары эмгек кылуу менен, ары дуба кылуу менен ишке ашат. Алгач себебине жабышуу керек (тактап айтканда, максатыңа жеткирүүчү себептерди аткаруу керек), андан кийин дуба кылуу керек.»…

Хазрети Имам Газали: «Дубанын адептеринин бири – өзүңдүн алсыз экениңди билдирүү, тунук ой менен, хушу менен (ыкылас менен, кемчиликсиз, башка эч нерсе ойлобой, берилип), Аллахтан коркуп, дубанын кабыл боло турганын үмүт кылып, тилегиңди туруктуу түрдө жалбарып суроо», – деген…
Аллаху таала Мумин сүрөсүнүн 60-аятында: “Дуба кылгыла, кабыл кылайын”, – деп билдирүүдө. Бирок, мен кылган дубалар дайым текке кетүүдө. Мунун себеби эмнеде? деп ойлошуңуз мүмкүн да.
Жок,андай эмес дуба эч качан текке кетпейт. Эки хадиси шарифтин мааниси:
“Раббиңер, албетте, хайа жана керем ээси. Кулдары колдорун көтөрүп бир нерсе сураганда алардын колдорун бош кайтаруудан хайа кылат.” [Тирмизи, Абу Давуд]

“Аллаху таала айтты: “Эй, адам баласы, мага шерик кошпой кулдук кыла турган болсоң амалыңдын жообун беремин. Дуба кылуу сенден, кабыл кылуу болсо менден.” [Табарани]

Аллаху таала: “Дубаңарды кабыл кыламын, колуңарды бош кайтарбаймын”, – деп билдирүүдө. Демек, дуба текке кетпейт. Бирок, биз каалаган нерсе болмоюнча дубабыз текке кетти деп ойлойбуз.
Хазрети Абдулкадир Гейлани мындай дейт: «Аллаху тааладан дүнүйө менен акыреттин жакшылыктарын тиле. “Мен тилеп жүрөм, бирок, Аллаху таала бербей жатат, эми мындан кийин тилебейм” дечү болбо. Дуба кылууну токтотпо. Эгер тилеген нерсең таптакыр тагдырыңа жазылбаган болсо тилегениңден кийин Аллаху таала аны сага берет.
Эгер сураган ырыскың тагдырыңа жазылбаган болсо Аллаху таала сени ал нерсеге муктаж кылбайт жана Өзүнүн келгендерге ыраазы болуу ниматын ихсан кылат.
Эгер Аллаху таала сен үчүн кедейлик менен оору-сыркоо каалаган болсо сен кедейлик менен оору-сыркоодон кутулуу үчүн Аллаху таалага жалбарасың. Ошондо Аллаху таала сага сени ыраазы кылуучу жана канааттандыруучу абал берет.
Эгер карыз болууң тагдырга жазылган болсо жана сен карыздан кутулуу үчүн дуба кылсаң Аллаху таала сенин карыз алган адамыңды сени менен жаман мамиледе болуу абалынан баш тарттырат. Жада калса, карызыңды азайтып же карызыңды бүтүндөй сага тартуу кылуу абалына алмаштырат.
Эгер бул дүнүйөдө карыз болгон абалыңдан куткарбаса мунун ордуна көп сооп берет.»
Китептерде билдирилет:
Кылган дубаларыбыз менен күнөөлөрүбүз кечирилүүдө, келе турган бир балээ-кырсыктын алды алынган болууда, бир балээ же дарт жок болууда же болбосо дубаларыбыздын себеби менен сооп алуудабыз. Эки хадиси шарифтин мааниси да төмөндөгүдөй:
“Дуба кылган адам үч нерседен куру калбайт: Же күнөөсү кечирилет же дароо тилегенинин акыбетин алат, же болбосо акыретте сооп алат.” [Дайлами]

“Кул бир дуба кылганда тилеги орундалбаса ага бир хасана
[сооп] жазылат.” [Дара Кутни]

Кечиккен дубалар да болот албетте. Ал дагы бекеринен эмес. Бир хадиси шарифте билдирилди:
“Момун дуба кылганда Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: “Тилегин дароо орундаба, мен анын үнүн жактырамын”, – деп буюрат. Фажир (күнөөкөр) дуба кылганда: “Мунун тилегин дароо орунда, мен анын үнүн жактырбаймын”, – деп буюрат.” [Ибни Нажжар]

Аллаху таала дубаны кабыл кылууну кечиктирип жаткан болсо демек көп нимат берет. Ошондуктан, шашылып, дубам эмнеге кабыл болбой жатат деп айтпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси:
“Күнөө болгон бир нерсе үчүн же туугандык байланыштын үзүлүшү үчүн дуба кылмайынча же шашылып: “Дуба кылдым да кабыл болбоду” деп айтмайынча кылынган дуба кабыл болот.” [Муслим]

Бир күнү Пайгамбарыбыз: «Кул күнөө кылбаса же сила-и рахимди таштабаса (туугандары менен карым-катнашын үзбөсө) жана ашыкпаса дубасы кабыл болот», – деп айткан. Ошол жердеги сахабалардын кээ бирөөлөрү: “Йа Расулаллах, ашыгуу кандай болот?” – деп сурагандарында, Пайгамбарыбыз: «Дуба кылдым, бирок, кабыл болгонун көрбөдүм деп дуба кылууну жыйыштырып койот», – деп жооп берет.

Хазрети Яхья бин Маин: “Аллаху таалага моюн сунуу казынага окшойт. Бул казынанын ачкычы – дуба. Бул ачкычтын тиши – адал тамак”, – деген.

Эгер дубабыз кабыл болсун десек башкалардын дубасын алуубуз керек, башкаларды кубантуубуз керек. Бир замандарда Мысырда жут болуп, жамгыр да жаабай койот. Эл жамгырдын жаашы үчүн чара издеп, дуба кылат, бирок, жамгыр эч жаабайт. Салих бир адам мечитте жамаатка карап: «Мен мунун чарасын, жамгырды кандай жаадыруу керек экенин билемин. Ар бир адам садака берсин, ошондо дуба кабыл болот», – дейт да: «Менин бул чапанымдан башка эч нерсем жок, мен чапанымды беремин», – деп чапанын чечип ортого койот. Андан кийин адамдар эмнеси бар болсо ортого жыйнап, муну кедейлерге таратышат. Кийин колдорун жайып «Йа Раббим, кулдарыңды кубанткан адамдардын дубасын кабыл кылаарыңды билдиргенсиң, биз сенин кедей кулдарыңды кубанттык, Йа Рабби» деп жатканда көпкөк ачык асман дароо кара булуттар менен капталып жамгыр жаай баштайт… Эгер дубаларыбыздын кабыл болуусун кааласак башкаларды кубантып, башкалардын дубаларын алуубуз керек. Бир адам бир олуяга келип: “Балам ооруп калды, шыпаа таап, айыгып кетүүсү үчүн дуба кылыңызчы”, – дегенинде олуя адам: “Баланча жерде бир кедей жашайт, алгач ошону кубантып анан кел”, – дейт. Кедейди кубанткандан кийин айтылган дуба менен бала айыгып ордунан туруп кетет. Аллаху тааланын дубабызды кабыл кылуусу үчүн, бизди жакшы көрүүсү үчүн дубанын шарттарына баш ийүүбүз жана Анын кулдарын кубантуубуз керек…

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись АЛЛАХ СУНГАН КОЛДУ ЭЧ КАЧАН КУР КАЛТЫРБАЙТ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.